Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/1016_12_13.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/1016_12_13.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/1016_12_13.htm on line 2


п»ї
  Түз байланыш

КРнын Өкмөтүнө караштуу туризм мамлекеттик агенттигинин директору Турусбек Мамашов:
Ажайып кооз табиятыбыз менен өлкөбүзгө туристтерди тартабыз
(Башталышы 1-бетте)
- Жылуу сөзүңүзгө рахмат. Туризм өлкө экономикасын өнүктүрүүдөгү артыкчылыктуу алдыңкы тармактардын катарына киргизилгенден кийин, жакынкы келечекте бул адистиктеги студенттерден бюджеттик негизде окутууга мамлекет тарабынан көңүл бурулат деген ишеним бар. Биздин балдар жакшы билим алышкан соң, маяналары көп Россия, Казакстан, Түркияга чейин кетип калып жатышпайбы. Алардын арасында окуу менен практиканы айкалыштырып иштеп, тейлөө тармагында тажрыйба топтогондору арбын. Туризм адистери жумушсуз калат дегенге көп кошула албай турам. Ал эми кыргыз тилиндеги китептер жок дегениңиз туура. Андан тышкары чынында туризм тармагы көгүлтүр көл жээгинде, шаарларда жакшы өнүгүп жатат. Ал эми айыл жергесине туризмдин инфраструктурасы жетиши үчүн көптөгөн каражаттар талап кылынат эмеспи. Азыр биз Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү консепциясын иштеп жатабыз. Ошондо аймактардагы элеттик туризмди өнүктүрүү да каралган.
- Экинчи суроом. Н.Танаев Өкмөт башчысы болуп турганда элеттик туризмди өнүктүрүү багытында атайын токтом чыгарган болчу. Анда элеттик туризмди өнүктүрүүдө элдин арасында курстарды өткөрүү, дарс окуу менен жергиликтүү калкка жеткиликтүү түшүнүк берүү, кыргыз тилиндеги китептерди, окуулуктарды чыгарып таратуу деген дурус токтом чыгарган. Ошону да карап көргүлө.
- Мен ал токтом менен таанышып чыгып, анан сизге жооп берейин.
Талант Батыров,
Нарын облусунан:
- Туристтердин көп келиши үчүн "Кыргызстан аба жолдору" компа-ниясы жаңы каттамдарды ачышпайбы?
- Туура айтасыз. Биздин туристтик потенциялыбызды көп мамлекеттер жакшы билишкени менен түз авиа каттамдар жок. Эгер ал жолго коюлганда чет элдик меймандар мындан да көп келишмек. Бул маселенин чечиле турган учуру келип жетти деп ойлом. Жакында КРнын биринчи вице-премьер-министри Өмүрбек Бабанов туризм тармагына тиешеси бар бардык министрлерди, ведомстволордун, бизнес структураларынын жетекчиле-
рин чогулткан жыйын өткөрдү. Ошол жыйында көрүлүүчү иш-чаралардын бири болуп, бир топ өлкөлөрдүн авиа каттамдарын ачуу боюнча Транспорт жана коммуникация министрлигине тапшырма берилди. Мисалы, Европа мамлекеттерине, Япония, Араб өлкөлөрүнө түз аба жолдорун ачуу
боюнча токтом даярдалды.
Мээрим, Бишкек шаарынан:
- Турусбек агай, учурдагы дүйнөлүк кризистин туризм тармагына таасири тийдиби, тийсе канчалык даражада болду?
- Дүйнөлүк финансы кризисинин таасиринен коргонуу иретинде жыл башында бир топ иш-чараларды өткөрдүк. Алып айтсак, ага тиешелүү бардык тармактардын жетекчилеринин, өкүлдөрүнүн катышуусунда биздин агенттик эки ирет тегерек стол жыйынын өткөрдүк. Экинчи жыйын апрель айында өттү. Экономиканы өкүктүрүү жана соода министрлиги менен биргеликтеги өткөргөн чоң жыйында дүйнөлүк финансы кризисинен чыгуунун жолдорун изилдедик. Жылдагы келген туристтерге жакшы шарт түзүп берип, мейманканалар менен пансионаттардын, эс алуу жайларынын баасын арзандатып, качыртпай алып калуунун жолун айтканбыз. Учурда улуттук статистикалык комитеттин берген маалыматы боюнча былтыркы жылкы көрсөткүчтү сактап эле калбастан андан бир аз жогорку көрсөткүчтөргө жетиштик. Ошондуктан каатчылыктан жеңил чыгып кеттик деп айтууга негиз бар.
