Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/1016_22.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/1016_22.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/1016_22.htm on line 2


п»ї
  Кесиптешибиздин элеси эсибизде

Күздүн ушул күрдөөлдүү, күтүрөгөн күндөрү элибиздин таланттуу уулдарынын бири, белгилүү журналист, жазуучу жана акын, жан курбу досубуз Абдыманап Жапаркулов 60 жашка чыкмак. Ажалга, жабышкан ооруга айла жок экен, эскерүү сөз жазууга аргасызбыз. Бирок, ал биз үчүн дайыма арабызда жүргөндөй, алыска-алыска сапар аттангандай, кээде китептерин колго алып, көз жүгүрткөндө сүйлөшүп, сырдашкандай сезиле берет. Элеси, ырлары биз менен жашап жаткандай туюлат. Ушундан улам айтаар элек, Абдыманап сен эч унутулган жоксуң … Өнөрлүү өлбөйт деген ушул эмеспи.

Мыкты журналист,
такшалган талант ээси эле

"Өмүр өткүн, мезгил өткүн"
(Абдыманап)
бдыманап жөнүндө жазып жатып өткөндөр, аны менен таанышкан күндөр бирге болгон, эстен кеткис учурлар көз алдымдан чубап өттү. "Советтик Кыргызстан" (азыркы "Кыргыз Туусу") гезитине райондук гезиттен бир топ такшалуудан өтүп, калеми кадимкидей төшөлүп калган кезде келди. Гезиттин ошол учурдагы башкы редактору Жаныбек Жумалиевич Турсунов жаш кадрларга өзгөчө көңүл буруу менен мамиле жасап, калеми чыйрак, жөндөмдүү, келечегинен үмүттөндүргөн журналисттерди кызматка алууга басым жасачу. Өткөн кылымдын жетимишинчи-сексенинчи жылдарында республикалык
№-1 гезит көптөгөн таланттуу, жөндөмдүү журналисттер менен толукталган. Алардын арасында Абдыманап да бар эле. Студенттик кезде башталган достугубуз бирге иштеген жылдарда өзүнөн өзү уланды. Жаш болсо да өтө токтоо, сабырдуу, оор басырыктуу эле. Аны менен баарлаша калганда сөздүн нугу акыркы жолу окулган китептерге, адабий сын макалаларга, жакшы чыккан чыгармаларга, кыскасы адабий жаңылыктарга бурулчу. Бул темага келгенде демейде анча көп ачыла бербеген Манаптын жанда жок сөзмөрлүгү оттой жанар эле.
Ушундан улам анын көп окуй тургандыгын, өзүнүн да бир топ көрөңгүсү кенен экендигин байкачубуз. Сөздү, кепти төп келтире таасын, элестүү айтчу, көптү көргөн, көптү билгендей туюлчу. Аны менен баар алышкандан кийин кимибиз болбосун зор канааттануу алгандай болучубуз, жан дүйнөбүз байыгансып калчу. Сүйлөшө калганда божурашып сөзүбүз түгөнчү эмес, дайыма жакшы, жылуу таасир калтырчу. Анын адамга жугумдуу ушундай асыл сапаттары бар эле. Кээ бир достор менен сүйлөшүп калсаң ойноп күлүп шапар тепкенин маашырлана айтышса, Манап менен баарлашуу таптакыр башка нукка бурулчу. Достукка, мамиле түзүүгө өтө аяр болучу. Канча жыл бир жүрдүк, сөгүнүп-кагынганын, бирөөнүн көңүлүн калтырганын, ороң-бараң мамилесин укканыбыз да, көргөнүбүз да жок. Жибектей созулган, үнүн да көтөрүңкү чыгарбаган, бой көтөрбөгөн адамгерчиликтүү жөнөкөй асыл жан эле. Күлгөнү да бир башкача, бүлкүлдөп күлчү.Ички терең маданияттуу жүрүш-турушу, жан дүйнөсүнүн тазалыгы менен адамдарды өзүнө тартып турчу. Ушул сапаттары менен жоро жолдошторунун, кесиптештеринин, арасында өзгөчө сыйлуу, алымдуу эле.
Өмүрүнүн орчундуу мезгили журналисттик ишке арналды. Бир караганда күндөлүк макала, очерк жазуу, редакциянын ар кандай тапшырмаларын аткаруу нагыз чыгармачылык ишке кедергисин тийгизе, колу-жолун бууп жатса да ушул кесипти, ишти тандап алганына өкүнчү эмес.
Пайдалуу жагы да болгонун, болуп жатканын, коомдогу окуялардын күрөө тамырын сезе билгенин, жашоонун көп кырдуу сырларын үйрөнгөнүн айтып калчу. Кээде, эгер көр тириликтен арылтып, колу-жолумду бош кылып, калем-кагаз берип коюп олтургузуп койсо, том-том чыгарма жазуу колумдан келер эле деп да калчу. Андай да күн келер, азыр деле аракетиңди жасай бербейсиңби деп, оюна ортоктош болор элек. Бирок, буларды тегин жерден айтпаганын, кең мүмкүнчүлүгү бардыгын ал өз чыгармалары менен кийин далилдей алды. Абдыманаптын ар бир макаласын, очерктерин калтырбастан окучубуз. Кээде гезит бетине караандай цифралар шыгыраган, айтарлык ою жок материалдардын арасынан анын көркөм, элестүү жазылган макалалары жарк дей көрүнө калчу. Редакциялык жыйындарда анын жазгандары жөнүндө дайыма жылуу пикирлер айтылчу. Ар бир материалдарынан жанын төшөп, дилин коюп жазгандыгы, сөз менен иштөө чеберчилиги сезилип турчу. Ал ушундай эмгекчилдиги, ишке өтө
