, 13.10.09 - 2-бет:
  Элдин үнү

Министрдин жообуна капамын
Мен 82 жаштагы аксакалмын, кесибим - врач, жогорку категория алганмын. 68 жылдык жалпы эмгек стажымдын 51 жылын врач-психиатр, нарколог болуп иштегенмин. 19 жылдан бери Ош облустук наркологиялык диспансерде аракечтикке, наркоманияга каршы күрөшүү боюнча пропагандист болуп эмгектенүүдөмүн.
Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусумун, бир нече медалдар менен сыйланып, облустук журналисттер арасында өткөрүлгөн конкурста "Алтын калем" сыйлыгына татыгам. Ош шаардык аксакалдар сотунун мүчөсүмүн.
Менин негизги милдетим - гезиттерге, теле радиого ичкиликтин, наркоманиянын жана тамеки чегүүнүн зыяндуулугу жөнүндө макалаларды жазуу аркылуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
Менин негизги кесибим боюнча иштеримди жана коомдук ишмердүүлүгүмдү эске алышып, 2005, 2006, 2007-жылдары Ош облустук наркология диспансеринин эмгек жамааты "КРнын эмгек сиңирген врачы" наамына көрсөтүшкөн. Бирок, эмнегедир мурдагы саламаттыкты сактоо министри: "Сиздин кандидатураңыз четке кагылды" деген даяр жоопко кол коюп жибергени мени капа кылды. Мен өз укугумду коргоп, бир нече органдарга кайрылдым, бирок, натыйжа жок.
Президентибиздин жаңыдан баштаган реформаларында мына ушундай бюрократизмге чек коюу жөнүндө айтылбадыбы.
А.ТЕМИРБЕРДИЕВ,
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, КРнын Журналисттер союзунун мүчөсү




