, 11.09.09 - 8-бет:
  Көңүлдөгү көйгөй

Сахиба КАДЫРОВА
Батириң кайда, кыргыз, же үңкүр да болсо үйүмбү?
Күркүрөгөн күз башталып, суук айлар жакындап келатат. "Жылуу тонуң барбы" дегендей батирден батирге көчүп, туруктуу үйү жок жүргөндөргө даана машакат башталды. Дегеним жаз, жай айларга караганда батир баалары асмандап кетет эмеспи. Кышкысын кошумча коммуналдык төлөмдөр да көбөйөт.
Кыргызстандын ар кайсыл аймактарынан жумуш издеп келип, турмуштун оош-кыйыштарынан улам борборго орноп калгысы келгендер четтен табылат. Аларды кыйнаган бир эле маселе бар. Туруктуу баш калкалаар үйү жок.
Бишкекте "жумуш жайнап тургансыган" түшүнүктө кары-жашы агылып келе берип, шаардын ар кайсыл аймактарында ижара үйлөр толуп-ташып баратат. Көпчүлүгүнүн үй деген эле аты болбосо, эшиги таштандыга толгон, бир короодон 20 адам суу ичкен кейиштүү абалда. Албетте, мындай көрүнүштөр борбор шаардын көркүн бузуп жатканы менен, ижара ээсинин капчыгын толуктап турат.
Ижара үйлөр - бизнеспи?
Айдараалы Казакстандын Астана шаарында көп жылдан бери соода кылат. Машинада жүргүнчү катары чогуу бараттык эле. Батирден кеп козголуп кетип, жакында ишке ашырган үй долбоорун мактанып калды.
"Бишкектин Кызыл-Аскеринен жер алып, атайын батир үйгө ылайыкташтырып там салдым. Бир короодо 16 квартирант жашай берет. Азырынча шарты жок болгондуктан ар бир бөлмөгө 2,5 миң сомдон адам киргизип койдум. Азыркы кезде бош турган үйдү батирге берип койсоң ай сайын даяр акча түшүп турат экен", - дейт.
"Ортомчу агенттиктерден башым чыкпайт"
Жазгүлдүн Ноокаттан келип базарда соода кылганына 4 жылга аяк басыптыр Үч баласы, күйөөсү менен жатакананын бир бөлмөсүндө жашайт.
"Үй алганга азырынча акчабыз жетпейт. Ар кайсыл батирде күн кечирип келебиз. Көпчүлүк ижара үйлөргө балдары менен албайт экен. Ремонту эскирет деп. Ишенесизби, 3 айда 7 жолу батирге көчтүм. Ортомчу агенттиктерге бара берип, тажап бүттүм. Алар тыйыныңды алып эчак берилип кеткен үйлөрдүн дарегин берип коёт экен", - дейт ичи түтөп.
Жогоруда Жазгүл айткандай балалуу үй-бүлөлөргө ижара ээлери эмнегедир үйлөрүн бергиси келбейт. Сурай келгенде: "Дубалдарын кирдетет же үйдүн ашмалтайын чыгарат", - деп жооп узатышат. Жакшылап көз салып карасаңыз жарыткан ремонту деле көрүнбөйт.
Иштин көзүн билгенге, ижарага үй берүү акча табуунун дагы бир ыкмасы. Эгер бош турган даяр үйүң болуп, ижарага берип койсоң, ай этегинде шакылдатып акча санай бер деген сөз. Мындай пайдалуу булак негизинен Россияга же чет жактарга иштеп кеткен адамдарга өтө ыңгайлуу. Анткени бош калган үйүнө батирчилерди киргизип коюп, жакын туугандарына табыштап кете берет. Бир жыл иштеп келген үй ээсин даяр акчалай киреше күтүп турат.
Үйү менен жанын баккан студент
Сергей Россияда жогорку окуу жайдын студенти. Бишкектеги апасынан калган бир бөлмөлүү үйүн батирге берип, ошол каражатка студенттик турмушун өткөрөт экен.
"Военный городок районундагы бир бөлмөлүү үйүмдү ижарага бергем. Сокулуктук орус кыз жашайт. Ай сайын ижара акысын банк аркылуу жиберип турат. Өзүм студент болсом, жашоомо кыйла жардам болот", - дейт студент Сергей.
