, 16.10.09 - 12-бет: Кыргыз Республикасынын коомдук палатасынын
төрагасы С. Аблесов менен маек
Ниет оңолмоюнча иш оңолбойт
Бүгүнкү күндө Кыргызстандын энергетикалык тармагы өтө маанилүү, бирок экономиканын кыйла көйгөйлүү тармагы болуп саналат. Энергетикалык сектор эл чарбасынын бардык тармактарынын жашоого жөндөмдүүлүгүн камсыздайт, өлкөнүн
негизги каржылык-экономикалык көрсөткүчтөрүн көп жагынан аныктайт. Бирок, энергетиканын өзү моралдык жана техникалык жактан эскирген абалда турат. Ушундай жагдайдан улам, энергетика тармагын ыкчам өнүктүрүүгө мамлекеттик деңгээлде камкордук көрүлүүдө.

- Садыкбек Аблесович, сиздер жакында өткөргөн коомдук угууда эмне маселе каралды?
- Ооба, ошол коомдук
угууда 2009-2010-жылдардын күзгү-кышкы мезгилинде өлкөнүн калкын жана экономиканын тармактарын электр кубаты менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча Республиканын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги көрүп жаткан иш-чаралар жөнүндө маселени талкууладык.
Биринчи вице премьер- министр Өмүрбек Бабановдун, министр Ильяс Давыдовдун, Коомдук палатанын экономика, бюджет, каржы, отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комиссиясынын төрагасы О. Нусубалиевдин, Энергетиктер ассоциациясынын төрагасы Ж. Түлөбердиевдин маалыматтарын угуп жана талкуулап, тийиштүү токтом кабыл алдык. Эң башында эле баса белгилеп коёюн, коомдук палатанын башкы милдети элдин таламын талашуу. Мамлекет башчысынын бизге койгон талабы ушундай.
- Сөзүңүзгө аралжы, бул талкуунун зарылдыгын сиз эмнеден көрөсүз?
- Алдыбыздагы кыш мезгилине даярдануу боюнча үстүбүздөгү жылдын май айында эле Өкмөт токтом кабыл алган. Ага ылайык, Токтогул суу сактагычына 1-октябрга карата 11 миллиард куб метрден кем эмес суу топтоо керек болучу. Мына ушул көлөм сакталганда электр кубатынын тартыштыгы 1,8 миллиард киловатт-саат болору болжолдонгон. Кудай жалгап, быйыл жамгыр жакшы жаап, Токтогулдагы суунун көлөмү учурда 12 миллиард куб метрден ашты. Бирок, ошондой болсо да, электр кубатынын тартыштыгы 1 миллиард киловатт-
саатка жакын болот. Ошондуктан, мындай тартыштыкты кийинки жылдарда болтурбоо үчүн министрликтин эсептөөлөрү боюнча от жагуу сезонунун аягында, тактап айтканда, 2010-жылдын 1-апрелине карата Токтогулда суунун көлөмү 7,5-8 миллиард куб метрден кем болбошу керек.
- Бул максатка жетүү үчүн эмне кылуу керек?
- Бул үчүн электр кубатын мүмкүн болушунча үнөмдөө зарыл. Атап айтканда, электр кубатын суткасына 4-5 саат өчүрүү министрлик тарабынан пландаштырылууда. Ошону менен бирге, жанагы коммерциялык жоготуу деген балээни жоготуу керек. Жөнөкөйлөтүп айтканда, электрди уурдап жаккандардын жолун бөгөө маанилүү. Бул жагынан быйыл министрлик алгылыктуу иш жүргүзүп жаткандыгын адилеттик үчүн айта кетейин. Алсак, өткөн жылы коммерциялык жоготуу 33% болсо, учурда 25%га түшкөнү кубанычтуу.