Марат Эмилов,
Бишкек шаарынан:
- Туризм мамлекеттик агенттиги түзүлгөндөн бери сиздин аракетиңиз менен мурда боло элек көп иштер жасалды. Ушуга байланыштуу биринчи суроом. Кыргызстан туризм өлкөсү катары толук тааныла алдыбы? Сиздин пикириңиз боюнча анын келечеги кандай?
Экинчи суроом, туризмди жылдын төрт мезгилинде өнүктүрүү, чет элдик меймандар менен өлкө ичинде түрдүү саякаттарды уюштуруу үчүн дагы башка кандай аракеттер болуп жатат?
Үчүнчү суроом да бар. Сиз өзүңүздү патриотмун деп эсептейсизби?
- Рахмат Марат. 2007-жылы Президентибиз Курманбек Бакиевдин жарлыгы менен КРнын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик туризм агенттиги болуп өз алдынча бөлүнүп чыктык. Эки жылдын ичинде бир топ иштер жасалды. Ага чейин туризм жаштар маселеси, спорт менен бирдикте социалдык блокто болуп келген. Бирок, мындай тармак өз алдынча структура бол-моюн толук кандуу өнүгө албасын баарыбыз көрдүк. Ал эми өз алдынча бөлүнүп чыккандан кийинки иштин натыйжасына да элибиз өздөрү күбө болушууда. Ушуга байланыштуу 2005-жылдын август айында мамлекет башчыбыз Курманбек Бакиев Президент болуп шайангандан бир айга жетпей, 9-августта туризмди артыкчылыктуу алдыңкы тармактардын катарына кошуу боюнча өзүнүн № 307 жарлыгын чыгарган болчу. Алгачкы ири иштерибизди айтсак, 2006-жылы Кыргызстандын өзүндө биринчи жолу туризми өнүккөн мамлекеттер өткөрүп жүргөн эл аралык туристтик көргөзмөнү уюштурдук. Ага чейин мындай көргөзмө бизде болгон эмес. Ал жарманкеде дүйнөнүн көп мамлекеттеринен келген туроператорлор, ага кызыккан бардык мекемелерди чогултуп алгачкы ирет Кыргызстанды туризм өлкөсү катары дүйнөгө таанытуунун иши башталган. Ошондо биз биринчи жолу башка өлкөлөрдө өткөрүлгөн эл аралык көргөзмөлөргө атүгүл түстүү журналыбыз жок, ак-кара түстөгү кичинекей жупуну журналдар менен катышууга аргасыз болгонбуз. Бүгүнкү күндө болсо бардык түстөгү кооз журналдар, фотокаталогдор, фильмдер, ар кандай жарнамалык маалыматтык каражаттарыбыз менен эл аралык ту-ристтик жарманкелерге катышып жатабыз. Маселен, Лондондо, Берлинде, Токиодо, Москвада, Алма-Атада өткөрүлгөн дүйнөлүк туристтик жарманкелерге катышып, Кыргызстанды туризм өлкөсү катары таанытуудабыз. Санай берсек иштер көп.
Ал эми эки жыл катары менен кышкы туризмдин түрлөрү өнүгүп жатканын улуттук статистика комитетинин маалыматтарынан эле билсеңиз болот. Айтсак, былтыркы жылга салыштырмалуу өткөн кышта чет элдиктер кыйла көп келгендигине күбө болдук. Караколдогу, Чүй боорундагы, Төө-Ашуудагы лыжа базаларында дүйнөлүк стандартка жооп бере турган шарттар түзүлүүдө. Мисалы, Караколдогу лыжа базасына каттагандардан кыш күндөрү мейманканаларда орун тартыш. Чакан мейманканаларга болгон талаптын өскөндүгү үчүн алар арбын курулуп жатат. Ал эми жаз айларында кошуна мамлекеттердин эли ден-соолукту калыбына келтирүүдө миңдин бири болгон кыргыздын кымызына көп тартылышууда.
