, 02.10.09 - 18-бет:
  Реформа: ойлор, пикирлер, сунуштар

Мамлекет башчысынын өлкөнү башкарууда эски системаны түп-тамырынан өзгөртүү зарылдыгын айткан сөзү, башталган реформа өз колдоочуларын көбөйтүп жатат. Маектешибиз Ош
шаардык суу чарба муниципалдык ишканасынын жетекчиси, Ош
шаардык кеңешинин депутаты Дөөлөтбек Кокочоров да биздин кабарчыбызга келип омоктуу ойлорун ортого салган.

Шылуундар четтетилип, чыгаандар эл башкарса
- Дөөлөтбек Курманбекович, Ош шаардык кеңешинин депутаты, көп жылдык тажрыйбасы бар жетекчи катары Президент демилге көтөргөн, мамлекеттик башкаруу системасын реформалоо боюнча пикириңизди уксак?
- Башкаруу системасын реформалоо бүгүнкү күндүн эң зарыл талабы. Президентибиз Курманбек Салиевич өзү айтып жаткандай, союз таркагандан бери Швейцария болобуз дедик, башка мамлекеттердин структурасын кайталоого аракет кылдык, бирок системаны түп-тамырынан өзгөртүп, башкача түзө албадык. Кадрлардын ишке болгон жоопкерчилиги жок, жетекчилердин команда топтомою, чиновниктерге чексиз укуктардын берилип калгандыгы, анан ошол эле учурда эч кимдин эч нерсеге жооп бербегендиги ошол бойдон калды. Финансылык, экономикалык өз ара мамилелерде түшүнүксүз жагдайлар көп. Айрым учурларда мамлекеттин байлыгын, жолдорун, сууларын, электр энергиясын пайдаланып туруп өз чөнтөктөрүнө иштеп жаткандарды көрсөк да көрмөксөн болуп, анализ кылбай койгон учурлар болууда. Жетекчилерге өтө эле көп укуктар берилген. Жетекчи кааласа бирөөнү жөн эле иштен айдап жиберет, ордуна таеке-жээнин, таанышын
же жакшы кошомат кылган бирөөнү ала коёт. Биз азыр ушундай система киргизишибиз керек, кароолчуну же жөнөкөй эле кызматкерди да иштен айдаш жетекчи үчүн чоң проблема болуш керек. Структуралар так бөлүштүрүлүп бекитилиш керек. Жетекчи кандай жол менен келиш керек, кайсы кызматтар шайлана турган кызматтар, кайсы кызматтарга эмгек жамаатынын пикири менен келет, ушулар такталыш керек. Совет доорунда эмгек жамаатынын пикири чечүүчү орунду ээлеген. Азыр эмгек жамааты каалайбы, каалабайбы, жетекчини отургузуп коёт, анысы эптеп эки жыл отуруп, ишкананы талкалап, эч нерсеге жооп бербей кете бериши мыйзам ченемдүү болуп калды. Ошондуктан менин пикиримде, кадр системасын реформалоо идеясы колдой турган идея. Кадр тандоону Советтер Союзунун убагындагы ыкмага жакындаштырып, кадрды жаш кезинен жөндөмдүүсүн тандап, тарбиялап, өстүрүп, ошол тармактагы тепкичтердин бардыгында иштетип, анан жетекчи кызматтарга алып келишибиз керек.
- Кадрларды жалаң жаштар менен толукташ реформанын негизги принцибиби?
