, 25.09.09 - 12-13-бет: Улуттун улуулугуна бек - РаатбекРаатбек
Редакциядан:
Кыргыз ааламга эмнеси менен тааныла алат? Кыргыздын кайсы касиети дүйнө элин суктанта алат? Эмнебиз менен сыймыктана алабыз? Улуттук тунгуч гезит бул суроого ар убак жооп издеп келет. Ааламга кыргызды даңазалаган Чынгыз тууралуу ар убак жазып да, айтып да келебиз. Ал эми улутту тааныткан балбандарыбыздын бири - Раатбек Санатбаев тууралуу окурмандарыбызга бул макаланы сунуштоо менен, жогорудагы сурообузга жоопту издей бермекчибиз. Ой бөлүшүп, пикир, сунуш билдиребиз дегендерге эшигибиз ачык, гезитибизден орун белен.

Биринчи кадам
"Бала чагында эле баладан башкача болчу", - дешет аны. Бешенесинен жылдызы жанган жароокер, боорукер, элпек...
Бирок, ошого удаа эле анын экинчи бир, эч кимге байкалбаган, тымызын дүйнөсү болгон. Ошону туйганбы, же Кудай-Таала оозуна сала бергенби, бала бешке чыккандан тартып эле Калыбек ата жоро-жолдошторунун арасында кандайдыр ишеним, сыймыктануу менен: "Көрөсүңөр го, менин уулум келечекте чем-пион болот!" - дечү экен.
Күндөрдүн бир күндөрүндө анан ак жарык чачып, болочок чемпион үчүн спорт дүйнөсүнүн каалгасы ачылат.
Ал Жалал-Абаддагы №9 мектептин 5-классында окуп жатканда мектепке иштегени "Тапанча" (Ибрагим Узаков) аттуу күрөш боюнча машыктыруучу келет. А бирок ал кезде "каратэ" катуу мода болуп тургандыктан, Тапанча агайдын күрөшүнө балдар анчейин көңүлдөнбөй деле коюшмак. Ошону түшүнгөн машыктыруучу башкача бир "жүрүш" жасайт: "Мен силерге каратэни үйрөтөм", - дейт да, агылып келе баштаган балдарга күрөш боюнча "окуусун" баштайт. Акыры балдар спорттун бул түрүнө кандайча кызыгып, анын купуя сырларына кантип сорулуп кирип кетишкенин байкабай да калышат.
Алардын арасында тогуз жаштагы Раатбек да бар эле.
Биринчи жеңиш
Раатбек биринчи жолу он эки жашында Жалал-Абадда өткөн "Байгелүү мелдеш" аттуу эркин таймашка катышып, атасы күйөрман катары отурат.
О, ошондогу тестиер уулунун өзү курдуу, өзүнөн улуу балдар менен намыс талашып, "карчылдашып" жатканын көрүү, ата үчүн оңойго турган эмес! Демейдеги уяң, өтө боорукер, жумшак баласынын таймашта тарамыштай түйүлүп, ыкчам кыймылдап, айбаттуу боло түшкөнүнө бир кубанса, баласына канча жолу муш тийген сайын, ошончо жолу жүрөгү жанчылып, кара терге чыланып отурат. Баарынан кыйын учур - атаандашы уулун башы менен бетке сүзүп, баланын мурдунан зырылдап кан атып, көзү көк ала болуп, шишиктен заматта бети-башынын таанылбай калганы эле!
- Токтот, балам! Сага эми урушууга болбойт. Бетиңди карачы! Көзү-башыңа зыян болгон жокпу, доктурга баралы! - дейт атасы машыктыруучуну, башкаларды колдоп.
- Жок! - деп көшөрөт уулу. - Токтотпойм! Мен утушум керек!..
Ата уулунун жандүйнөсүндө жашынып жаткан, жаңыдан жетилип келаткан намыскөйлүк деген сезимге ошондо бир ынанып, ишенимин бекемдейт. Уулу ага азыр канча бир куракка чоңое түшкөндөй туюлуп, кандайдыр бир... аталык сыймыктануу сезими пайда болот. Кубанычтан карегине жаш алат.
Айткандай эле бала ошол күнү
атаандашын жыгып, андан ары финалга чыгып, биринчиликти утуп алат!..
Бул - Раатбектин рингдеги биринчи жеңиши эле.

"Бул дүйнөнүн
эң ыйыгы -
ата-эне!"