Эми Марат, сиздин үчүнчү сурооңузга да жооп берейин. Мен өзүмдү Кыргызстандын патриоту катары эсептейм. Жеке бизнести калтырып, буга чейинки ишкерликтен алган бардык тажрыйбамды эл-журтума арнайын деп мамлекеттик структурага келдим. Атамекендик туризмди өнүктүрүүдө колдо бар мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп, жогун таап иштеп келе жатабыз. Мамлекетибизди ар тараптуу өнүктүрөбүз десек ар бир жаран анын патриоту болушу кажет.
Алтынбек Маширов, Бишкек шаарынан:
- Турусбек Чукуевич, биз быйыл Арсланбапка, Сары-Челекке сыйлуу меймандарды алып бардык эле. Ошондо жаңгак дарактарын кыйып жаткандарга туш келдик. Биз "бул эмне кылганыңар?" - деп бушайман болдук. Андагылар "жаңгак биздики, эмне кылсак өз ишибиз" - деп коюшту. Минтип отурсак жаратылыш байлыктарын жок кылабыз го?
- Сиз өтө көйгөйлүү маселени көтөрүп жатасыз. Жаңгак жыгачтарына сиздей болуп жаны күйгөндөр атүгүл биздин агенттикке чейин келип жатышат. Ата-бабаларыбыз кылымдар бою сактап бизге жеткирген мындай баалуу байлыктардын бир чырпыгын да кыюуга акыбыз жок. Себеби, Арсланбапты көрүү үчүн чет мамлекеттерден бери келип жатышат. Ал жакынкы эле келечекте мамлекеттик брендинин бирине айлана турган ажайып кооз жер. Мен муну кеңири деңгээлде көтөрүп чыгууну көздөп жатам. Бирок, буга коомчулук өзү да кошулуп жардам бериши керек деп ойлойм.
Эрмек Жанышов,
Сокулук районунан:
- Турусбек байке, Кыргызстанда туристтерди тейлөө жакшы жолго коюлбай жатат. Сиз менин пикирим менен макулсузбу?
- Тейлөөнү жакшыртпасак бизге эч бир чет элдик келбей калат деп мен чоң жыйындарда айтып келе жатам. Тейлөөдөгү кызматыбыз, жүрүм-турумубуз, сыпайылыгыбыз дүйнөлүк стандарттарга жооп бериши керек. Мындан эки жыл мурда Египеттин туризм министринин чакыруусу менен бардым. Жаркыраган мейманканаларга киргенде алардын какыраган чөлүн көрүп келгениңиз эстен чыга түшөт. Себеби, тейлөө сапатынын ушунчалык жогору деңгээлде экендигине таң каласыз. Бардык персоналдар жаркылдай күлүп, мейман тамекини колго аларда чуркап келип күйгүзүп турушат. Тейлөө маданияты бизде азыр да болсо жетишсиз экенин моюнга алышыбыз кажет. Быйыл биз жаз алды менен тейлөө тармагындагы персоналдарга Ысык-Көлдө атайын тренингдерди, мастер-класс өткөрдүк. Биз Кыргыз-Түрк "Манас" университети менен бирдикте аларды окутуп, сертификаттарды берип жатабыз. Биздин агенттиктин мындан аркы негизги саясатынын бири Кыргызстанда тейлөөнү жакшыртуу болуп эсептелет.
Жылдыз Байгазиева,
Балыкчы шаарынан:
- Мен коомдук бирикменин жетекчисимин. Коомдук бирикмеге тиешелүү жерибиз бар. Сиз жетектеген агенттик менен чогуу кызматташсак деген ойдо чалып жатам.
- Туризм агенттиги мамлекеттик орган болгондугуна байланыштуу коммерциялык долбоорлор менен иштегенге укугубуз жок. Бирок, сиздер менен чогуу кызматташууга ынтызар өнөктөштөрдү таап жардам бергенге мүмкүнчүлүгүбүз бар. Эгер сиз жериңизге заманбап үлгүсүндөгү мейманкана куруу сыяктуу максатыңыз бар болсо биз кызыгуу менен колдоп беребиз.