- Жок, бизде ушундай болуп жатат, туруп-туруп эле жаштарга басым жасайбыз, анан аныбыз иштей албай койсо башкасын тандайбыз. Ошол мезгилдин ичинде аркы иштей албаганы ишкананы талкалап кете берет. Мен ойлойм, биз колунан иш келген жагына басым жасашыбыз керек. Азыр бирөөлөргө кооз сүйлөп, экономиканы жаштар көтөрөт, жаштарды алып келебиз дей турган мезгил эмес. Биз армия түзүп жаткан жокпуз да. Биз азыр түзүмдөрдү натыйжалуу иштеп кете тургандай түзүп алуубуз керек. Бири-бирин кайталаган мекемелерди ирээтке келтирип, кайсы кызмат орду саясый кызмат, кайсынысы коомдук, кайсынысы мамлекеттик кызмат тактап алуубуз керек. Президент долбоор түзүп берди, эми реформаны ким ишке ашырат, кандай ишке ашат, баштагы реформаларга окшоп арабөк жолдо калып, же орду толгус жоготууларга жол берип албайбызбы, ушул жагдайлар тынчсыздандырууда. Себеби айыл чарба реформасын жүргүзөбүз деп Советтер Союзунун убагында жыйылган элдин мал-мүлкүн, техникалардын бардыгын чачып жоготконбуз. Ошол кемчиликти кайталабаш үчүн биздин жетекчилер бүгүн реформанын маанисин өздөрү түшүнүп, окуп, анан Президент койгон концепция менен таанышып чыгып, талдап, эл менен талкуулап, Улуттук курултайдын маанисин, максатын түшүндүрүп, анан реформага барса болот эле деп ойлойм.
- Улуттук курултайдын башка курултайлардан айырмасы кандай болот деп ойлойсуз?
- Биз ошол баштагы курултайлардан айырмасы болсо деп аракет кылып жатпайбызбы. Бул курултайга эл абдан ишенип турат. Ошол курултайга тайманбай турган, мени жамандады, мени мактады деген сөздөн коркпой турган, жүрөктүү адамдар барып калабы деген үмүт бар. Бирок дагы эле чоңдор тизме менен сен делегат болосуң, партиядан бирөө, жаштардан экөө, ардагерлерден үчөө, башка калктардан бешөө деп баягы квота менен кете турган болсо анда элдин ишеничи дагы кетет. Себеби, карапайым эл Президент менен жолуга албай, Президент менен оозмо-ооз сүйлөшө албай, же Президент кирген залга бир ирет кире албай жүргөн күчтүү кадрлар бар. Көбүнчө Президент жолуга турган жерлерге чоңдор ачык айткандарды алып барышпайт, коркушат, кокус кемчилигимди айтып койбосун деп чочулашат. Ошондуктан курултайга чындыкты бетке айткан, элдин көйгөйүн тартынбай көтөрө турган адамдар барса жакшы болот эле. Курултайга барып катышып, кол көтөрүп эле келе бербей, маселе чечип келген адам барыш керек. Курултай эл маселелерин чече турган курултай болуш керек. Аны биз дагы бир саясый уюмга айландырбашыбыз керек.
- Сиз бая айтып кеттиңиз, жөндөмдүү кадрлар жаштайынан тандалып, тарбияланыш керек деп… Демек, сиз башкаруу системасында кокусунан келгендер болбойт деп жатасыз да?
- Кокусунан келгендер болбош керек. Ошондой кокусунан келгендер бийликке барып алып, өзүнөн кыйын, өзүнөн билимдүү, интеллектуалдык деңгээли жогору адамдарды тебелеп, тепсегенин көп эле көрүп жүрбөйбүзбү. Кокусунан келген, өз ишин билбеген адамдар эч качан элдин тагдырын чече турган кызматтарга коюлбаш керек. Бүгүнкү күндө жетекчи кызматта өз тармагында эң төмөнкү тепкичтен баштап иштеген, базар экономикасын жакшы түшүнгөн, интеллекти бийик, ички маданияты жогору, эл менен сүйлөшө алган, эмгек жамааты менен макулдашып иш алып бара турган адам иштеш керек. Жетекчилер тандалганда кадимкидей тест тапшырып, керек болсо диктант жазып тандалыш керек. Кээде ушунчалык сабатсыз, маданиятсыз адамдар жетекчи болгон учурлар көп эле кездешип жүрбөйбү...
- Курултайга катышсаңыз ушул пикирлериңиздин баарын айтасызбы?
