, 16.10.09 - 15-бет: Патриарх басма сөзгө өзгөчө маани берген
Турдакун Усубалиевдин 90 жылдыгына, "Кыргыз Туусу" гезитинин 85 жылдыгына карата
Тарыхта эң көрүнүктүү инсандар мыкты жаза да билишкен. Маселен, Великобританиянын атактуу премьер-министри Уинстон Черчиль, Франциянын Президенти генерал де Голь, Индиянын премьер-министри Джавахарлал Неру эң мыкты журналисттер да болушкан. Алар эл ичинде коомдук пикирди түзүүдөгү басма сөздүн күчүн көрө билишкен.

Мен Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинде он жылдар бою республиканын басма сөзүн тейлеп, Турдакун Усубалиевичтин алдында иштеп калдым. Ал өлкөдөгү биринчи адам катары моюнунда тоодой жүк турганы менен жалпыга маалымдоо каражаттарына өзгөчө көңүл бурар эле.
Турдакун Усубалиевичтин республиканын басма сөзүнө сиңирген эмгегин толук берүү үчүн өзүнчө көлөмдүү монография жазуу керек.
Турдакун Усубалиевич Москвада КПСС Борбордук Комитетинде он жыл бою жооптуу кызматта иштеп турганда басма жагын тейлеген. Ал Бүткүл союздук масштабдагы жумуш эле. Ошол кезде ал "Правда" гезитине макалаларды жазган. Борбордук Комитеттин чечими менен кадр жагынан бекемдөө катары кийин Кыргызстанга келгенде "Советтик Кыргызстан" (бүгүнкү "Кыргыз Туусу") гезитинин редактору болуп кызмат өтөйт. Ошол учурда иштешкен журналист-ардагерлердин айткандарына караганда Турдакун Усубалиевич эң мыкты редактор болгон. Берилген маалыматтарды бир да сабын калтырбай окуп, көптөгөн оңдоолорду киргизип, корректураларды да окуган. Ал оңдоолор авторлордун купулуна толуп турар эле дешет.
Совет адабиятынын классиги, атактуу акын Сергей Михалков өзүнүн 90 жылдыгы белгиленип жатканда эске салып айтканы бар: "Мен 1943-жылы Советтер Союзунун биринчи Гимнин жазуу боюнча конкурста жеңип чыккам. Буга карабай Сталин окуп көрүп, жети жолу оңдоткон. Гимн кондицияга толук жетти. Сталин менин биринчи редакторум болгон. Мен муну менен сыймыктанам", - деген. Мына ушул сыяктуу бир эпизод эске түшөт. Күндөрдүн биринде Турдакун Усубалиевич чакырып калды да:
- Эртең Токтогул районуна телерадио репортерлорду, республикалык гезиттерден журналисттерди жөнөткүлө. Токтогул суу сактагычынан Өзбекстанга суу бериш керек. Пахта күйүп кетүү коркунучунда экен. Маселе Саясый бюродо чечилди. Быйыл 1974-жылы ноябрда ГЭСтин эки агрегатын ишке киргизе албайбыз, муну элге билдиришибиз керек, - деди.
Бардыгы уюштурулуп, журна-листтер сууну коё берүү учуруна катышып келишип, мага маалымат беришти:
- Өзбек тараптан Министрлер Советинин Председатели Усман- ходжаев башында турган чоң делегация келиптир. Коё берилген суу басым күчүнөн 150 метр бийиктикке атылып чыгып, нукка кетип жатты. Ошондо 1 млрд. куб суу кеткен. Муну көрүшкөн өзбек туугандар 215 метр плотинанын үстүндө керней-сурнай тартылып, домбралар кагылып, бийлеп жатышты. Кубанычтын жашы көздөрүнөн тыйылбай акты, - дешти. Бул бир тууган коңшу элдин бири-бирине жардам берүүсүнүн салтанаты болгон.
Турдакун Усубалиевич өлкөнүн кан тамырынын согушун, анын экономикалык, чарбалык жана маданий абалын сезип турар эле. Басма сөзгө байланышкан бардык конференцияларда, чоң-чоң иш-чараларында, съезддерде сөзсүз түрдө докладдар же сөздөр менен чыкчу. Алардын бири, 1982-жылдын күзүндө Фрунзе шаарында журна-листтердин Бүткүл дүйнөлүк эл аралык илимий-практикалык конференциясы болуп өттү. Бул жооптуу ишти уюштуруу демилгесин ошол кездеги СССР журналисттер Союзунун катчыларынын бири, Кыргыз Республикасынын журналисттер Союзунун төрагасы, "Советтик Кыргызстан" гезитинин редактору Жаныбек Турсунов колуна алган.
