Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/1016_17.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/1016_17.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/1016_17.htm on line 2


п»ї

Мына ушул жана башка суроолорго жооп алыш үчүн кыргыз тилин кыска аралыкта үйрөнүп алган АКШнын Индиана университетинин профессору Уильям ФИРМАНды Кыргызстанга келгенде сөзгө тарттык.
Тилин билбеген улутташтарга...
Эмне себептен кыргыздар балдарын орус мектептерде окутушат?
- Алгач өзүңүз жөнүндө айтсаңыз. Кайдан, кантип кыргыз тилин үйрөнүп калдыңыз? Ага эмнелер себеп, кандай жагдайлар түрткү болду ?
- Мен 1942-жылы Миссури штатынын Сентвойс шаарында туулгам. Ушул шаарда орто мектепти бүткөм. 8-класста беш тилдин бирин тандашыбыз керек болчу. Немец, француз, латын, испан жана орус тилдери. Ата-энем орус тилинен башка каалаган тилди үйрөнүүгө кеңеш беришти. Кансыз согуш учуру болчу. Ата-энемдин каршылыгына карабай орус тилин тандап, үйрөнө баштадым. 1968-жылы Индиана университетине тапшырдым. Анда славян тилдери жана Азия тилдери деген эки кафедра бар болчу. 1971-жылы Ленинград мамлекеттик университетине келип, стажировкадан өттүм. 1972-жылдын сентябрында Гарвард университетинин саясат таануу факультетине тапшырдым. Окууну 1979-жылы аяктадым.
Бирок, 1976-жылы Фулбрайт программасы аркылуу Ташкентте тогуз ай болуп, "30-жылдардагы өзбек тилинин өнүгүүсүндөгү саясат" деген темадагы диссертацияма материал топтогом. Албетте, ал кезде америкалык жаш окумуштууга жеңил болгон жок. Анан да өзбек тилине байланыштуу маалымат жыйноодо. Өзбек тилчилеринин бардыгы эле репрессияланбаган эле. Көздөрү тирүүлөрү менин эмгегиме кооптонуу, чоочулоо менен мамиле кылышкан. 1977-жылы мекениме кайтып, диссертациямды ийгиликтүү коргодум.
Ал кездери бул аймакка келген америкалыктар өтө аз эле. Алардын ичинде мен дароо эле көзгө көрүнгөн адис болуп чыга келдим. Бул бир чети күлкү келтирерлик. Диссертациямды жактагандан кийин аталган регион менен алектенүүмдү токтоткон жокмун. Докторлук даражага ээ болгон соң Теннеси штатына кеттим. Ал жакта саясый илимдер боюнча профессор катары иштеп, студенттерге лекция окуп жүрдүм. Советтер союзунун тышкы саясаты боюнча башкы адис болдум. Өзбектердин тил саясатына болгон кызыгуумду жоготкон жокмун. Ошол эле мезгилде Казакстанга болгон кызыгуум арта баштады.
1991-жылы өзүм аяктаган Индиана университети иштөөгө чакырды. Ушул регион менен иш алып барган кафедрада иштеп калдым. Бул атайын ушул регионду тааныткан кафедра. Ушул күнгө чейин ошол жерде иштеп келем. 90-жылдардын ортосунда казак тили менен алектене баштадым. Ага себептер бар болчу. Тил маселеси Өзбекстанга караганда Казакстанда күчтүү. 1994-жылы Америка элчилигинин чакыруусу аркылуу бир долбоор менен Ташкентке келип, кызыктуу окуяга туш болгом. Мени Ташкентке киргизбей коюшту. Үйгө кайтууга туура келди. Мен абалды түшүнгөн жокмун. Көрсө, ага чейин Өзбекстандын элчиси Америкадан саясый башпаанек сураган экен. Өзбекстандын Американы кыртышы сүйбөй турган мезгил тура.
- Ал эми Кыргызстанга кызыгууңуз качан башталды?
- 90-жылдардан ушул күнгө чейин Казакстандагы, Орто Азиядагы тил маселелери боюнча макалаларды жазып келем. Өткөн жылы
