, 16.10.09 - 20-бет:
  Япон кереметтери

Күн Чыгыш өлкөсүнүн таасирлери
Текебердик азабы
Анын үстүнө шамал да аркырап, дем алууну бир аз кыйындатып жатты. Чуркаганым менен калчылдаганым калган жок. Катуу үшүп калыптырмын. Ушунчалык тез жылганымдан басып бара жаткан башка адамдар ордуларында эле тургандай артта калып атты. Алардай даярдык менен чыкканымда мен деле бир калыпта, жайбаракат жүрмөкмүн. Назым экөөбүздөн бөлөк жолоочулардын баары суу өткөрбөс желим кийимдерди кийип, узун таяктарды таянып алышыптыр. Ал тургай асынган каптарын да желим менен ороп жаап алышкан. А мен болсо "Кыргызстанда Фужисандан бийик жерде жашап жатпайбызбы" деген ишеним менен япондун улуу тоосуна эмес эле айылдын кашатындагы дөңсөөгө бара жаткандай камылгасы жок жолго чыккамын. Текебердиктин азабын антип тартаарымды алдын ала кайдан билдим. Текебердик Кудайга эң жакпаган сапаттардын бири экенин бир саамга эсимден чыгарып койсом керек Фужиге жөнөп жатканда. Япон коому, турмушу текебердиктин пайдасынан зыяны мол экенин жакшы эле үйрөткөндөй болду эле.

Келген ойлор
Эптеп 8-Бекетке жетсем, бир аз эс алып, жылынып, шөмтүрөгөн кийимдерди кургатпасам да бир сыйра сыгып кайра кийип, ысык чай болсо сатып ичем деген ишеним менен дагы тезирээк бастым. Эгер 8-Бекетте да "эшикке чыгып досуңду күт" деп киргизбей коюшсачы? Ал тууралуу ойлогум да келбеди. Дагы бир кеби болор. Фужисан акыры Альпы же Саян тоолору эмес го. Мектепте тарых сабагынан айтылуу орус кол башчысы Суворовдун күздө Альпы тоолорундагы таштуу, тар жолдор менен борошолуу, калың мөңгүлүү Сен-Готард ашуусунан ашып, аскерлерин буктурмадан куткарып кеткенин окутушкан. Легендарлуу колбашчы ошондо жетимишке таяп калган экен. Кыргыздар Энесайда сегизинчи кылымда бутуна туруп, күчүнө кирип, ошол учурдун Сибирдеги эң кубаттуу дөөлөтү Түрк Каганатына кыр көрсөтө баштаганда түрк кол башчысы Тонүкүк бетме-бет чыгуудан айбыгып, өз аскерлери менен кышта Саян тоолорунан ашып өтүп келип, кыргыздар күтпөгөн жактан чабуул жасаганы да белгилүү. Ошондо түрктөр жан адамга көрүнбөйлү деп күндүз бекинип, түндө гана жылып отурган экен. Бийиктиги жагынан Фужисандан анчейин айырмаланбаса да, Саян деген табияттын ырайы катаал кадимки Сибирде жайгашкан эмеспи. Жайдын аягында абасы мээлүүн Япониянын Фужисанынын төбө жагы ушунча ызгаар болгондон кийин, кычыраган кышта суугу суурду тындым кылган Сибирдин "карынын калыңдыгы найзаны көмгөн" Саянындагы аба ырайынын кандай болгонун элестетүү да кыйын.
Китептен окуганда бул эрдиктерге анчейин деле маани бербептирмин. Тоодон ашса ашкандыр, анын ашкере даңазалай турган эмнеси бар деп ойлогом. Өзүм тигинтип Фужисандын чокусуна жакын, чылк суу болуп, ызырынган шамалды беттеп, төгүлгөн нөшөр алдында суукка тоңуп баратканда гана ошол айтылуу түрк жана орус кол башчыларынын темирдей эркине, сабырына жана мүнөзүнө аргасыз таазим эттим.
Оюма өткөн кылымдын 16-жылындагы Улуу үркүн да келди. Ошондо калгандар менен кошо карыган абышка-кемпирлер, бөбөктөр, кош бойлуу келиндер, майыптар да жанын куткаруу үчүн ак мөңгүлүү ашуулардын тайгак, тар жолдорунун айтып бүткүс азаптарын баштан кечирүүгө аргасыз болгон го. Миңдеген, балким, он миңдеген адамдар үчүн ошол сапар акыркы сапар болгону каңырыгымды түтөттү. Фужисанда ушуларды ойлодум. Бул ойлор башка учурда таптакыр эсиме келмек да эмес. Өзүм жараткандын жапайы табият аркылуу кылган сырдуу сыноосунда баратып, анча-мынчада түшкө кирбегендей абалда калганда гана менден башка канчалаган адамдар ошондой абалды баштан кечиргенин, кечирип жатканын жана кечирерин ойлодум. Бул кудай алдындагы жупунулугумду күчөтүп, текебердигимди тебелеп салды. Эмне болгон күндө да алты саным аман кыбырап бара жатканыма шүгүр келтирип, кесир ойлорум үчүн тообо кылдым. Сыноолор жана кыйындыктар кээде ушундай руханий тазалануу үчүн зарыл окшойт.

