, 02.10.09 - 9-бет:
  Партиялык турмуш

Ар бири өз өлкөсүндөгү жетектөөчү партия "Ак Жол" Элдик партиясы менен Кытай Коммунисттик партиясынын ортосундагы алакалар күн санап өсүүдө. Эки партия ортосундагы иш тажрыйбалары, делегациялар менен алмашуу формалдуу эмес, туруктуу иш-чарага айланды. Бул салтты улантып, "Ак Жол" Элдик партиясынын өкүлчүлүктүү делегациясы жакында ККПнын Борбордук комитетинин чакыруусу менен ал өлкөдө болуп, партиялык иш менен таанышып кайтты. Бул иш сапары жөнүндө айтып берүүсүн өтүнүп, кабарчыбыз "Ак Жол" Элдик партиясынын Аткаруу комитетинин уюштуруу катчысы, КРнын Президентине караштуу Стратегиялык анализ жана баалоо институтунун Гуманитардык саясат борборунун жетекчиси М. Чаначевге кайрылган.
ККПдан үйрөнүүчү тажрыйбалар көп
- Кытай компартиясы уюшулганына 80 жылдан ашык убакыт өткөндүктөн тарыхка да, тажрыйбага да бай. Бул жагынан "Ак Жол" Элдик партиясы теңеле албайт, ага жакында эки жыл толот. Бирок эки партия тең бийликтин партиясы болгондуктан жалпылыктар да аз эмес. Ошондуктан кытайлык кесиптештериңиздерден үйрөнчү нерселер аз эмес болсо керек?
- Сөз башында айта кетсем, бул жолку иш сапары өткөн жылы башталган эки партиянын ортосундагы диалогдун улантылуусу болуп калды жана биздин өлкөлөрдүн жетекчи партияларынын байланыштарынын өнүгүүсүнө чоң мазмун берди. Ал эми, үйрөнчү нерселерге келсек, алар жетиштүү.
Ооба, анын да бир нече себеби бар. Биринчиден, ККПнын кытай коомундагы ордун алалы. Ал өлкөнүн Конституциясында жетекчи партия катарында аныкталган. Ошол эле учурда ККП 1949-жылдан бери бийликте туруп, мамлекетти башкаруудагы өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтө алды. Алардын тарыхы шарттуу алганда үч этаптан турат. Биринчиси - агрардык революция жасоо, маданий революция жасоо. Экинчиси - өнөр жайды өнүктүрүү жана үчүнчүсү - 1978-жылдан бери башталган реформалар жана "ачык коом" саясаты. Мына ушуларда ККП өзүнүн авангарддык ролун көрсөтө алды. Натыйжада Кытай экономикасы учурда дүйнөдө экинчи орунга чыкты. Бул жогоруда мен айтканымдай, мамлекеттин турмушундагы компартиянын ролунун практикалык натыйжасы.
Экинчиден, аталган иштердеги партия мүчөлөрүнүн авангарддык ролу. Буларда кадр даярдоодо, тандоодо элдин, коомдун кызыкчылыктарын жогору коё билүүсү. Кадрлардын жоопкерчилиги да жогору.
Үчүнчүдөн, партиянын өзүн-өзү реформалоодогу ички потенциалынын жогору болушу.
Төртүнчүдөн, дүйнөдө эң көп калкы бар өлкөнү башкаруудагы коомдун ар кайсы катмарларын баш коштуруп, өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган иштерди аткара алуусу. Ал үчүн элдин ой-мүдөөсүн таба билүүсү, ошондуктан элдин колдоосуна ээ болуусу.
- СССР таркап кетээр алдында биздеги компартия өз кадыр-баркын жоготуп албады беле. Бул жаатта, башкача айтканда партиянын калк арасындагы кадыр-баркын, ролун жогорулатууда, жалпынын колдоосуна ээ болууда ККП эмнеси менен үлгү болчудай?
- Партиянын өз идеяларынын эл арасына кеңири жайылтуусу жана аларды ишке ашыра билүүсү. Башкача айтканда, сөз менен ишти айкалыштыра билсе, башкаруучу партия боло алат. КПССтин өлкө турмушунунун аренасынан чыгып кетүүсүнүн бирден-бир себеби да ушунда болчу. ККП кадр тандоодо, реформаларды жасоодо, экономикалык, социалдык, маданий маселелерди чечүүдө натыйжалуу иш алып барып жатат.
- Марат Сыдыкович, сиздер ККПнын ишмердүүлүгүнөн партиялык ишти уюштуруу, партиялык ички тартипти сактоо боюнча үйрөнчү нерселерди көрө алдыңыздарбы?
- Сентябрда ККП БКсынын кезектеги пленуму болду. Ошондо партиялык курулуш боюнча маселелер каралды. Биринчиси - партия мүчөлөрүнүн коомдогу авангарддык ролу, экинчиси - партиялык уставды бузгандарга карата көрүлүүчү чаралар.
Ар бир коммунист конкреттүү баштапкы партиялык уюмда каттоодо турат. Эгерде ал партиянын уставын же мыйзамдарды бузса катуу чаралар көрүлөт. Акыркы мезгилде коррупция менен күрөш катуу жүрүүдө. Бул боюнча алдын алуучу чаралар иштелип чыккан. Мисалы, ар бир партиялык жетекчи өзүнүн милдеттерин кандайча аткарып жаткандыгы тууралуу отчетторду угуу. Каттоодогу ар бир коммунисттин жылдык отчету да каралат. Анда анын өз милдеттерин кандай аткарып жаткандыгы талкууланат. Мында эки тараптуу жоопкерчилик каралып жатпайбы, биринчиси - партиялык, экинчиси - мыйзамдык. Мына ушулар биздин партиялык түзүлүш үчүн да алгылыктуу иштер деп ойлойм.