АКШнын Кыргызстандагы элчилиги атайын программа аркылуу мени чакырышты. Өлкөнүн түндүгүндө, түштүгүндө болуп кайттым. Бул жылы КРнын Президентке караштуу мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Ташбоо Жумагулов чакырды. Менин жол киремди Америка элчилиги көтөрүп, бир жумага дагы Кыргызстанга келдим. Кыргыз тил майрамында атайын сөз сүйлөдүм. КУУда студенттер менен жолугуштум. Азыр мени өзбек, казак тилдеринин маселелеринен сырткары тилдердин статусу дагы кызыктыра баштады.
- АКШда түптүү улут - ин-деецтер. Калгандары немец, ирланд, англичан ж.б. бардыгы сырттан баргандар. Тегиңиз жөнүндө айтсаңыз?
- Менин ата-энем Америкада туулган. Атамдын ата-энелери еврейлер. Чоң энем Украинадан болот. Апамдын ата-энеси Литвадан баргандар.
- Сиз көп өлкөлөрдө болупсуз. Ушул өлкөлөрдүн тилдик саясаттарын салыштырып көрдүңүзбү? Казакстанда, Өзбекстанда кандай? Кайсыл өлкөдөгү тил саясаты азыркы талапка жооп берет? Ошондой эле жалпы элдин, титулдук улуттун кызыкчылыгына ылайык ке-лет?
- Тил саясаты эч бир өлкөдө оптималдуу жүргүзүлбөйт. Казакстандын жана Кыргызстандын түндүгүндө орус тили басымдуулук кыларын байкадым. Бул, албетте, өкүнүчтүү нерсе. Тил саясатында артка кеткендик. Өзбекстанда болсо өзбектештирүү саясаты натыйжалуу жүргүзүлүп жатат. Тажик тилиндеги мектептер калган жок. Тажикстанды алсак, ал жакта узак убакытка жарандык согуш жүрүп, тил саясатын жүргүзгөнгө шарт деле болбоду. Бирок, жакында алар мыйзам аркылуу орус тилине бөгөт коюшту. Бул туура эмес болуп калды.
Кыргызстандагы тилдин абалына келсек, 1989-жылы көпчүлүк республикаларда мамлекеттик тилге байланышкан мыйзамдар кабыл алынганда, алар республикалардын өзгөчөлүктөрүн эске алышпаган. Мисалы, мен жакында макала жаздым. Анда Азербайжан менен Казакстандагы тилдин абалын салыштыргам. Бакуда азербайжан тили үстөмдүк кылат. Ошол эле мезгилде орус тили активдүү колдонулат. Орус тилиндеги жарнактар бар, бирок, акыркы убакта азербайжан тилин да билип алуу, пикир алышуу күч алды. Алматы менен Бишкекте абал такыр башкача. Менимче, Азербайжанда эне тилге өтүү үчүн башынан жакшы, ыңгайлуу шарттар болгон. Ал эми Казакстан менен Кыргызстанда башынан туура эмес мамиле кылынып, жакшы шарттар түзүлбөгөн.
Эгерде 80-жылдардын аягын алсак, Азербайжанда ошондо эле азербайжан тили үстөмдүк кылчу. Алардын азербайжан тилиндеги окуу китептери болуп, кадрлардын бардыгы азербайжан тилинде эркин сүйлөп, жазышчу. Дагы бир фактор - демократиялык абал менен байланыштуу. Мурда союз учурунда Бишкекте кыргыздар 20%ды гана түзүшчү. Алматыда да ошондой эле. 1959-жылдагы эсеп боюнча казактар болгону 8%ды гана түзүшкөн. Тилдик үстөмдүк болбогон. Ошондуктан казактар орусча сүйлөөгө аргасыз болушкан. 1989-жылы Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамды кабыл алып, тез эле эне тилге өтөбүз дегендик туура эмес болгон.
Ушул өңүттөн алганда, беш жылда мамлекеттик тилге өтөбүз дегендик реалдуулукка ылайык келбеген. Ошондуктан Казакстанда да казак тилине өтүүнү бала-бакча, мектептерден баштаса туура болмок. Мен билем, сиздерде азыр өлкөдөгү телевидение, радиолордун уктуруу, берүүлөрүнүн 50%дан кем эмеси мамлекеттик тилде болушун караган мыйзам долбоору иштелип жатат. Менин оюмча уктуруу, көрсөтүүлөрдүн санына караганда, сапаты башкы мааниге ээ. Эгерде, көрсөтүүлөрдүн 50%ы кыргыз тилинде, бирок сапаты начар болсо, аларды эч ким көрбөйт. Андан көрө 20-30% кыргыз тилинде болуп, сапатына басым жасалса, жаш балдардын кызыкчылыгы, табити эске алынса туура болот. Казакстанда ушинтип жатышат. Эгерде көрсөтүүлөр сапаттуу болсо, аны Асел, Азамат эле эмес, Анна, Саша да көрүшөт. Кыргызча ката сүйлөшсө да, башкысы сүйлөшкөнү мааниге ээ.