- Мындан да көп айтам, катышып калсам, катышпасам да кат жүзүндө жөнөтөм. Мен курултайга делегат элдин ичинен шайланса жакшы болот эле деп ойлойм. Бирөө кийлигишпесе, шылуундар эптеп кирип албаса, акимдер, бийлик органдары "Муну шайла" деп кысым жасабаса.
- Президентибиз өз кайрылуусунда "Ким экендигибизди тааныганга мезгил жетти" деди өз сөзүндө. Бул фраза боюнча сиздин пикириңиз кандай?
- Курманбек Салиевич эң туура маселени көтөрүп жатат. Кылымдардан кылымдарга "Манастай" улуу эпосту оозеки сактап келген, аз калк экенине карабай ушундай кеңири территорияны бирөөгө алдырбай жердеп келген, дастандарды аздектеп, тилин, дилин, маданиятын, салтын жоготпой келген эл бүгүн бечара болуп калышы мүмкүн эмес. Кыргызстандын потенциалы кеңири, суубуз кеңири, гидроэнергетикабыз бар, канча кен байлыктарыбыз казылбай жатат. Эгемендүүлүккө ээ болгон 15 жылдан бери: биз кичине мамлекетпиз, биз аз элбиз, биз Шанхайдын бир эле көчөсүбүз деген, элдин духун түшүргөн сөздөрдү өзүбүзгө таңуулай бергенбиз. А чынында биз улуу калкпыз. 5 млн. эл болгон менен жерибиз көп, мөлтүрөгөн таза суубуз кеңири. Ачыла элек кен байлыктарыбызга, мөңгүлөрүбүзгө чет мамлекеттер кызыгышууда. Президентибиз туура көтөрдү, улут катары ким экендигибизди аныктоого мезгил жетти. Мына азыр Россия, АКШга окшогон гигант мамлекеттер биз менен эсептеше баштады.
- Реформа башкаруу системасынын бардык тепкичтеринде жүргүзүлөт деп түшүнсөк болобу?
- Бардыгында. Айыл башчыларынан, айылдык кеңештен, айылдык округдардан баштап, бийликтин жогорку тепкичтерине чейин жетет. Болбосо азыр айыл округдарынын башчылары, айылдардагы сабаттуу чалдардан башка эч кимден коркушпайт дагы, тоотушпайт дагы. Бүгүнкү күндүн талабы иштей турган ишти мыкты билген кадрларга басым жасалыш керек. Анан мамлекетти көтөрүү үчүн элдин интеллектуалдык деңгээлин көтөрүүбүз, элдин укугун окутушубуз зарыл. Эл өз укугун терең билиш керек. Элде маалымат жок. Айыл башчылары, айыл округдарынын башчыларынын көбү элге маалымат бермек тургай өздөрү чала сабат болгон учурлар бар. А биз элге туура маалымат берип, элди реформага даярдашыбыз керек.
- Окуу жайларын реформалоо керек, жогорку окуу жайларынын санын кыскартуу керек, - деп айтылган пикирге сиздин оюңуз кандай?
- Окуу жайлары керек бизге. Башка тармактарды кыскартса мейли го, билим берүү тармактарын, окуу жайларды кыскартабыз дегендерге каршымын. Билимсиз бекерчиден билимдүү бекерчи жакшыраак. Билимдүү бекерчи эч болбосо кылмыш кылбайт. Баңги тобуна кошулбайт. Жумушчу болуп иштесе да абийирдүүлүк менен иштейт. Контрактты төлөй алабы, окуй алабы, окутуш керек. Билимдүү эл болсо жаманбы? Биз Японияда жогорку билимдүү айдоочуларды, сантехниктерди көрдүк. Бул жерде эмгек акыбыз көп деп кызматка барышпайт экен. Биз билим алабыз дегендерге тоскоолдук кылбашыбыз керек.
- Маек акырында дагы айта турган оюңуз бардыр?
- Мен жогоруда да айтып кеттим, өсүп-өнүгүү үчүн бизде бардык ресурстар бар. Өлкөдө биримдик- туруктуулук болуп турса, реформаны ийгиликтүү ишке ашыраарыбызга ишенем.
Жыпар Акунова,
"Кыргыз Туусу"