, 08.09.09 - 3-бет: Жумушчу топ түзүлдү
4-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевдин буйругу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин институтунун жана Кыргыз Республикасын өнүктүрүү институттарынын түзүмүнүн жана иштөө регламентинин долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлдү.
Жумушчу топ төмөнкү курамда түзүлдү: Жороев Каныбек Таирович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчисинин орунбасары, уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун жетекчиси; Малеваная Оксана Александровна - Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгынын жетекчиси, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; Каганер Максим Валерьевич - Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгынын жетекчисинин орун басары; Федоров Дмитрий Иванович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коргоо жана коопсуздук иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы; Сатаров Улан Мелисович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Админис-трациясынын укуктук саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары, сот органдары секторунун башчысы; Тарбинский Олег Станиславович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторунун башчысы; Укаев Кубат Кымбатбекович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторунун эксперти; Зилалиев Дуйшенбек Текшербекович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коргоо жана коопсуздук иштери боюнча бөлүмдүн эксперти; Ботбаева Айганыш Ильясовна - Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгынын талдоо кызматынын эксперти; Джумакеева Майя Таштанбековна - Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгынын талдоо кызматынын эксперти; Жумагулов Султанбек Жумагулович - Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматынын эксперти.
Жумушчу топко өз ишине мамлекеттик органдардын, мекемелердин адистерин жана көз карандысыз эксперттерди белгиленген тартипте тартууга, ошондой эле зарыл маалыматтарды суратууга укук берилди.
Ошондой эле, жумушчу топко 2009-жылдын 22-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин институтунун жана Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү институттарынын түзүмүн жана иштөө регламентинин дол-боорлору боюнча сунушту иштеп чыгуусу жана киргизүүсү тапшырылды.
Өз маалыматыбыз




"Элдин тандоосу" элге тартууланды
Президент Курманбек
Бакиевдин "Элдин тандоосу" аттуу орус тилиндеги китеби жарык көрдү. Ага мамлекет башчысынын тандалган интервьюлары жана сөздөрү кирген.
Кооздолгон жана полиграфиялык жактан мыкты жасалгаланган бул китепке мамлекет башчысынын 2005-жылдын мартынан баштап 2009-жылдын июнь айына чейинки мезгилдеги ата мекендик жана чет элдик басма сөздөрдө жарык көргөн интервьюлары менен өлкөнүн элине кайрылуулары өлкөдөгү, ошондой эле эл аралык ар кандай форумдарда сүйлөгөн сөздөрү топтолгон.
Бул басылма кооз жана кызыктуу иллюстрациялар менен коштолгон. Ошондуктан, китеп көптөгөн кыргызстандыктардын стол китеби болуп кала тургандыгы күмөн туудурбайт. Китепти даярдагандар жана басып чыгаргандар ал өзгөчө саясат менен алпурушкандар жана мамлекеттик органдарда иштегендер үчүн зор кызыгуу жаратарына ишенишет.
Китеп белгилүү журналист Курманбек Мамбетов жетектеген, "Кыргызстандын элитасы" аттуу элге кеңири белгилүү болуп калган жылдык жыйнакты чыгарып жаткан Журналисттик иликтөөлөр агенттигинин басма тобу транспорт жана коммуникациялар министри Нурлан Сулаймановдун жалпы редакторлугу астында даярдалган.
Т. ИСХАКОВ




Эгемендик күнүнө куттуктоолор
Президент К.Бакиев чет өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынан Кыргызстандын эгемендигинин 18 жылдыгына байланыштуу куттуктоо телеграммаларын алууда.
Түркия Республикасынын Президенти Абдуллах Гүл куттуктоосунда мындай деген: "Урматтуу Президент, кымбаттуу бир тууганым, Түркиянын элинин атынан жана өз атымдан Жогорку мартабалуу Сизди жана бир тууган Кыргызстан калкын Кыргыз Республикасынын көз карандысыздык күнү менен куттуктаймын. Бир туугандык сезимдерден, бекем тилдик, маданий жана тарыхый байланыштардан кубат алган, асыресе, соңку мезгилдердеги биздин тыгыз катнаштагы кызматташууларыбыздын жогорку деңгээлин чоң канааттануу менен белгилейм. Биргелешкен күч-жигерибиздин аркасында биздин өлкөлөрдүн ортосундагы карым-катнаш жана көп тараптуу кызматташуу мындан ары да өлкөлөрүбүздүн жыргалчылыгы үчүн өнүгө берерине чын жүрөктөн ишенем. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Жогорку мартабалуу Сизге ден соолук, бакты-таалай жана ийгиликтерди, ал эми дос кыргыз элине байгерчилик жана гүлдөп-өсүүнү каалайм".
Ушундай жылуу маанайдагы куттуктоолор Казакстандын Президенти Н.Назарбаевден, Швеция королу Карл ХХI Густавдан, Франция Президенти Николя Саркозиден, Тажикстандын Президенти Э.Рахмондон, Пакистандын Президенти Асиф Али Зардаридан, Швейцария Конфедерациясынын Президенти Ханс-Рудольф Мерцтен келген.
Өз маалыматыбыз