Конференциянын ишине дүйнөнүн 38 мамлекетинен, анын ичинде Азиядан, Африкадан, Америка континентинен, Европа өлкөлөрүнөн жогорку деңгээлдеги делегациялар келишкен. Журналисттердин эл аралык уюмунун президенти К.Норденстренг жана СССР Журналисттер союзунун төрагасы, "Правда" гезитинин редактору, академик В.Г.Афанасьев катышты.
Конференцияда башкы докладды Турдакун Усубалиев жасады. Турдакун Усубалиевичтин китептеринде, докладдарында жана макалаларында дайыма аргументтер менен фактылар башкы орунду ээлеп, мазмунун тереңдетип турат. Анын китептери негизинен КПСС Борбордук Комитетинин идеология боюнча бөлүмүнүн колдоосунан өтүп чыкчу. Макалалары борбордук гезиттерге жарыяланып, кыргыз тилинде республикалык гезиттерге берилер эле. Оригиналдуу материалдары да көп болгон.
Турдакун Усубалиевич тынымсыз иштеген, эмгекчил адам. Таман акы, маңдай тер менен гана жашаган. Ал журналисттик кадрларга терең баа берип, эмгектерин жогору баалоочу. Көп сандаган журналисттер "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" деген ардактуу наамды алышты.
Турдакун Усубалиевич республикалык теле-радио жана басылмаларга тиешеси болгон Союздук комитеттердин жетекчилери менен эң бир жакын, жолдоштук мамиледе болор эле. Алар аркылуу республикага көп сандаган материалдык жактан колдоолор келчү.
Бизде гезитке жарыяланган сын макалалардын таасирдүүлүгү жана дең-
гээли жогору турган.
"Бардык жашыруун сырлар эртеби же кечпи - акыры ачылат" - деген Сократ.
1985-жылдын ноябрь Пленумунда КПСС Борбордук Комитетинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Разумовский келип сөз сүйлөп, Турдакун Усубалиевичтин 25 жылдык эмгегин жогору баалап, ушул мезгилдин ичинде республиканын жетишкендиктерин, жогорку мамлекеттик сыйлыктарга, Кызыл Тууларга ээ болгонун кеңири баяндап, Турдакун Усубалиевичти ардактуу дем алууга бара жаткандыгы менен куттуктап, ал эл алдында абийирдүү, таза эмгектенгенин бийик баалаган. Бул сөз басма сөздөрдө жарыяланды.
1986-жылы партия менен мамлекетке кара ниети бар Горбачевдун тапшырмасы менен Кыргызстанга Москванын орус десанты-шовинисттери келишип, урунттуу бийликтерди ээлешти. Турдакун Усубалиевичти баш кылып, анын тарбиясы менен өсүшкөн потенциалдуу, мыкты кадрларга кол салышты. Ал кезде мен Басма сөз, китеп соодасы жана полиграфия боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы элем, декабрь айынын күндөрүнүн биринде, партиянын Борбордук Комитетинин жаңы экинчи катчысы Киселёв чакырып калды. Буга чейин бул киши Колымада түрмөчүлөрдүн парторгу болуп иштегенин уккам. Бир азга пикир алышуудан кийин бул адамдын басма сөз боюнча караманча караңгы экенин сездим. Ал киши мага:
- Жакында Пленум болот, сиз Усубалиев акча жеген деп айтыңыз, китептери, макалалары чыкчу экен...
- Калем акыны жазган эмгек үчүн мамлекет сыйлык катары берет. Мен тактап, справка бердирейин, - дедим.
- Андай болбойт, анда иштеше албайбыз, - деди...
Кыскасы, арыз бердим да башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу деген токтом менен бошоп кеттим.
Менден кийин көп эмгек сиңиришкен мыкты кадрлар иштен алынып, куугунтукталышты. Бирок, алардын бири да аксакалды сатышкан жок, кайра ага өтө жакын турушуп, кайратына кайрат кошуп жатышты. Алар: Кыргызтелеграф агенттигинин башкы деректири Токтомуш Иманалиев, мөмө-жемиш өнөр жай министри Карыбек Тыналиев, Кыргыз жазуучулар союзунун биринчи катчысы, Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Теңдик Аскаров, Мамлекеттик теле-радио комитетинин төрагасы, эл жазуучусу, бүгүнкү күндүн таланттуу романисти Асанбек Стамов. Булар кысым болгондон кийин иштерин өткөрүп беришип, гезит беттеринде макала жазышып, акыйкат үчүн ачык күрөшкө өтүшкөн. Заман бузулуп турганда ортодо оома, мөлтүлдөктөр, күн тийген жердин күкүктөрү да чыкты. "Бүкүр көрдүн ичинде түзөлөт" деген кеп бар.