Жеңилдиктин баасы 1000 сомбу?
Кыргыз Республикасынын Президенти
Курманбек Салиевич Бакиевге
"Кыргыз Туусу" гезитинин редакциясына Кайрылуу
Улуу урматтуу Президентибиз Курманбек Салиевич!
Биз, 1944-жылы сталиндик репрессияга кабылып, туулган жеринен депортацияланган элдин өкүлдөрү жашоонун өзгөчө оор шарттарын өз башыбыздан өткөргөнбүз. Биз улут катары басмырланып, жер которуп келгенде, кыргыз эли жылуу сезим менен тосуп алышкан. Бир туугандык, боордоштук мамилесин көрсөтүшкөн. Достук, ынтымак-ырашкерлик мамиле 65 жыл бою уланып, азыр "сөөгүбүз күрддүкү - түрктүкү" болсо да, "этибиз кыргыздыкы" болуп калды. "Келин алып, кыз берип" дегендей, кыргыз-түрк-күрд улуттарынын өз ара куда-сөөктүк жайы да улам тереңдеп тамыр алып бара жатат.
Биз өзүбүздү Кыргызстандын толук укуктуу жарандары катары эсептейбиз. Азыркы учурда жалпы кыргызстандыктарды социалдык-экономикалык кыйчалыш шарттардан алып чыгып, мамлекеттин бүтүндүгүн сактап, элдердин бекем ынтымагын жана биримдигин камсыздап, туруктуу өнүгүү жолуна түшүү менен Кыргызстанды башка өнүккөн өлкөлөргө катарлаш жаркын келечекке алып бара жаткан Сиздин саясаттын эртеңине бекем ишенебиз жана чын дилибизден жактырып, колдойбуз!
Биз Сизге төмөнкүдөй өтүнүч менен кайрылабыз:
Азыркы кезде Талас облусунун Кара-Буура районунда сталиндик депортациядан улам запкы жеген 39 жабырлануучу жана 63 реабилитацияланган (баарысы 102) адам бар. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин архивдик маалыматтарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан 1996-жылдын 8-майында бизге "реабилитацияланды" (акталды!) деген статус берилип, 1998-жылдын апрелинде Кара-Буура райондук мамлекеттик администрациянын алдындагы атайын комиссия тарабынан жеңилдик алуу укугуна күбөлүктөр тапшырылган.
Бирок, жабырлануучу катары алгачкы ирет мамлекет тарабынан берилген 1000 сомдон башка, 11 жылдан бери бизге мыйзамда көрсөтүлгөн жеңилдиктер толугу менен берилбейт. Так айтканда, электр энергиясына болгон 50%дык жеңилдик берген төлөмдөн башка мүмкүнчүлүктөрдү пайдалана албай жатабыз. Маселен, улуусу 102ге чыккан адам курортко кайдан бара алмак?! Жаш курагы эске алынып, аны акчалай компенсациялап беришсе туура болмок. Эгерде мамлекет тарабынан эки жылда бир жолу курортко жолдомо берилүү каралса, ал эмне үчүн баарыбызга берилбейт, ж.б.у.с.
Буга айрым чиновник жетекчилердин кайдыгерлиги, төрөпейилдик мамилеси чоң себеп болсо, экинчиден, жергиликтүү бюджеттин чамасынын чактыгы кошумча тоскоолдук келтирип жатат. Ошондуктан, Сизден депортацияга туш болгон элдерге берилүүчү (он жылдыкты эске алуу менен!) мамлекеттик-социалдык жеңилдиктерди республикалык бюджеттин эсебинен каржылоого өткөрүп берүүнү өтүнөбүз.
Биз ушул айтылгандардын баарысы тууралуу ак баракка жазып, Сизге атайын кайрылуу жолдогонбуз. Бирок, ал Сизге жетпей, орто жолдо бюрократиялык тоскоолдуктарга туш болуп, кайрылуубузга жарым жолдон эле бизди канааттандырбаган жооп келди. Бул биздин ой-мүдөөлөрдү канааттандыра алган жок. Ошондуктан, "Кыргыз Туусу" гезити аркылуу Сизге кайрадан кайрылууга мажбур болуп жатабыз.
"Слово Кыргызстана" гезитинин 2009-жылдын 11-сентябрындагы санынан Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан чернобылчыларды мамлекеттик камкордукка алуу багытында мыйзамдын дол-боору даярдалып жаткандыгын окудук. Сталиндик репрессиядан жабыр тартышкан улуттар да ушундай эле камкордукка алынышы керек деп эсептейбиз.
Президенттик шайлоодо биз Сиздин таламдарыңызды колдоп, коргоп, шайлоодо Сиз үчүн добуш бергенбиз. Анткени, Сиздин буга чейинки жүргүзүп келген жана азыркы учурда жүргүзүп жаткан саясаттын түпкү маани-маңызы жалпы кыргызстандыктардын жаркын келечегине багыттала тургандыгына бекем ишенебиз.
63 адамдын колу коюлган




