Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/1016_18.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/1016_18.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/1016_18.htm on line 2


п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Күз. Аш-той, аламан байге...

Куру намыс курттай жейт
Дүйнөлүк кризистин түрү бул. Кризиске алып барган күнөөлүү ким экени тууралуу Американын саясатчыларынын арасында кайым айтыш, бири экинчисине сөөмөй кеземей. Б.Обаманын социалдык саясатына атырылгандар андан арбын болуп чыкты. Польша менен Чехияга ракеталарды жайгаштыруудан баш тартуунун бир себеби, Американын каржы корун үнөмдөө себеп болгону тууралуу гезиттер жазып жатышат. Европа өлкөлөрүндө жумушсуздук... Жөө тумандай каптаган кризистен постсоветтик өлкөлөр да четте калган жок. Алыс барбай айталы, 2030 жылы алдыңкы өнүккөн 50 мамлекеттин ичине кирүү максатын көздөп алган кошуна Казакстанда кымбатчылык. Кечээги көргөн бүгүн жок өзгөрүлмөлүү дүйнө окуяларынын баарын тизмектеп отурбайлы, алар жалаң эле интернет булактарында гана эмес, ар бир элдин башында бар. Курубекер чыгымды талап кылчу командировкаларга чейин азайтууга туура келээрин Президент К.Бакиев жыл башында эле айтса, азыр өзүнүн администрациясынан баштап, кайталанган мамлекеттик органдарды кыскартуу менен республикалык бюджетти коромжудан сактоого өтүүнүн алдында турат. Электр кубатын үнөмдөөнү кышкы өчүрүү убагында гана эмес, жылдын төрт мезгилинде эстен чыгарбашыбыз кажет. Жатык сөз менен айтканда дүйнөнү, анын ичинен кыргыздын экономикасын кризистен сактап калчу каражаттардын бири САРАМЖАЛДУУЛУК.

"Там саламбы же келинчек аламбы?"
Кыргыз Туусу" гезити бир жылга жакын мезгилден бери жакшылык менен жамандыкта куру намысты шылтоологон ысырапкорчулукка катуу сокку урган материалдарды тынымсыз жарыялап келе жатат. Баарынан да республиканын чар тарабынан келген окурмандардын кош колдоп колдогон каттары миң мертебе ыракмат айтууга татыйт. Эбегейсиз көп чыгымды талап кылган той аштар эгемендүүлүк жылдарынан бери айрыкча арбыган. Кайсы бир өрөөндүн баатырынын, манабынын же көзү өтүп кеткен акынынын жүз мынчанчы жылдыгы деп нечендеген боз үй тигип, күтүрөгөн мал союлган. Коомчулукка тийиштүү андай тойлордо малдын ичеги карын, баш шыйрактары арык аңыздарга көмүлүп, сууга агып, алар жайдын ысык күндөрү антисанитардык көрүнүшкө айланчу. Токсонунчу жылдар болчу. Республикадагы байма бай өтүп жаткан
коомдук тойлордон мына ошондой чоң юбилейлик мааракенин кам чому, даярдыктарына кеткен чыгымдарды көргөн бир карапайым карыя каңырыгы түтөгөнү эсимде. Аңыздарды малдын терилери менен очоктун күлү аралашкан таштандыларга толтуруп, көп сүрмөтоптун тойдон кийинки стадиондорду, жайлоолорду таштап баса беришкенине карыя баш чайкап отуруп: "Кылымдар бою ата бабабыз мал менен жан сактап келди эле. Учурашканда кыргыз "мал жаның аманбы?" - деп, адегенде малды сурашканы жөн жерден чыккан эмес. Эми мобуреки тойлордо кырылган миңдеген туяк малдын кесирин аз өтпөй абдан тартабыз" - ал каргылданган түрү менен ушундай деген. Көп өтпөй, "айыл чарба реформасынын" эйфориясы жеңип кетип, жеке чарбаларга ача туяктуудан эч нерсе калбай чилдей таратылды. Акыры койдо котур, бододо шарп, сибирь жарасы, бурцеллез ылаңы аз келгенсип, акыркы жылдары иттен кутурма чыкты. Беш айылга бир ветеринар калбаган чарбалардан мындан башканы күтүп да болбойт эле. Андан көрө коомдук тойлорго корогон каражаттарды аброю бийик ошол инсандар тууралуу масштабдуу кино, телетасмаларды тартып, тарыхтагы ордун терең таанытып, өрнөгүн калтырчу экрандан түшпөй тургандай сапат менен чыгарылса, портфелдүүлөр эт жеп, караламан калк очок башында күйпөлөктөгөндөн көрө ийги иш болмок. Тарыхый инсандар тууралуу чыгып жаткан көркөм китептердин мыктыларын иргеп, чет тилдерге которууну колго алсак андан бетер жарашмак. Андай болбоду. Этекти үзө бассак да эт жеп тарап кеткенди жакшы көрдүк... Азыркы күндө улуттук валютадагы тарыхый инсандардын ким экенин айта албаган балдар чыкты. 50 сомдукту көрсөтүп, "Бул ким тааныйсыңбы?" - деп сурасаңыз, кээси "бабушка" десе, бир студент: "Умай эне беле, ошол болсо керек" - деп, шыңкылдап күлүп жооптон качып кеткенин көргөм. Ошондо бакубат жашоону көксөп чет мамлекеттерге турмуш курууга сабалап "учкан" Курманжан Датканын урпактарынын бир азына болсо да мекенчилдик сезимди ойгото алмакпыз. Чет өлкөдө биротоло калуу үчүн жанын жанга, жамбашын жерге уруп далбастаган жаштарыбыз жапырт болбосо да иргелип, мекенчилдик сезими менен туулган жерде эмгектенүү үчүн калып калмак беле дейм. Россиянын Сибирь аймагында жанын оозго тиштеп, оор жумушта иштеп келген окурманыбыз өткөндө минтет: "Токтогул атабыз эрксиз айдалган Сибирге, мен өз эрким менен барып карагай тилдим.Тапкан акчамды ата энеме салсам, келгенимде үч жылдан берки жиберген каражатымдын бир жылдагысын араң колума карматышты. Чогулталбай калдык, тойго кетти, ойго кетти деп жер тиктешти. Эми ага там саламбы же келинчек алып эле отуруп каламбы, билбейм?" - дейт кейип. Кээ бир иликтөөлөргө караганда өлкөбүздө жылына аш тойлорго 2 млрд. доллардын тегерегиндеги акча сарпталат экен.

