№71, 25.09.09. • "Кыргыз туусу гезити, кыргызча...


email • архив • редакция • меймансап 
Башбарак



  Эл жазуучусу "Кыргыз Туусуна" колдоо көрсөтөт

Көрмөксөн болбой, көмөк көрсөтөлү
Жылына жети-сегиз гезит журналга жазылып, үзбөй окуп турам. Алардын бири "Кыргыз Туусунан" окурмандарга колдоо көрсөтүү боюнча кайрылууларын окуп, өкмөттүк гезит болгону менен мамлекеттен каражат албай, өздөрүн өздөрү каржылап, элдик гезитти чыгарып жатышкандыктарын билип, бир чети ыраазы болуп, бир чети мамлекет басылма чыккандан бери колдоп келип, маалымат каражатынын ээси болсо да такыр токтотконун туура көрбөй, базар экономикасынын катаал шартында эмгектерин урматтап элге кызмат жасап жатышкан кыргыз туучулардын үзүрлүү иштерине ийгилик каалоо менен бир айлык пенсиям 12 миң болсо, 10 миң сомду которууну туура таптым.
"Кыргыз Туусу" быйыл 85 жылдыгын белгилеп жаткан тунгуч улуттук гезитибиз "Эркин Тоонун" мураскери. Кыргыз тарыхы летопись болуп жазылган, баарыбыз урматтай турган улуу, ыйык басылма. Анын канатында кыргыздын каймагы болгон не деген таланттар, интеллигенция тарбияланып жетилди. Кыргыз мамлекетинин калыптанып, өнүгүшүндөгү маанилүү маселелер мына ушул "Кыргыз Туусунда" тал-кууланды.
Мен 1952-жылы 17 жашымда Бүткүл Союздук Коммунисттик Партиянын XIX съездине карата "Партия" деген ырымды жазып, анда "Кызыл Кыргызстан" деп аталган ушул гезитке жөнөтсөм жарыяланып, Абдылас Малдыбаев обон чыгарып, республикалык конкурста жеңүүчү болгонмун.
Ошондон бери бул гезитти үзбөй окуп, байланышып келем. Базар экономикасынын каардуу капшабында арзыбаган айлыкта эмгектенип жатышкан чыгармачылык топту колдоо биздин парзыбыз деп ойлойм. Замандаштарымды жана үзөңгүлөш иштеп келишкен досторумду, айрыкча бизнесмен ишкерлерди улуттун сыймыгы, кызыкчылыгы болгон "Кыргыз Туусунун" жамаатын "Көп түкүрсө көл болот" дегендей, 85 жылдык мааракесин белгилөө алдында бир жолу колдоп коюуга чакырам.
Инфляция улам көтөрүлүп, башка тармактагылардын эмгек акылары улам жогорулап жатканда арзыбаган айлыкка иштеп жатышкан журналисттердин эмгек акысын көтөрүүгө мамлекет да бир чараны көрүп, бул маселени чечүүгө колдоо көрсөтөт деген ишеничтемин.
Силер жалгыз эмессиңер, кыргыз туучулар!
Мырзабек ТОЙБАЕВ,
Кыргыз эл жазуучусу, драматург, акын,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек
сиңирген ишмер




Эрдиги элдин эсинде
Бири кем дүйнө деген ушул тура. Кечээ эле арабызда жүргөн ардактуу карыябыз, Баатырыбыз Дайыр АСАНОВ жарык дүйнө менен кош айтышты. Өңгө жалган, өлүм ак демекчи, ажалга айла жок экен. Акыркы Советтер Союзунун Баатырынан, чыгаан уулунан айрылып, кыргыз эли кабыргасы кайышып турган чагы.

Антсе да, Дайыр Асановдун Мекенине, элине сиңирген албан эмгеги, эрдиги элинин эсинде түбөлүк сакталып калары кайгыны бир аз жумшарткандай туюлат. Дегеним, элдин уулу атка конгон ардактуу агабыз урпактарынын эсинен эч качан чыкпайт. Ошону менен бирге, Дайыр Асанов артына мыкты уулдарды, кыздарын, небере, чөбөрөлөрүн калтырып, өрнөктүү өмүр өтөгөнү чыйралтат.
Советтер Союзунун Баатыры Дайыр карыянын биздин редакция менен да тыгыз байланышы бар эле. Үстүбүздөгү жылдын март айында: "Кызыл Кыргызстан" (азыркы "Кыргыз Туусу") гезитин кызыл кыргын согуш учурунда да чыдамсыздык менен күтүп, талашып окучу элек", - деп аталган макаласында өзүнүн жылуу пикирин билдирип, көңүлүбүздү көтөргөн эле. Ал "Кыргыз Туусунун" ар бир санын куштарлана окуур эле. Кокусунан колуна "Кыргыз Туусу" жетпей калса, редакциядан издетип алып окуганын көрүп кубанчу элек. Биз эми мыкты окурманыбыздан, гезитти кадырлаган Баатырыбыздан айрылып, каңырыгыбыз түтөп турат.
Эмне дейли, элдин ардактуу уулу Дайыр Асановдун үй-бүлөсүнө, бала-бакырасына, жакындарына "Кыргыз Туусу" гезитинин жамааты терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгыны тең бөлүшөт. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко, ыйманы жолдош болсун.
Эмесе, Дайыр Асановдун "Кыргыз Тусуна" жолдогон соңку макаласын кайрадан сунуш этели.