Кыргызстандагы өзбектерди кыргызча үйрөткөн атайын методикаларды иштеп чыгуу керек деп ойлойм. Көпчүлүк өзбектер кыргыз тилин билишет, жакшы түшүнүшөт. Жакшы методикалар болсо өзбектер үчүн кыргызчаны үйрөнүү кыйынга турбайт.
- Сиз тилди үйрөтүүнү мажбурлоо жолу менен эмес жакшы усулдарды иштеп чыгып, бала-бакчалардан баштоого басым жасоо зарылчылыгын айттыңыз. Бирок, бизде жылдан-жылга орус тилинин үстөмдүк кылуусу күчөп кетиши мүмкүн. Анткени, шаарларда орус тилиндеги бала-бакча, мектептер көбөйүп жатат. Ошондуктан биз мында Ататүрктүн ыкмасына өтүшүбүз керек. Мамлекет мажбурлоочу күчүн колдонуш керек. Жогорку кызмат орундарына кыргызча билбегендерди албай коюшса, маселе өзүнөн өзү чечиле баштамак. Сиз кандай дейсиз?
- Албетте, мажбурлоочу, милдеттендирүүчү мыйзамдар болуш керек. Зордоо, мажбурлоо ыкмасы кош реакцияны пайда кылышы мүмкүн. Казакстандын тажрыйбасынан мисал келтирейин. Мындан эки жыл мурда казактар жалпы республикалык тестирлөөгө казак тилин да киргизишип, окуу жайга өтүүдө казак тилин билгендиги эске алына турган кылышты. Мен муну колдойм. Бирок, эртерээк деп ойлойм.
Азыр Казакстандын түндүгүндө жашаган казактардын басымдуу көпчүлүгү казак тилин билишпейт. Эгерде казак тилин билүүнү милдеттүү кылып койсо, орус, украиндерди эске албаганда көптөгөн казактар да ЖОЖдорго өтпөй калышмак. Андыктан мындай кадамды алдын-ала жасап, "алты жылдан кийин казак тилин билүү милдеттүү болот, ага азыртан даярдангыла" деген өзгөртүү киргизилгендиги туура болду го деп ойлоймун.
- Сиз методикаларды иштеп чыгыш керек деп айтып жатасыз. Мен бул жерде өмүр бою жашап келаткан адам катары айтайын. Айрым орус, украин, "киргиздер" кандай методика болбосун баары бир кыргыз тилин үйрөнүшпөйт. Эгерде, адамда чындап тил үйрөнүү ниети, каалоосу болсо, методикасы жок эле үйрөнүп, өздөштүрүп алышат.
- Сиз туура айтасыз. Каалоосу жокторго мыкты методика, шарттар да жардам бербейт. Чындап тил үйрөнүү ашыкча убакытты талап кылат. Анан да курагы өтүп калгандардын тил үйрөнүүсү кыйын. Бирок, ошого карабай шарттарды түзүп берүү керек. Үйрөнбөгөндөр өздөрү күнөөлүү болушат. Сиздердеги кыргыз эмес, "киргиздерди" алсак, алар тил билбегендиктери үчүн күнөөлүү эмес. Аларды келечек орус тилинде деп ата-энелери орус тилинде окутуп, тарбиялашкан. Эми ошолор өздөрүнүн балдарын кыргызча окутуп, тарбиялашса туура болмок. Өздөрү кыргызча билбесе да, балдарынын кыргызча окушун каалагандар көп. Бирок, алар өздөрү билбегендиктен кыйналышат. Ошондуктан "киргиздерди" кыргыздардын тарбиялашына шарттарды түзүү зарыл.
- Ааламдашуу мезгилинде тилдердин көбү жоюлат, же стандартташтырылат деп айтышат. Бул боюнча сиздин оюңуз кандай? Майда тилдерди сактоо аракети барбы? Же чын эле дүйнөнү англис тили менен кытай тили каптайбы?
- Кызыктуу суроо экен. Чын эле англис тили дүйнөдө доминанттык кылат. АКШда да америкалыктар "англис тили жетишет, башка тилди билүүмдүн кажети жок" деп эсептешет. Жылына ондогон тилдердин жоголуп жаткандыгы чындык. Бул табигый процесс. Эгерде Норвегия өлкөсүн алсак, ал жакта бардыгы англис тилинде сүйлөшөт. Швецияда да ошондой. Бирок, алар англис тилин тар чөйрөдө колдонушат. Билим алууда, мамлекеттик иш кагаздарын жүргүзүүдө эне тилдерин сактап келатышат.