Ал эми батир үйлөрдүн бааларына келсек, баалар жай мезгилине салыштырмалуу кыйла көтөрүлгөнү сезилди. Кабат үйлөрдөгү "благоустройный" бир бөлмөлүү 6 миң сомдон тартып, жайгашкан райондоруна жараша асман чапчып кете берет. "Евроремонт" деген статусу бар бир бөлмө 500-800 АКШ долларына берилет. Айта кетчү нерсе мындай кымбат батирлерге чет өлкөлүк жарандар гана кирбесе, кыргыздын капчыгы азырынча алсыз.
Батир үйлөрдүн дагы бир варианты төмөндөгүдөй: мисалы, кабат үйлөрдөгү үй ээлери үч бөлмөлүү үйдүн ар бирине бирден адам киргизет. Анын орточо баасы 4 миң сомдон жогору. Орто эсеп менен үч бөлмөдө жалпысынан 10-12 адам жашаган учурлар бар. Ижарага турган адам тууганын кошо киргизип албай жаны жокпу? Ошентип үй ээси үч бөлмөлүү үйүн "балан сом" деп баалап коюп, ижара төлөнүүчү күн келгенде эсептешип алат.
Үй ээлери адам тандайт
Адатта ижарага үй берүүчүлөрдүн арасында адам тандаган фактылар толтура. Улуту уйгур Фатима көп жылдан бери шаардагы эки башка райондо жайгашкан үйлөрүн батирге берип келет. Анын айтымында кыргыздарды батирге алууну каалабайт. Эмне үчүн деп сураганымда:
"Кыргыздардын туугандары үйгө келе берип толуп алышат. Кошуналар арызданып чыгышат. Мунун кимге кереги бар?" - деп оюн ортого төктү.
"Тапканым батирден ашпайт",
- дейт өзгөндүк Тилек. Үй-бүлөсүн багууга Бишкекке келип, Ош базарында араба сүйрөйт. Тилек Ош базардын аймагында эң арзан деген батир үйдө үй-бүлөсү менен жашайт. Айына 1,5 миң сомдук батирге төлөгөнгө кээде акча таппай калганын айтып:
"Эки баламды карап аялым үйдө. Кээде батирге тыйын таппай калам. Тапканым тамак-аштан ашпайт. Үй ээси белгиленген мөөнөттө төлө дейт. Ошентип үч батирден куулуп кеткем", - деп кошумчалады.
Кыргызда ансыз деле көр турмуштун көйгөйү жетиштүү эмеспи. "Кыштан эптеп чыгып алсак" деген үмүттө батирде баш калкалаган пенделерге жарк дей түшкөн күн да келээр. Шаардын быкбырдай кайнаган турмушуна көз каранды болбой, өз айылына барып, жылуу олтурбайбы деген ой кетет. Бирок, көртирилик ушуга түртүп жатпайбы.





Мырзакат ТЫНАЛИЕВ
Азыр өнүккөн чет өлкөлөрдүн бейкапар, биздин жашоодогу проблемаларды баштан кечирбеген жашоочулары кандарындагы адреналиндин ойнобогонунан улам ага жетишүү үчүн өздөрү андай бир нерселерди атайылап табууга аракеттенишет. Алардын андай аракеттерине бооруң да ооруп кетет. Анткени, андайлар бизге келишсе, мындай адреналинди ар бир кадам сайын кезиктиришмек. Алардын бирин коомдук транспортто жүргөндө, өзгөчө маршруттук таксилерге түшкөндө сезишмек.
"Зым менен байлайбыз, зырылдата айдайбыз..."
Мисалы, азыр көпчүлүк маршруттук таксилердин ичинин чаң, кир болушу, отургучтарынын тытылып же адамдын "майы менен майланышып" турушу, айдоочулардын жол эрежелерин сактабастан, "эрежесиз эр таймаш" дегендей
шаардын "тыгынга" толо көчөлөрүндө бири-бири менен "эрежесиз эр жарышка" түшүүсү, жүргүнчүлөрдү талашып, көкбөрүдөгүдөй бири-биринин алдын "торой чабышып", көчөлөрдө авариялык кырдаалдарды түзүүсү, жүргүнчүлөргө орой мамилеси адамдардагы адреналиндин "башына тебүүсүнө" гана эмес, анча-мынча "териси жука" адамдардын кан басымын гана кескин жогорулатпастан инфарктка жетишине да алып келиши мүмкүн. Бул да "жетишпей жаткансып" айрым бустардагы түтүндүн салонго кирип туруусуна кошулуп, какаганга-муштаган дегендей айдоочунун жүргүнчүлөрдү тамеки түтүнү менен ыштаганычы!?