Ошондой эле, электр кубатын үнөмдөөчү электр шамдарын пайдалануу жакшы натыйжа берет. Учурда Майлуу-Суудагы электр шамдарын чыгаруучу завод андай шамдарды чыгарып жатат. Алар кадимки кызытма шамдарга караганда электр кубатын 25%га аз керектейт. Бирок, жарыктыгы кемибейт. Ошону менен бирге, андай шамдар көбүрөөк мөөнөткө чыдайт. Мындай иш-чараларды көрүү мезгилдин өктөм талабы. Баса, экономикасы жакшы өнүккөн дүйнөнүн көп өлкөлөрү ошондой шамдарды пайдаланууга алда качан эле өтүшкөнүн айта кетейин.
- Эми, электр кубаты кайсы мезгилде өчүрүлөт, эгер жашы-руун болбосо айта кетсеңиз, тактап айтканда, бардык аймактарда бир мезгилдеби же ар кандай учурда өчүрүлүшү мүмкүнбү?
- Бардык аймактарда бир мезгилде өчүрүлөт. Ачык айтканда, түнкү саат 12ден таңкы саат 5ке чейин өчүрүлүшү болжолдонууда. Өткөн жылдагыга караганда мындай кылуу бир кыйла ыңгайлуу. Анткени, нан бышыргандар жана ишин эрте баштагандар таңкы саат 5тен эрте иштешпейт. Ошондой эле, 4-5 сааттан эч ким деле жабыркабайт.
Бул быйылкы жылдын өчүрүүлөрүнүн дагы бир жагдайы бар. Биз эксперттик жумушчу топтун иликтөөсүн карасак, Токтогул суу сактагычында суунун деңгээли канчалык бийик болсо, басым көбүрөөк болуп, 1 квтс электр кубатын иштеп чыгарганга 2,9 м3 суу сарп болот экен, суу дең-гээли аз болсо 3,6 куб. метр, андан да көбүрөөк суу сарп болот. Суу канчалык көбүрөөк сарп болсо, турбинада термелүү, титирөө пайда болуп, анын талкаланып кетиш коркунучу көбөйөт экен. Бул бир жагы. Экинчиси, жогоруда айткандай, эгерде 7,5-8 млрд. куб. суу калса, эмдиги жылы өчүрүүлөр болбойт деп министр И.Давыдов катуу убада берди.
- Айтмакчы, электр кубатын такай пайдалангандар да бар эмеспи, алардын абалы кандай болот?
- Бул жагы да эске алынган. Учурда министрлик электр кубатын үзгүлтүксүз пайдалангандардын тизмесин даярдап жатат. Алардын ичинде мектептер, ооруканалар, балдар мекемелери, ЖОЖдор, жатак-үйлөр жана башка ушу сыяк-
туулар бар.
- Бүгүнкү күндө электр кубатын өндүрүүнүн абалы кандай экен?
- Аталган ГЭС каскады Кыргызстандын электр кубатынын 80%дан ашыгын өндүрөт. Калганын майда электр станциялары жана жылуулук электр станциялары иштеп чыгарат.
Бизде тоо дарыялары жана өзөндөрү жетиштүү болсо да, тилекке каршы, алардын мүмкүнчүлүгүнүн 10%ы гана пайдаланылып жаткандыгы өкүнүчтүү. Ошондой болсо да, электр кубаты жагынан биздин келечегибиз кең деп айтар элем. Атап айтканда, республикабызда чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү жогору. Эске сала кетсем, учурда бул маселеге мамлекет тарабынан зор көңүл бөлүнүүдө. Ошону менен бирге, буга жеке менчик бизнесчилер да кыйла кызыкчылык артууда.
Бүгүнкү күндө Аламүдүн ГЭС каскады, Ат-Башы, Кеминдеги жана башка ГЭСтер ийгиликтүү иштөөдө. Ысык-Ата районунда чакан ГЭС курулду. Чүй облусунда 3 чакан ГЭС, Таласта 1, түштүктө 1 орто ГЭС курула турган болуп, долбоорлору
даярдалып жатат. Ошондой эле, бул тармакка потенциалдуу инвесторлорду тартуу активдештирилүүдө.