Мейли, кыргыздар, "киргиздер", орус, англис тилинде сүйлөшсүн. Ага эч ким каршы эмес. Башкысы, үй-бүлөдө кыргызча сүйлөшсө. Эгерде мындай болбосо, анда ал тилдин өсүп-өнүгүшү жөнүндө сөз кылуу кыйын. Көпчүлүктө кыргыз тили төмөнкү деңгээлдеги тил катары ассоциациялана баштайт. Мен Бишкек, Алматыдагы тааныштарымдан балдарын кайсыл тилдеги мектептерге берип жаткандыгын сурасам, алардын бардыгы орус тилиндегилерге беришкендигин айтышат. Алар муну кыргыз, казак тилдериндеги мектептердин билим берүү сапатынын төмөндүгү менен түшүндүрүшөт.
- Чакан Кыргызстанда 51 ЖОЖ бар. Менимче, ЖОЖдордун санын үч эсе азайтып, кадрларды сапаттуу даярдай башташса туура болмок. Канча айтканыбыз менен биздеги ЖОЖдор Москва, Ленинграддагы ЖОЖдор менен атаандаша албайт. ЖОЖдордун көп болуусу өзүн актайбы? Сиз кандай ойлойсуз?
- Албетте, 51 ЖОЖ Кыргызстан үчүн өтө көп. Ушундан улам билим берүүдөгү коррупция жогору. Америкада кандайдыр бир деңгээлде билим берүүдөгү коррупциялык көрүнүштөр болушу мүмкүн, бирок пара берүүчүлүк жок. Менимче, диплом мааниге эмес, ошол адистин алган билими, билгени маанилүү да. Эгерде мен инженер катары жакшы дипломду сатып алып, бирок иштей албасам, алар мени жумуштан айдап жиберишет. Мындай окуядан кийин бардыгы ал ЖОЖдун дипломдорун тааныгылары келбей калышат. Ошондуктан өзүн сыйлаган ЖОЖдор дипломду эмес, билимди алдыга коюшат.
- Сиз жашаган штатта канча ЖОЖ бар?
- 7 миллионго жакын эл жашайт. Мектептерди бүтүргөндөрдүн көпчүлүгү жогорку окуу жайларына тапшырышат. Ондогон ЖОЖ бар. Алардын баары катуу аттестациялоодон өтүп турушат. Эгерде тигил же бул ЖОЖ аттестациядан өтпөй калса, ал ЖОЖдун диплому жараксыз болуп, эч ким кызыкпай калат.
- Көп жерлерде болуп жүрөсүз. Салыштырып алып караганда, Кыргызстандын азыркыдай экономикалык кризистик абалынан чыкканга реалдуу мүмкүнчүлүгү барбы? Же ушундай абал белгисиз мөөнөткө чейин созула бериши мүмкүнбү?
- Кыргызстанда экономикалык, социалдык абал кубантарлык эмес экен. Иштегени сыртка кетишкен жарандар көп. Тилекке каршы, Кыргызстанда Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстандагыдай ресурстар жок. Менин байкаганым, Кыргызстандагы элдер жашоо-шартка бат адаптацияланышып, абалдан чыгууга өздөрү зор аракеттерди кылышкандыгы менен айырмаланышат. Өзбекстан сиздерден кыйла бай болгон менен жарандарынын өздөрүн реализациялоосуна шарт түзбөйт. Өзбектерде кыргыздардай мүмкүнчүлүк, эркиндик жок. Экөөбүздүн аяр, олуттуу маселе жөнүндө ачык сүйлөшүп отургандыгыбыздын өзү ушундан кабар берип турат. Сиздердин региондогу башка өлкөлөрдүн бардыгында эле бул мүмкүн эмес. Мунун өзү жакшы көрүнүш. Демек, акылдуу, потенциалы бар кыргыздар кризистик абалдан жол таап чыгып кете алышат.
- Акыркы убакта Кыргызстанда кыргыздар азайып баратат. Россияда 500 миңден 1 миллионго жакын кыргыздар жашап, иштеп жүрүшөт. 300 миң кыргыз орус жарандыгын алып алышкан. Сиздин мындан аркы кадамыңыз кандай болот? Кыргыз тилин үйрөнө бересизби, же токтотосузбу? Дегеле алдыдагы ой-максатыңыз кандай?
- Менин кыргыз тилин үйрөнө баштаганыма аз эле болду. Азыр Өзбекстан менен Казакстандагы тил саясатын дагы изилдөөнү алдыма максат кылып койгом. Кыргызстан жөнүндө да көптү билүүм зарыл. Мамлекетти жакындан билүү үчүн кыргыз тилин үйрөнүүгө туура келет.
Кыргызстандын элине каалоом, кыргыз тили өсүп, өнүксүн. Кыргыз тили - бай тил. Элге толеранттуулукту, чыдамдуулукту каалайт элем. Бул өлкөдө жашаган башка улуттун өкүлдөрү өлкөнүн башкы тили - кыргыз тили экендигин, аны үйрөнүү зарылдыгын, эртеби-кечпи кыргыз тили салтанат курарын унутушпаса, өздөрүнө гана жакшы болот.
Папан ДҮЙШӨНБАЕВ,
"Кыргыз Туусу",
Сүрөтү Д.МЕЙМАНОВ








кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
16-октябрь, 2009-ж.:
1-бет
85 500 000 окурмандуу "Кыргыз Туусу"
2-бет
Министрдин жообуна капамын
3-бет
Президент Курманбек БАКИЕВ:
Дарыгерлик - кайраттуулукту, мээрмандыкты талап кылган ардактуу кесип

4-бет
Биргелешкен аракет кыйын кырдаалдан чыгарат
5-бет
Ата-Журт алкагында
6-бет
Пекиндеги жогорку деңгээлдеги жолугушуулар
7-бет
"Жанылануу багыты" жаңы ой-пикирди жаратты
8-бет
Мекен мейкиндигинде
9-бет
"Кыргыз Туусунун" 85 жылдыгына карата
Ак жеринен атылган алгачкы редактор

10-бет
Жусуп Баласагын жана анын даңазалуу дастаны
11-бет
Шабдан баатыр
12-13-бет
КРнын Өкмөтүнө караштуу туризм мамлекеттик агенттигинин директору Турусбек Мамашов:
Ажайып кооз табиятыбыз менен өлкөбүзгө туристтерди тартабыз

14-бет
Кыргыз Республикасынын коомдук палатасынын
төрагасы С. Аблесов менен маек
Ниет оңолмоюнча иш оңолбойт

15-бет
Патриарх басма сөзгө өзгөчө маани берген
16-бет
Элеттик аялдардын оорун колдон алып...
17-бет
Эмне себептен кыргыздар балдарын орус мектептерде окутушат?
18-бет
Куру намыс курттай жейт
19-бет
ИнсультИнсультжаш-карыны ылгабайт
20-бет
Күн Чыгыш өлкөсүнүн таасирлери
21-бет
Кемел Ашыралиев
Жорго

22-бет
Кесиптешибиздин элеси эсибизде
23-бет
ЖАРЫЯ










??.??