Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/1016_16.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/1016_16.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/1016_16.htm on line 2


п»ї
Элеттик аялдардын оорун колдон алып...
Кыргызстанда "Аялдардын жерге болгон укугу" программасы 2003-жылдан тарта ЮНИФЕМдин колдоосу менен ишке ашырылып келатат. Ал эми 2009-жылдан тарта Норвегиянын өкмөтүнүн каржылоосу менен бул программанын III фазасы ишке ашырылууда. Бул долбоордун азыркы иш-аракеттери жөнүндө ЮНИФЕМ уюмунун багыттуу өнөктөштөрүнүн бири болгон WESA уюмунун жетекчиси Гүлнара Баймамбетованы кепке тарткан элек.

- Гүлнара Шаршеновна, элеттик аялдардын жерге болгон укугу жаатында жүргүзүп жаткан иштериңиздер көптөргө маалым. Ал эми программанын III фазасынын максаты эмне?
- "Аялдардын жерге болгон укугу" программасынын стратегиялык максаты элеттик аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана менчик, мураскерлик укуктарын колдоо аркылуу экономикалык абалын жакшыртуу экенин эске сала кетейин. Үстүбүздөгү жылдан тарта анын III фазасы ишке ашырылып жатат. Элестүү айтканда бул мурдагы эки долбоордун логикалык уландысы.
- Биз билгенден "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" мыйзамга эксперттик колдоо көрсөттүңүздөр. Ушуну чечмелеп берсеңиз.
- Сиздерге белгилүү болгондой, биздин долбоор бул мыйзамга бүтүмдөр боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүүгө салымын кошкон, бирок практика көргөзгөндөй мыйзамдын бул нормасы толук кандуу иштебей жатат. Тоскоол болгон факторлорду табуу үчүн 9 райондо, 18 айылда мониторинг жүргүздүк. Ага аксакалдар сотунун 37 мүчөсү, 31 айыл өкмөтүнүн башчылары жана кызматкерлери, Мамкаттоонун 22 адиси, 172 элеттик аялдар катышты. Жыйынтыгында мыйзамдын аткарылышына тоскоол болгон бөгөттөр аныкталып, Мамлекеттик каттоо уюмунун колдоосу менен ошол бөгөттөрдү жоюу максатында иштей баштадык. Ошондой эле Үй-бүлө жана Жарандык кодекстерин аялдардын мүлктүк жана мурастык укуктарын сактоо жана коргоо өңүтүнө айкалыштыруу боюнча экспертиза жүргүзүлүп жатат.
- Буга чейин жер-жерлерде көчмө консультацияларды уюштуруп келдиңиздер эле. Ал улантылып жатабы же...?
- Андай практика азыр дагы уланууда. Отчёттук мезгил ичинде айылдык аймактарга 48 биргелешкен көчмө юридикалык консультациялар ишке ашырылып, 687 жаранга бекер укуктук кеңештер жана маалыматтар берилди. Айылдык аялдардын көтөргөн маселелеринин көбү Мамкаттоонун кызматкерлеринин, жергиликтүү бийликтин активдүү кийлигишүүсүн талап кылган жана алар чече турган маселелер болгондуктан, чогуу иш алып баруу практикасы улана бериши күтүлүүдө. Эки тараптын адистеринин мындай биргелешип иштөөсү мамлекеттик кызматкерлердин гендердик сезимталдыгын жогорулатууга жана аялдардын мүлктүк жана мурастык укугунун сакталышында аларга оң таасирин тийгизет.
- Кийинки кезде жайыттарды пайдалануу жаатында элеттиктерде көп түшүнбөгөн суроолор бар. Сиздер бул багытта кандай иштерди жүргүзүп жатасыздар?
- Жайыттарды пайдалануу боюнча кабыл алынган жаңы мыйзамга ылайык Жайыт ресурстарын колдонууга жер-жерлердеги коомдук уюмдардын, жарандардын активдүү катышуусу күтүлүүдө. Бирок, бул маанилүү багытка элеттик аялдардын аярлуу тобу тартылбай калышы мүмкүн. Себеби, алардын көпчүлүгү жайыт жөнүндө мыйзамдын талаптарын биле беришпейт, уккан эмес. Биздин долбоорго кайрылгандардын суроолоруна сереп салсак, жайыттарды тескөө маселелерин жакшы биле албай жатканы аныкталууда. Ошон үчүн Ысык-Көл жана Жалал-Абад облусунда Мамкаттоонун адистери жана элеттик аялдар менен окутуу жүргүзүп, түшүндүрүү иштерин аткардык.
