, 08.09.09 - 4-бет: Нурадагы курулуштар өкмөт көзөмөлүндө
Мурда кабарлангандай, өткөн жумада Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Өмүрбек Бабанов кайрадан Нурада болуп кайтты.
Биринчи вице-премьер-министр өзүнүн иш сапарын өткөн жылы 5-октябрда болгон жер титирөөдөн катуу жабыр тарткан нуралыктардан кабар алуу менен баштады. Ал жеке адамдардын турак-жайларын куруп жаткан "Базар-Коргон айылкурулуш" уюмунун иши менен таанышып, анын прорабы Муктар Маматкуловго үйдүн жер титирөөгө чыдамдуулугу, суукка байымдуулугу боюнча суроо узатты. Куруучунун айтуусунда бул үйлөр Рихтер шкаласы боюнча алганда 10 баллга чейинки жер титирөөгө туруштук берет. Кышкысын көмүр жагылып, буу менен жылытуучу системаны орнотсо болот. Базар-Коргондон келген куруучулар өздөрүнө бекитилип берилген 31 үйдүн 25ин бүтүрүү алдында турат. Калгандары эки жуманын ичинде аягына чыгат.
Биринчи вице-премьер-министр Нуранын жогору жагында жаңыдан курулуп жаткан спорт залынын курулушунун жүрүшү жана капиталдык ремонттон өткөрүлгөн Монуев атындагы орто мектеп менен таанышып чыкты. Андан кийин Ө. Бабановду коштогон архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түштүк аймактар боюнча өкүлү, облустун, райондун жетекчилери нуралыктар менен маңдай-тескей туруп пикир алышты.
Жергиликтүү элдин айтуусунда Нурада боору бүтүн, башы эсен үй-бүлө аз. Үй-жай жок болгондуктан каза болгондорду жерге бергенден кийин мүчөлүгүн, кыркын өткөрө алышкан эмес. Үйлөр бүтүп кетсе, маркумдардын жылдыгын суук түшкөнгө чейин өткөрсөк деп чыдамсыздык менен күтүп жатышат. Алар айрым куруучу фирмаларга нааразы. КР өкмөтүнө караштуу архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчилеринин иши Өзгөчө кырдаалдар министрлигине салыштырмалуу начар абалда. Уюштуруу иши баш- аламан, подрядчиктерге болгон көзөмөл талапка жооп бербейт, "Ош тейлөөкурулуш" жоопкерчилиги чектелген коомуна тиешелүү үйлөргө курулуш материалдары жетпей калгандыктан эки үйдүн фундаменти куюлган бойдон туруп калган, айрым үйлөрдүн сапаттуу курулгандыгына шек бар.
КР өкмөтүнө караштуу архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Каныбек Нарбаев Нура айылынын тургундарына КЭРдеги Үрүмчү шаарындагы окуя, быйылкы жылдагы аба ырайынын жаан-чачындуу болушу, айрым учурда электр жарыгынын болбой калгандыгы курулуш иштеринин кечеңдешинин себептери катары түшүндүрдү. Азыркы күндө бул жерге 607 куруучу тартылгандыгын, үйлөрдүн суук түшкөнчө пайдаланууга берилери тууралуу мурдагы убадасын кайталап, эгер подрядчиктер сапатсыз үйлөрдү курса, алар өз кемчилигин оңдомоюн, алар тиешелүү акчаларын ала албай тургандыгын да кошумчалады.
Нуралыктардын алдында чыгып сүйлөгөн биринчи вице-премьер-министр жер титирөөдөн жабыр тарткан айылдын жашоочуларынын турак-жайларын жана жаңы социалдык инфраструктураларды куруу мамлекет башчысынын көзөмөлүндө тургандыгын жана мурда белгиленген 134 үйдүн ордуна 152 үй курулуп жаткандыгын, бул максатта мамлекеттин эсебинен 185, эл аралык жана чет өлкөлөрдөн келген гуманитардык жардамдардын эсебинен 63 млн. сом каражат бөлүнүп берилгендигин билдирди. Анын айтуусунда Нура коңшулаш Кытай үчүн Кыргызстандын дарбазасы болуп саналат. Ошондуктан биздин мамлекет мында курулуп жаткан турак-жайлардын жана социалдык инфраструктуралардын башкаларга үлгү болгондой деңгээлде болушуна кызыкдар. Бул жерде баса белгилей турган жагдай, биздин өлкө мындай оор кыйынчылыктан өзү чыгып кете ала тургандыгын, катуу зилзалаадан кыйрап калган бүтүндөй бир айылды кыска мөөнөттө кайра ордуна тургузуп кете ала турган ресурстары бар экендигин башкаларга далилдей алмакчы.