жоопкерчиликтүү мамилеси менен жетекчиликтин, көпчүлүктүн көзүнө тез илинди. Гезиттин "Советтик курулуш" бөлүмүнүн башчылыгына бекитилди. Ал кезде бул өтө
жооптуу, жогорку кызмат катары саналчу, ага Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин макулдугу менен дайындалчу. Бакыйган бөлүм башчылык милдетти да майын чыгара иштеп жүрдү. Ошол учурда ал баарыбыз үчүн күтүүсүз болгон чечимин билдирди. Башкы редактордон гезиттин Жалал-Абад облусу боюнча өз кабарчылыгын суранды. Буга баарыбыз таң калдык. Канчалагандар бөлүм башчылыка жете албай, ак эткенден так этип жүрүшсө, борбордон элетти көздөй кеткени жатканың кандай, орун очок алып калдың, чыгармачыл чөйрөгө жакынсың деп анын оюна каршы болдук. Анткенибизге силер окууну бүтүп эле шаарда калгансыңар, накта жашоо-турмуш элет жеринде, анан калса ата-энеме да жакын барам деп, өз оюнан кайтпады. Көп өтпөй эле Абдыманаптын Жалал-Абаддан жалындуу кабарлары, макалалары тынбай келе баштады. Силерге элет жеринен туруп, кандай жазышты көрсөтөм деген тилеги да ишке ашкансыды. Кээде курч сын макалаларын да жаза коюп жүрдү. Албетте, мындайда кастары да чыгары бышык. Ошентип атайын уюшкандар ак ниет, чынчыл калемгерди ак жерден чалынтышты. Муну укканыбызда бирибиз да ага ишенгенибиз жок. Манаптын тазалыгына, андай терс ишке барбасына бекем ынынып турдук. Ак ийилип, чындык чыркырап кетти. Ошол кездеги компартиянын сүрдүү көрүнгөн органы ак жерден чалынган жооптуу кызматкерин коргоого жарабагандыгы, ошол учурдагы башкы редакторубуз өтө сактанып бул окуядан оолак болууга аракеттенгендиги биздин жаныбызды кашайтты. Артынан Жалал-Абадга барганыбыз менен жарытылуу жардам көрсөтө албай шалдая олтуруп калдык. Ак ийилерин, бирок сынбасын айтып көңүл жооткоттук.
"…Өлүм өжөр, өлүмдөн өмүр өжөр…"
(Абдыманап)
игиттин жигиттиги, эрдиги башына күн түшкөндө билинет белем. Өзүнүн актыгына, тазалыгына көзү жеткен Манап башка түшкөн мүшкүлгө муңкурабай кайра чыйралып, кыйынчылыкта кайраттуу тура алды. Ошол учурда күндөлүгүнө "Тагдырды тайгак жолго салып койгонго болбойт, эрк менен, акыл менен башкаруу зарыл ! Өзүмдү өзүм кайрап, бүлөп курчутуп жашайм" деп жазган экен. Чынында эле өзүн колго алып, улам чыйралып, улам алга умтулуп, калемин бир да күн колунан түшүрбөй күрөшүп жашады. Чыгармачылыгы менен гана Абдыманап Жапаркулов ким экендигин, элине мурас калтырарын сезе билсе керек. Буга чейин эле анын тырмак алды "Аман бол, Күн" деген аңгемелер жыйнагы окурман колуна тийип калган эле. Ал китеби көптөгөн жылуу пикирлерди пайда кылган, дасыккан калемгер жазуучулук журтка ишенимдүү салам айтканынан кабар берген.Аңгемелери көркөмдүүлүгү, оюнун тактыгы, окуялардын кыска, элестүүлүгү, сөз байлыгы менен айырмаланаарын баса белгилешкени эсибизде.
Союз урап, бир эсе алай-дүлөй заман болуп кеткенсиди. Чыгармачылык тургай, кара жанды кандай багабыз деген учурлар болду. Турмуш шарына да Абдыманап аралашты. Өмүрлүк жары Тумар менен жеке ишкерлике киришти. Ыкчам эле мында да өз жолун, ордун табышты. Калем кармоого чолосу тиер бекен деп да ойлоп жүрдүк. Ошол күндөрү колубузга жарк деп Абдыманаптын "Күзгү жалбырактар" деген ырлар жыйнагы урунду. Сүйүнгөнүбүздү айтпа, бар экенсиң Абдыманап, ачыла элек сандыкта, али бычыла элек кундуздар көп турбайбы, деп кубанганбыз. Жазуучулар союзуна да мүчөлүккө өткөнүнө, баары кайра өз нугуна түшүп келе жатканына төбөбүз көккө жете сүйүнгөнбүз, калеминин кайра-кайра курчушун каалаганбыз. Өзү да жашоо турмушу өз деңгээлинде экенин, бар аракетин чыгармачылыкка жумшоо мезгили келгенин кеп кылып калчу.
