, 08.09.09 - 13-бет:
  Кыргыздын генофонду коркунучта!

Эркектерге этият мамиле зарыл
Эмне үчүн адамзаттын алдуу бөлүгү азыр алсызга айланууда жана гинеколог адистигине караганда урологдун пациенттери көбөйүүдө?
Бир публицист мындан бир нече жыл мурда жазгандай, "эркектер экологиясы" жөнүндө маселе көтөрүүгө мезгил келип жеттиби?
Эмне үчүн Кытай өкмөтү каражат таап урологиялык борбор куруп бергени жатышса да бул маселе биздин чиновниктер тарабынан кечиктирилүүдө?
Илгерки "сексенбай", "токсонбайлардын" төрөлгөнү жөнүндөгү сөздөр жөн эле миф эмеспи?
Мына ушул жана башка маселелерге жооп издеп биз КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы урологу, Улуттук госпиталга караштуу Урология борборунун директору, медицина илимдеринин доктору, профессор Акылбек УСУПБАЕВге кайрылдык.


- Мындан бир он беш-жыйырма жыл мурда эле гинеколог деген адистик калың эл арасында кеңири популярдуу, ал эми уролог, андролог деген адистиктер дээрлик белгисиз болчу. Эми турмуштук зарылчылыктардан улам мындай адистердин жардамына муктаж адамдар көбөйдү. Ошондуктан сиздердин демилгеңиздер менен бизде беш жыл катары менен Эркектердин ден соолугунун жумалыгы өткөрүлүүдө...
- Биз 22-27-июнда өткөргөн Эл аралык эркектердин ден соолугунун жумалыгы 2003-жылдан баштап дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүндө өткөрүлүп келе жатат. Мындай чечим Эркектердин саламаттыгы боюнча эл аралык коомдун демилгеси менен 2002-жылы Вена шаарында өткөн Эркектердин бүткүл дүйнөлүк экинчи конгрессинде кабыл алынган.
Учурдагы турмуштук кыйынчылыктар, стресс, наркомания, алкоголизм сыяктуулар келип эле жалпысынан, анын ичинен өзгөчө эркектердин саламаттыгынын начарлашына алып келүүдө. Негизи эркектер дайыма эле ооруганын жашырып келген. Ал эми ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат эмеспи. Ошондуктан биз бул проблеманы чечүү аракетин көрө баштадык.
Белгилеп кетсек, союз мезгилинен бери аялдар менен балдардын саламаттыгын коргоо боюнча атайын программалар да болуп келген жана азыр да иштеп жатат. Биздин саламаттыкты сактоо тармагы "Дени сак эне - дени сак бала" деген ураан алдында иштеп келет. Мунун жаман жагы жок, бирок, мен эркектердин саламаттыгы - улутубуздун келечектеги генофонду экендигин баса белгилегим келет.
Менин пикирим боюнча, азыр жогорулап кетти деген энелер менен балдардын өлүмүнүн жогорулап кетүүсүнүн бир себеби мына ушул эркектердин ден соолугуна байланыштуу. Анткени азыр эркектерде жыныстык органдар аркылуу берилүүчү ар кандай урегениталдык инфекциялар көбөйүп, алар энелерге берилип, алардан түйүлдүккө өтүп, натыйжада инфекция менен төрөлгөн, чарчап калган балдардын, энелердин өлүмүнүн саны өсүүдө.
Мурда кыргыздарда тукумсуздук үчүн аялдар гана күнөөлөнүп келген. Азыр балалуу боло алышпай жаткан үй-бүлөлөрдү изилдей келгенде 40 пайызы эркектерден улам экендиги аныкталды. Мунун себептери кайсылар? Жумушсуздуктан улам стресстик абалдарга тушуккан, бөйрөк, жыныс органдарынын сезгенүүсү көбөйүп кетиши, анан гастарбайтер болуп ар кайсы өлкөлөрдө ар кандай турмуштук оор шарттарда иштеп келишкен эркектердин да бир тобу тукумсуздукка туш келишүүдө.
А эң башкысы - жогоруда айтканымдай, эркектердин өз саламаттыгына карата мамилесин, менталитетти өзгөртүү керек болуп турат. Анткени алар ооруп калышса да врачтарга кайрылууну мындай кой, жада калса, жубайларына да айтышпайт.