Биринчи вице-премьер-министр өз сөзүн мындайча жыйынтыктады:
- Мен сиздердин башыңыздардан өткөргөн оор кайгыңыздарды, азыркы койгон талабыңыздарды туура түшүнөм. Шейит кеткендердин арты кайырлуу болсун. Мына биз азыр таанышып чыктык, жеке адамдар үчүн курулган үйлөрдүн басымдуу бөлүгүнүн көпчүлүгү бүтөйүн деп калыптыр. Учурда Нурага тартылган куруучулардын саны көбөйүп, алар таң аткандан түн жарымга чейин иштеп жатышкандарын өзүңүздөр көрүп жатасыздар. Сиздерди турак-жайлардын сапаттуу бүтүшү үчүн дагы бир азга сабырдуу болууңуздарды суранам. Куруучулар сиздердин турак-жайларыңыздарды 30-сентябрга чейин, башкача айтканда каза болгондорду эскерүү күнүнө чейин бүткөрүшөт. Эгер КР өкмөтүнө караштуу архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик подрядчиктерге тиешелүү көзөмөлдү жүргүзө албай ишти создуктурса, анын жетекчиси К.Нарбаев өз кызматынан кол жууйт.
Сапар аягында журналисттер Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түштүк аймактар
боюнча начальниги Тариел Келдибековду сөзгө тартышканда ал мына буларды айтып берди:
- Мына өзүңүздөр күбө болдуңуздар, нуралыктар биздин аткарган ишибиз тууралуу биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановго ыраазылык сөздөрүн айтышты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери өзүнө тапшырылган 5 социалдык объектинин ичинен мончону мөөнөтүнөн мурда пайдаланууга бердик. Айыл ичине электр линияларын тартып, подстанцияны орноттук. Айыл ортосундагы курулган көчөлөрдү бүтүрдүк. Таза суу келүүчү түтүктөр тартылып, 71 колонканы орноттук. Спорт залын кийинки жумада тапшырабыз. Мындан тышкары айылды айланып өткөн каналды да бүтүрүү тууралуу кошумча тапшырма алганбыз. Жакында бул ишти да аягына чыгарабыз.
Андан кийин биринчи вице-премьер-министр Эркеч-Тамдагы чек ара заставасында болуп, бул кызматтын өкүлдөрү менен сүйлөшүп, алар үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышып, жол боюнда кытайлык куруучулар тургузуп жаткан Кыргызстандын бажы терминалынан кабар алды.
***
иринчи вице-премьер-министр Ө. Бабанов андан соң Алай районундагы таш көмүр казуучу "Перити-Коал" ишканасында жана Чоң-Алай районундагы алтын кенин ылгоочу биргелешкен кыргыз-кытай комбинатынын курулушунда болуп, ал жерде жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты. Ал мындай ишканалардын алыскы аймактарды өнүктүрүүгө салым кошо турган маанилүү объектилер экендигин белгилеп, жергиликтүү жетекчилерге жеке ишкерлердин өндүрүмдүү иштешине жана сырткы инвестициянын келүүсүнө жагымдуу шарт түзгөндүгү үчүн ыраазылыгын билдирди. Кийинки күнү биринчи вице-премьер-министр Араван районундагы цемент заводунда болуп, ишкананын чыгарган продукциясы менен таанышып, ал жерде иштеп жаткан жумушчулар менен маектешип кайтты.
Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ,
"Кыргыз Туусу"