Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/1016_3.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/1016_3.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/1016_3.htm on line 2


п»ї

Президент Курманбек БАКИЕВ:
Дарыгерлик - кайраттуулукту, мээрмандыкты талап кылган ардактуу кесип
"Медицина тармагындагы дагы бир көйгөй - медицина кызматкерлеринин жетишпестиги. Албетте, бул жетишпеген айлык акы менен байланыштуу. Жаш адистер көп айлыкка иштөөнү жана карьера курууну максат кылып башка өлкөлөргө кетип жатышат. Натыйжада, Кыргызстандын Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы башка мамлекеттер үчүн эң мыкты дасыккан адистерди даярдаган окуу жайы болуп калат. Бирок, биз өзүбүздүн жаш дарыгерлерибизди кантип кармап калуу тууралуу тереңирээк ойлонушубуз шарт", - деп билдирди КРнын Президенти Курманбек Бакиев Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өткөн Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын (КММА) 70 жылдык мааракесине арналган салтанатта сүйлөгөн сөзүндө.
Мамлекет башчысы аталган окуу жайдын медициналык жана фармацевтикалык жогорку билими бар адистерди даярдоо ишинде алдыңкы сапта экендигин белгиледи. Алсак, академик Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы 70 жыл ичинде 32 миң жогорку кесипкөй адистерди даярдап, уясынан учуруптур. Азыркы учурда алардын көпчүлүгү белгилүү окумуштуу жана коомдук ишмерлер. Ошондой эле, 150 илимдин доктору жана ошондой эле 908 илимдин кандидаттары дал ушул жерден чыккан. Ал эми азыркы тапта бул академияда Индия, Греция, Пакистан, Кытай, Непал, Сирия, Палестина, Украина, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан, Россия сыяктуу башка чет өлкөлөрдөн келген студенттер менен жалпы 4200 студент билим алууда. Аларга билим берүүдө окуу жайдын мугалимдер жамаатынын катарында КРнын Улуттук илимдер академиясынын 7 академиги, КРнын 5 эмгек сиңирген ишмери, 13 эмгек сиңирген дарыгерлер болуп жалпы 650 адам эмгектенип келет. Анда 73 илимдин доктору, 210 илимдин кандидаттары бар.
Өлкө башчысы өз сөзүндө медициналык окуу жайдын жаралуу жана калыптануу тарыхына да токтолду. "Кыргызстанда алгачкы медициналык окуу жайы Москва, Ленинград, Алма-Ата, Ташкент жана Харьков медициналык институттарынын кызматкерлеринин жардамы менен 1939-жылы түзүлгөн. Убакыттын өтүшү менен Союз боюнча мыкты окуу жайлардын бирине айланды. Мында ЖОЖдун түптөлүшүнө анын эң алгачкы жетекчиси, профессор Борис Яковлевич Эльберттин жана аны менен катар чыгаан хирург Иса Ахунбаевдин эмгектеринин зор экендигин айтпасак болбойт", - деди Президент Курманбек Бакиев. Ошону менен бирге республиканын медицина тармагынын сыймыгы катары академиктер Мамбет Мамакеев, Какиш Рыскулова, Санжарбек Данияров, Арстанбек Мурзалиев, Миталип Мамытов, Дүйшө Кудаяровду ж.б. атады.
Өлкө башчысы мамлекет тарабынан саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан чараларга токтолуп: "Региондогу медициналык мекемелердин материалдык-техникалык базасы чыңдалууда. Акыркы 4 жылда 100дөн ашык ФАП курулду. Тарыхыбызда алгачкы ирет фармацевтикалык завод ишке киргизилип, 20дан ашуун аталыштагы сапаттуу дары-дармектерди чыгарууда", - деп билдирди. Ошондой эле, мамлекеттик кепилдик программасын кеңейтүү аркылуу 5 жашка чейинки балдар, кош бойлуу аялдар жана 70 жаштан жогорку курактагы пенсионерлер толугу менен кошумча акы төлөөдөн бошотулгандыгын кабарлады. Ошол эле учурда Президент акыркы жылдары бул тармактын кызматкерлеринин айлык акысы 3 эсеге жогорулагандыгын белгиледи. Былтыр аталган тармакты каржылоонун көлөмү 2004-жылга салыштырмалуу 6,6 эсеге өсүп, 4 млрд. 280,5 млн. сомду түзгөндүгүн айтты.
