Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/1016_21.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/1016_21.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/1016_21.htm on line 2


п»ї

  Ат - адамдын канаты

Кемел Ашыралиев
Жорго
Кыргыздар ата-бабадан бери барктап, сыйлап, баалап келген жылкы баласынын өнөрлүү өзгөчө жүрүшүнүн бир түрү - жорго болуп эсептелет. Жоргонун сол же оң ыптасы жагындагы алдыңкы буту менен арткы буту абага бирдей көтөрүлүп, алдыга умтулат. Ошентип жоргонун төрт буту улам жазбай алмашып, бирдей ыргакта жерге ташталып турат.
Жорго кудуретине, жүрүү дең-гээлине, ылдамдыгына, ыргагына жараша бир нечеге бөлүнөт. Жол жорго, кой жорго, жазма жорго, чапма жорго, алабарман жорго, алакачма жорго, өкүм жорго, суу куйса төгүлгүс накта чоң жорго болуп.
Жоргонун өзгөчө улуу касиеттери бар. Жоргонун үстү жумшак келип, канча алыска жүрсө да адамды чарчатпайт. Аны кумарлантып, кызыктырып кайра-кайра мингисин келтирет. Жоргого минип бараткан адам өзүн жеңил, сергек сезет. Ырахатка батат. Бешикте термелип, же селкинчек тээп жаткандай да сезилип кетет. А түгүл комуздун кайрыктары, же жаратылыштын табигый музыкасы сени коштоп бараткандай, айлана-чөйрө өтө кооз көрүнүп, сен өзүңдү куш болуп учуп бараткандай ойлойсуң. Кандай гана адам болбосун жорго минип баратканда көңүлү көтөрүлүп, тулку бою балкып, кыялы эргип, бою сергип, табияты тазарып, тырмагынан чачынын учуна чейин жагымдуу дирилдеп, денеси ырдайт.
Жоргону көп минген адамдын бардык органдары бирдей кыймылга келип, организминде заттар бат-бат алмашып, кан айлануу системасы жакшырып, табигый массажга дуушар болуп, ден соолугу болуп көрбөгөндөй чың болот. Жоргону көп минген адамда эркектердин 90 пайызы ооруй турган, жаш улгайганда шейшеби бекип калуу (заарасы чыкпай калуу) оорусу болбойт. Арка-моюн сөөктөрү калыбынан бузулбай, абдан бек болот.
Жорго дене түзүлүшү боюнча бардык мүчөсү бири-бирине бап келүү менен өтө чымыр, карылуу, күчтүү болот да, канча жол жүрсө дагы оңой менен чарчабайт. Ээсин эч качан жолго таштабайт. Ошон үчүн жорго менен башка жылкы баласы бирдей жол жүрүү кыйын деп коюшат.
Чоң жорголор атагы алыска кетип, ооздон-оозго көчүп сыйкырлуу мал катары айтылып келген. Жорголорду сөзсүз биринчи иретте улуу ойчул, акын, баатыр, журт кадырлаган бий, хан, эл башкарган улуу тарыхый адамдарга сый катары тартуулаган. Жоргонун мына ушундай укмуштуу касиеттерин эске алып кыргызда илгертен муундан-муунга карай айтылып келе жаткан чыныгы канаттуу лакабы "күндүк өмүрүң болсо, түштүгүңө жорго мин" деген ошондон калган.
Илгери кыргыздар жоргонун, улуттук кийимдин, сулуу кыздын баркын билип жашаган, жашы өтүп калган кишилер ошону эңсеп, ошондон калган ыр бар эмеспи:
Боз жорго болсо мингениң,
Боз ичик болсо кийгениң.
Бото көз сулуу кыз болсо,
Бооруңа басып сүйгөнүң.
Ал эми, "Жорго салыш" - эл абдан кызыгып сүйгөн улуттук ат оюну. "Жорго салыш" оюнунда 3 км.ден 18 км. аралыкта аттар коё берилип, эки жаштан, же кунандан жогорку жорголор катышат. Жорголор мелдешке чабылганда таскакка караганда ылдамыраак жүрүп, чоң жорголор катуураак коё берген айрым учурларда саатына 80 км. аралыкты басып өтө алат. Жоргону бардык эле адам салдыра албайт. Ал абдан чеберчиликти талап кылат. Жорго салдырган адам, ээрге түз, кадап койгондой көчүгүн жабыштыра бекем отуруп, эки үзөңгүнү бирдей теминип, тулку-боюн тең салмакта кармап, эки тизгин менен башкарат. Илгери жоргону кермурут болуп калган, жорго салдырууда тажрыйбасы бар жигиттер, же улгайган адамдар улуттук жакшы кийимдер, суусар тебетей кийип алып, көбүнчө артына бөктөрүнчөк бөктөрүп алып, анан жорго салдырчу. Азыр жеңил болсун деп, жаш балдар жорго салдырып калды. Жорго салдыруунун эрежеси боюнча 3 жолу 10 метр аралыктан көбүрөөк жаңылса мелдештен чыгарылып, байге берилбейт. Ошондуктан чыр чыкпасын, нааразылык болбосун деп жорго салдырууда калыстар тобу кылдаттык менен тандалып, жорго салуунун сырын жакшы билген чоң саяпкер адам башчылык кылат.
Жоргону таптоо устара курчуткандай. Устаранын бир эле жанымы ашык же кем болуп калса мизинен кетип калат. Жоргону тандоо, асыроо, таптоо өтө олуттуу чоң иш. Кызыккандар болсо кийин өзүнчө аңгеме-дүкөн курабыз.
Жазып алган
Бактыгүл ЧОТУРОВА,
"Кыргыз Туусу"












кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
16-октябрь, 2009-ж.:
1-бет
85 500 000 окурмандуу "Кыргыз Туусу"
2-бет
Министрдин жообуна капамын
3-бет
Президент Курманбек БАКИЕВ:
Дарыгерлик - кайраттуулукту, мээрмандыкты талап кылган ардактуу кесип

4-бет
Биргелешкен аракет кыйын кырдаалдан чыгарат
5-бет
Ата-Журт алкагында
6-бет
Пекиндеги жогорку деңгээлдеги жолугушуулар
7-бет
"Жанылануу багыты" жаңы ой-пикирди жаратты
8-бет
Мекен мейкиндигинде
9-бет
"Кыргыз Туусунун" 85 жылдыгына карата
Ак жеринен атылган алгачкы редактор

10-бет
Жусуп Баласагын жана анын даңазалуу дастаны
11-бет
Шабдан баатыр
12-13-бет
КРнын Өкмөтүнө караштуу туризм мамлекеттик агенттигинин директору Турусбек Мамашов:
Ажайып кооз табиятыбыз менен өлкөбүзгө туристтерди тартабыз

14-бет
Кыргыз Республикасынын коомдук палатасынын
төрагасы С. Аблесов менен маек
Ниет оңолмоюнча иш оңолбойт

15-бет
Патриарх басма сөзгө өзгөчө маани берген
16-бет
Элеттик аялдардын оорун колдон алып...
17-бет
Эмне себептен кыргыздар балдарын орус мектептерде окутушат?
18-бет
Куру намыс курттай жейт
19-бет
ИнсультИнсультжаш-карыны ылгабайт
20-бет
Күн Чыгыш өлкөсүнүн таасирлери
21-бет
Кемел Ашыралиев
Жорго

22-бет
Кесиптешибиздин элеси эсибизде
23-бет
ЖАРЫЯ










??.??