(Раатбек)
Раатбекти биринчи көрүп, аны менен биринчи жолу маектешип жаткан адам: "Санатбаев деген ушул жигитпи? Кандайча?.." - деп, анын дүйнөлүк чемпион экенине ишенчү эмес. Анткени айрым спортсмендердей анда төш керип, бой көтөрүү, б.а. "жылдыз оорусу" болгон эмес. Тескерисинче абдан карапайым, кичи пейил, боорукер жигит болгон. Кимге болбосун: "Кокус көңүлүн оорутуп албасам экен", - дегендей өтө аяр, этият мамилесинен улам, тартынчаактай да көрүнчү. Ошого удаа эле ал адамдын жандүйнөсүнө оңой жол таап кирген дипломат да эле.
Анан калса, Раатбек өзүнө оомат алып келген спорттон да, аял-баладан да, бир туугандан, достордон да мурун, эң биринчи орунга ата менен энени коюп: "Бул дүйнөнүн эң ыйыгы ушулар. Башканын баарын кайра тапса болот, ал эми ата-энени эч ким алмаштыра албайт", - дечү экен.
Раатбек бир туугандарынын - Орунбек менен Айсалкындын айтымында сүрөт да тарткан. Алгачкы жолу армияда жүрүп, өзүнүн эч кимге теңебеген, эң ыйык адамынын - Дилбар апанын портретин тартыптыр. Ошол сүрөт али күнчө күнү бүгүнкүдөй үйүндө сакталуу турат. Атүгүл, ал "Баянда" кол ойнотуп, мыкты ырдаган. Кудум өзүнө, өзүнүн эч кимге окшобогон жандүйнөсүнө окшоп, анын авазы да бир башкача уккулуктуу, сулуу болчу дешет бир туугандары. "Эгерде мен спортсмен болбогонумда, мыкты ырчы болмок экем," - деп калчу дейт өзү да.
Анын ак көңүлдүгү, боорукердиги, алысты ойлоп, ак-караны таразалаган даанышмандыгы, саал тартынчаактыгы менен жумшактыгы - апасынан болсо, намыскөйлүгү, өжөрлүгү, улутчул-патриоттугу, ыр-музыкага, сүрөткө, спортко жакындыгы - атасынан окшобойбу. Андагы мына ушундай бири-бирине түк окшобогон, бирок бир көкүрөк-көңүлдө жуурулушуп, бир бүтүн гармониягага айланып турган касиеттер аны адамгерчиликтин, ийгиликтин бийик сересине алып чыккан.
"Аккан арыктан суу агат"
Атасы Калыбек Санатбаев бир эле учурда эки жашоодо тең жашаган адам болгон. Анын бир жашоосу - эл катары, сүйүктүү жар, камкор ата, атуул катары кадимки тирлиги болсо, экинчиси - көкүрөк-көңүлүндө көрөңгөлөгөн рухий жашоосу эле! Ал биринен колу бошой калган кезде экинчиси менен алектенип ыр жазган, музыка жараткан чыгармачыл инсан болгонун, анын 1991-жылы чыккан "Жүрөк толкуну" аттуу жаш акындар жыйнагындагы ырлары күбө.
Айтмакчы, ата-энеси тууралуу сөз боло калганда балдары ар дайым агынан жарыла, алардын алгач табышкан күнүнөн тарта жомок кылып, кандайдыр сыймык менен кеп кылышат...
Балдардын атасы - Калыбек Санатбаев 1961-жылы Москва шаарындагы Искусство институтуна кирип, айтылуу ырчы Дарика Жалгасынова менен бирге окуптур. Чоң калаадан кайтып келип, Оштогу пединститутка мугалим болуп орношот да, ошол эле жылы кирүү экзаменинде отуруп, абиту-
риенттердин арасындагы ак саргыл, татынакай - Дилбар аттуу алайлык кызды жактырып калат. Сузактын сулуу, суналган жигити да болочок психолог кызды кайдыгер калтырбай, үч жылдан соң экөө баш кошот.
Алар алты балалуу болушат. Балдардын улуусу - Нурлан, андан кийин Раатбек, Орунбек, Бактыбек, Айсалкын жана Акылай.
"Мен бир гана желекти көтөрөм!.."