- Чет өлкөлөрдө жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн натыйжасында эркектерде чачы түшүү, эске тутуусун жоготуу, көрүүсүнүн, угуусунун начарлашы аялдардыкына салыштырмалуу эрте кезигип жаткандыгы айтылууда...
- Туура. Азыркы статистика боюнча биздин өлкөдө эркектердин жашоосунун узактыгы - 57 жаш, же аялдардыкына салыштырмалуу он жашка аз. Суицид, травматизмден жылына 18 миңдей адам каза тапса, анын 90 пайызы да эркектер. Ошондуктан быйыл биз жумалыкты өткөргөндө, дээрлик бардык региондорду камтып, ага урологдордун гана эмес, башка бардык адистердин да катышуусу боюнча демилге көтөрдүк, толук болбосо да айрым пункттарда ушундайча иштедик. Негизи комплекстүү кароодон өткөрүү зарыл.
Жумалыктын алдын-ала жыйынтыктарына ылайык, жалпысынан республика боюнча 7 миңге жакын адам кайрылган. Бир кишини мындай иликтөөдөн өткөрүүгө орто эсеп менен 500 сом болсо, жалпы алганда 3,5 миллион сомдук иш аткарган болобуз. Бизге негизинен дарыланууга, врачтарга көрүнүүгө акчасы жоктор кайрылышат эмеспи. Республикалык урология борборуна кайрылган 1976 адамдын нозологиясы (ооруларынын түрлөрү) боюнча алсак, 154 адам (же 14,3%) простата безинин аденомасы, 358 адам (33,2%) простатит, 138 адам (12,8%) табарсыктагы таш оорусу, 203 адам (18,8%) өнөкөт пиелонефрит (бөйрөктүн сезгенүүсү), 18 адам (1,6%) варикоцеле, 30 адам (2,7%) тукумсуздук, 16 адам (1,4%) эректилдик дисфункция, 47 адам башка урологиялык оорулар менен оорушса, 78 адам гана урологиялык жактан дени сак болуп чыккан.
- Эркектердин врачтарга өз убагында кайрылышпаганынын дагы бир себеби аялдарга караганда ооруга чыдамкайлыгынан улам эмеспи?
- Мен эркектер ооруга чыдамкай деп айтпас элем. Бул эркектердин өз саламаттыгына кайдыгерлиги гана. Анан өз оорусун жаап-жашыруу аракети. Ооруп турса да "сыр алдырбай" эркектаналык кылуусу. Чынында аялдар күйөөлөрүн адис дарыгерлерге ээрчитип келишет, аялдар тартынбастан суроолорду беришет. Адатта күйөөлөрүнөн "Кайсы дарыларды ичип жатасыз?",- деп сурасаң, ал аялына карап: "Кайсы дары эле?" деп кайра андан сурайт. Биз ар бир эркек жылына бир жолу урологко кайрылып туруусуна жетишүү үчүн алардын психологиясын өзгөртүү аракетин көрүүдөбүз.
Мен биздин парламенттеги депутаттарга кайрылып, биздин акциябыз боюнча колдоо көрсөтүп, түз эфирден элге кайрылып коюуларын өтүнгөнүмдө, тилекке каршы, колдоо таба алган жокмун. Гендердик саясат дегенде, айрымдарчылап аялдарды гана түшүнбөө керек.
- Жогоруда мен айткан иликтөөлөр аялдардын мээсиндеги кан тамырлар да эркектердикине салыштырмалуу тез айлана тургандыгын, бул мээнин карышына олуттуу тоскоол боло тургандыгын көрсөткөн. Мына ошондуктан чоң энелерибиз чоң аталарыбызга салыштырмалуу жомокторду көп билет экен.
- Мен буга толук кошулам жана врач катарында мындай комментарий берем. Эркектер аялдарга салыштырмалуу зыяндуу нерселерге - алкоголь ичимдиктерин ичүүгө, тамеки чегүүгө, насывай атууга, майлуу тамактарды көп жегенге жакын келишет эмеспи. Ошонун баары келип эле кан тамырларды, анын ичинен жүрөктүкүн, мээникин да ичкертип салат. Анан кан айлануу азайып, эске тутуу начарлайт.