- Жерин иштетип, кирешенин булактарын издеген аракетчил аялдарды сапаттуу үрөн менен камсыз кылуу үчүн жер-жерлерде иштеп жатыпсыздар. Ушул тууралуу да маалымат бере кетсеңиз?
- Элеттиктер үчүн жерин иштетүүгө керектүү болгон ресурстардын болушу зарыл. Мисалы, сапаттуу сертификацияланган үрөндөрдүн жетишпестиги жана кымбатчылыгы чоң көйгөй болуп саналат. Биздин долбоор иштерман, аракетчил, бирок акча каржысы тартыш, жакыр, көп балалуу, жетим-жесир аялдарды колдоп, аларды сапаттуу үрөн менен камсыз кылуу багытында иш-аракеттерди көрдүк эле. Натыйжасында, Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү менен экономикалык кризис шартында элеттик аялдарды сапаттуу үрөн менен камсыз кылуу максатында өз ара биргелешип аракеттенүү боюнча макулдашууга жетиштик. Ал топтор менен иштеген ишибиздин жыйынтыктары жана аракеттери тууралуу кийинки маегибизде айтып берейин.
- Учурда жер, жайыт, укук маселелери боюнча кеңеш сурап кайрылгандар көппү?
- Отчёттук мезгилде долбоордун башкы жана облустук кеңсесинин консультанттары менчик жана мураскерлик, экономикалык маселелер боюнча 838 консультацияларды беришти. Консультация алгандардын 52 пайызы аялдар. Ошондой эле жер үлүшүн ижарага алуу, жер үлүшүн бөлүштүрүүгө байланышкан маселелер боюнча да кайрылгандар арбын. Юридикалык колдоо багытында жардам көрсөтүүнүн натыйжасында расмий сот деңгээлинде 1 аялдын укугу корголуп, мураскерлик укугу сакталды. 163 кишиге юридикалык документтерди жана келишимдерди түзүүгө көмөк көрсөтүлдү. Тоң районундагы 100 үй-бүлөгө жер менчигин тастыктаган документтердин каржысын колдоп, жергиликтүү Мамкаттоо менен ийгиликтүү иш жүргүздүк. Ысык-Көл жана Нарын облустарында өткөрүлгөн элеттик аялдар жана коомдук уюмдар үчүн багытталган окутуу иш-чараларыбыз жер, менчик көйгөйлөрүн азайтууга көмөк көрсөтөт деген ишеничтебиз.
- Аксакалдар соту жана диний кызматкерлер менен да иш алып барарыңарды угуп жүрөбүз?
- Кыргыз элинде улуу кишилердин, аксакал- байбичелердин
коомго таасири күч. Аксакалдар соту тууралуу мыйзамдын нормаларына ылайык аксакалдар сотторунун мүчөлөрү кээ бир менчик, үй-бүлөлүк чатак көйгөйлөргө байланышкан суроолорду чечүүгө укуктуу. Бирок, калыптанып калган тескери адат, салтка таянып аялдардын маселелерин туура эмес чечип койгон фактылар да кездешүүдө. Себеби, кээ бир аксакалдар соту мыйзам чегиндеги укуктарын жакшы биле беришпейт жана бул суроолорду карап тескөөдө ыйгарым укуктарын ашыра пайдаланышат. Ошондой эле жергиликтүү дин кызматкерлери, имамдарга үй-бүлөнүн ажырашуусу жана аялга менчигин бөлүп берүү тууралуу кайрылгандар да кездеше баштаганын биздин иш-практика көргөзүүдө. Бул учурда кээ бир имамдар, молдокелер шариаттын негизин жакшы биле албай, же адат-салтка таяп туруп, чечип койгон аз да болсо фактылар бар. Ошондуктан Муфтият менен макулдашылган негизде, алардын өкүлү менен 2 окутуу семинары өткөрүлүп, аксакалдар сотторунун мүчөлөрүнө жана диний кызматкерлерге менчик, мураскерлик көйгөйлөрүнө байланышкан маселелерди чечүүнүн мыйзамдык укук негиздерин түшүндүрүп бердик.
Биздин уюмдун иш-аракеттери да элеттиктердин, алардын ичинде аялуу үй-бүлөлөргө жандуу жардам жана көмөк көрсөтүүгө багытталып жатат. Мамлекет башчыбыздын жакындагы Кайрылуусунда айтылгандарга биздин бүгүнкү иш-аракеттерибиз үндөш келип, элибиздин экономикалык бакубат жашоосуна салым кошууга багытталууда.
Маектешкен
Бермет МАТКЕРИМОВА,
"Кыргыз Туусу"