7-класстан Раатбек Бишкектеги Балдардын спорт мектебинен окуп, андан кийин Дене тарбия институтун, КРСУнун юридикалык факультетин бүтүргөн. Чоң калаадан ага чоң спортко жол түшүп, мыкты досторду тапкан. Алардын арасында спорттогу агасы, досу, машыктыруучусу, казак калкынын чыгаан уулу Даулет Турлыханов бар. Союз ыдырап, Кыргызстанда башка тармактар сыяктуу эле спорт да кыйын абалда калганда, ал киши Раатбек менен Юра Мельниченко аттуу мыкты шакирттерин Казакстанга алып кеткен. Ал жакта шарт коюп: "Биздин жерде машыгып, биздин жерде жашап жаткан соң, биздин гана желекти көтөрсүн!" - деген талаптар болгон. Юра бул сунушту оң кабыл алган. Ал эми Раатбек: "Мен дүйнөнүн кай жеринде жүрбөйүн, көтөрөр желегим бирөө гана, ал - Кыргыздын желеги!" - деп көшөргөн. Акыры ал айткандай болуп, ошол он жыл ичинде бир канча жолу чемпион болуп, кыргыздын желегин желбиретип көтөрүп жүргөн. 1999-жылы Грек-рим күрөшү боюнча дүйнөнүн чемпиону, 1998-жылы Азиянын бир канча жолку чемпиону болгон. 1999-жылы ушул эле күрөш боюнча кыргыз тарыхында биринчи жолу дүйнөнүн коло медалын (Афинада) жеңип алган ж.б.
1994-2000-жылдар аралыгында өлкөнүн курама командасынын капитаны болгон.
1998-1999-жылы ал ФИЛАнын рейтинги боюнча, 100 жылдыктын жыйынтыгында (боксер М.Али, футболчу Пеле ж.б. менен бирге "ХХ кылымдын эң мыкты балбаны" деп таанылган.
"Атуулдук абийрим чыдатпай койду, апа!.."
2000-жылы Раатбек өз мекенине биротоло кайтып келген. Анын бул келиши апасы үчүн (ал кезде атасы өтүп кеткен), бир туугандары үчүн күтүүсүз окуя болгон. "Балам, ал жакта жашооң жакшы эле, үй-жайың, ишиң бар эле. Ошол жактан өсүп-өнүп, ооматтуу болдуң дегендей. Даулет агаң дагы канча жакшылыктарды убада кылбады беле. Эмнеге шашып келдиң?"- деген апасы. Ошондо Раатбектин жообун угуп, эненин карегине жаш кылгырган: "Апа, бул жакта жаштардын баары аракка берилип кетсе, эл кыйналып жашап атса, мен бөлөк эл, бөлөк жерде кантип жакшы жашайм?! Ага менин атуулдук абийрим чыдатпай, тынчтык бербей койду. Кыргызстанга чоң-чоң спорттук мектептерди ачып, жаштарды тартышым керек. Бекерчиликке, ичкиликке берилүүдөн алаксытыш керек. Алардагы ден соолукту, патриоттук духту сактап калбасак, эртең Кыргызстандын келечеги эмне болот, апа?!."
"Уулум кир кол тийгис, таза адам эле!.."
"Уулум кир кол тийгис, башкача аруу адам эле!.. Аны атууга кандай гана адамдын колу барды экен?!." - дейт эми эне чыркырап. Ошону айтсаңыз!..
А бирок, анын артындагы башталып, бирок аткарылып бүтө элек аруу тилектери, иштери бүгүн улантылып, максаттары орундалып келатат. Учурда "Раатбек Санатбаев" атындагы беш ири спорттук комплекс бир туугандарынын, досторунун, мамлекеттин,
коомчулуктун демилгесинин, колдоосунун аркасында ачылып, эл үчүн кызмат кылып жатат. Алардын бири - Жалал-Абаддагы Жаштардын, өспүрүмдөрдүн Р.Санатбаев атындагы спорттук мектеби. Баарынан кызыгы - бул мектепти Раатбектин биринчи машыктыруучусу "Тапанча" (И.Узаков) агайдын жетектегени.
Экинчиси - Жалал-Абаддагы "Спутник" кичирайонундагы №9 орто мектеп. Үчүнчүсү Чүйдөгү Москва районунун Александровка айлындагы Ден соолук чыңдоочу спорттук ири комплекс жана Сузактын Көк-Арт айлында Раатбектин туулган күнүнө карата, Сузактын "Көк-Арт" коомунун демилгеси менен ачылган спорт сарайы. Ал эми Раатбектин атындагы жаңы, бешинчи спорт комплекс - Бишкек калаасынын "Восток - 5" кичирайонунда жайгашкан.