- Рахмат, Кыргызстаныбызды өнүктүрүүдөгү максатыбыз бирге болуп, көрүшкөнчө саламатта туруңуз.
Байымбет,
Нарын облусунан:
- Турусбек Чукуевич, биз чет элдиктерге жалаң эле Ысык-Көлдү эмес, кичи көлдөрдү да көрсөтүп, жаратылыш туризмин өнүктүрүүбүз керек эмеспи. Бирок жолдун начардыгынан кичи көлдөргө ат минген малчылар менен мергенчилер араң каттай алышат. Машина кыйынчылык менен жетет. Президент Курманбек Ба-киев жалпы эле республика аймактарында туризмди өнүктүрүү керектигин баса бел-гилеп келет. Сиз буга кандай дейсиз?
- Кыргызстанда тоо арасынан орун алган ондогон көлдөрүбүз бар. Сиз Нарындан чалып жаткан соң ошол аймактардагы көлдөргө токтолоюн. Соң-Көл, Чатыр-Көл не бир сонун ажайып кооз табияттын арасынан орун алган. Сапаттуу жол салынса, аны менен кошо ошол аймакка туризмге байланыштуу көп инфраструктура барат. Айталы, меймандар көп каттаса жол жээгинде тамактануучу жайлар ачылат. Бирок, бул көйгөйлөрдү мамлекет башчысы жакшы билет. Ошондой болсо да "Москва бир күндө курулган эмес". Жакынкы жылдары аткарылчу иштер али алдыда. Туризм - башка тармактарды артынан кошо өнүктүрүүчү локомотив. Конокторго тамак-аш даярдоодо, сатып өткөрүүдө айыл чарба азыктары, маданиятыбызды жайылтууда оюн-зоок программалары, ар түрдүү инфраструктураны түзүү үчүн курулуш сыяктуу көптөгөн тармактар жанданып, мекендештерибиз жумуш орундарына ээ болот. Бир ай мурда Ысык-Көлдө өткөрүлгөн КМШ мамлекет башчыларынын саммитинде, Президентибиз Курманбек Бакиев меймандарга: "Сиздер дүйнө жүзүндөгү эң ажайып кооз жерде отурасыздар" - деп айтты. Ошол саммит бүткүл дүйнө мамлекеттеринин жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу берилди. Мунун өзү Кыргызстандын туристтик артыкчылыктарын дүйнөгө жарыялоочу сөз эмеспи.
Мурат Темиров,
Кочкор районунан:
- Жайында Ташкент-Бишкек-Балыкчы туристтик поездинин каттамы ачылган.Өзбек туугандар Ысык-Көлгө келип эс алууну эми адатка айландырат деген маалымат берилди эле?
- Өзбекстанда жай мезгилинде 40 градустан өткөн кайнаган ысык болуп, көгүлтүр көл жээги көздөн учат. Ошондой учурда бардык заманбап шарттары бар поезд менен Ысык Көлгө келүүчү туристтер кошуналарда абдан арбын. Ошол максатта туристтик каттам ачканбыз. Билеттин баасы да кыйла арзан. Биринчисинде сегиз вагон менен башталып, аягында он алты вагонго толуп келишти. Бул темир жол аркылуу меймандарды тартуунун жаңы ыкмасы десек болот. Эмдиги жылы бери дегенде жумасына эки үч жолу каттай тургандай шарт түзүп беришибиз зарыл. Россиядан да ушундай туристтик поезддин каттамын ачып уюштуруу максатыбыз бар.
Батма Асанова,
Кара Суу районунан:
- Турусбек Чукуевич, туризмди өнүктүрүү боюнча атайын программа барбы? Мен ушул тармакка кызыккан адам катары эч жактан таба албадым?
- Туризм боюнча программа 2000 жылда, андан мурда деле кабыл алынып, бирок кагаз жүзүндө кала берген. Биз, 2005 жылдан баштап гана туризмге социалдык сектор эмес, экономикага салымын кошо турган реалдуу сектор катары көз карашыбызды өзгөртүп, эки жылдан бери гана өзүнчө мамлекеттик структура катары иштеп жатабыз. Азыр жаңы программа иштелип жатат. Германиянын GTZ программасы менен бирдикте биздин агентчилик туризмдин туруктуу өнүгүү программасынын үстүнөн иштөөнү баштадык. Буга ар бир атуул өз пикирин, көз карашын кошууга акылуу.