Кудай буюрса, ири энергетикабыз да арымын арттырууда. Алсак, Камбар-Ата ГЭСтери курулуп бүтсө, кыйла электр кубатын кошумча иштеп чыгарат. Андан тышкары, күндүн, шамалдын күчү менен электр кубатын өндүрүү, биогаз түзүлүшү жана башка электр кубатын берүүчү булактар кыйла.
- Садыкбек Аблесович, аз да болсо, биз электр кубатын Россияга жана Казакстанга экспорттойт экенбиз. Бирок, анын баасы өзүбүздүн кардарларга сатканга караганда арзан экен деген сөз жүрөт эл арасында. Мунун канчалык чындыгы бар?
- Туура айтасыз, мындай сөздөр көп, муну такташ үчүн биздин түзгөн эксперттик жумушчу топ иликтеп, бул туура эмес экенин далилдешти. Биз аларга ар бир киловатт-саат кубатты 4,6 центтен сатат экенбиз. Бул биздин акчага которгондо 2 сомго жакын болот. Ал эми, өзүбүздүн кардарлар азырынча 70 тыйындан алып жатышканын бардыгы эле билсе керек.Чындыгын айтканда, 70 тыйын өтө эле арзан, муну менен биз эскирген Токтогул ГЭСин тийиштүү деңгээлде кармап тура албайбыз.
- Бизден башка КМШ өлкөлөрүндө электр кубатына тарифтер кандай болду экен?
- Алардын көпчүлүгү тарифти алда качан эле жогорулатып алышкан. Мисалы, Грузияда - 8, Азербайжан, Армения, Молдовада - 7 цент, Беларуста, Россияда - 5 центтен, Өзбекстан, Казакстан, Украинада 4 центтен сатылат экен. Тажикстан менен бизде тариф ушул кезге
чейин төмөн бойдон калып келген эле, бирок Тажикстан жакында тарифти көбөйттү. Ошондуктан, бизде да анча-мынча жогорулашы мүмкүн. Бирок, андай болгон учурда калктын аялуу катмарына, пенсионерлерге компенсация берилсин деп тийиштүү министрликтерге сунуштаарыбызды өз чегинде жазып койдук.
- Эми, жана айтылган электр кубатын уурдап жаккандарды кантип тыюуга болот?
- Бул албетте, кыйын маселе. Ошондой болсо да, кыйын деп кол куушуруп отура бербей, аракеттенүү керек. Эң башкысы, калайык калктын аң- сезимин ойготуу зарыл. Бир мисал келтирейин, өткөн жылы үч фазалуу эсептегичи барлардыкын кыркып салышпадыбы. Ошондо менин бир кошунам туура түшүнүп, өзүнүн электр зымдарын жыйыштырып
коюптур, экинчиси Садыкбектикин өчүрбөсө, мен да өчүртпөймүн дептир. Мен аны туура түшүнөмүн, чындыгында ошондой болуу керек. Ошентип меникин да өчүрүп коюшту, анткени, мен өзүмдү башкалардан өйдө койбойм. Ошондуктан, жалпыга келген кыйынчылыкты мен да эл менен бирге көтөрүүгө даярмын. Көп менен көргөн улуу той деген эмеспи. Ошондой болсо да, атаандаштык да кээде жакшы натыйжа берет. Муну менен мен бириңер экинчиңерге айгак болгула, атаандашкыла дегим келбейт, жөн эле ак ниет, адал, аң-сезимдүү болгула, арамдыктан алыс бололу, ниетибиз түз болсун демекчимин. Ниет оңолмоюнча иш оңолбойт деген накыл кеп ар дайым эсибизде болсун.
Токтомуш ӨСКӨНОВ,
"Кыргыз Туусу"