- Азыр экономикалык проблемалар биринчи орунга чыкпадыбы, ошондуктан кытайлык кесиптештериңиздер саясый партиялык иш менен экономикалык ишмердүүлүктү кандайча айкалыштырышып жатышыптыр?
- Ар бир деңгээлдеги партиялык жетекчи ошол эле деңгээлдеги кызмат да адамы болуп саналат. Баардыгы үчүн жооп берет. Ар бир тиешелүү аймактык административдик өкмөттүн жетекчиси да партиянын мүчөсү катарында ага тапшырылган иш боюнча жоопкерчиликтүү. Кадрлар боюнча да жоопкерчилик аларга тапшырылган.
- Кытайда партиялык катуу тартип менен демократиялык принциптер кандайча айкалыштырылып жаткан экен?
- Элдик саясый консультативдик кеңеш институту бар. Ага ККПдан тышкары Кытайдагы 8 партиянын өкүлдөрү да киришкен. ККП өзүнүн сунуштарын жалпы элге чыгаруудан мурда алар менен талкуулап, консультацияларды жүргүзөт. Бул өлкөдөгү проблемаларды чечүү жолдорун издөөгө жалпы коомдун өкүлдөрүн тарткандык эмеспи. Баса, бизде да Президент К. Бакиев азыр мамлекеттик маанилүү чечимдерди кабыл алууда коомчулуктун пикирин эске алуу максатында Элдик курултай институтун киргизгени жатпайбы. Кызыгы, кытайлык кесиптештерибиз биздин Президент К.Бакиевдин Кайрылуусу менен жакшы тааныш болуп чыгышты.
- Кытайда жетектөөчү партия катарында ККП бардык реформалардын башында туруп жатат. Президент К. Бакиев 1-сентябрдагы парламентте жасаган Кайрылуусунда реформалар боюнча бир топ идеяларды көтөрүп чыкты. Ошондуктан биздин өлкөдөгү жетектөөчү партия катарында "Ак Жол" мамлекет башчысынын Кайрылуусундагы идеяларды жөн гана колдоо билдирип тим болбостон, аларды ишке ашыруу боюнча республикалык, облустук, райондук масштабдарда кандайдыр бир иш-чараларды пландаштырып жатабы?
- Биздин партияда Президенттин Кайрылуусунда айтылган идеяларды колдоо боюнча да, аларды ишке ашыруунун механизмдерин иштеп чыгуу боюнча да иштер жүргүзүлүп жатат. Октябрь айында жергиликтүү партиялык уюмдарда талкуулар жүрмөкчү. Саясый партиялар жөнүндөгү мыйзамдагы ыйгарымдарга жараша иш жүргүзүлмөкчү. "Ак Жол" партиясынын мүчөлөрүнүн Президент койгон милдеттерди аткаруудагы жоопкерчилиги, иштердин аткарылуусуна көзөмөл жүргүзүү механизмдери каралмакчы.
- ККП дүйнө жүзүндө болуп жаткан окуяларга өтө сезимтал мамиле жасайт эмеспи. Алар биздин Президенттин Кайрылуусу менен жакшы тааныш экендигин да белгилеп өттүңүз. Кайрылуудагы кандайдыр бир нерселерди жактай тургандыгын, өздөрүнүн ишмердүүлүгүндө пайдалана турушкандыгын айтыштыбы?
- Кытайлык кесиптештерибиз ар бир өлкө азыркы учурда өзүнүн өнүгүү жолун табышы керектигин белгилешти. Эгер таба алса, прогресс боло тургандыгын, ошол эле учурда башкалардын өнүгүү жолун жөн эле туураса, натыйжа болбой тургандыгын баса көрсөтүштү. Бир сөз менен айтканда Президентибиз баса көрсөткөн элдик салттар менен инновациялардын ортосундагы акыл-эстүү баланс керектигин абдан туура көрүшүүдө. Кытайдын өзүндө да реформаларды жүргүзүүдө ушундай балансты табышкан экен.
Андан тышкары Президентибиз айткандай, реформаларды жүргүзүүдө кадрларды тандоо, кадрларды башкаруу, алардын практикалык тажрыйбага ээ болуусун алар да туура көрүшүүдө. Себеби, ар бир иштин натыйжасы кадрларга байланыштуу болот эмеспи. Мына ушундай сунуштарынан улам алар биздин Президентибиздин Кайрылуусун абдан кылдаттык менен иликтеп чыгышканы көрүндү. Анан да Президент койгон идеяларды аткаруунун механизмдерин иштеп чыгууну сунушташты. А эң башкысы ошол идеяларды ишке ашырууга ниет, эрк, механизмдер, ишке ашыруучу адамдар болушу, кандайча ишке ашырылып жаткандыгын көзөмөлдөөчү механизмдер иштелип чыгылышы керектигин баса белгилешти. Ошондо биздин партия өз ордун табарын айтышты. "Анан да туура көрсөңөр, биздин тажрыйбабызды, башка өлкөлөрдүн, партиялардын тажрыйбалары силерге ылайыктуу болсо, колдонуңуздар" деген ойду билдиришти.
Маектешкен Мырзакат ТЫНАЛИЕВ,
"Кыргыз Туусу"