Турду Алиев, Ош шаарынан:
- Турусбек агай, Сулайман тоосуна инвестиция тартылса жакшы болор эле.
- Быйыл Сулайман тоосу ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилгенин сиздер жакшы билесиздер. Буларда дүйнөдөгү эң маанилүү туристтик объектилердин картасы бар. Ыйык тообуз ошол картага кирди. Ошондой эле ЮНЕСКО Сулайман тоосунун инфраструктурасын өнүктүрүү максатында 3 млн. доллар кредит берүүнү көздөөдө. Ал үчүн тоонун айлана-тегерегин тосуу, улуттук кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү үчүн соода жайларын түзүү, тазалык кызматын жакшыртуу сыяктуу иштерге долбоорлорду жазып берүү зарыл. Сулайман тоо Меккеден кийинки эле мусулмандар сыйына турган ыйык жай.
- Экинчи суроом. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери бизге келген туристтерди кармап алып, документтерин ыксыз текшерип, убара кылган учурлар кездешет. Минтип отурсак бизден меймандар качып калат го?
- Сиз туура маселени көтөрдүңүз. Биздин агенттик чегара, бажы, укук коргоо сыяктуу бир нече мамлекеттик органдар менен бирге ушул маселенин тегерегинде иш алып барып жатабыз. Туризмди өнүктүрөбүз десек аларга жашыл коридор ачып бербесек болбойт. Меймандар биздин республикага келүүгө тоскоол болбой турган жакшы шарттарды түзүү максатында Өкмөттүн тапшырмасы менен атайын мамлекеттик программа иштелип чыгууда.
Зина Жолдошева,
Балыкчы шаарынан:
- Менин кабарым боюнча сиздер экинчи жолу кол өнөрчүлөрдүн фестивалын өткөрүп келе жатасыздар? Мен да анын шартын билейин дедим эле?
- Өзүңүз байкагандай биздин агенттик эки жыл катары менен эл аралык туристтик жарманкенин алкагында улуттук кол өнөрчүлөрдүн фестивалын өткөрүп келе жатат. Кол өнөрчүлүк менен туризмдин тикеден тике байланышы бар. Кыргызстанга келген чет элдик меймандар эс алып кетүү менен бирге эле, улуттук колориттеги жүндөн, кайыштан, жыгач-тан, темирден, таштан, сөөктөн жасалган экологиялык жактан таза укмуштуудай буюмдарды, сувенир белектерди кызыгып сатып кетип жатышат. Муну менен улуттук өндүрүштү кыйла өнүктүрүү жолун мамлекет менен бирдикте жолго коюунун үстүндө иш жүргүзүп жатабыз. Мисалы, биз Францияга барсак Эйфель мунарасынын сувенирин сатып алып келип, туугандарыбызга белек кылабыз. Бул өтө кирешелүү тармак. Сөз оролу келгенде айтып кетейин. Биз Япония мамлекетинин жардамы менен келген 2 млн. долларлык долбоордун үстүндө иштеп жатабыз. Ал элет жерин жакырчылыктан чыгаруу программасынын алкагында жумушсуз аялдарга кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү менен турмуш шартын жакшыртуу максатында иштейт. Тоолуу аймактарда айылдык кол өнөрчүлүктүн бөлүмдөрүн ачтык. Алар чыгарган продукцияларды Бишкекке жиберишет. Биз аны чет мамлекеттерге экспортко чыгарып, түшкөн каражатты кайра өздөрүнө жөнөтүп жатабыз. Ошентип биз улуттук өндүрүштү жандандырууга батыл кириштик. Элеттик энелерибиздин, эжелерибиздин колунан чыгарылган товарлар бүгүнкү күндө Америка, Англия, Япония, Россия ж.б. мамлекеттерге жетүүдө.
- Турусбек Чукуевич, сиздердин агенттик баштаган иштерге көптөгөн ийгиликтерди каалайм.