Минфин менен Бишкектин мэриясы 1 млн. 800 миң сом колдоо көрсөткөн бул комплекстин ачылышы ушул жылдын 17-октябрында, Кожомкул атындагы спорт сарайында өтө турган эл аралык турнирде болот.
Айтмакчы, ар жыл сайын ушул күнү Раатбек Санатбаевдин урматына арналып Эл аралык турнир өтүп келет. Бу жолку турнир мурдагылардан өзгөчөлөнүп: "Квалификациялуу турнир" деп аталып, 1-2-орунду алган спортсмендерге "Спорттун чебери" наамы берилет.
Эл аралык турнирдин уюштуруучулары, колдоочулары - Р.Санатбаевдин бир туугандары, Күрөш спорту федерациясынын президенти М.Бакиев, Грек-рим күрөшү боюнча федерация, Спорт комитети, Раатбектин достору, күйөрмандары.
"Баатырды - баатыр эне төрөйт" же Меккеге жол...
"Балдарым, мен үчүн ар бириңдин ордуң башка, анын ичинде Раатбектин орду башка эле!.."
Бир уулунан - бир канатынан айрылып калган эне ушинтип күйүттө жүргөн кезде, апасын айрылуунун азасынан, азабынан кантип арачалоонун жолун издеген уулу Орунбек бир күнү: "Апа, туура көрсөңүз, мен сизди Меккеге алып барып ке-
лейин?" - дейт.
Ушул жол, ушул сапар чыны менен эле байсалдуу болуп, эненин ооруган жандүйнөсүн, жашоого болгон үмүтүн кайра жандырат. Анткени, Меккеге бараткан-келаткан жолдо, ыйык жердин өзүндө да улуу-кичүүлөр, сексен, токсон жаштагы даанышман карылар атайын басып келишип: "Раатбекти кандай эне төрөдү экен деп жүрсөк, өзүң турбайсыңбы, балам. Баатырды - баатыр эне гана төрөйт! Бактылуу аялзаты экенсиң! Андыктан эч кейибей, башыңды өйдө көтөр, Дилбар кызым! Сен эмес, сенин ордуңа - ошол каргашаны кылгандар ыйласын!" - деп атышты", - дейт Орунбек.
Айткандай эле, энеге бул чоң дем-күч берип: "Менин балам өмүрдөн эң эрте, 36 гана жашында кеткени менен, элге өлбөй турган мээнет калтырып, оозго алынган экен. Чыны менен эле менин уулум өлбөптүр. Анын ысмы - элдин эсинде, балдардын оозунда, дептерлеринин сыртында, алган аттестаттарында..." - деп башын көтөрүп, көз жашын аарчыптыр...
Бешик
Дилбар апа бүгүн неберелерин терметкен бешикке мындан 42 жыл мурун, тун уулу Нурлан, андан кийин Раатбек, Орунбек... алты баласы тең бөлөнгөн.
Бүгүн да ошол бешик секин-секин термелип, чоң апанын алдей ыры угулат:
- Алдей, балам, ак балам,
Ак бешикке жат балам...
Акылман бол Чыңгыздай,
Дүйнө тыңшап караган.
Раатбектей баатыр бол,
Эл ишине жараган...
Баатыр энелер баатыр балдарды ушинтип, бешиктен тарбиялайт...
- Аргымактай арыштуу бол,
Атакеңдей намыстуу бол,
Алдей, алдей ак балам...
Жыпар ИСАБАЕВА,
"Кыргыз Туусу"

Эскерүү
Анын улуулугу жөнөкөйлүгүнөн көрүнчү
Спорт мамлекеттин саясый жана экономикалык абалынын күзгүсү эмеспи. Бул жагдайдан караганда Кыргызстан өзүнүн эгемендүүлүгүнүн алгачкы жылдарында спорт жаатындагы өнүгүүсү менен көп деле мактана албайт. Бирок ага карабастан биздин айрым спортчуларыбыз эл аралык маанилүү мелдештерде жергебиздин намысын коргоп келишкен. Алардын көзгө көрүнүктүүсү, албетте, Раатбек Санатбаев.

Дүйнөлүк спорттун майданында ал нечен жолу мамлекетибиздин желегин желбиретип, жергебизди эл аралык коомчулукка таанытты. Раатбек Санатбаевтин спорттук жетишкендиктери, күрөшүү ыкмаларынын натыйжалуулугу кыргыз элинин руханий күчү менен тыгыз байланышкан десек жаңылышпайбыз.