Элдин үнү элөөсүз калбайт
Дарыгерлер жаңылыштык кетиришкен эмес
Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлиги "Кыргыз Туусу" гезитинде
2009-жылдын 24-июлунда жарыяланган
"Кайдыгерликтин кесепетинен кызымдан айрылдым" аттуу сын кабарга төмөнкүчө жооп берет:
Сыркоо Д.Б.Усубакунова 2008-жылдын 11-февралында Токмок шаарынын аймактык ооруканасынын хирургиялык бөлүмүнө 09 саат 23 мүнөттө "Курч холецистит" дарты менен жаткырылган. Тийиштүү текшерүүдөн өткөрүлгөндөн кийин ага эртеси 10 саат 55 мүнөттө операция жасалган. Бир катар дарттары болгондуктан, операция оор болгон. Канда билирубиндин көрсөткүчү жогорулап кеткендиктен, башка да дарттары болгондуктан 22-февралда кайрадан операция жасоого туура келген. Операция учурунда дагы бир катар дарттардын бар экендиги айкындалган.
2008-жылдын 14-мартында дренаждык трубка салуу менен канааттандыраарлык абалда ооруканадан чыгарылган. Кийинчерээк ден соолугу кайрадан бузулгандыгына байланыштуу ушул эле жылдын 9-апрелинде "Лапаротомия" операциясы жасалган. 26-апрелде жакшы абалда ооруканадан чыгарылып, беш-алты айдан кийин кайрадан дарыланууга тийиш экендиги эскертилген.
Ден соолугу кайрадан начарлагандыктан, 14-октябрда улуттук хирургиялык борборго кайрадан жаткырылган. Текшерүүдөн өткөрүлгөндөн кийин кайрадан операция жасалган. Комплекстүү дарылоо жүргүзүлгөндүгүнө карабастан, оорулуу 2008-жылдын 1-ноябрында күчөгөн дартына байланыштуу дүйнөдөн кайткан. Ага бардыгы болуп төрт дарт коюлган.
Улуттук хирургиялык борбордун врачтары тарабынан жаңылыш аракеттерге орун берилген эмес.
А.МУРАТОВ,
Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо
министринин орун басары




"Аалам ордодо" аксакалдарга сый көрсөтүлдү
1-октябрь карылар майрамы күнү Ысык-Көл облусунун аксакалдары Ташкул Керексизовдун чакыруусу менен өзү курдурган "Аалам ордо" эс алуу маданий комплексине беш жүздүн тегерегинде адамдар келишти. Чогулгандарды майрамы менен Тоң районунун мамлекеттик администрация башчысы (акими) кызуу куттуктап, жакшы каалоосун айтты. Андан кийин облустук ар бир райондон келген аксакалдардын өкүлдөрүнө сөз берилди.

Ысык-Көл районунан чакырылган меймандардын эң улуусу 92 жаштагы Токтомамбет Осмонов аксакал сөз алып, касиеттүү Ысык-Көлдүн жээгине ушундай көркөм, кыргыздын жеринин кооздугун дүйнө элдерине даңазалай турган керемет жайды кургандыгына, ушунча элди чогултуп баш коштургандыгына элдин атынан Ташкул мырзага ыраазычылык билгизди. Мына ошол учурда Ташкул мырза ордунан туруп, элден кечирим сурап, сөз алып Ата Мекендик согуштун катышуучусу Токтомамбет аксакалга кайрылып:
- Балдарыңыз, неберелериңиз барбы? - деп сурады.
Токтомамбет аксакал:
- Балдарым, неберелерим тоодо, кашарда. Малды карайт, - деп жооп узатты.
- Андай болсо мен сизге чакырылган меймандардын эң улуусу катары урматтап, балдарыңызга кыйналбай барып-келип туруу үчүн тоо-ташты ылгабай жүрүүгө ылайыкташкан "Нива" машинасын белекке беремин", - деп колун катуу кысып, бетинен сүйдү.
Олтурган элдин баарысы ордуларынан турушуп, дүркүрөгөн кол чабуулардын астында Ташкул мырзага узун өмүр каалап, чексиз ыраазылыгын билгизип бата беришти. Ошондон кийин кыргызга таанымал өнөр чеберлери Намаз Уралиев, Бакыт Шатенов баш болгон ондогон артисттердин катышуусунда чоң концерт тартууланды.
Жыйынтыгында жүздөгөн адамдардын астына кеңири дасторкон жайылып, сый тамак берилди. Жыйынга катышкан жүздөгөн аксакалдар Ташкул мырзанын кең пейилдигине, марттыгына, кайрымдуулугуна ыраазы болуп, батасын берип үйлөрүнө кайтышты.
Төлөн КАСИЕВ,
Ысык-Көл районунун
Сары-Ой айылынын тургуну,
Ысык-Көл районунун
ардактуу атуулу