, 02.10.09 - 20-бет:
  Көңүлдөгү көйгөй

Айрым патриотторубуз биздин көчмөн
маданиятыбызды өтө ашкере даңазалап, атүгүл номадизмди идеалдаштырып келишет. Менин ага каршылыгым жок. Номадизм этномаданияттын бир учуру катарында этнографтар үчүн иликтөөнүн чоң объектиси да болуп бере алат. Бул биздин элдин тарыхын изилдөөдө да бизге кандайдыр бир дивиденддерди бериши мүмкүн. Бирок, бүгүнкү күндүн реалийлеринен алганда мына ушул "көчмөнчүлүк" менен күрөшүүгө, макаланын аталышындагы "Көчпө, кыргыз, көчмөйүңдү таштагын!" деген ураанды таштоого мезгил жетти деп ойлойм.

Көчпө, кыргыз, көчмөйүңдү таштагын!
"Хоп, майлилердин" кесепеттери...
Анткени мына ушул "көчмөнчүлүктөн" - ички жана тышкы миграциядан - улам эсил кайран СССР менен анын түзүлүшүнүн башатында турган Иосиф Сталин бөлүп берген аймагыбызга да толук ээ боло албай келдик. Союздун курамында турганыбызда кошуна өлкөлөр менен чектеш канчалаган жерлерибиз ал өлкөлөрдүн энчисине өтүп кеткен жана ал процесс СССР кыйрап, өз алдынча мамлекет болгонубуздан кийин да уланууда. Албетте, мен мурдагы бир өлкөнүн тең укуктуу республикалары ортосундагы делимитацияланбаган, талаштуу деп эсептелген жана союз мезгилиндеги республикалык жетекчилерибиздин ашкере "берешендигинен" улам юридикалык так жоболоштурулбай "убактылуу" делинип ижарага берилген жер участокторунун кийин биротоло кошуналардыкы болуп калгандыгы, андай "жер жоготмойлор" азыр да уланып жаткандыгы жөнүндө айтып жатам.
Коомчулукта кызуу талаш-тартыштарды жараткан мурдагы пикирлерди айтпаганда да акыркы мезгилдеги өкмөттүк эки гезитте жарыяланган эки материалдагы фактыларга токтололу. "Эркин Тоо" гезитинин быйылкы жылдын 11-сентябрындагы санына өлкөбүздүн мурдагы башчысы Турдакун Усубалиевдин "Турдакун Усуба-лиев - кылымга тете өмүр" деген маеги жарык көрдү. Чейрек кылым Кыргызстандын ички жана тышкы саясатын жеке аныктап турган (партиялык демократиялык централизм принцибин эстеп коелу) инсандын бул маеги кыргыздардын журт башчыларынын кыргыз жерине болгон мамилесин эң сонун көрсөтүптүр. Эми ошол узун маектен бир нече узунураак цитата келтирейин.
"Ошол кезде Төрткүл деген суу сактагычты куруу жөнүндө долбоор түздүк. Суу сактагыч алты жылда курулуп бүттү. Анын төмөн жагында тажиктердин кыштагы бар экен. Аларга айттык, биз айылды көчүрүп берели, каалаган жагыңарга алпарып кондуралы, үй салып берели дедик, бирок алар болбой коюшту". Көңүл буруңуз, окурман. Бул карапайым тажиктердин ата конушуна карата мамилеси!
"Өзбектер пахтага суу жетпей жатат, ошон үчүн Анжиян суу сактагычын курушубуз керек деп маселе коюшту. Ал Өзгөн району жакта. Биз макул болдук. Өзбектер анын ордуна бизге Сох суусуна чейин сол канал куруп беребиз дешкен. Оң жагынан Базар-Коргонго дейре өзүңөр курасыңар, анда да көп жерлер сугарылат дешти. Ошентип оң жагын өзүбүз куруп суу алдык, Базар-Коргондогу бир топ жерлер сугарылды ошондо. Ал эми сол каналды өзбектер мына курабыз, ана курабыз деп атышып курулбай калды. Биз Москвага кабар бердик. Москва бизди колдоду. Аңгыча союз таркап кетип, ошол бойдон бул иш токтоду. Ал эми Анжиян суу сактагычы өзбектердин карамагында калды. А суу сактагыч курулган жерди биз өзбектерге бергенибиз жок.
Андан башка Сох суусунун төмөн жагына да бир чоң суу сактагыч курушмак өзбектер. Аны да мына, ана деп отуруп, келишимге келип отурганда союз таркап кетип, токтоп калды. Сохту да алар маалкатып отурушуп бербей коюшту.
... Чоң Фергана каналынын көп жери биздин аймак боюнча өтөт. Бир тобу Өзбекстан аркылуу кетет. Өзбектер Кыргызстанга ошол суу өткөн биздин аймак үчүн жер бериши керек. Ал дагы улам жылдырылып отуруп берилбей калды.