Карызга баткан келин,кармалган ууру
Эми өзүм күбө болгон турмуштук окуялардан келтире кетпесем болбос. Тоо этектеген кыргыз айылдарынын биринде жашы жетимиш бештен ашкан байбиченин көзү өттү. Бир эле кызы бар. Ал да үч баласы менен жалгыз бой. Байбиченин кызы курдашыбыз болгондуктан атайын ашуу ашып, бел басып кабар келген соң борбордон эки үчөөбүз бардык. Кышкы аяздын суугу жандан өтөт. Курдашыбыз эскилиги жеткен, тешиктеринен зампарлап жааган кар учуп кирип жаткан бозомтук боз үйдө энесин кошуп ыйлап отуруптур. Тестиер балдары менен айылдаш жакындаштары элди тосуп алып, кайра узатып жүрүшөт. Боз үйдүн суугу термометрден ылдыйды көрсөтүп турду. Эшиктен ыйлап кирген аялдар ал шордууга эндей кездеме, жоолук же көзү өткөн энесине кийит сыяктуу нерселерди алып келип кере кулачтап алып илип жатышат. Эми ал кездемелерди жакырдын жакыры деле тиктирип кийчүдөй эмес. Кездемелер далай той-аштарды "саякаттап" келгени сокур кишиге деле байкалат. Курдашыбыз ары карап өңүлдөп ыйлап, кайра токтой калып, көк дептерге "баланчаныкы боз көйнөк, кызыл жоолук..." деп союз кезиндеги колхоздун кампачысындай каттай баштайт. Сууктан калеминин сыясы деле тоңуп жазбай калыптыр. Тиги бир эле учурда ыйлап жатып, анан калеминин учун балача соруп коюп кайра каттап кирет. Айылдык "билерман" жеңелери ага: "Өзүң каттап жаз. Алардан бирөө өлсө сен да карызыңды алып барасың", - деп кадимкидей буйрук берип чыгып кетишет. Аза күтүп отурган курдашым: "Силер эле жазбайсыңарбы? - дегенине тигилер: "Шаардан келген теңтуштарыңды, куда сөөктөрүңдүн баарын тааныбайбыз. Өзүң жаз" - деп коюшту. Ал түнү менен боз үйдө отурса сууктан майып болуп калчудай. Акыры энесинен калган эски тамга киргиздик. Эшиктен эңгезээрдей бирөө кирип: "Эжеке, эт башына Темирбекти кой десем укпадың эле, мына эми жылкынын этинин үчтөн бирин уурдаттык, билектей төрт чучуктун көзү жок", - деп жоо келаткандай үтүрөңдөгөн түр көрсөтүп, кекетип кетти. Бир келин: "Эшикте кызмат кылгандарга бир аз арак бербесең көк муштум болуп үшүгөн немелер азыр эле тарап кетишет. Элиңди узатканга өзүң каласыңбы ыя? Же ушул суукта алдагы
шаардан шиш така кийип келгендериң самоор кайнатабы?" - деп дагы бирөө аза күтүп отурган курдашыбызды ушинтип биздин көзүбүзчө алдыртан зекиди. Баарынан да "жетимиш бешке чыккан чоң эненики той" дегендерине бир күйөсүң.
Сөөк коюп келгенден
кийин чара табактар жоголо баштады дешти. Анын баары олчоюп келип сөөк ээсинин мойнуна түшөт. Айылдаштары, бидон идишке сорпо куюп бараткан бир келинди кармап алышыптыр. Кеп сорподо эмес. Анын ичине чыныларды салып бирөөнүкүн уурдай басканда сорпосу бар бидондогу чынылар коңгуроодой гана шыңгырап кетип жатпайбы. Айтор ал жердегинин баары талоонго түшкөндөй сезилди. Апасын түбөлүк сапарга узаткан курбу келин мектептеги жумушуна жарым айга жакын убакыт чыккан жок. Эбегейсиз чыгымды төлөөнүн эбин эки жылда араң таап, колдо бар малымды сатып жатып кутулдум деп жүргөн чагы.
Дагы бир тааныштарыбыз былтыркы жылы жүз элүү кишилик ресторанда уулун үйлөнтүп үлпөт той берди. Машинесин сатты, туугандарына салык салды. Ал куру намыс үчүн ошолорду жасап отурат. Бирок алган ошол келининин акыркы эки жылдык окуусу үчүн контракт акысын төлөбөй коюп, аз жерден эки жаш ар башка жакка кетип кала жаздашты. Мындай мисалдарды келтире берсек өтө көп. Көрсө кеп биздин салт санаабызда эмес, сарамжалдуулукту аң сезимибизге сиңире электигибизде экен.
Айтор ысырапкорчулук ар бир кыргыздын көкөйүнө көк таштай тийгени көрүнүп калды. "Кыргыз Туусундагы" жарыяланып жаткандар жөн эле макалалардын топтомдору эмес, ысырапкорчулукка каршы акцияга айланып барды. Окурмандардан келген каттардын географиясы уламдан
улам кеңейди. Алардын көбүндө бул боюнча атайын мыйзам кабыл алынып, ал тыкыр көзөмөлдөнсө деген ойлор арбууда. Эбегейсиз чыгымды талап кылган сокур намысты кыргыздын каада салты менен айрыбаштап албаганыбыз жөн. Андыктан "Тамчы таш тешет" дегендей ой пикирлерди кат аркылуу жөнөтүп, талаш талкууларды тажабай жиберип турган позицияңыздан жазбаңыз, окурман. Күтүрөгөн той аш күчөп, куру намыс курттай жеген ушул күздө да мүмкүн замандаштарбызга аң сезимдүү жашоо образынын учкунун жандыра аларбыз.
Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА,
"Кыргыз Туусу"




кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
16-октябрь, 2009-ж.:
1-бет
85 500 000 окурмандуу "Кыргыз Туусу"
2-бет
Министрдин жообуна капамын
3-бет
Президент Курманбек БАКИЕВ:
Дарыгерлик - кайраттуулукту, мээрмандыкты талап кылган ардактуу кесип

4-бет
Биргелешкен аракет кыйын кырдаалдан чыгарат
5-бет
Ата-Журт алкагында
6-бет
Пекиндеги жогорку деңгээлдеги жолугушуулар
7-бет
"Жанылануу багыты" жаңы ой-пикирди жаратты
8-бет
Мекен мейкиндигинде
9-бет
"Кыргыз Туусунун" 85 жылдыгына карата
Ак жеринен атылган алгачкы редактор

10-бет
Жусуп Баласагын жана анын даңазалуу дастаны
11-бет
Шабдан баатыр
12-13-бет
КРнын Өкмөтүнө караштуу туризм мамлекеттик агенттигинин директору Турусбек Мамашов:
Ажайып кооз табиятыбыз менен өлкөбүзгө туристтерди тартабыз

14-бет
Кыргыз Республикасынын коомдук палатасынын
төрагасы С. Аблесов менен маек
Ниет оңолмоюнча иш оңолбойт

15-бет
Патриарх басма сөзгө өзгөчө маани берген
16-бет
Элеттик аялдардын оорун колдон алып...
17-бет
Эмне себептен кыргыздар балдарын орус мектептерде окутушат?
18-бет
Куру намыс курттай жейт
19-бет
ИнсультИнсультжаш-карыны ылгабайт
20-бет
Күн Чыгыш өлкөсүнүн таасирлери
21-бет
Кемел Ашыралиев
Жорго

22-бет
Кесиптешибиздин элеси эсибизде
23-бет
ЖАРЫЯ










??.??