Мектеп рэкети билим берүү системасынын боштугунан болууда
Мектептеги кылмыштын алдын алуу комплекстүү чараларды көрүүнү талап кылат жана бул билим берүү индустриясынын негизги милдети. Акыркы мезгилдеги Бишкектеги мектептердеги кылмыштар ошол милдетти билим берүү системасы так аткара албай жаткандыгынын белгиси.

АКШда репортинг системасы жакшы иштейт. Бизде муну "стукач" деп жаман көрүп, кылмышкерлер менен паракорлорду калкалай турган салттарды жаратып алдык. Өнүккөн мамлекеттерде болсо, мектептерде жана полицияда атайын анонимдүү репортинг телефондору, электрондук жана жөнөкөй почталар бар, ошолорго шектүү нерселерди ар бир жаран кабарлап турат. Муну алар атуулдук парз деп эсептешет. Бул баалуулукту биз да киргизишибиз керек. Мындан бир топ жыл мурда Германияга машине сатып алам деп барып калып, бирөөнүн короосунда газды катуураак басып койсом үй ээси мага келип: "Газды катуу баспаңыз, кошуналар полицияга телефон чалып коет", - дегени эсимде.
Ошондой эле көптөгөн демократиялуу өлкөлөрдө каунсилинг (кеңеш берүү, сооротуу, психологиялык травмаларды айыктыруу) сервистери көп. Бул фирмаларды коом өзү каржылайт, же болбосо сервистен түшкөн акчанын эсебинен жашайт. Мисалы, Африкадагы миңдеген бала-жоокерлер эл аралык уюмдардын зөөкүрлүктүн жаракатынан
айыктыруучу программаларынан өтүшөт. Антпесе, алар кайрадан зөөкүрлүк айлампасына түшөт. Мындай сервистер бизде да болсо жакшы болмок. А бирок алардын коому менен биздин коомдун айырмасы - аларда өз ара уюшуу маданияты өөрчүгөн. Мамлекеттин көзүн карап эле олтура берүү жок. Анын үстүнө бийлик элдин колунда, демек коом өз жоопкерчилигин жакшы сезет.
АКШны канчалык жамандабайлы, ал жердин диндери ууру кылба, калп айтпа, душманыңды сүй, ж.б. баалуулуктарды пропагандалайт. Чиркөөлөрдө христиан, еврей, мусулман, шаман, атеист ж.б. баарына тең, бирдей мамиле кылып, аларды бири-бирин ызааттоого үгүттөшөт. Мектептеринде болсо зөөкүрдүк, наркомания, алкоголизм, ж.б. проблемалар атайын программалар катары окутулат. Бул программалар, албетте, жогортон түшпөйт, анткени АКШда бийлик элдин колунда. Коом тарабынан каржыланган борборлор жаңы окуу программаларын иштеп чыгып, полиция, эксперттер, волонтерлор менен бирдикте тынымсыз иш алып барышат. Бизде мындай системаны киргизүү кыйын, анткени коомдо бийлик жок.
АКШда социалдык, гендердик, расалык, диний жана улуттук жек көрүүчүлүк сөздөрдү айтканы үчүн ар бир адам оор жазага кириптер болот. Мисалы, "негр" дегениң үчүн, же бир динди жамандаганың үчүн, ал тургай бир аялды тигиле караганың үчүн жазаланып каласың. Ал эми бизде болсо бул кылмыштар эркин эле жар салынып атат. Эгерде муну азыр токтотпосо, анда тукургучтар азчылыктарды жок кылган соң көпчүлүктү жиликтейт. Афганистан буга эң сонун мисал болуп бере алат. Ошондуктан Өкмөт эч коркпой эле, эч кандай динге тартпай эле, башка адамдарды алардын динине, расасына, улутуна жана башка белгилери боюнча кордогон адамдарды жазага тартуусу керек. Анткени мындай чакырыктар жана тукуруктар Адам атанын баласына карата кылмыш. Андыктан бул жерде бет карамалык болбоо керек. Миң эсе динчил болгонуна карабастан, адилеттик, акыйкат жана адам сүйүүчүлүк орнобогон коомдо эч кандай өнүгүү болбойт.
Мугалимдер болсо классты кантип башкаруу керек, агрессивдүү жүрүш-турушту кантип өзгөртүү керек, улут, дин, раса аралык жек көрүүнү кантип алдын алуу керек деген темалар боюнча
атайын тренингдерди өтүп, ошолорду сабактарында колдонот. Башкача айтканда, алардын билими өздөрүнө жана коомуна керектүү прагматикалык нукка коюлган.
Башка элдердеги ийгиликтүү практикаларды бизге да киргизүү керек. АКШда social justice же болбосо коомдогу адилеттүүлүк деген түшүнүк күчтүү. Жарандар адилеттик жана эркиндик деген баалуулуктарды ыйык тутуп, аларды ар бири коргоого даяр. Ал эми бизде болсо бул баалуулуктар көп учурда тебеленип жатат.
Интернетте мектептердеги кылмыштуулук боюнча англисче толгон токой программалар бар, аларды которуп, сабактарга киргизүүгө эмне үчүн болбосун? Тилекке каршы, тиешелүү адамдар кошоматтан колу бошобойт, шайтан көпөлөктөй болуп эле өзүнөн чоңураак чиновникти айланганы айланган.
Дагы бир чоң маселе - бул бизде зөөкүрлүктү жана ташбоорлукту даңазалаган видеопродукциялардын эркин сатылышы. Мен Американын Нью-Йорк, Бостон, Лос-Анжелес, Сан-Франциско, Чикаго, Хьюстон, Вашингтон, Жаңы Орлеанс, ж.б. ири жана майда шаарлардын көбүн жакшы билем. Ал шаарларда бардык компакт дискттер лицензияланган жана алар өтө кымбат баада сатылат. Лицензияланбаган продуктуну сатууга мыйзам жол бербейт жана сатылбайт. Биз да ошол практикага өтүүбүз зарыл - зордук-зомбулукту пропагандалаган видеопродукцияга тыюу салуу керек. Эгерде диний институттар адамдарды бири-бирине тукургандан башкага алы жетпесе, зөөкүрдүккө каршы күрөштү ата-эне жана мамлекет мойнуна алууга милдеттүү.
А.МАМБЕТАЛИЕВ,
Эл аралык билим
боюнча адис








кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
16-октябрь, 2009-ж.:
1-бет
85 500 000 окурмандуу "Кыргыз Туусу"
2-бет
Министрдин жообуна капамын
3-бет
Президент Курманбек БАКИЕВ:
Дарыгерлик - кайраттуулукту, мээрмандыкты талап кылган ардактуу кесип

4-бет
Биргелешкен аракет кыйын кырдаалдан чыгарат
5-бет
Ата-Журт алкагында
6-бет
Пекиндеги жогорку деңгээлдеги жолугушуулар
7-бет
"Жанылануу багыты" жаңы ой-пикирди жаратты
8-бет
Мекен мейкиндигинде
9-бет
"Кыргыз Туусунун" 85 жылдыгына карата
Ак жеринен атылган алгачкы редактор

10-бет
Жусуп Баласагын жана анын даңазалуу дастаны
11-бет
Шабдан баатыр
12-13-бет
КРнын Өкмөтүнө караштуу туризм мамлекеттик агенттигинин директору Турусбек Мамашов:
Ажайып кооз табиятыбыз менен өлкөбүзгө туристтерди тартабыз

14-бет
Кыргыз Республикасынын коомдук палатасынын
төрагасы С. Аблесов менен маек
Ниет оңолмоюнча иш оңолбойт

15-бет
Патриарх басма сөзгө өзгөчө маани берген
16-бет
Элеттик аялдардын оорун колдон алып...
17-бет
Эмне себептен кыргыздар балдарын орус мектептерде окутушат?
18-бет
Куру намыс курттай жейт
19-бет
ИнсультИнсультжаш-карыны ылгабайт
20-бет
Күн Чыгыш өлкөсүнүн таасирлери
21-бет
Кемел Ашыралиев
Жорго

22-бет
Кесиптешибиздин элеси эсибизде
23-бет
ЖАРЫЯ










??.??