Киселёвчулардын башкы максаты Турдакун Усубалиевичти күнөөлөөдө болчу. Бирок, аксакал беш жыл кармашып, чындыкка жетти. Анын жазган түшүнүгү 450 бет же 25 басма табак китепке барабар болгон. Жалаң факты менен горбачевчулардын азууларын сындырды. Ак ийилип сынган жок.
Турдакун Усубалиевич акча жагына келгенде өтө таза киши. Өзү бир кезде Жогорку Кеңештин сессиясында айткандай 25 жыл иштеп, 25 тыйын жегеним жок деген. Бул чындык.
Мен талдап көрдүм: аксакал өзү иштеген мезгилдин ичинде республикада чыккан китептери менен макалалары үчүн бир да тыйын алган эмес. Анын баары Өкмөттүн пайдасына жумшалгандыгын көтөрүлгөн документтер далилдеп турат.
1985-жылы Турдакун Усуба-лиевичтин "Созидательная сила Ленинской национальной политики КПСС" деген китеби 20 миң нускада жарык көрүп, ал толук тарап, басма 6 миң рубль киреше алган. Ал эми өз калем акысы 3948,06 рублди Тынчтык фондусуна которуп берген.
Кыргыз Республикасынын тынчтыкты коргоо комитетинин төрагасы академик М.М.Миррахимов жиберген куттуктоо катында: "Сиздин тынчтыкты коргоо кыймылына катышууңуз келечек
муундун бакыт-таалайы үчүн көргөн камкордугуңуз болуп саналат. Сизге чың ден-соолук, бакыт, мекенибиздин атак-даңкы үчүн эмгектеги ийгиликтерди каалайбыз", - деп айтылган.
Турдакун Усубалиевич академиялык он беш томдуктун автору. Мында республикабыздын тарыхы. Атактуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов айткандай ал "Борбор шаарыбыздын башкы архитектору". Анын эс тутуму да эң күчтүү. Дүйнөдөгү бардык жаңылыктардан, илимден-билимден маалыматты бар басып жүргөн энциклопедия. Эгерде илим жагына ооп кеткенде бүгүнкү күндө көрүнүктүү академиктердин бири болмок. Анын акыл-сезиминде аналитикалык потенциалы эң эле күчтүү.
Бүгүн Турдакун Усубалиевич өз тагдырына ыраазы экендигин айтат. Ал Кыргыз Республикасынын Баатыры. Үч жолу Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып, эл ишенимине дагы ээ болду. Жай айларында ноокастап, Москвада дарыланууда жүргөндө Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев өз фондусунан материалдык жардам берип, аксакалыбыздын ден соолугун чыңдоого чоң көмөк көрсөттү. Карысын сыйлаганды Кудай сыйлайт деген кеп бар. Ажобуздун боорукерлик жана кайрымдуулугун көптөгөн мисалдардан көрүп, билип жүрөбүз. Курманбек Са-
лиевичти эл-журту урматтап, кайрадан тагына кондурушту...
Мына ушул макаламды жыйынтыктап жатып бир маселеге көңүл бура кетким келет. Биз Кыргызстанда мамлекет башчысы кызматтан кеткенден кийин мамилени өзгөртсөк. Исхак Раззаковдон берки жетекчилер тууралуу алар кызматтан кеткен соң жылуу сөздөрдү айта албай келдик. Бийликти бири-бирине өткөрүү салты да калыптанбай келет. Шайлоо алдында Курманбек Салиевич кийинки келүүчү мамлекет башчысына бакубат өлкөнү татыктуу өткөрүп берээрин шардана кылганы коомчулукка маалым. Буюрса, жаңы салт калыптанганы калды деген ишенимдебиз.
Улуу маараке алдында биз, журналисттер, кыргыз патриархы, СССР Журналисттер Союзунун ардактуу мүчөсү Турдакун Усубалиев менен сыймыктанып, ага узун өмүр, чың ден соолук тилейбиз.
Билим
КАРАГУЛОВ,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер