, 09.10.09 - 19-бет:
  Улукман

Гастродуоденит бул - ашказан былжырынын жана он эки эли ичегинин сезгениши. Гас-тродуодениттин кармашы ар кандай болот: кускусу келип, кабырганын алды ооруп, ашказан ашыкча тоюп тургандай сезилип, ооздун ичинде жагымсыз даам сезилет. Мына ушундай эле белгилер гастритте да болот.

Гастродуоденит
ардык гастродуоденитти эки негизги топко бөлсө болот. Биринчиси бул - атрофикалык гастродуодениттер. Алардын пайда болушунда тукум куучулук, ашказандын былжыр кабыкчасынын бөтөнчөлүгү жана секретордук кемтик. Бул негизинен орто жана улгайган курактагы адамдарда байкалат. Мында тамакка табит тартпай, кекирип, курсак курулдап, ич өтүп же катышы толук мүмкүн.
Анын башка тобуна хелибактериялык гастродуодениттер кирет. Алардын пайда болушунда пилорикалык хелибактер - микроб чоң роль ойнойт. Ашказандын былжыр чел кабыкчасында жогоркудай микроб пайда болгондо сезгенүүнү чакырып, тамак ичкенге жана ичкенден кийин далынын алды ооруп, кекирип, зарна болуп, ооздон жаман жыт чыгат.
Гастродуоденитти
дарылоо диетадан
башталат
иетаны кандай кармоо керек? Акталган таруу, күрүчтөн жана жашылчалардан шорпо, эт, козу карын, балыктан кайнатмаларды ичкен жакшы. Майы жок эт, сууга бышырылган тоок, бууга, демделип бышырылган (сырты катуу эмес) котлеттер, майлуу эмес ветчина, каймак май, айран (кефир), кычкыл эмес быштак, чала бышырылган жумуртка, гречка, манна, күрүч ботколору, жашылча-жемиштер, вареньелер, сухарлар (кургатылган нандар), мармелад, кантты жегенге болот. Аш тузун 12-15 граммга чейин колдонуу керек. С, В1, В2, РР витаминдери сунушталат. Күнүнө 5 жолу тамактануу зарыл.
Өнөкөт гастродуодениттин пайда болуш себептерине туура эмес тамактануу, өтө ачуу тамактарды жана арак, ысык жана муздак тамактарды ичүү, тиштин начардыгы, тамакты жакшылап чайнап жебөө кирет. Өнөкөт гастродуоденит подагра, кант диабети, калкан безинин гиперфункциясы, ичегилердин бактериалдык оорусу, өттүн сезгенишинде пайда болот.
Тамак ичүүдө төмөнкү эрежелерди колдонуу кажет:
Тамак жана суусундук өтө ысык жана өтө муздак болбоого тийиш. Эч качан катуу тамакты жакшы чайнабай туруп жутуп жибербеш керек. Тамакты күнүнө аз-аздан жана бат-баттан ичкен жакшы.
Гастродуоденитти
дарылоо
1. 0,5 стакан калинанын жемиши, 2 стакан чага козу карынынын майдаланганы, 100 гр. алоэнин маңызы жана 300 гр. бал. Калинага 3 л. суу куюп, кайнаганга жеткирип токтотуп коёт да бир сутка ширелентет. Ага чаганы кошот. Муну муздаткычка эки сутка коюп, андан соң сүзүп алып, бал жана алоэни аралаштырат. Бал эригенче аралаштырыш керек. 0,5 стакандан күнүнө 3 жолудан тамак ичээрден жарым саат мурун кабыл алыш керек.
2. Чалкандын жалбырагы, бака жалбырак, чай чөп, гүлдөгөн ромашканы бирдей өлчөмдө алат. Даярдоо жана колдонуу: 2 аш кашык алдын-ала майдаланган (кофе талкалагычта же эт туурагычта) топтомго 0,5 л. кайнак суу куят, аларды термоско түнү бою сактап, ширелентет. 1/3-1/4 сткандан күнүнө 3-4 жолудан тамактанаарга чейин ичет. Дарылоо курсу 1-1,5 ай.
Мындан башка да чөп өсүмдүктөрү менен дарылоонун көп жолдору бар. Чөп өсүмдүктөрүнүн топтомун башка дарылар менен айкалыштырып ичсе болот. Жогоркудай өсүмдүктөн жасалган дарыларды үзгүлтүксүз ичкенде 2-3 жумадан соң жылыш байкалат. Бирок, чөп дарыларды ичээрде врач менен кеңешип алган оң.
Гастродуодениттен улам ич өткөндө туз кислотасынын 10 пайыз эритиндиси жакшы жардам берет, анткени ашказан маңызынын иштелип чыгышына өбөлгө түзөт: 30 тамчыны бир стакан сууга кошуп, тамактануу учурунда күнүнө 3 маал ичүү керек. Темир жетишсиздигинин натыйжасында пайда болгон анемияда сулфат темир түрүндө 50-100 мг.темирдин жардамы менен дарылашат, жумасына эки жолу канда гемоглобин калыбына келгенче колдонсо болот.