Рахмат.
Анаркүл Медербекова,
Бишкек шаарынан:
- Турусбек Чукуевич, сиз туризмди өнүктүрүүнүн бир бренди катары Санта Клаустардын эл аралык фестивалын өткөрүүнүн башында туруудасыз. Кээ бирөөлөр муну түшүнбөй жатышат окшойт. Атамекендик туризмди эл аралык деңгээлге чыгаруудагы патриоттук аракетиңизди биздин "Элтерес хан" коомдук фондусунун мүчөлөрү колдоодобуз. Чыңгыз Айтматов кыргыз элин гениалдуу чыгармалары менен ааламга таанытып өзүнө тирүү кезинде эле бренд түзүп койгон инсан болчу. Эми биз ушуларды туура түшүнүшбүз керек да.
- Ооба Чыңгыз агабыздын чыгармалыры 180 мамлекеттин тилине которулуптур. Бул биздин улуттук бренд эмеспи. Кыргызстанды дүйнөгө таанытуунун башка аракеттерин да көрүшүбүз керек. Ушул максатта 2007 жылы Швециянын "Свеко" аттуу белгилүү компаниясы окумуштуулар менен бирге математикалык жол менен эсептеп отуруп, Жер шарынын дал ортосун табышты. Жер шарынын борбору катары Кыргызстан туш келди. Жаңы жылда бөбөктөргө Санта Клаустар белек тапшыруу үчүн Кыргызстандан старт алышат. Биринчи фестивалга 7 мамлекеттин Санта Клаусу келсе, быйылкы жылдын февралында өткөргөн экинчи эл аралык фестивалга 26 өлкөнүн Санта Клаустары катышты. Кыргызстанды дүйнөгө таанытуу үчүн бизге миллиарддаган акчалай каражат керек. Андай каражат жок. Ал эми биз өзү келген бекер жарыяны эмне үчүн пайдалана албайбыз? Белгилүү бренддин келиши өлкөгө келген кут деп түшүнүүбүз кажет.
Эркин Турдалиев,
Бишкек шаарынан:
Ички туризм кандай өнүгүп жатат? Мисалы, Сулайман тоого кошуна республикалардын атуулдарынан бери келип сыйынышат. Ал эми биздин Чүйдөн ал жакка каттоону уюштуруу жокко эсе.
- Мен сизге цифралар менен жооп берейин. Былтыркы жылы бизге туризмден түшкөн каражат 509 млн. долларга жеткен. Ошону менен бирге эле чет мамлекеттерге барып эс алган атуулдарыбыз 304 млн. долларын сыртка чыгарышкан. Андыктан ошол каражатты Кыргызстандын ичинде калтырсак чоң пайда болбойт беле. Сиз эң туура айттыңыз. Кээ бир түндүктүк атуулдарыбыз түштүктүн не бир кооз жерлерин көрүшө элек. Ал эми түштүктө жашаган атуулдарыбыз бул жактагы табият өзү тартуулаган сонун жайларыбызга каттабагандары бар. Сулайман тоого сыйынууга келгендердин 90 пайыздан көбү өзбекстандыктар болуп жатпайбы. Ушул максатта үстүбүздөгү жылдын 4 ноябрында биздин агенттик ички туризмди өнүктүрүүнү жолго коюу боюнча чоң конференцияны уюштуруп жатабыз. Айталы, Таластагы Манас атанын маданий комплексине барып сыйына турган атуулдарды уюштурсак эмнеге болбосун. Эгер ал жакка туристтер көп келсе ар тараптуу инфраструктурасы өнүгөт. Аталган конференцияга бардык аймактардан өкүлдөрдү чакырабыз.
Турар Токтобеков,
Нарын шаарынан:
- Турусбек иним, сиз жетектеген агенттик Нарын облусу үчүн эмнелерди жасап, кандай долбоорду ишке ашырды?
