Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/1016_11.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/1016_11.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/1016_11.htm on line 2


п»ї

 Китепкана

  Шабдан баатырдын 170 жылдыгына карата

Шабдан баатыр
Бирок кыргыздар уруулар арасындагы, эл ичиндеги бир катар маселелерди мурдагыдай эле топ жыйындарда чечүү салтын сактап, орус төрөлөрүнүн уруксаты менен Токмок, Каракол уездери биригип топ жыйындарды өткөрүшчү. Ошондой жыйындардын кезектегиси 1872-ж. Караколдо өтмөк болот. Шабдандын аброюнун күн санап өсүп баратканын көрө албаган Чыныбай анын мизин майтарып, шаабайын суутуп коюу максатында Верныйдагы Жети-Суу облусунун генерал губернатору менен алдын ала сүйлөшүп, топ жыйынды кийинки жылга жылдырууга жетишет. Мындан кабары жок Шабдан өз кишилери менен топтун өтүшүн алдын ала тактоо үчүн Караколго келгенде, аларды мурдатан келаткан каада-салт менен тосуп алуу ордуна бир нече күн конок албай, кетээринде Солтобай аттуу ырчыга Шабданды, ал тургай анын тынай уругун кордотуп ырдатып узатат. Эгерде Чыныбайга теңелсе бугу-сарбагыш ортосундагы ынтымак бузулаарын жакшы түшүнгөн Шабдан ачууга алдырган жигиттерин тыйып, сабырдуулук менен Караколдон узап кетет.
Караколдон келген соң Шабдан Верныйга өзү барып эки уездин жыйынын кечиктирбей 1873-жылы Кичи-Кеминде өткөрүүгө макулдук алат. Боролдойдо өтүүчү жыйынга Түндүк Кыргызстандын өкүлдөрү чогулат. Көлдөн Чыныбай баштаган мыктылар келип, эми Шабдан өч алат го деп кооптонуп турушат. Шабдан баатыр болсо эч нерсе болбогондой түр көрсөтүп, Чыныбай баштап Көлдөн келген өкүлдөргө атайлап бир нече өргө тиктирип, чоң сый менен тосуп алат. Көлдөн кордоп ырдаган Солтобай ырчыга Шабдан ат мингизип, чапан жаптырат. Эки күнгө созулган топ жыйын ишин аяктап уруулардын бийлери өз жерлерине тарашат. Көлгө барганда жыйындын жайын сураган аксакалдарга ойлуу отурган Чыныбай: "Шабдан баатыр кеменгер тура" - деп бир сөз айтып ордунан туруп кеткен экен.
Келечекке камкордук
Шабдан баатыр кыргыз элинин келечеги үчүн кам көргөн даанышман инсан. Ошондуктан ал элди отурукташкан турмушка өтүүгө, дыйканчылыкты өздөштүрүүгө үндөгөн. Чоң-Кеминге орус чиновниктери жашаган тамдарга окшоштуруп, заңгыраган үй курдуруп, ичин европа үлгүсүндөгү эмеректер менен жасалгалаткан. 1909-жылы Чоң-Кеминдин Тар-Суу айылына медресе (быйыл 100 жылдыгы белгиленет) курдуруп, андагы балдарды жаңы ыкма менен окутуу үчүн Оренбург, Уфадан 1 казак, 1 ногой мугалимдерди чакыртып, аларга айлык акыны өзү төлөп турган. Шабдандын орус окумуштуусу Н.Аристовго кыргыз элинин тарыхы, өзүнүн өмүр баяны боюнча айтып берип, жаздырганына караганда, ал элинин тарыхынын кагазга түшүшүнө чоң ынтызар болгон. Шабдан өз балдарынын жакшы билим алышына, жаңы кесиптерди үйрөнүшүнө да шарт түзүп берген. Уулдары Самүдүндү Самарканттан, Кемелин Верныйдагы гимназиядан окуткан. Башка жактан адистерди чакырып элге устачылыкты, багбанчылыкты үйрөткөн.
Шабдан баатыр ислам динине чын дили менен берилип, анын баалуулуктарын колдоп, элге тараткан. Өзү ар дайым таза, адал жашоонун үлгүсүн көрсөткөн. Пайгамбар жашында парзын аткаруу үчүн Меккеге ажылык зыяратка барган. Өзү менен кошо 20 адамдын бул сапардагы ыгым-чыгымын төлөп берген. Ажылык сапарында Түркияда курулуп жаткан темир жолго 2 миң сом кошумча кошуп, Түрк султаны Шабданды алтын медаль менен сыйлаган. Бул Шабдан баатырдын түрктөр менен кыргыздардын тектеш экендигин жакшы түшүнүп, келечекте эки элдин байланыштарынын өнүгүшүнө көзү жеткендигинен кабар берет.
Шабдан баатырдын ашы
Шабдан баатыр 73 жаш курагында 1912-жылы 4-апрелде каза болгон. Баатырдын өкмөткө, элге сиңирген эмгеги, кадыр-баркы өтө жогору болгондуктан анын өмүрү тууралуу көлөмдүү некролог 1912-жылдын 29-апрелинде "Семиречинские ведомости" гезитине орус тилинде басылган. Кыргызчасы "Туземный отдел" аттуу аталманын алдында араб арибинде жарык көргөн. Ошол мезгилде жергиликтүү элдик инсандардын өлүмү жөнүндө некрологду гезитке басуу Түркстан крайында жокко эсе болгон.
Шабдан баатырдын ашы да тарыхый окуя катары 1912-жылдын октябрь айында чоң салтанат менен 5 күн өткөрүлгөн. Анда кыргыз элинин каада-салттарынын баары ата-бабадан келе жаткан эрежелер менен коштолгон. Аш өтө турган Кичи-Кеминдин Боролдой айылына 2 миң боз үй тигилип, 50 миң адам чакырылган. Меймандар үчүн 2 миң жылкы, 10 миң кой союлган, жүздөгөн пуд азык-түлүк алынган. Ашка Фергана, Сыр-Дарыя боюнан, казактардан, орустардан өкүлдөр келген. Ашты кудасы Чоко баатыр бийлеп, айтылуу Жаманкара жар чакырган. Элдик оюндардын ичинен ат чабыш чоң салтанат, эрежелерди сактоо менен өткөн. Баш байге 5 миң сом болуп, 25 атка байге коюлган, 25-келген атка 50 сом байге аныкталган. Ал убакта бир сомго 1 кой келген. Шабдандын өмүр баяны жана ишмердиги биринчи жолу ирээтке салынып кыргыздын алгачкы тарыхчысы Осмонаалы Сыдык уулунун 1914-жылы Уфадан чыккан "Тарых-и кыргыз Шабдания" аттуу эмгегинде жа-рыяланган.
Жыйынтыктап айтканда, Шабдан баатыр өз заманынын эң алдыңкы инсандарынын бири болгон. Ошол мезгилде Кыргызстанда түзүлгөн саясый кырдаалды эң туура түшүнгөн. Россия империясына кызмат кылуу менен өз элин кыргындан сактап калууга, элин жаңы жолго салууга болгон күчүн жумшаган. Бул адамдын өмүрү жана ишмердиги айкөлдүктүн, кайрымдуулуктун, адамгерчиликтин акылмандык менен кеменгердиктин, үлгүсү катарында Кыргызстандын тарыхында өз ордун таап, жаңы муундагы окуу китептерине киргизилип окутулуп жатат. Бул иш мындан ары да улантыла бермекчи.






кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
16-октябрь, 2009-ж.:
1-бет
85 500 000 окурмандуу "Кыргыз Туусу"
2-бет
Министрдин жообуна капамын
3-бет
Президент Курманбек БАКИЕВ:
Дарыгерлик - кайраттуулукту, мээрмандыкты талап кылган ардактуу кесип

4-бет
Биргелешкен аракет кыйын кырдаалдан чыгарат
5-бет
Ата-Журт алкагында
6-бет
Пекиндеги жогорку деңгээлдеги жолугушуулар
7-бет
"Жанылануу багыты" жаңы ой-пикирди жаратты
8-бет
Мекен мейкиндигинде
9-бет
"Кыргыз Туусунун" 85 жылдыгына карата
Ак жеринен атылган алгачкы редактор

10-бет
Жусуп Баласагын жана анын даңазалуу дастаны
11-бет
Шабдан баатыр
12-13-бет
КРнын Өкмөтүнө караштуу туризм мамлекеттик агенттигинин директору Турусбек Мамашов:
Ажайып кооз табиятыбыз менен өлкөбүзгө туристтерди тартабыз

14-бет
Кыргыз Республикасынын коомдук палатасынын
төрагасы С. Аблесов менен маек
Ниет оңолмоюнча иш оңолбойт

15-бет
Патриарх басма сөзгө өзгөчө маани берген
16-бет
Элеттик аялдардын оорун колдон алып...
17-бет
Эмне себептен кыргыздар балдарын орус мектептерде окутушат?
18-бет
Куру намыс курттай жейт
19-бет
ИнсультИнсультжаш-карыны ылгабайт
20-бет
Күн Чыгыш өлкөсүнүн таасирлери
21-бет
Кемел Ашыралиев
Жорго

22-бет
Кесиптешибиздин элеси эсибизде
23-бет
ЖАРЫЯ










??.??