, 25.09.09 - 11-бет: Кыяс Молдокасымов,
тарых илиминин кандидаты
Алымкул аталык
Алымкул аскер башынын Кудаяр хандын, аны колдогон Бухара эмири Музаффардын үстүнөн болгон бул жеңиши ага зор атак-даңк алып келген. Хандыктын бардык булуң-бурчтарында ал тууралуу укмуш сөздөр айтылып, акындар ырга кошот. Ушул жерден тарыхта ошол мезгилге тиешелүү бир окуяны салыштыра кетсек артыкча болбос. 1863-жылы Бухара эмири Музаффар кыргыздын чыгаан кызы Курманжанга Оштон жолугуп, ага датка даражасын берүүсү тарыхта кандай даңазаланат. Ал эми Алымкул аскер башы баш болгон кыргыздар, кыпчактар, ошол Музаффар эмирди айлакерлиги, айбаты менен хандыкты таштап кетүүгө аргасыз кылып жатпайбы. Ушул окуядан кийин хандыктагы эки тизгин, бир чылбыр Алымкулдун колуна толук өтүп, кимди хан көтөрөм десе, анын эрки менен чечилип калат. 1963-жылы 9-июлда Жармазарга Маргалаң, Ош, Анжыян, Шахрихан, Наманган, Чуст, Кокондун тегерегиндеги жогорку мартабалуу журт билермандары чогулуп, Мала хандын 11-12 жаштагы уулу Султан Сейитти Намангандан алдырып келип, хан көтөрүшөт. Ал хан көтөрүлгөнү менен бардык хандыктагы иштерди, тактап айтканда: мурас, каржылоо, аскер иши, өлүм жазасына тартуу сыяктуу иштер аскер башчы Алымкулга жүктөлөт. Бул жөнүндө атайын келишим түзүлүп, ага хан башында турган бардык улама, зыялы жана мартабалуу адамдар кол коюшуп мөөрлөрүн басышкан.(Алымкул аталык..,40-бет). Мына ушул келишимге ылайык, хандыктагы бардык бийлик Алымкулдун колуна өтүп, ошол күндөн тартып, ага "амирул умаро"(эмирлердин эмири) деген наам берилген. Мына ушул күндөн тартып ал жашы жете элек Султан Сейитке баш көз болуп, эл арасында Алымкул аталык деп аталып калган. Аталган жыйында 3-4 саат бою ага катышкан 5-10 миңдей адамдын ар бирине сый чапандар тартууланып, Алымкулдун берешендиги, марттыгы даңазаланат. Бул макаланын аталышын да анын эл арасында айтылып, сакталып калган бийлик даражасы менен атадык. Бул жерде жогорудагы окуяга күбө болгон адамдын оозунан жазылган даректи кыстара кетсек артыкча болбос. Аны 1916-жылы жарык көргөн "Тарих-и Фаргона" аттуу эмгегинде Исхаккан Жунайдулла кожо уулу (Ибрат) да атайын бөлүп көргөзгөн:
".. Маргалаңга кирип, Жармазарга кондук. Шаардын улама, зыялы, жана мартабалуу кишилери жыйналып ошол жерде чоң зыяпат(жыйын же курултай-К.М) өткөрүлдү. Зыяпаттын аягында Молдо Алымкул сөз алып: "мамлекетибизде болуп жаткан бул бейсарамжалдуу окуялардын негизги себеби баарыбыз бир кишиге баш ийбегендиктен болуп жатат. Ошондуктан, бир инсандын хандык кылуусу лаазым. Мындай даражаны аркалоо кимге насип кылынсын деп ойлойсуздар?" - деген суроо койду. Ошондо Кокон уламаларынын эң абройлуусу Зиявуддин Магзумдун: "Бул кызматка өзүңүздөн артык адам көрүнбөйт", - деген сөзүн укмаксанга салган Алымкул кайрадан: "Ал адамды тагыраак айтыңыздар", - деп койду. Зиявуддин Магзум мурунку сөзүн дагы кайталады. Ошондо Алымкул Зиявуддинге кайрылып: "Сиз мени көрсөтөрсүз, бирок, менин ниетим хан болуу эмес, мамлекетке кызмат кылуу. Мен кызматка бел байлаган кишимин. Андан көрө ханзадалардан бирөөнү көрсөтүңүздөр", - деди. Көпчүлүк ары кетип, бери кетип "Атасы көпчүлүктүн жолунда жүрүп каза болгон эле, өзү жетим", - дешип Малабектин уулу Султан Сейитке токтошту. Алымкулдун көз карашын баамдап отурган көпчүлүк, бул сунуш анын купулуна толгондугун байкашты да: "Бул орунга Султан Сейит ылайыктуу", - дешип жаалап жиберишти. Ошентип Султан Сейит ак кийизге салынып хан көтөрүлдү". (Ибрат Фаргона тарихи.//Мерос.-Ташкент,1991, 305-306-беттер, Алымкул аталык..,41-бет).
Алымкул аталык бийликке келген учурда Кокон хандыгы таланып-тонолгон оор абалда эле. Хандыкты ушундай кыйын кезеңде башкаруу үчүн зор талант, жөндөм керек болчу. Султан Сейит формалдуу түрдө хан көтөрүлгөнү менен, бардык түйшүк, жоопкерчилик Алымкул аталыкка жүктөлгөн. Ошондуктан ал хан атыкпай эле, Алымкул аталык хан атыга баштады. Х1Х кылымда жашап өткөн кыргыздын чыгаан акындарынын бири, аталыктын замандашы Молдо Нияз ал тууралуу:
"Кулан сындуу Алымкул
Хан болуп чыкты карадан...
Төрө Алымкул адалат
Келип конду ордого,
Кызыл гүлгө кондуруп
Булбулуну сайратты" - деп даңазалаган. Молдо Нияз жазгандай эле Молдо Алымкул 3 жыл хан атынан башкарып турган мезгилинде, хандыкты адилет башкарууга аракет кылды. Ал тууралуу жазылган бардык эмгектерде жылуу пикирлерди гана жолуктурууга болот. Бийликке келген алгачкы күндөн баштап, хандыктагы кыргыз, кыпчак, өзбек, тажиктердин башын бириктирип, бүлүнгөн хандыктын бүтүндүгү үчүн кам көрө баштаган. Карамагындагы элдин оор абалын жеңилдетүү үчүн элден жыйналчу салыктардын айрым түрлөрүн жана көлөмүн азайтты. Өзүнүн айланасына ишенимдүү, эл арасында кадыр-баркка ээ инсандарды жыйнап, аларды жөндөмүнө жараша бийлик орундарына койгон. Жакын кеңешчиликке Шадман кожону, Койчу датканы, Оморбек датканы, Атабек датканы, Ташбек датканы
дайындаган.