Аксы жагында Касан-Сай деген суу сактагыч бар, ошол жер да биздики. Союз кезинде бизде
баары жалпы эле да. Ошондо суу сактагыч куруп туруп, анан силерге жер беребиз деп, жаман жерлерин берип, ал суу ошол бойдон өзбектерде калып калды.
Керкидөң деген каналдын да бир топ жери биздики, аны да беришкен жок. Оштун бери жагында Отуз-Адыр деген канал бар. Ошол каналдын да бир топ жери бизге тиешелүү. Анын ордуна жер беребиз деп жүрүп беришпей коюшту". Бул эми өзбектердин жетекчилеринин "хоп, майли!" деп эшегин суудан өткөрүп алганча (тагыраак айтканда биздин жерлерди алышып, суу чарба объектилерин куруп алганга чейин) алдамай жана биздин жетекчилерибиздин биздин ата конушубузга карата маңыроо мамилеси эмеспи!
"Каркыра суусунун башаты биздин тоолордон башталат. Узундугу 70 чакырым келет. Казактардын Иле суусунун куймасы. Союз кезинде мен казак жетекчилиги менен биздин көлдүн суусу азайып баратат, бизге 300 млн. куб көлөмдөгү Каркыраны бергиле деп сүйлөштүм, алар макул болушкан жок. Анан биз политбюрого чыгып, алар бизди колдоп, Каркырадан бери көздөй канал сала баштадык. Бирок башкы курулушу - сууну бура турган жери калып калган. Ал жерге казактардын эч кандай тиешеси жок. Жер биздики, Каркыра суусу биздики". Бул дагы бир кошунабыз Казакстандын жетекчилигинин жер-сууга мамилеси жана биздин ошол кездеги жетекчилерибиздин "хоп, майлилери"!
Албетте, бул фактыларды мурдагы биринчи жетекчибиз өзү айтып жаткан соң, априори аларга ишенбей коюуга болбос.
Өз алдынча мамлекет болгону кыргыздын өз жерине мамилеси өзгөрдүбү?...
акул, ал кезекте Москванын көрсөтмөлөрү күчтүү болуп, кошуна республикалардын жетекчилерине караганда биздин республиканын жетекчилери патриот боло алышпай, мажирөөлүк кылышты дейли (буга да ишенүү
кыйын, анткени өздөрүнүн жеке керт баштарынын кызыкчылыктары үчүн бир топ маселелерди ийгиликтүү чечип келишкен). Эми өз алдынча мамлекет болгондон берки Ата-Мекенге, анын жер участокторуна мамилебиз андан жакшырып кетпегени өтө өкүнүчтүү. Сөзүбүзгө далил үчүн өтө жаңы фактыларга кайрылып - "Кыргыз Туусу" гезитинин өз кабарчысы Т. Абдыразаковдун "Чегарага чектеш жердеги чечилбеген маселелер" аттуу репортажынан цитаталарды келтирели ("КТ" №69, 15.09.09-ж.).
"Жакында эле пайдаланууга берилген Тажикстандын Сурх, Чорку айылдарын айланып өткөн асфальт жол менен баратканда А. Эргешов (Баткен районунун Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыктын башчысы - М. Т.) бизге төмөн жактагы бак-дарактуу жерди көрсөтүп:
- Мына бул жер Чек-Дөбө деп аталат. Тажикстандын жарандары 2 гектар жерди өздөштүрүшүп алышып, аларды чыгаруу кыйын болуп жатат,-деп калды. Биз ага:
- Алар биздин жер экендигин билишеби? - деген суроо узаттык.
- Тажикстандыктар өздөрү деле билет, бул Кыргызстандыкы экендигин, бирок билмексенге салышат. Мындай талаш жерлер көп бизде. Бул участоктор биздин айылдардан алыс тургандыктан кошуналар өздөштүрүп алышкан. Кыш заводу деген участокто алар 4 гектарга кирип кеткен. Кара деп аталган участокто да 2 гектар жерди өздөштүрүп алышкан. Жакында кошуналар ошол жердеги биздин аймакка тиешелүү 50 сотых жерди стадион курабыз деп казып коюшкан экен, биздин жетекчилер, күч органдары барып, аны токтоттук."
"Бул жердеги чегара ийри-буйру, тар көчөлөр менен өтөт. Көчөнүн берки бети Кыргызстандыкы болсо, аркы бети Тажикстандыкы. Жалпысынан алганда Таш-Тумшукта жашаган 78 үйдүн жарымынан көбү сатылып кеткен. Эң өкүнүчтүүсү бул үйлөрдү Тажикстандын жарандары алып жатышат...
... Бул үйлөрдүн баары мыйзамсыз сатылса да, ага кирип алган тажик жарандарын чыгаруу өзүнчө эле баш оорутма көйгөйгө айланган".