Ал эми бусиктердин, алардын ичинен да өзгөчө биздин "кыргызбайлар" айдагандарынын абалы бир айылдык айдоочулар чыгарган "зым менен байлайбыз, зырылдата айдайбыз..." деген учкул сөздөй эле. Жайдын күнү терезелери ачылбай жүргүнчүлөрдү мончодогудай тердетсе, кыш чилдесинде жыртыктарынан соккон шамал сөөгүңдөн өтөт. А алардын коопсуздугу, айдоочулардын жол эрежелерин сактабоосунан улам авариялардын кезигип жатканы...
Мына ушундай көрүнүштөр тыйылбай жаткандыгынан улам коомдук транспорттун жүргүнчүлөрүндө "адреналиндин ашыкча болуп кетпеши" үчүн айдоочулар менен транспорттук кызматтарды көрсөтүүчү фирмалардын ишин контролдоочу мэриянын тиешелүү кызматы менен транспорттук инспекциясынын, МАИнин кызматкерлери өздөрүнүн функцияларын бюджетке, биринчи кезекте өздөрүнүн бюджетине (албетте, мындайды далилдөө кыйын болсо да өздөрүнүн жеке кызыкчылыктары болмоюнча карыш баспаган чиновниктердин өз чөнтөктөрүнө) акча табуу деп гана ойлошот окшойт деген ой келбей койбойт.
Жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген фирмалардын жетекчилери канчалык бечара көрүнүшүп, "ыйлакташпасын", эксперттердин, ошол эле бизнес чөйрөнүн өкүлдөрүнүн пикирлерине ылайык, бизнестин бул түрү өтө эле пайдалуу. Атүгүл, жергиликтүү бийлик структурасында бул тармакты лоббилеген күчтүү топ да бардай. Анткени, мурдагы жылы күйүүчү майга баалар жогорулаганда кымбаттатылган жол кире кийин күйүүчү майларга баалар арзандаганда да ошол эле бойдон калды. Ал эми бул боюнча калктын аз камсыздалган бөлүгүнүн (маршруттук такси кызматынан байларыбыз менен кызматтык автомашина минген ири чиновниктерибиз эмес, мына ошолор пайдаланышат эмеспи) жол кирени арзандатуу боюнча Бишкек мэриясына көп сандаган кайрылуулары жоопсуз калышты.
Мунун себеби да жөнөкөй эле. Маршруттук такси болуп жүрүшкөн микроавтобустардын көпчүлүгү да байларыбыз менен ири чиновниктерибизге таандык же алар тарабынан "калканчталары" да көпчүлүккө жашыруун эмес. Анан алар кантип өздөрүнүн "табактарындагы аштарына" кол салышсын!?
Экологдордун жана саламаттыкты сактоо министрлигинин баалоосу боюнча союз мезгилиндегидей зыяндуу калдыктарды абага чыгарган өндүрүштөр жок болгон (жылуулук электр борборун албаганда) Бишкектеги экологиялык кырдаалдын бузулуусунда коомдук транспорттун азыркы учурдагы "салымы" 80
пайызга жакын. Анын ичинде 3 миңден ашуунду түзгөн жана техникалык абалы биз жогоруда айтып өткөндөй болгон, бөлүп чыгарган зыяндуу заттары
боюнча жогору турган бустардын "салымы" да өтө чоң.
Ырас, убагында - союз тарап, аны менен кошо коомдук транспорттун жаңы бирдиктерин (автобустарды, троллейбустарды, маршруттук таксилерди) сатып алууга өкмөт менен мэриянын каражаты жок кезде жүргүнчүлөрдү ташууну толук бойдон жеке менчик фирмаларга берүү алардын, жогоруда айтканыбыздай, айрым "тентектиктерине" көз жуумп коюу аргасыздык болгон. А бирок, жапайы рынок мезгили артта калып, мамлекетибиздин чарбасынын башка тармактарында тартип орнотула баштагандан кийин бул тармакка да тиешелүү көңүл бурууга мезгил жетти.
Мына аздыр-көптүр чоң автобустар, троллейбустар келе баштады. Өкмөт менен шаар бийлигинин мындай аракеттери кубаттоого татыганы менен ошол эле учурда маршруттук таксилердеги, жогоруда айтылгандай "бардакты" токтотууга тиешелүү көңүл бурулбай же атайын көз жаздымда калтырылып келе жатышы өкүнүчтүү.
Зарыл түшүндүрмө: Адреналин 1. Адам менен жаныбарлардын жашоосундагы маанилүү функцияларды аткаруучу гормон. 2. Кан басымы төмөндөгөндө, бронхиалдык астмада ж. б. учурларда дары препараты катарында колдонулуучу мындай гормондун жасалма аналогу.