Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/1016_19.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/1016_19.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/1016_19.htm on line 2


п»ї

ИнсультИнсультжаш-карыны ылгабайт
Тилекке каршы, акыркы жылдарда Кыргызстан Борбордук Азияда калк арасында инсульттун деңгээли боюнча биринчи орунду ээлеп калды. Эң өкүнүчтүүсү кийинки кезде инсультка жаш адамдар көбүрөөк чалдыгып, тоо томкорор курактарында эмгектенүүгө жараксыз майып болуп калышууда. Ушундан улам окурмандарыбызга инсульт кандай оору, анын кантип алдын алышты жана дарылануу жолдору тууралуу маалымат бермекчибиз.
Инсульт (апоплексия, мээге доо кетүү) - мээдеги кан айлануунун катуу бузулушу, анда мээ ткандары жана анын функциясы жабыркайт. Инсульт мээге кан куюлуп кетүүдөн же мээдеги кан тамырлардын бүтөлүп калышынан (тромбоз) болот. Инсульттун негизги себеби - гипертония оорусу жана мээ кан тамырларынын атеросклерозу. Инсульт мээге кан куюлтуучу геморрагиялык жана мээ тканынын жумшаруусу - мээ инфаркты менен коштолгон ишемиянын (аз кандуулук) таасиринен болгон ишемиялык болуп бөлүнөт. Көп ооруларда инсульт капысынан башталганы менен ооруну алдын ала билдирүүчү белгилер байкалат. Мисалы, гипертония оорусунда жана атеросклероздо баш оор тартып, зыңылдап ооруйт, айланат.
Геморрагиялык инсульт көбүнчө күндүз кармайт. Оорулуу капысынан эс-учун жоготуп жыгылат, адатта бир жак колу-буту шал болот, сүйлөөсү бузулат, дем алуусу кыйындап, карышат, кусат. Мындай инсульт 40 жашка чейинки адамдарда болушу мүмкүн.
Ишемиялык инсульт сутканын бардык мезгилинде кармай берет, кээде акырындап башталат, адегенде колу, анан бир жак бети шал болот, андан кийин сүйлөй албай калат. Инсультту неврологиялык ооруканада дарылоо жакшы натыйжа берет. Үй шартында оорулууну дарылоо жана багуу кыйын. Ошондуктан оорулуу ооруканадан чыгып келгенден кийин жакшылап багуу талап кылынат.
Инсульттун белгилери:
ЁКапысынан беттин, колдун же буттун, өзгөчө дененин бир капталынын жансыз тартып, алсызданганы.
ЁКүтүүсүздөн жакшы сүйлөй албай калышы.
ЁБир көзүнүн же эки көзүнүн көрүүсүнүн кескин начарлашы.
ЁКыймыл-аракетти башкара албай, термелип басып, баш айлануу.
ЁБаштын катуу жана түшүнүксүз оорусу.
Инсульттун алдын алуу
Бул оору дарылаганга караганда алдын алган жеңил болгон оорулардын катарына кирет. Ал үчүн эмгектенүүнү жана тамактанууну туура уюштуруп, жакшы уктап, психологиялык климаттын нормалдуу болушуна шарт түзүп, жүрөк-кан тамыр ооруларынан, мисалы жүрөктүн ишемиялык, гипертониялык ооруларынан өз убагында дарыланып жүрүү керек.
Баш мээнин тамырларынын микроциркуляциясын жакшырткан дары-дармектерди, ошондой эле баш мээнин кислородунун (гипоксия) жетишсиздигинин алдын алган дарыларды кабыл алуу зарыл.
Дарылоо
Ё Кан тамыр терапиясы курсунан өтүү.
Ё Мээни жакшырткан дары-дармектерди пайдалануу.
Ё Кислородотерапия.
Ё Кайра калыбына келтирүүчү дарылоо жана реабилитация (дарылоо дене тарбиясы, физиодарылоо, массаж).
Инсульт болгон учурда тезинен "Тез жардамды" чакырыш керек. Эгерде токтоосуз жардам берилбесе оорулуунун өмүрүнө коркунуч туулат.
Инсульттан кийинки реабилитациялоо
Азыркы медицинада инсульттан кийинки реабилитация эң маанилүү милдеттердин бири болуп саналат. Реабилитацияны инсульттан кийинки биринчи айда эле баштоо зарыл же бул ооруканадан эле башталат. Муну менен бирге оорулуунун психологиялык маанайынан да көп нерсе көз каранды. Келечекке үмүттүү кароо, ооруну жеңгенге ишенимдүүлүк менен умтулуу өтө пайдалуу. Ооруканадан чыгып келгенден кийин да реабилитация улантылышы зарыл.
Инсульттан кийин калыбына келтирүү дары-дармектер, дене тарбиясы, массаж, физиодарылоо, психотерапия жана инсульттун аркасында жоготкон мурдагы калыптарын кайра калыбына келтирүү үчүн окутуу жолу менен жүргүзүлөт. Бул дарттын натыйжасында кыймылдоо жана сүйлөөсү бузулганда кайра калыбына келтирүү дарылоонун биринчи айында жакшы жардам берет.
Микроинсульт алган оорулуулар бир айдын ичинде кайра калыбына келишет. Бирок, микроинсульт бул адамда мээнин кан менен жабдылышы жакшы эмес абалда экенин коңгуроо кагып кабарлагандык. Демек, инсульт кайсы бир күнү кайталанып, жаман кесепетке алып келиши мүмкүн.
Элдик дарыгерчиликтен
Жогорку кан басымдан кан тамырлар жарылып, мээге кан куюлуп кеткендиктен (геморрагиялык инсульт) жогорку кан басымды түшүрүү үчүн дары өсүмдүктөрүн пайдаланган да алдын алууга жакшы таасир берет. Тамырчы, табып Дүйшөнбек Чомо уулу жогорку кан басымды түшүрүү үчүн төмөнкү дары чөптөрдү пайдаланууну сунуштайт:
- Бөрү карагат тамыры, мөмөсү 20 гр.
- Жалбыз чөбү жана гүлү 20 гр.
- Дүлөй чалкан чөбү 20 гр.
- Тоо бозунач чөбү 20 гр.
- Долононун мөмөсү 30 гр.
- Долононун гүлү жана жалбырагы 20 гр.
- Ачуу эрмен чөбү 5 гр.
- Керечтин тамыры 15 гр.
- Аюу чөбү жана тамыры 20 гр.
- Жылан чөп 20 гр.
- Эрбасин 15 гр.
Даярдалышы:
3 л. сууга тамыр менен мөмөнү 3-5 мүнөт кайнатып, ушул эле кайнатмага чөп менен гүлүн таза жууп 30-40 мүнөт демдеп, муздагандан кийин чыпкадан өткөрүп, айнек идишке куюп, муздак жерге сактап коюу керек.
Үч маал тамак ичээрдин алдында 200 гр.дан ичирет. Даярдалган суюктук түгөнгөнчө ичилет же болбосо 5-7 күн катар пайдаланылат.






кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
16-октябрь, 2009-ж.:
1-бет
85 500 000 окурмандуу "Кыргыз Туусу"
2-бет
Министрдин жообуна капамын
3-бет
Президент Курманбек БАКИЕВ:
Дарыгерлик - кайраттуулукту, мээрмандыкты талап кылган ардактуу кесип

4-бет
Биргелешкен аракет кыйын кырдаалдан чыгарат
5-бет
Ата-Журт алкагында
6-бет
Пекиндеги жогорку деңгээлдеги жолугушуулар
7-бет
"Жанылануу багыты" жаңы ой-пикирди жаратты
8-бет
Мекен мейкиндигинде
9-бет
"Кыргыз Туусунун" 85 жылдыгына карата
Ак жеринен атылган алгачкы редактор

10-бет
Жусуп Баласагын жана анын даңазалуу дастаны
11-бет
Шабдан баатыр
12-13-бет
КРнын Өкмөтүнө караштуу туризм мамлекеттик агенттигинин директору Турусбек Мамашов:
Ажайып кооз табиятыбыз менен өлкөбүзгө туристтерди тартабыз

14-бет
Кыргыз Республикасынын коомдук палатасынын
төрагасы С. Аблесов менен маек
Ниет оңолмоюнча иш оңолбойт

15-бет
Патриарх басма сөзгө өзгөчө маани берген
16-бет
Элеттик аялдардын оорун колдон алып...
17-бет
Эмне себептен кыргыздар балдарын орус мектептерде окутушат?
18-бет
Куру намыс курттай жейт
19-бет
ИнсультИнсультжаш-карыны ылгабайт
20-бет
Күн Чыгыш өлкөсүнүн таасирлери
21-бет
Кемел Ашыралиев
Жорго

22-бет
Кесиптешибиздин элеси эсибизде
23-бет
ЖАРЫЯ










??.??