email • архив • редакция • меймансап 
Башбарак
кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
16-октябрь, 2009-ж.:
1-бет
85 500 000 окурмандуу "Кыргыз Туусу"
2-бет
Министрдин жообуна капамын
3-бет
Президент Курманбек БАКИЕВ:
Дарыгерлик - кайраттуулукту, мээрмандыкты талап кылган ардактуу кесип

4-бет
Биргелешкен аракет кыйын кырдаалдан чыгарат
5-бет
Ата-Журт алкагында
6-бет
Пекиндеги жогорку деңгээлдеги жолугушуулар
7-бет
"Жанылануу багыты" жаңы ой-пикирди жаратты
8-бет
Мекен мейкиндигинде
9-бет
"Кыргыз Туусунун" 85 жылдыгына карата
Ак жеринен атылган алгачкы редактор

10-бет
Жусуп Баласагын жана анын даңазалуу дастаны
11-бет
Шабдан баатыр
12-13-бет
КРнын Өкмөтүнө караштуу туризм мамлекеттик агенттигинин директору Турусбек Мамашов:
Ажайып кооз табиятыбыз менен өлкөбүзгө туристтерди тартабыз

14-бет
Кыргыз Республикасынын коомдук палатасынын
төрагасы С. Аблесов менен маек
Ниет оңолмоюнча иш оңолбойт

15-бет
Патриарх басма сөзгө өзгөчө маани берген
16-бет
Элеттик аялдардын оорун колдон алып...
17-бет
Эмне себептен кыргыздар балдарын орус мектептерде окутушат?
18-бет
Куру намыс курттай жейт
19-бет
ИнсультИнсультжаш-карыны ылгабайт
20-бет
Күн Чыгыш өлкөсүнүн таасирлери
21-бет
Кемел Ашыралиев
Жорго

22-бет
Кесиптешибиздин элеси эсибизде
23-бет
ЖАРЫЯ


п»ї

  Түз байланыш

КРнын Өкмөтүнө караштуу туризм мамлекеттик агенттигинин директору Турусбек Мамашов:
Ажайып кооз табиятыбыз менен өлкөбүзгө туристтерди тартабыз
Турду Жыргалбеков,
Бишкек шаары, Ж.Баласагын
атындагы Кыргыз улуттук
университети, профессор:
- Алло, Турусбек Чукуевич, сиз туризм тармагын жетектеген жылдардан бери өлкөбүзгө келген туристтердин саны, алардан канча киреше түшкөндүгү сыяктуу статистикалар тактала баштады. Жылдын жыйынтыгы жакшы чыгарылып жатат. Кыргызстанды туризм өлкөсү катары таанытууда жарнамалар чет мамлекеттерге жакшы жетүүдө. Туризм тармагы аркылуу элдик кол өнөрчүлүк өнүгүүдө. Көп ийгиликтер сиздин ишмердигиңизге толук байланыштуу болгонуна ыраазычылык айтабыз. Эми биздеги көйгөй бул. Элеттен келип, туризм бөлүмүндө окуган студенттер контракт акысынан кыйналышат. Эми аларга кыргыз тилиндеги окуу китептери да жетпей, Россияныкы менен окушууда. Кадрлар ишсиз жүрүшөт.

(Уландысы 12-13-беттерде)





 85 жылда

85 500 000 окурмандуу "Кыргыз Туусу"
Бул сапар "Кыргыз Туусу" гезитинин кезектеги санын колго алып, оболу жарык көргөндөн берки катар санына көз жүгүрттүм. 23362-сан экен. Нускасы 8862 деп турат. Ал эми кечээки доордо гезит "Советтик Кыргызстан" атыгып турган маалында
100 000 нускадан кем чыкпаган эле. А ортодо бирде толуп, бирде бөксөрүп, бирок үзгүлтүксүз жарык көрүп, 85 жылды карытууда.

Ушундан улам шарттуу түрдө эле гезит орточо бир айда 50 000 нускада тарап турган десек, анда жыл ичинде бери дегенде 600 000 окурман "Кыргыз Туусу" менен сырдаш, муңдаш болгон. Демек, 85 жыл аралыгында улуттук тунгуч кыргыз басылмасы сексен беш миллион беш жүз миң окурманга эгедерленген. Албетте, гезитти убагында жетектеп турган чагында: "Биз үч байдын - Кыргызстан Компартиясынын, Жогорку жана Министрлер Кеңешинин кулубуз",-деп аныктама берген кечээки доордун идеологу, бүгүнкү күндүн ак-карасын ылгап айткан кадырман демократ, профессор карысы Тилектеш Ишемкулов мырза айтмакчы, бир топ жыл бою гезит мамлекеттин камчысын чаап келди. Эгемендик жылдарында да үчилтиктин Президент, Жогорку Кеңеш жана Өкмөттүн саясатын калкка жеткирүү вазыйпасын аркалады жана аркалоодо. Бирок, кайсы бир маалда кожолорду аша чаап мактап, калк катмарынын чыныгы демин бурмалап маалымат берүүгө да барды. Ал эми соңку кезде кептин чыны, улуттук кыргыз тилиндеги гезит бетинде "Эл үнү" калыптанып, көйгөйлөр өңүтү көтөрүлө баштады. Айтор, 85 жылдык мааракесин гезит өз жүзү менен тосуп алып жатат десек болот.

Күмөндөр Усуптегин,
Нарын шаары










Warning: include(../../gb.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/1016_1.htm on line 84

Warning: include(../../gb.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/1016_1.htm on line 84

Warning: include(): Failed opening '../../gb.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/1016_1.htm on line 84







??.??