, 16.10.09 - 10-бет:
  Адабият

Жусуп Баласагын жана анын даңазалуу дастаны
емек, "Кутадгу билиг" дастанында Курани Каримдин, Шариат жолунун адам турмуш-тиричилигиндеги эң акыркы, туура, гумандуу, акыйкатчыл, чынчыл, руханий жактан таза, бакытка алып баруучу Алла Тааланын жолу экенин Жусуп Баласагын өтө билимдүүлүк менен эң туура түшүнүп, Алла Таала берген акылды илим-билимге ширелиштире синтездеп келип, дагы эле Алла Тааланын көмөгүн көздөө менен ушул китепти түрк тилинде жазганын өзү да дастанында какшап айтып жатпайбы. Ошондуктан Алла Таала колдоп, "Кутадгу билиг" дастаны он кылым бою жоголуп кетпей сакталып келди. Дагы да сакталып, изилденип улам кийинки муундар үйрөнө берери шексиз.
"Кутадгу билигди" туура түшүнүш үчүн Исламдын негизги жоболорун, Курани Каримди, Шариатты б.а. Алла Таала тарабынан жиберилген улуу илимди терең өздөштүрүү зарыл. Мына ошондон кийин гана атеисттик көз караштан арылып, дастанды эң эле туура түшүнүүгө жол ачылат.
Жусуп Баласагын өзүнүн "Кутадгу билиг" дастанынын башталышындагы алгачкы эле бет ачарында кара сөз менен эң алдыда бардыгын жараткан Алла Тааланы жана анын элчиси болгон пайгамбарыбыз Мухаммад Алейхис салам туурасында: "Бисмилла рахман рахим! Кудурети күчтүү улуу Теңирге урмат жана даңк, ал улуулардын улуусу, бүткүл ааламдын падышасы; жерди-көктү жараткан, кыбыр эткен жан-жаныбарларга жан салган да өзү, тилегендин тилегин берген, бардык каалаганын өтөгөн да өзү, көңүлүнө келгени ишке ашкан, каалаганы кабыл болгон, ойлогону орундалган да бир Кудайымдын өзү. Бардык жан-жаныбарлардын улугу, Теңиримдин тиреги Мухаммад пайгамбарга миң мертебе алкыш, анын жолун жолдоочуларды бир Кудайым өзү колдосун...
Бул китепти окугандын көңүлү көкөлөп, Кудай жол берсе, китепти жазган адамдын ысмына дуба окуп койсун" - деп жазат.
Ал эми ыр түрүндө:
"Тирүүлөрдүн баарынан кудай улуу,
Бир өзүнө татыктуу
урмат кылуу.
Ал улук да, күчтүү дагы
ченемсиз,
агаруу да, көгөрүү да
жок ансыз.

Жерде, көктө күн көргөндүн
эгеси,
Сага жашоо, өмүр берген
дагы өзү!

Бардык жанга ичерине
аш берди,
Баары тойлойт, өзү
билбейт ичкенди.

Тирүүлөргө ач койбостон
кам көрөт,
Жээрине аш, ичээрине
суу берет.
Тилегендин ой-тилегин болтурат,
Мээри түшсө - зоболосун
зор кылат.
Кудайымдын элчисине ырахмат,
Жолун жолдоп жүргөндөргө
урмат-даңк!

Калктын башы ал Мухаммад пайгамбар,
Көптүн жүзү көрө турган көзү ал"
- деп бардыгын жараткан Алла Таала жана анын пайгамбары жөнүндө дастанды окуган кандай гана адам болбосун баарына түшүнүктүү жана аң-сезимге таасир эткидей деңгээлде көркөм баяндап берет. Жалпы элге түшүнүктүү жана дапдайын болуп турган бул мүнөздөмөлөрдүн өзөгү Курани Карим менен түздөн-түз байланышып турат.
Адилет, дөөлөт, акыл, каниет
Жусуп Баласагындын "Кутадгу билиг" дастанынын эң негизги бөлүмдөрүндө кыялдануудан, акындын чыгармачылык көркөм фантазиясынан жаралып, реалдуу турмуш чындыгына кынтыксыз түрдө бекем ширелишип сүрөттөлгөн идеалдуу өлкө туурасында кеңири сөз кылат.
Ошол ойдон чыгарылган идеалдуу мамлекеттин өкүмдарынын жана мансап ээлеринин иш аракеттеринин, ошону менен катар ал өлкөнүн байгерчиликтүү жакшы турмушун сүрөттөп көрсөтүү үчүн мазмунуна жуурулушкан көркөм форманы да ыктуу жана чебер колдоно алган. Ал форма ойду берүүнүн, мазмунду ачуунун жана көркөм образ жаратуунун өзгөчө, каймана түрү болуп саналат.