Бүгүнкү күндө Ысык Көл, Ош аймактарында көп иштерди жүргүзүп жатабыз. Чынын айтуу керек, Нарын, Талас облустарында толук кандуу иштер жүргүзүлүшүнө мүмкүнчүлүктөр тартыш болууда. Бирок, аталган облустарда эл аралык көргөзмөлөрдү өткөрөлү деген ниетибиз бар. Ал эми Япондук гранттын жардамы менен кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү долбоорунда иштеген аялдардын дээрлик көбү Нарын облусунда. Алып айтсак, Ак Талаа, Ат Башы, Кочкор жана Нарындын өзүндө бир нече пункттар ачылган. Андан тышкары Агахан фондусу менен биргеликте биздин агенттик элеттик туризмди өнүктүрүү боюнча келишим түзгөнбүз. Ошол келишимдин негизинде Соң Көлдө, Чатыр Көлдө, Таш Рабатта туризмди өнүктүрүү боюнча
атайын окууларды, конференцияларды өткөрүүдөбүз.
Эркинбек Токсобаев,
Тоң районунан:
- Биздин Тоңдо өтө сейрек кездешүүчү туздуу көл бар эмеспи. Ал эмнегедир менчикке берилип кеткен. Дарылык касиети бар көлгө Кыргызстандын чар тарабынан каттап жатышат. Ошол жерди тосуп, шлагбаум орнотуп акча алышат. Ичине кирсеңиз дааратканасы, таза суусу, чайкана турган шарты жок. Атүгүл ылайларын башка жакка ташып кетип жатышканын сизге кабарлап койгум келди. Бул жерге көз салчу мамлекеттик структура барбы деги?
- Эркинбек мырза, туздуу көл мамлекеттин камкордугуна алынып, жалпы элибизге тиешелүү менчик болууга тийиш. Анын инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн зор инвестиция тартуу зарыл. Жакында Өкмөттө туризм тармагы боюнча өткөн жыйында ошол туздуу көлдүн маселеси да көтөрүлдү. Азыркы күндө биздин агенттикке, юрист адистерге, ага тиешеси бар мамлекеттик органдарга атайын тапшырма берилип иш башталган.
Санабатжан Миңбаева,
Бишкек шаарынан:
- Биз Бишкек шаарынын Чолпон Ата көчөсү № 1 үйдө жашайбыз. Менин кичинекей уулум жыл бою алыстан келген Санта Клаустан белек алам деп күтүп жүрөт.
- Былтыркы жылы Санта Клаустар жетим, кароосуз калган балдар үйлөрүнө барып өздөрү менен ала келген белектерин беришкен. Келерки фестивалда сиздин кичинекей уулуңузга да белек берели. Телефонуңузду жазып алдым...
Бакай Эргешов,
Бишкек шаарынан:
- Былтыркы жылы сиз туризмден түшкөн киреше ИДПнын 4 пайызын түздү дедиңиз эле. Быйылкы жыл кандай болчудай?
- Кыргызстанда республиканын ИДПсынын 4,1 пайызын туризм тармагы берет. Салыштырсак Самарканд, Хива, Букара ж.б. туристтик тарыхый шаарлары бар экенине карабастан Өзбекстанда бул көрсөткүч болгону 0,1 пайыз, Казакстанда 1 пайызга жетпейт.
Фаризат Асанкалый кызы
Бишкек шаары,
журналист:
- Турусбек Чукуевич, Ысык Көлдө моторлуу кайыктар ашыкча көбөйүп, сууну абдан булгап жатышат. Андан аккан май, уулуу заттар беш жылдын ичинде көлдү жарактан чыгарышы толук ыктымал. Бул бирөөлөр үчүн укмуштуудай киреше түшүрүүнүн жолу, ал эми эл үчүн трагедияга айланышы мүмкүн. Сиз аракет кылсаңыз сөзсүз бул ишке чара көрүлөрүнө ишенем.
- Фаризат айым, бул маселени мен Премьер министрибиз Игорь Чудиновго айтсам, ал да чара көрүүнү туура тапкан. Ыйык көлүбүздүн суусун жарактан чыгарууга жол бербейбиз. Сиз көтөргөн көйгөйдү сөзсүз четтетебиз. Себеби коомчулук да буга өтө кызыгып жатат.