Президент 2009-жылдын биринчи жарымында саламаттык сактоо системасында коррупциялык мүнөздөгү бир катар фактылар аныкталгандыгына көңүл бурду. "Ар бир жаран сапаттуу медициналык кызматтан пайдаланууга мүмкүнчүлүгү бар. Ал эми оорулууга жардам берип, анын саламаттыгы үчүн кам көрүү ар бир медицина кызматкерлеринин милдети", - деп белгилеп, медициналык камсыздандыруу системасынын (ОМС) ишин терең талдап чыгып, алыскы региондордогу медициналык мекемелердин натыйжалуу иштешине шык бере ала турган позитивдүү чаралар көрүлүшүнүн зарылдыгына басым жасады.
Ошону менен катар Курманбек Бакиев Бишкектеги перинаталдык борбордо төрөттөн каза тапкан аялдар боюнча да токтолуп: "Кыска аралыкта эле Бишкекте төрт, ал эми Ош облусунда 21 аял төрөт учурунда каза тапкан. Биз медициналык мекемелердин жетекчилерин кызматтан алууну сунуштоо, бул фактылар боюнча кылмыш ишин козгоо менен каза тапкандардын күйүтүн жеңилдете албайбыз" , - деп билдирип, укук коргоо органдарынын бул иштерди аягына чейин кылдат тергеп, жыйынтыгы туурасында жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу кеңири маалымдашын талап кылды.
Ошондой эле, Президент К.Бакиев бруцеллёз, кутурма, сибирь жарасы сыяктуу жугуштуу оорулардан жабыр таткан адамдардын саны арбып жаткандыгын белгилеп, буга таза ичүүчү суу менен канализациялардын санитардык-техникалык абалынын начардыгы, айрымдардын гигиеналык эрежелерди жакшы сактабагандыгы, ветеринардык кызматтын көзөмөлсүз союлган малдын этинин сатылышына жол берилиши себепчи болуп жаткандыгын айтты. "Быйыл 2009-жылдын 1-октябрына карата көрсөтүлгөн маалыматтар боюнча, Кыргызстанда ВИЧ/СПИД инфекциясына дуушар болгондордун саны 2592 адамга жетиптир. Өкүнүчтүүсү дарыгерлердин катачылыгынан улам балдар жана аялдар бул дартка кабылышып, алар кодулоого кабылышууда. Биз ВИЧ инфекциясы менен жашап жаткан адамдарды коомдук турмуштан четтетип салбай тескерисинче, эл аралык донорлордун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын ресурстарын пайдалануу аркылуу аларга түшүнүү менен мамиле кылууну пайда кылышыбыз керек", - деп белгиледи.
"Ден соолук менин жеке көз карашымча бул баарынан мурда жакшы ойлонуу, башка адамдардын сезимин сыйлоо, туура тамактануу жана ошондой эле, ар дайым спорт менен машыгуу. Биз акыркы жылдары эмне үчүн жер-жерлерге, бала- бакчаларга спорт комплекстерин салууга көңүл бөлүп, каражатты аябай жумшап жатабыз. Анткени ден соолукту ошол бала-бакчадан, мектептен спорт менен машыгып чыңдап башташы керек. Ар бир үй - бүлө жана ар бир адам ден соолук бул эң чоң капитал экенин түшүнүүсү зарыл. Саламаттыкты сактоо министрлиги менен дене тарбия жана спорт агенттигине "Ден соолуктуу муун" деген атайын программаны иштеп чыгуусун тапшырдым. Бул максат ишке ашса, дагы алдыда ден соолук үчүн пайдалуу иштерди аткарабыз.
Андан соң Курманбек Бакиев Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын окутуучуларына билим берүү системасынын өнүгүүсүнө, жогорку кесипкөй медицина кызматкерлерин даярдоо ишине кошкон салымы үчүн мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери" деген ардактуу наам И.Ахунбаев атындагы КММАнын кафедра башчысы Рысбек Калиевге берилди. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен академиянын профессору Куттубек Акынбаев, доцент Абдубакир Ибрагимов сыйланды.
Анара АРЗЫБАЙ кызы,
"Кыргыз Туусу"
С.ДОСАЛИЕВ (фотолору)