Мурас
Өрөөндөн чыккан өнөрман
Өз учурунун өнөрлүү инсаны мүнүшкөр, комузчу, кыякчы, ырчы Датка Шааке уулу бир кезде Алайкуу өрөөнүнүн сыймыгы болгон. Таланты таш жарып, оозунан эчендеген ыр тарыхы, комуз күүлөрү куюлуп турса да эмнегедир кыргыз музыкасында аты көп деле айтылбай калган. Балким буга Датка атанын өмүр бою тоо койнунда жашап, малчы болуп иштеп, өнөрүн айыл жеринде гана улантып калганы себеп болгондур. Ошого карабай учурунда Датка атасыз аш-той, маараке, майрамдар өтчү эмес экен. Барган жерин шаңга бөлөп, кыягынан мукам күүлөр куюла баштаганда тырп эткен чымчык учпай калганын айылдаштары эскеришет.

Датка Шааке уулу 1889-жылы жарык дүйнөгө келген. Атасынан там-туң баскан кезинде ажырап, артынан көп убакыт өтпөй эки агасы каза табат. Энеси Мончок экөө турмуштун татаал күндөрүн баштан өткөрүшөт. Бала кезинен эле комуз, кыяк күүлөрүнө кызыга баштайт. Кыякчы Чалыр Бектемир уулу, Кедейбай өңдүү дасыккан устаттардан таалим алат. 20 жашында өз алдынча күүлөрдү жаратып, "Жокчулуктун арманы", "Атаке", "Эки кыздын алымсабагы" аттуу күүлөрү эл арасына тарайт.
Калаага келген 1965-жыл
Датка Шааке уулунун өнөрүн элге дагы бир жолу тааныткан журналист Буудайбек Сабыр уулу болгон. Ал ошол кезде фольклор артынан түшүп, айыл арасындагы акындардан тартып комузчу, кыякчы, чоорчуларга чейин иликтеп, алардын эмгегин жыйнап жүргөн. Ал эми Датка Шааке уулун атайын Бишкекке (мурдагы Фрунзеге) чакырткан. Бир чети карылык болсо, дагы бир бут тоскону - айылдагы көр турмушу, андан чыгалбай жүргөн кыякчы карыя акыры калаага келет. Кыякчынын келген жылын Буудайбек Сабыр уулу "Эл шайырлары" аттуу китебинде:
"1965-жылы декабрь айынын аяк чени эле. Конторго ичикчен кийинишкен, бели бүкчүйгөн эки карыя келип калышты... Датка ата кыягын миң кубултту. Укмуштуу күүлөр! Кыякта мындай чебер күү тарткан адамды мурда эч жерден көргөн эмесмин ," - деп эскерет.
Түгөлбайдын төрүндө
Ошол жылы Датка кыякчынын шаарга келгенин уккан залкар жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков үйүнө конокко чакырат. Карыяга жумшак эт болсун деп атайын тай сойдуруп коноктойт. Келген меймандар көпкө чейин кыяк күүсүнө маарып үйлөрүнө тарайт.
Датка Шааке уулу шаарда бир нече күн жүрүп, радиого күүлөрүн жаздырып, журналисттер менен жолугушат. Телевидениеге тарталы деген сунушка кыякчы макул болбой, айылына жөнөп кеткен.
Суу астында
калган күүлөр
Датка Шааке уулунун кыяк менен тарткан күүлөрү Кыргыз радиосунун "Алтын казынасына" жаздырылган. Бирок, белгисиз себептер менен күүлөрүнүн толук топтому жараксыз абалда калган. Уулунун эскерүүсүндө күү жазылган тасмаларды суу басып, сызда калып кеткен. Бүгүнкү күндө 8 гана күүсү "Алтын казынада" сакталуу экен.