И.ЧУДИНОВ:
"Бул оюндардын мааниси зор"
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Игорь Чудинов IX эл аралык Ысык-Көл спорттук оюндарынын ачылышына катышты жана кириш сөз сүйлөдү.
Өз сөзүндө ал аталган оюндар спорт дүйнөсүндө татыктуу таанылгандыгын жана Борбордук Азия менен Россиянын региондорунун социалдык маанилүү жана масштабдуу иш-чараларынын катарында өзүнүн татыктуу ордун ээлегендигине токтолду. И.Чудинов жашоонун сергек образын, дене тарбияны жана спортту колдоо, элдердин ортосундагы гуманитардык кызматташууну өнүктүрүү, достукту, жакшы кошуналыкты жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөө бул оюндардын олуттуу моралдык багыты экендигин да баса белгиледи. Ошондой эле, Өкмөт тарабынан бул оюндарды "Азия - кызматташуунун жана тынчтыктын региону" урааны астында өткөрүү чечими кабыл алынгандыгын кошумчалады.
Маалымат үчүн айта кетсек, жыл сайын Ысык-Көл спорттук оюндарына Россия Федерациясынан, Казакстандан, Кыргызстандан, Тажикстандан, Түркмөнстандан, Өзбекстандан жана Кытай Эл Республикасынан 2000ден ашуун спортчулар, машыктыруучулар, калыстар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер катышууда.

Азык-түлүк коопсуздугунун алдын-алуу максатында
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Игорь Чудинов азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө Өкмөттүн буйругуна кол койду.
Бул документ азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана элеттик товар өндүрүүчүлөргө талаа жумуштарын өткөрүүдө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максаттарында кабыл алынды.
Буйрукка ылайык, финансы министрлигине мурда берилген кредиттерди мөөнөтүнөн мурда кайтаруунун эсебинен "Айыл Банк" ААКсына күрөөсүз 125,0 млн. сом суммада кошумча бюджеттик ссуданы үч жылдык жабуу мөөнөтү, үч пайыз үстөк шарттарында берүү тапшырылды. Ошондой эле, тийиштүү мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана Өкмөттүн кароосуна киргизүү милдеттендирилди.
"Айыл Банкка" аракеттеги мыйзамдарга ылайык, финансы министрлиги менен карыз милдеттенмесин түзүү, карыз каражаттардын толук кайтарылуусун камсыз кылуу максаттарында кредиттик тартипти бекемдөө тапшырылды. Карыз алуучулар үчүн кредиттин акыркы наркын жылдык 12% өлчөмүндө белгилөө да жүктөлдү.
Ж.КУТТУБАЕВ




Айтматовду эскерүү кечесин өткөрсөк
(Башталышы 2-бетте)
2. Айтматовду эскерүү, биринчи иретте, улуттук, мамлекеттик дең-гээлдеги маданий-массалык иш-чара мүнөзүндө өтүп, жумалыктын Кыргызстандын бардык аймактарында улантылышы;
3. Эскерүү аземине чет өлкөлөрдөн аттуу - баштуу, Айтматовду жакшы билген досторун, жакшы санаалаштарын сыйлуу конок катары чакыруу;
4. Билим берүү министрлигинин жетектөөсү менен орто жана жогорку окуу жайларында "Айтматов жумалыгын" өткөрүү;
5. Маданият жана маалымат министрлигинин жетекчилиги менен кино жана драмалык театрларда жазуучунун чыгармачылыгына байланыштуу жумалыкты өткөрүү;
6. Спорт жана туризм министрлигинин жетекчилиги менен Айтматовдук эскерүү - салтанаттын алкагында спорттук мелдештерди (ат чабыш, балбан күрөш, волейбол, баскетбол ж.б. турнирлерди) уюштуруу;
7. Кыргызстан Жазуучулар кошунунун уюштуруусу менен чыгармачыл- илимий жолугушууну "Рух Ордо" борборунда өткөрүү.

С. ЭРАЛИЕВ, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Т.БАПАНОВ, Кыргыз Республикасынын кинематография кошунунун төрагасы, Абдрахман АЛЫМБАЕВ, Кыргызстан Улуттук жазуучулар кошунунун төрагасы, О.ШАРШЕНОВ, "Ай тамга" коомдук уюмунун тең төрагасы, З.ЭРАЛИЕВ, "Теңир Ата", "Умай Эне" коомдук уюмдарынын жетекчиси, Т.БАКАЕВ, "Манас Ата" коомдук уюмунун жетекчиси, А.АКМАТАЛИЕВ, Айтматов клубунун президенти, Ө.ТӨЛӨБЕКОВ, "Ак Жол" коомдук саясый гезитинин башкы редактору.




Баткен менен байланыш жакшырат
Премьер-министр Игорь Чудинов Айгүлташ-Согмент-Сох жолу - Кан-Зардалы автоунаа жолунун курулушу боюнча жумуштарды баштоо жөнүндө буйрукка кол койду.
Бул документ облустун борбору Баткен шаары менен Кыштуут, Дара, Төрт-Күл айылдык аймактарынын калктуу конуштарынын ортосунда үзгүлтүксүз автоунаа байланышын уюштуруу жана өлкөбүздүн транспорттук көз карандысыздыгын камсыз кылуу максатында кабыл алынган.
Жол куруу жумуштарын ойдогудай жүргүзүү максатында Өкмөт башчысынын буйругуна ылайык, транспорт жана коммуникациялар, финансы министрликтерине, Баткен облустук мамадминистрациясына, Өкмөткө караштуу архитектура жана курулуш боюнча мамагенттикке тиешелүү тапшырмалар берилип, курулуш иштерин өз убагында аткаруу, курчап турган чөйрөнү коргоо, техника коопсуздугу жана эмгекти коргоо боюнча талаптарды орундатуу, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу иштери тиешелүү уюмдардын биринчи жетекчилерине жүктөлдү.
Р.ЖЕТИГЕНОВ