Сабыр
ЖУМАБЕКОВго
Боорукерлик жарашат ар асылга,
Сен боорукер жан болчусуң жашыңда.
Айла таппай аячусуң олтурса
Колу-буту майып адам кашыңда.
Бойбоздогон көптүн жанын сактаган
Боорукерсиң, мээрдүүсүң азыр да.

Көптөр сага чын дилинен алкышты
Айыктырып чыккан кезде айтышты.
Келген өңдүү бул дүйнөгө жаңыдан
Жүзү жайнап, жүрөктөрү балкышты.
Бакыт берсең, өмүр берсең колуңдан,
Балдактарын таштап үйгө кайтышты.

Чебердикти, усталыкты күчөттүң,
Жаш-карынын өмүрлөрүн күзөттүң.
Нечендерди сактап келген ажалдан,
Нечен кыйын, тар жолдордон түз өттүң.
Нечен ийри колдорду оңдоп соо кылып,
Нечен кыйшык буттарды сен түзөттүң.

Элиң каалап, депутатка шайландың,
Узак келбей бул милдетке байлангың.
Ыйык көргөн кесибиңди аздектеп,
Скальпельди сен колуңа кайра алдың
Генералы болуп келе жатасың
Ден соолукту коргоо деген майдандын.

Көп адамдар болсо экен деп саламат,
Жасадың сен далай, далай далалат.
Бийик баалап эмгегиңди сиңирген
Жүз көрүшүп жолуксак деп сага бат,
Бул мезгилде атак-даңктын ар түрү
Жүргөн кези эшигиңди сагалап.
Сооронбай ЖУСУЕВ


кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
16-октябрь, 2009-ж.:
1-бет
85 500 000 окурмандуу "Кыргыз Туусу"
2-бет
Министрдин жообуна капамын
3-бет
Президент Курманбек БАКИЕВ:
Дарыгерлик - кайраттуулукту, мээрмандыкты талап кылган ардактуу кесип

4-бет
Биргелешкен аракет кыйын кырдаалдан чыгарат
5-бет
Ата-Журт алкагында
6-бет
Пекиндеги жогорку деңгээлдеги жолугушуулар
7-бет
"Жанылануу багыты" жаңы ой-пикирди жаратты
8-бет
Мекен мейкиндигинде
9-бет
"Кыргыз Туусунун" 85 жылдыгына карата
Ак жеринен атылган алгачкы редактор

10-бет
Жусуп Баласагын жана анын даңазалуу дастаны
11-бет
Шабдан баатыр
12-13-бет
КРнын Өкмөтүнө караштуу туризм мамлекеттик агенттигинин директору Турусбек Мамашов:
Ажайып кооз табиятыбыз менен өлкөбүзгө туристтерди тартабыз

14-бет
Кыргыз Республикасынын коомдук палатасынын
төрагасы С. Аблесов менен маек
Ниет оңолмоюнча иш оңолбойт

15-бет
Патриарх басма сөзгө өзгөчө маани берген
16-бет
Элеттик аялдардын оорун колдон алып...
17-бет
Эмне себептен кыргыздар балдарын орус мектептерде окутушат?
18-бет
Куру намыс курттай жейт
19-бет
ИнсультИнсультжаш-карыны ылгабайт
20-бет
Күн Чыгыш өлкөсүнүн таасирлери
21-бет
Кемел Ашыралиев
Жорго

22-бет
Кесиптешибиздин элеси эсибизде
23-бет
ЖАРЫЯ










??.??