Водянка же сары суу оорусуна эмне шыпаа?
1. Чийки, сууга кайнатылып же бышырылган алманы ачкарын жеген жакшы.
2. Колдон келишинче дарбызды, лимонду көп жеген пайда.
3. Калинанын кайнатылган жемишин бал менен жылуу түрүндө ичет.
4. Сабиздин ширесин күнүнө 6 жолу ичсе бул да пайда.
5. Хрендин тамыр жемишин күн сайын жаңы түрүндө нан же кумшекер менен (бал менен да болот) же кумшекердин ширеси түрүндө күн сайын тамак катары пайдаланган оң.
6. Долононун жаңы гүлдөрүнөн 1 чай кашыкты 10 кашык спиртке (бир жума коюп) чылап, маңызын чыгарып алып, күнүнө 3 жолу тамактан кийин 15-30 тамчыдан кабыл алуу керек.
7. Хмелдин (кулмак) майдаланган тобурчагынан 1 чай кашыкты 7 күн 4 чай кашык спиртке же аракка чылап коюп, андан соң сүзүп алат. Жарым стакандан күнүнө 4-5 жолу ичүү зарыл.

"Таза тамакты"
тандап жеген пайдалуу

Тибет медицинасы "таза тамакка" кирген төмөнкү азыктарды дайыма тамакка кошуп жүрүүгө кеңеш беришет.

Абрикос. Абрикостун жемиши дарылык касиетке ээ. Анда калийдин, темирдин тузу көп санда экени аныкталган. Анемияда (кан аздуулукта), ошондой эле жүрөк-кан тамыр ооруларынан жабыр тарткандарга жакшы, анткени калийдин тузу организмден сууну чыгарат. Абрикосто кант өтө көп болгондуктан, кант диабети менен ооругандарга аны жегенге болбойт.
Дарбыз. Өт айдоочу каражат катары ( өттө таш пайда болгондо) колдонулат. Ошондой эле балдардагы полипти дарылоо үчүн да дарбыз жакшы эм болот. Дарбыз аш болумдуу жана жеңил сиңген углеводдорго бай.
Барбарис. Микробдорго каршы өтө активдүү жана сергектенткен касиетке ээ. Жалбырагынан жасалган маңызы өт айдоочу жана кан токтотуучу каражат катары колдонулат.
Жүзүм. Жүзүмдүн жемишин жана ширесин колдонуу жүрөк-кан тамыр системасынын функционалдык бузулушунда жакшы шыпаа берип, кан басымын калыпка салат. Жүзүм менен дарылоо курсу 1,5 айга же андан да көп созулушу мүмкүн.
Эртең менен, кечинде тамактанардан 1 саат мурун бирдей тең өлчөмдө колдонуш керек. Күндүзгү өлчөм дарылоонун башталышында 1 килограммга чейин, дарылоонун аягында 2 килограммга чейин. Дарылануу учурунда диетаны сактоо керек, чийки сүт, чийки жемиштер, спирт ичимдиктери, минералдык суу ичпөө зарыл. Жүзүмдү ич өтүү менен коштолгон ашказан-ичеги трактынын ооруларында жана диабетте, толуп кетүүдө колдонгонго болбойт.
Жүзүм организмдеги зат алмашууну жакшыртып, тер бөлүп чыгарганга жардам берет. Ошондой эле жүзүм өнөкөт бронхитте, бронх астмасында, кургак учукта, өнөкөт нефритте, өнөкөт уретритте, геморройдо, кан аздуулукта, бөйрөк ооруларында, подагра ж.б. ооруларда колдонулат.
Коон. Ич катканда жана геморройдо ич жумшартуучу каражат катары пайдаланылат.
Клюква . Гастритти дарылайт. Бөйрөк үчүн да жакшы.
Картошка. Жогорку кислоттуу гастритте, ич катканда, жара ооруларында картошканын жаңы ширеси колдонулат.
Капуста. Табитти ачуу үчүн жана өнөкөт ич катууда, геморройдо колдонулат. Ашказан жана он эки эли ичеги жарасын дарылоодо да капустаны пайдаланышат.
Жаңгак, мейиз, сыр. Күн сайын алар менен азыктанса нерв системасын чыңдап, чарчаганды басып, жүрөк булчуңдарын бекемдейт, боор ооруларына пайдалуу.
Сабиз. Ич катканда жана геморройда ич жумшартуучу каражат катары колдонсо болот. Ал үчүн сабиздин ширеси жакшы.