- Эркектер кара күч жагынан артыкчылык кылышканы менен аларда май клеткаларынын булчуң массасына катышы аялдардыкынан аз, ошондуктан энергетикалык запас аларда начарыраак дегенгечи?
- Азыркы убакта болушу толук мүмкүн. Мурда эркектер көп иштеген, азыр аялдар эч болбогондо үй тиричилигин жасоо менен эркектерге салыштырмалуу көп кыймылдашат эмеспи. Ал эми майдын массасы аялдарда деле аз эмес болсо керек.
- Бойдокторго караганда үйлөнгөн эркектер узагыраак жашай тургандыгы боюнча да пикирлер бар. Буга кандай комментарий берет элеңиз?
- Мен ага кошулам. Биздин ата-бабаларыбыз атүгүл эки-үчтөн аял алышчу да. Бул кошумча стимул болгон. Анткени, биринчиден, жыныстык менен жугуучу инфекциялар дээрлик жок болчу. Азыр айрым эркектерде бир эле аялы болгону менен башка көптөгөн аялдар менен жыныстык катнаштарга барып жатышпайбы. Анан алардан жуккан ооруларды аялына жуктурган фактылар да жетиштүү.
- Сиз бир маегиңизде республикадагы эркектердин 60 пайызы импотенцияга чалдыккан, бирок алардын 10 пайызы гана врачтарга кайрылыша тургандыгын айтыпсыз. Бул кайсы иликтөөлөрдүн негизинде алынды?
- Биз жыл сайын эркектерди текшерип жатпайлыбы. Анан биздин борборго өз алдынча кайрылган эркектер да бар. Мындайлардын көпчүлүгү, албетте, 50 жаштан өткөндөр. Ошентсе да арасында жаштардын да бар экени өкүнүчтүү. Мунун баары оорулардан, жогоруда айтканымдай, зыяндуу факторлордун таасиринен улам келип чыккан нерсе.
- Азыр эркектердин мындай ооруларын - импотенцияны да, эректилдик дисфункцияны да тез дарылап сала турган суперпрепараттар жөнүндө жарнамалар көбөйүүдө. Аларга канчалык ишенүүгө болот?
- Андай препараттарды ичүүдөн мурда сөзсүз адис врачтарга кайрылып, консультация алуу керек. Азыр жеке менчик медициналык кабинеттер да туш келди ачылып жатпайбы. Алардын арасынан жакшылап иликтебей туруп эле дарыларды сунуштагандар да бар. Аларда тажырыйбасы жок, институтту бүтүп келип эле иштеп жаткан адистер бар. Алардын категориялары, лицензиялары бар же жок экенине кызыгуу керек. Ошондуктан адамдарга квалификациясы бар, белгилүү клиникаларга кайрылуусун жана жеке менчик клиникалардагы адистер сунуш кылган препараттарга скептикалык мамиле жасоону сунуштайт элем.
Учурда Саламаттыкты сактоо министрлиги мамлекеттик клиникаларда кеминде беш жыл иштебеген врачтарга жеке менчик клиника ачууга уруксат бербөө боюнча демилге көтөрүп жатыптыр. Бул абдан туура, атүгүл ал мөөнөттү он жылга чейин көтөрсө да болмок.
Азыр бизге келип жаткан дары-дармектердин көпчүлүгү жасалмалангандар, оорулууларга жардамы тийбей калууда. Ал эми арзанына качырып колдон сатып алышкан дары-дармектердин кесепеттери көп болууда. Натыйжада пациенттер жөн эле чыгым болушууда.
- Эркектердин саламаттыгы демекчи, ШКУнун 2007-жылдагы Бишкек саммитинде убада кылынган урологиялык борбордун курулушу боюнча маселе эмне үчүн азырга чейин чечилбей келет?
- Саммитте биздин Президентибиз К. Бакиев Кытайдын жетекчиси Ху Цзинтао менен жолугушканда кытай тарап бизге урологиялык госпиталь куруп берүүгө убада берген болчу. Алар 10 миллионго жакын доллар грант берүүгө даяр, ошол эле учурда биздин кээ бир жетекчилер эки жылдан бери же жер маселесин чечишпей, же тиешелүү документтерин даярдашпай, ал документтер парламенттен ратификацияланбай келүүдө. Биздин улуттук госпиталдын аймагында аталган борбор курулуучу жер участогу болсо, башка бир курулуш фирмасына берилип кеткен. Ошол эле учурда жер участогу сатылганга чейин кытайлыктарды алдап убакытты атайылап создуктурушкан. Чынында кытай тараптагыларды биз кыйнап жатабыз, жакында бир ай жүрүшүп, кайрадан куру кол кетишти. Буга тиешелүү жетекчилерге катуу чараларды көрүү керек.
Ар бир мамлекет өзүнүн калкынын генофондун жакшыртууга кызыкдар болушу керек. Биздин жакынкы кошуна өлкөлөрдүн бардыгында урологиялык борборлор бар. Бизде да өз алдынча институт катарында түзүүгө убакыт жетти. Ал үчүн адистерибиз жетиштүү, мен өзүм эле 14 илимдин кандидатын, эки докторун чыгардым. Беш илимдин доктору, жыйырмадан ашуун кандидат иштеп жатат, потенциал жетиштүү, 13 урологубуз Урологдордун бүткүл дүйнөлүк ассоциациясынын, 4 урологубуз Урологдордун европалык ассоциациясынын мүчөсү. Жыл сайын Европадан профессорлорду алып келип, өзүбүздүн адистер үчүн мастер-класстарды уюштурабыз.
Биз да 2004-жылы эптеп Улуттук госпиталдын курамында ушул урологиялык борборду түзгөнбүз, бирок, тилекке каршы, маселе чала чечилип калды. Материалдык-техникалык базасы анча өркүндөтүлбөй, бир топ кыйынчылыктар болууда.
- Кытайлар демекчи, расмий статистика боюнча азыр ар бир алтынчы кытай эркеги үйлөнүүгө аял таппайт экен, анткени Кытайдагы калктын өсүшүн чектөө саясатына ылайык "Бир үй-бүлө - бир бала" саясатынан улам, алар эркек балалуу болууга умтулушкандыктан, эркектердин саны өсүүдө. Бул тенденция кытайлык эркектердин кыргыз кыздарына үйлөнүүсүнөн улам биздин калктын "кытайлашуусуна" алып келбейби?
- Бул туура кооптонуу. Жогоруда айтканыбыздай, кыргыз жигиттеринин саламаттыгы начардыгынан, иштеп акча таап, үй-бүлө багууга дарамети жоктугунан улам, биздин кыздарыбыз башка улуттагыларга, айталы дунгандарга, кытайларга турмушка чыгышууда. А алардын балдары кыргыз болушпайт. А жер, мүлк үлүштөрү ошол улуттагыларга калат. Ошон үчүн биз өз эркектерибиз жөнүндө кам көрүп, иш берип, ден соолугун чыңдашыбыз керек.
- Биздин эркектердин саламаттыгы жөнүндө сөзүбүзгө келели. Чынында эле илгери "сексенбай", токсонбайлар" төрөлгөнбү, же бул кыргыздын "көбү жалган көбү чын, көпчүлүктүн көөнү үчүн" айтылган кебиби?
- Чынында болгон. Себеби, ал убакта биздин ата-бабаларыбыз азыркыдай уу заттарга аралашышкан эмес. Зыяндуу аракечтик, тамеки чегүү, наркомания дегенди билишпеген, экологиялык таза чөй-рөдө жашап, экологиялык таза тамактар менен тамактанышкан. Анын үстүнө алар жыныстык жол менен берилүүчү инфекцияларга тушуккан эмес. Анан көбүнчө эркектер ат минип жүрүшкөн. Ат мингенде жыныс органдарына, простата безине массаж жасалып, алар ар дайым тонуска келип турат. Ошондуктан экинчи, үчүнчү аялдарга үйлөнүшкөн.
Мунун дагы бир кошумча жагы бар. Жаш аялдарга үйлөнүшкөн эркектерде стресс аз болуп, ошол жаш аялдарын, алардан төрөлгөн балдарды тарбиялоо, багуу боюнча умтулуу, стимул болгон. Кара жумушту көп иштеп дегендей. Бул эркектердин жашоо курагын да узарткан. Эми да муну мен уролог катары колдойт элем. Азыр, чынын айтканда, көмүскө эки-үч аял алгандар да жетиштүү эмеспи.
Маектешкен
Мырзакат ТЫНАЛИЕВ,
"Кыргыз Туусу"