Бирок, шум ажал ал тилекти таш каптырды. Бир курдай жолуксак ооруп жүргөнүн айтты, анча элес албадык. Ким эле жаман нерсени ойлосун. 2005-жылы август айында бир тойдо чогуу болдук, жанаша олтурдук. Өңү башы кадимкидей, оору адамдай сезилбейт. Сөз арасында эртеси Жалал-Абадды көздөй сапар тартаарын билдирди. Себебин сурасам атасынын ашын берерин айтты. Аш-тойлор адатта күзүндө болоорун, жайкы саратанда аш берилбесин айтсам, менден башка аш берер эч ким жок, ден соолугум жайында болбой жатпайбы, уулдук парзымды өтөшүм керек деди. Буга чейин анын оорулуу экенин анчалык этибарга албаган жаным, бир кызыктай боло түштүм. Сыр билгизбей, аман-эсен барып келүүсүн кааладым.!
Кийин ойлосом ушунусу эле адамдык, уулдук зор эрдик экен! Өзүнүн жаны кыйналып турса да өз парзын аткарууну ойлогон тура. Мындай ишти терең адамгерчиликтүү, ата салтын, наркын жакшы билген, намыстуу-эрктүү адам гана жасай алат!
Чыгармачылыгы жөнүндө ачык сөз кыла берчү эмес. Көрсө, баары ичте катылуу жатыптыр. Муну жары Тумардан билдик. Манаптын жазуу столунан, шкафтардан дептер-дептер кол жазмалары, толгон-толгон ырлары чыкканын айтып калды. Абдыманаптын ким экендигин жалпы журтка ушул кол жазмалар билдирерин түшүнгөн Тумар аны жарыкка чыгарууга бүт аракетин жумшады. Мында досу Шерназар Шүкүров опол тоодой эмгек жасады. Иреттештирди, тактады, темаларга бөлүштүрдү, басмага даярдады. А. Жапаркуловдун талантын таасын көрсөткөн эки томдуу, көлөмдүү "Бир гана аалам тегиз, аалам айкөл" жана "…Өлүм өжөр, өлүмдөн өмүр өжөр…" деген китептери окурман журтчулугунун колуна тийди. Көзү өткөндөн кийин чыккан бул китептер Абдыманаптын катылуу талантын ачыкка чыгарып, анын дасыккан акын-жазуучулугунун далили болду.
Ырларынын көпчүлүгү өзүнүн жүрөгүнөн сызылып чыккандыгы, жеке сезим-туюмдары аркылуу өткөндүгү менен күчтүү болгондугу байкалат. Эгер өз учурунда жазылып, көмүскөдө калбай жарыяланса ал эбак эле белгилүү акын-жазуучулардын катарынан татыктуу ордун ээлемек экен. Ал эми аңгемелери болсо өтө окумдуулугу, окуялардын кызыктуулугу, элестүү баяндалгандыгы менен өзүнө тартат.Сүйлөшө калганда орус жазуучуларынан В.Шукшинди, В.Распутинди жогору баалай тургандыгын айтып калаар эле. Аңгеме, повесттеринде алардан таасирленгендиги көрүнүп турат. Аталган жазуучулардын аңгемелерин да кыргызчага кемелине келтире которгон.
"…Өмүрүмө, болоттур бир жазылган ыр эстелик…" деп өзү жазгандай анын чыгармалары, адабий мурастары кыргыз адабият тарыхында А.Жапаркулов деген таланттуу жазуучу, акын жана котормочу болгондугун кашкая көрсөтөт.
"Аял жакшы,
эр жакшы"
(Эл макалы)
осубуз жөнүндө сөз кылып жатып, анын өмүрлүк жары Тумар Паязова аяшыбыз жөнүндө айтпай кетсек сөзүбүздүн туз-даамы кем болуп калчудай. Абдыманаптын бактысы Тумар экендигин нечен ирет көрүп ынандык. Жар болсо Тумардай болсун деген жылуу сөздөрдү көп уктук. Турмуштун оош-кыйыш күндөрүндө өмүрлүк жолдошуна чыныгы арка-жөлөк боло алды, ачуу-таттуусун бирге көтөрүштү. Баарына чыдашты, баарын жеңишти, алтын аяктан суу ичишти. Кийин барчылыкта манчыркап көппөштү. Ынтымактуу, бири-бирин түшүнүү менен жашашты. Манап да ушуну билгендей, түшүнгөндөй. Бир да акын ал сыяктуу өмүрлүк жарына ыр арнабагандыр, бекеринен "Мага балким, атайын жаралган да, жаралганды жүрөгүм тапкан беле!" деп тагдырына ушундай жубай туш болгонуна ыраазы болгондур. Бир уул, эки кызды тарбиялап өстүрүштү, неберелүү болушту. Уулу Эрнис эстүү чыкты, ата жолун татыктуу улап жаткандыгы кубандырат. Ата мурасын жерге таштабай, кашыктап чогултуп, китеп кылып чыгарып, элге, окурмандарга тартуулады, жеткирди. Чыныгы жар, уул жасай турган ишти жасашты, алардын аракетинен улам кылымдан кылымга жазуучу-акын Абдыманап Жапаркуловдун ысмы өчпөй, түбөлүккө кала берет!
Абдыкадыр Султанбаев,
Кыргызстан
журналисттер Союзунун
төрагасы








кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
16-октябрь, 2009-ж.:
1-бет
85 500 000 окурмандуу "Кыргыз Туусу"
2-бет
Министрдин жообуна капамын
3-бет
Президент Курманбек БАКИЕВ:
Дарыгерлик - кайраттуулукту, мээрмандыкты талап кылган ардактуу кесип

4-бет
Биргелешкен аракет кыйын кырдаалдан чыгарат
5-бет
Ата-Журт алкагында
6-бет
Пекиндеги жогорку деңгээлдеги жолугушуулар
7-бет
"Жанылануу багыты" жаңы ой-пикирди жаратты
8-бет
Мекен мейкиндигинде
9-бет
"Кыргыз Туусунун" 85 жылдыгына карата
Ак жеринен атылган алгачкы редактор

10-бет
Жусуп Баласагын жана анын даңазалуу дастаны
11-бет
Шабдан баатыр
12-13-бет
КРнын Өкмөтүнө караштуу туризм мамлекеттик агенттигинин директору Турусбек Мамашов:
Ажайып кооз табиятыбыз менен өлкөбүзгө туристтерди тартабыз

14-бет
Кыргыз Республикасынын коомдук палатасынын
төрагасы С. Аблесов менен маек
Ниет оңолмоюнча иш оңолбойт

15-бет
Патриарх басма сөзгө өзгөчө маани берген
16-бет
Элеттик аялдардын оорун колдон алып...
17-бет
Эмне себептен кыргыздар балдарын орус мектептерде окутушат?
18-бет
Куру намыс курттай жейт
19-бет
ИнсультИнсультжаш-карыны ылгабайт
20-бет
Күн Чыгыш өлкөсүнүн таасирлери
21-бет
Кемел Ашыралиев
Жорго

22-бет
Кесиптешибиздин элеси эсибизде
23-бет
ЖАРЫЯ










??.??