Көздөн учкан чоку
8-Бекетте кудай жалгап "эшикке чык" дешпейт экен. Тамдын ичине кирип ысык чай менен күрүч сатып алып шам-шум эттим. Кийимдеримди ток ысыткычка кургатканча, өзүм сыяктуу жолоочулар менен баарлашып бир сааттан ашуун отурдум. Жолоочулардын бирөө кытайлык жигит, экинчиси кореялык аял, калгандар япондор экен. Кытай жигит ушул жерден төмөнгө кайтаарын айтты. Бир япон болсо тоого жыл сайын чыгат экен. Быйылкыдай жаман аба ырайында эч качан калбаптыр. Отургандардын басымдуу көпчүлүгү мындан ары жол улабай, артка бурулабыз деп жатышты. Кореялык аял аягына чейин чыгам деп жөнөп кетти. Назым экөөбүз суу өткөрбөс желим жамынчуу алалы десек сатылбайт экен. Фотоаппаратымды алып олтургандар менен чогуу сүрөткө түштүк. Бирок ал сүрөттү кайра эч качан көрбөсүмдү анда билген эмесмин.
Аба ырайы дагы эле күңүрт тартып, жамгыр шорголоп жатканына карабай күн чыкканын көрүп каларбыз деген үмүт менен Назым экөөбүз отургандар менен коштошуп андан ары чокуну көздөй бет алдык. 9-Бекет жабык экен. Бир
саатча жүргөндө гана чоку көрүндү. Ошол акыркы элүү кадам мен үчүн эң узак жана эң оордой туюлду. Тим эле эч качан бүтпөчүдөй… Саат туптуура таңкы беш болгондо чокуга жеттим. Саналуу гана адамдар бар экен. Көптөрү жолдон кайтышканын жогоруда айтпадымбы.
Кыялымда Фужинин чокусунан күндү тосуп, таңкы япон жергесинин кооздугун үстүдөн карап суктанам деп эчен ирет эргигем. Бүркүттүн көктө көлбүп, жерди караганындагы сезимин сезсем деп тилегем. Кайдагы бүркүт, кайдагы күн, кайдагы сулуу көрүнүш. Туман тумчуктуруп, ал тургай жаныңдагы адамдын бети даана көрүнбөйт. Ушунчалык суук. Турмуш дайым эле мен ойлогондой боло бербесине дагы бир жолу таң бердим.
Назымдан: "Мен го жакында кайтам, сен аба ырайы жакшыда кайра тоого ке-лейин деген оюң барбы?", - деп сурадым. "Жок, эй, - деди ал күлүп,- Ушул деле жетет". Япондордун "Фужисанга эч чыкпаган адам келесоо, ал эми бир жолудан ашык чыккан адам андан өткөн келесоо" деген сөзү бар. Назым өз жообу менен ушул накылды чечмелеп бергендей эле болду. "Кел анда, эстеликке чокудан сүрөткө түшүп коёлу", - деп фотоаппаратымды алып чыксам ичине суу толуп иштебей калыптыр. Ичим ачыша түшсө да буюм бузулса мейли деп, алтын баштын амандыгына шүгүр кылдым. Чокудан кайтарымда япон тилин үйрөткөн сенсеимдин "Фужисан алыстан карасаң сулуу, үстүнө чыксаң карарган, жылаңач бир тоо" дегени эсиме келди. Эстеликке ала кетейин деп тоонун карарган таштарынан чөнтөгүмө салып, ылдый жөнөдүм.
(Уландысы бар)