"Өткөн айда шайлоо алдында Жогорку Кеңештин А. Салымбеков баштаган бир нече депутаты келип, абалыбыз менен таанышып: "Жаңыдан салынып жаткан мектептин курулушуна жардамдашабыз",-деген убадаларын берип кетишкен болчу. Мектептин курулушуна 7,5 млн. сом керектелет деп айтышкан, бирок анын пайдубалы түптөлгөн бойдон токтоп калды". Бул эми, жогоруда айтылгандай, азыркы учурдагы - өз алдынча мамлекет болуп тургандагы чегара райондоруна жасап жаткан мамилелерибиз! Мына ушундан кийин кыргыздын эзелтеден ээлеп келген жерлери улам азайып, а кыргыздар болсо, Бишкек менен Чүй өрөөнүнө эле котолоп чогулуп алчудайбыз...

Абалдан чыгууга жол барбы?
Албетте, бар!
Биринчиден, ата-бабаларыбызды ансыз да далай жеринен ажыраткан көчмөн саясатты, башкача айтканда ички жана тышкы миграцияны токтотуу боюнча чараларды көрүү керек! Ансыз да күчкө, акылга толгон, өз Ата-Мекенинин өнүгүшүнө зор салымдарын кошо ала турган жаш курактагы бир миллиондон ашуун кандаштарыбыз өз мээнеттерин Россия менен Казакстандын жана алыскы чет өлкөлөрдүн гүлдөп-өнүгүшүнө жумшап келишүүдө. Ал эми жаш кыздарыбыз күнүмдүк кызыкчылыктардан улам чет элдик жарандарга турмушка чыгуу менен алыскы чет өлкөлөрдөгү картайып бара жаткан калктардын кандарын (генофондун) жакшыртып жатышат. Алардан төрөлгөн жээндерибиз эч качан кыргыз болбосун эң сонун билебиз (кыргыздар башка улуттарга салыштырмалуу өз генинин начар экенин билгенден улам "жээн эл болбойт" деген макалды чыгарышканбы?..). Ошол эле учурда жаратылыш боштукту сүйбөгөн сымал, бош калган аймактарыбыз, жогорудагы мисалдардан көрүнгөндөй, өз аймагы өз калкы үчүн тарлык кылып жаткан кошуналарыбыздын өкүлдөрү менен толукталууда.
Бир караганда парадокс! Эмне үчүн кыргыз жашоого мүмкүн эмес деп сатып кетип жаткан жерлерди кошуна тажиктер менен өзбектер салыштырмалуу эбегейсиз акчаларга сатып алышып, эң сонун жашап жатышат!? Бул кыргыздардын жалкоолугунун, эпсиздигинин, патриотизм сезиминен куржалак калгандыгынын дагы белгиси эмеспи!?
Ошондуктан, бул проблема келип чыккан соң, мамлекет ага көз жумду мамиле кылбастан, аны чечүүгө, башкача айтканда күчтүү патернализм саясатын жүргүзүүгө тийиш. Бул үчүн азыркыга чейин создуктурулуп келе жаткан чегара аймактары жөнүндө атайын мыйзамды кабыл алып, ал аймактарды экономикалык жактан өнүктүрүү зарыл. Аны менен катар эле аталган жерлердеги жашаган кыргыздардын социалдык маселелерин чечүү күн тартибине коюлуусу керек. Чынында, мунун толгон-токой жолдору бар. Союз мезгилиндегидей эле чегара аймактарында жашаган калкка социалдык жөлөкпулдарды төлөп берүү, алар үчүн ар кандай жеңилдиктерди киргизүү зарыл. А эң башкысы - мында жогоруда мисал келтиргенибиздей, А. Салымбековдукундай куру убадаларды берип, элди да, өздөрүн да жооткотуу мамилесине жол жок болсун. Мына ошондо гана азырынча делимитацияланбаган, а бирок кыргыздар жашап турган айылдарыбыз делимитация процессин аяктаганга чейин кошуна өлкөлөрдүн жарандары жашаган калктуу пункттар болуп чыга келбейт.
Сөз аягында айтарым, "көчмөн элбиз, көчмөн маданиятыбыз мыкты" деген мактаныч идеологияны таштап (акыркы мезгилде аны көтөрүп жатышкандар көбөй-
дү), бул макаланын темасындагы ураанды көтөрүү мезгили келди. Анан калса, мындай талаш чегара райондорунда калкты кармап калуу боюнча биз айткандардан башка да дүйнө мамлекеттеринде тажрыйбалар жетишерлик. Эгерде өзүбүздүн акылыбыз жетпесе, ошолорду пайдалануу ашыктык кылбас...
Мырзакат ТЫНАЛИЕВ,
"Кыргыз Туусу"