Владимир Ушаков,
Бишкек, фотожурналисттер
кошунунун төрагасы:
- Биз - фотожурналисттер Арсланбап, Сары Челек сыяктуу кооз жерлерге көп барабыз. Табигый бак дарактар кыйылып, чөптөрдү жергиликтүүлөр такырайтып чаап салышкандыктан жаныбарлар, канаттуулар үйүрлөбөй баратат. Минтип отурсак туристтер келбей калат го?
- Ал жактарга коруктарды коюуну уюштуруу биздин агенттиктин ишине кирбейт. Ошондой болсо да кайдыгер кароого акыбыз жок. Коомчулуктун жаратылышка болгон көз карашын өзгөртүү, табиятка болгон камкордукту күчөтүү үчүн Туризм агенттиги "Кыргыз Туусу" гезити менен биргелешип бир нече көйгөйлүү маселелердин тегерегинде кеңири жыйындарды өткөрүүнү көздөп жатабыз. Ага жергиликтүү жетекчилерди кошо чакырып, маселени мамлекеттик деңгээлге чейин көтөрөбүз деген максат бар.
Жолдошбек Сапарбаев,
Чүй районунан:
- Турусбек агай, Ысык Ата, Жети Өгүз сыяктуу минералдык дары сууларга бай ондогон курортторубуздун союз кезинен бери шарты оңоло элек. Ал эми Ысык Көл жээгинде укмуштуудай кооз, заманбап пансионаттар салынып жатат. Биз келген инвестицияларды курортторго да тартпасак болбой калды окшойт?
- Ооба, сиз эң туура айттыңыз. Мисалы, Жалал Абад курортунда дары суусунун касиети өтө сейрек булактан бешөө бар. Аны окумуштуулар небак далилдеп чыгышкан. Биз мындан ары ден соолук туризмин өнүктүрүүгө кадам таштайбыз. Сиз айтып жаткан курорттордун дээрлик баары профсоюздарга карайт. Ал эми жаркыраган жаңы пансионаттар жеке ишкерлердики. Жеке секторлор өздөрү акча таап, өздөрү куруп жатышат. Профсоюздарда курорттор үчүн инвестиция тартып келүүчү мүмкүнчүлүктөр арбын. Албетте, буга мамлекеттик деңгээлде иш алып барбасак, көптөгөн курорттук жайлардын эскилиги жетти.
Түз байланышты алып барган Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА,
"Кыргыз Туусу"








кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
16-октябрь, 2009-ж.:
1-бет
85 500 000 окурмандуу "Кыргыз Туусу"
2-бет
Министрдин жообуна капамын
3-бет
Президент Курманбек БАКИЕВ:
Дарыгерлик - кайраттуулукту, мээрмандыкты талап кылган ардактуу кесип

4-бет
Биргелешкен аракет кыйын кырдаалдан чыгарат
5-бет
Ата-Журт алкагында
6-бет
Пекиндеги жогорку деңгээлдеги жолугушуулар
7-бет
"Жанылануу багыты" жаңы ой-пикирди жаратты
8-бет
Мекен мейкиндигинде
9-бет
"Кыргыз Туусунун" 85 жылдыгына карата
Ак жеринен атылган алгачкы редактор

10-бет
Жусуп Баласагын жана анын даңазалуу дастаны
11-бет
Шабдан баатыр
12-13-бет
КРнын Өкмөтүнө караштуу туризм мамлекеттик агенттигинин директору Турусбек Мамашов:
Ажайып кооз табиятыбыз менен өлкөбүзгө туристтерди тартабыз

14-бет
Кыргыз Республикасынын коомдук палатасынын
төрагасы С. Аблесов менен маек
Ниет оңолмоюнча иш оңолбойт

15-бет
Патриарх басма сөзгө өзгөчө маани берген
16-бет
Элеттик аялдардын оорун колдон алып...
17-бет
Эмне себептен кыргыздар балдарын орус мектептерде окутушат?
18-бет
Куру намыс курттай жейт
19-бет
ИнсультИнсультжаш-карыны ылгабайт
20-бет
Күн Чыгыш өлкөсүнүн таасирлери
21-бет
Кемел Ашыралиев
Жорго

22-бет
Кесиптешибиздин элеси эсибизде
23-бет
ЖАРЫЯ










??.??