Жөнөкөйлүк - залкар
балбандын сапаты,
же кабарчынын башынан өткөргөн кыскача аңгемеси
Кыргыз элинин өзгөчө бир руханий күчү Раатбектин адамгерчилигинде камтылса керек. Ал өзүнүн жөнөкөйлүгү менен адамды өзүнө тез тартып алчу. Бул тууралуу айтканымдын себеби, Санатбаевдин мындай сапатын студенттик кезимде байкап калгам. Ошол убакта самбо күрөшү менен машыгып жүргөм. Күндөрдүн биринде ал биздин күрөш залыбызга келип калат. Ошол учурда килем үстүндө менден башка адам жок эле. Раатбек мага жылмая карап: "Күрөшүп, түртүшүп көрбөйлүбү", - деди. Мен бир аз корктум, бирок залкар балбан менен таймашкандан баш тарткан жокмун. Негизинен менин байкашымча, жогору көтөрүлө албаган спортчулар текебер болушат, алардын интеллекти да чабал. Бул жагдайдан карап көргөндө, Раатбек Санатбаев кандай гана адам болбосун бардыгы менен жакшы мамиледе болчу. Улуурагы жолукса, аны урматтачу, кичинеси келсе, ага менменсинбей кеңешин айтып үйрөтчү. Ошентип мен "залкар балбандар чепиондукка жөнөкөйлүгү менен жетет турбайбы",- деп өзүм үчүн тыянак чыгаргам.
Сабырдуу жетет максатка, сабырсыз калат уятка
Кыргызстандын эркин күрөш боюнча федерациясынын президенти Мелис Турганбаевдин айтымында, ал Раатбек Санатбаевдин таймашка чыкканын Сиднейде өткөн Олимпиада оюндарында көрүп, анын абдан намыскөй экенин байкаган. Бирок бул мелдештерде спорттук бакыт балбаныбыздын тарабында болбосо дагы, беттештин жүрүшүндө Раатбек тактикалык жана техникалык жактан ыкмаларга бай күрөштү көргөзө алган. Күрөш майданына чыкканда ал бардык кыйынчылыктарга сабырдуулук менен мамиле жасап, эч нерседен коркчу эмес. "Ири чемпионаттарда кыргыз дегенде тикесинен тик туруп, элим, жерим деп жергебиздин намысын коргоп жүргөн пат-риот эле", - дейт Мелис Турганбаев.
Балбандын кеңештери медалдарга түрткү болууда
Негизинен күрөштө балбандарды таланттуу жана эмгекчил деп экиге бөлсө болот. Көпчүлүк машыктыруучулардын айтымында, Раатбек Санат-
баев күрөшкө шыктуу болуп, ошол эле учурда өзүнүн чеберчилигин өркүндөтүш үчүн абдан көп мээнеттенген. Казакстанга да барып, казактын белгилүү балбаны Даулет Турлыхановдун жетекчилигинин астында маңдай терин төгүп эмгектенчү, мелдештерге болсо Кыргызстандын атынан чыгууну уланта берген. Бул мээнеттин жыйынтыгы Кыргызстандын жеңиштер куржунуна көптөгөн ийгиликтерди алып келди. Учурда Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Эмиль Алыкуловдун айтымында, азыркы убактагы биздин чыгаан балбандарыбыздын көбү: Канат Бегалиев, Данияр Көбөнов ж.б. андан күрөшүү ыкмаларын үйрөнүшчү. Анын үстүнө өзү да жаш балбандардын чеберчилигинин өсүшүнө кызыкдар эле. Алсак, жергебизде кыз-келиндер күрөшүнүн федерациясы бар. Анын түптөлүшүнө салым кошкон СССРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу Эдуард Линин айтканына караганда, федерация жаңыдан пайда болуп турган кезде, Раатбек Санатбаев күрөш залына келип, кыздарга күрөшүү ыкмаларынын сырларын көргөзүп берчү. Ошентип бул федерацияда алгачкы спорттун чеберлери чыга баштады. Бүгүнкү күндө болсо алардын айрымдары эл аралык деңгээлдеги спорттун чеберлери болду. Мындай ийгиликтин жаралышында Раатбек Санатбаевдин да салымы маанилүү.
Кенжебек КАКИШОВ,
"Кыргыз Туусу"