Датка ата көп жыл балалуу болбой жүрүп, байбичеси демилге көтөрүп, төшөк жаңыртып 60 жашында кыздуу, 63 жашында эркек перзенттүү болот. Уулу Койчуман да 60ты багынтайын деп калды. Ал атасы тууралуу бизге маек куруп берди.
- Койчуман, атаңыз тууралуу эмнелерди билесиз?
- Атам жаш кезинен комуз күүлөрүнө шыктуу болуп чоңойгон экен. Кичинекей кезимде үйүбүзгө чоорчу, кыякчы, комузчулар конокко келишчү. Атамдын кыякчылык өнөрүнөн да мүнүшкөрлүгү күчтүү чыгыптыр. Бир куш менен үй-бүлөсүн эки жыл баккан кездери болгон экен. Кушту жайы-кышы дебей таптачу. Кайсыл жайда той-топур болсо, атамды сөзсүз чакырчу. Комузун көтөрүп барып ырдачу. Таптаган кушу менен тамаша куруп элдин көңүлүн көтөрчү.
- Алгач комуз менен ырдап жүрчү экен, кандайча кыякчы болуп калды?
- Ооба, башында комуз чертчү. Атамдын оң колунда томпойгон жери бар эле. Ошол колу ооруп комуз черткенге жолтоо болчу экен. Кыякка өткөнү ошондон.
- Комузду өзү жасачу беле?
- Кыякты арчадан, комузду карагай чаап, өзү жасап алчу. Чоң уста да болгон.
- Атаңыздын комуз черткенин көргөнсүзбү?
- Дайыма жанында олтурчубуз. Күүгүмдөн кийин көзүн жуумп олтуруп алып көп күүлөрдү чертчү. Себеби, күндүз колу бошочу эмес. Жайлоого көп чыкчубуз. Көчүп баратып жолдо эс алган жерде деле черте берчү. Кыскасы, киши чогулуп калган жерден кыя өтчү эмес.
- Сизге комузду атаңыз үйрөткөнбү?
- Бизге үйрөтөйүн деп чын дилден ниет кылчу эмес. "Кой, балам, бул өнөрдүн эң арты мен эле болоюн",- деп сыпаа айтып койчу. Көрсө, өнөрдү аркалоо - жумуштун баарынан калтыра турган оокат экен да. Атам жеңил оокатка көнүп аласыңар дечү. Мен комуз чертем десем арчадан жасап берген. 10-класста окуп жүргөндө өз алдымча комуз чертип баштадым. Мурда да чертчүмүн. Бирок, мүнүшкөрлүгүн бир аз үйрөтүп койгон.
- Мүнүшкөрлүгү тууралуу айтсаңыз...
- Мен эс тартып калган кезде атам кушту талаага тор жайып кармап келет эле. Ал кезде куштун түрлөрү көп болчу. Күздүн күнү атамын уусу жүрүшкөн маал. Кайсыл куш кайсыл убакта келээрин жатка билчү.
- Кушту канча убакытта тапка келтирчү?
- Бир жолу жапайы куш кармап келип, 7 күндө тапка келтирип койгон. 2-4 күндүк уйкусун кушка арнап, күнү-түнү колуна кондуруп уктабай олтурчу. Сылап-сыйпап карап олтурганын көп көрчүмүн. Табын өтө жакшы билчү. Ошентип куш бат эле байыр алып, бизден кете алчу эмес. Бир чети энемдин колу уз эле. Атайын куш үчүн узундугу 50-60 метрдей, үзүлбөй турган бышык жип жасап берчү.
- Сиз куш салып көрдүңүз беле?
- Бала кезде турумтайды салчубуз. Кийинчерээк ителги, кыргыекти таптап салып жүрдүм.
- Атаңыз көп жыл колхоздун малын баккан экен, пенсияга чыкканда кыягын уланттыбы?
- Жок, мүнүшкөрлүгү менен алектенип калган.
Кыргыз эли бул өңдүү таланттарга бай. Каза берсе өнөр каймактары калкып чыга берет. "...күлүк күнүндө" дегендей, мындай инсандарды учурунда баалап калуу милдетибиз.
Сахиба КАДЫРОВА