, 08.09.09 - 11-бет: Тилиме тибиртке
Тарыхта аты калып заты жоголгон элдер
Бир жолу коопсуздук кызматкеринин аялы минтип кейиди эле. Кызы Бишкектеги "Ганси" учма базасынын америкалык жаранына турмушка чыккандыгын, ал жигиттин түпкү теги шотландиялык болуп, апасы француженка, чоң энеси негритиянка экендигин айтып, "минтип отурсак кыргыз теги кандай болот, нукура кыргыздыгыбызды сактап калалбайбыз го?" деп жеңил ойлуу кызына ичи чыкпай отурганы дале көз алдымда. Кийин гезиттен окусам, баягы өзүн күнөөлүүдөй сезген аял тойго бара турган болуп, уккан кулагым керең болуп калгыр, ошо учма базанын 80 америкалык жаранына тилин бурап чулдур сүйлөгөн кыргыз айымдарынын "прощай!" деп кетишкенин окуп, кыргыз улутунун эртеңки тагдыры көз алдыма тартыла түштү. Бул эми жер жүзүндөгү оомалуу-төкмөлүү замандардын мыйзам ченемдүү көрүнүштөрү деңизчи.
Байыркы дүйнөнүн, орто кылым тарыхтарында деле жаңы элдердин, улуттардын бардан жок, жоктон бар болгон ар нерсеге ийкемдүү, жөндөмдүү майда элдердин уруктук кошулууларынан жаралуулары айтылып, мезгилинде тили да, дили да бар аттуу-баштуу элдердин ар кайсы улуттарга сиңип жок болуп кеткендерин билбегенге билип ал, көрбөгөнгө көрүп ал, ушундай тагдырга туш болосуң деп тургансыйт. Байыркы хунны, гуздарынын, хазарларынын, карлуктарынын, усундарынын ичинен ар кандай элдерге сиңип кетүүгө жөндөмдүүсү кырк гузу (кыргыз) менен усундардын таталары (татар) окшойт. Азербайжан тарыхчы-окумуштуусу Ахундовдун берген маалыматына караганда жер жүзүндө ар кайсы элдерге, улуттарга сиңип кеткен 18 миллиондон ашык гуздардын кыпчактары жашашкандыгын айткан.
Мына алыс барбай кошуна жашашкан харлуктардын өзбектерине сиңип бараткан 2 миллионго жакын гуздардын кырк уруу кыргыздарычы. Бул эми согуштук жортуулдардын, бир жерден экинчи жерге көчүүлөрдүн таасири экендиги көрүнөө эле. Мезгилинде македониялык кол башчы Александрдын аскерлеринин катарында келишкен персиялыктар, андан кийин VI-VII кылымдагы арап баскынчыларынын курамындагы ошол эле перстердин (коросондор) жергиликтүү гуз (сак) кыздарына үйлөнүүсү тежик улутун пайда кылгандыгын, же болбосо Кара деңиз бойлорунда жашашкан көчмөн харлуктардын Орто Азияга жылып келүүсү, булардын да гуз кыздарына үйлөнүүсү өзбек этнонимин пайда кылгандыгын кимдер билбейт. Айтор, элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңынын мааниси ушунда тура.
Жаңылануунун, өзүнүн наркын бар же жок кылуунун эки гана себеби болот окшобойбу. Биринчиси, узак мөөнөттүү басып алуучулук согуштан, экинчиси, миграциялык көчүүлөрдөн. Ал эми кыргыз эли миграциялык келүүлөрдүн, кетүүлөрдүн эч ким токтото албаган зор толкунуна дуушар болуп турган чагы. Ары карап ыйлап, бери карап күлсөк да айласы жоктой. Мезгил, шарт ошого мажбурлап турса, кимибиз жүз үйүрүп кеталабыз. Ата-бабалардан келаткан бир нерсе тез кабылдаган ийкемдүүлүк, туурамчылык дале каныбызда. Алдыңкы цивилизацияга умтулуу десе эле кыздарыбызга дейре же араб эмес, же индус эмес, жарым жылаңач боло көчөгө чыгып алдык. Кыргыздын баягы эле аваза кылаар кийимдерин болсо ой келди аңгир-жүңгүрлөрдү асып алып, шоу артисттеринин лөлүдөн айырмасы болбой калды.
Күйгөндөн айтам бир сабак дегендей, мына тил мыйзамын кабыл алганыбыздан бери да жыйырма жылдын жүзү болуптур. Ушу жылдардын аралыгында тилибиздин барктуулугун көтөрө алдыкпы деген суроо кыргызмын дегендердин маңдайына ташка-тамга баскандай туруш керек эле. "Э, ошончо жыл өтүппү?" деп бүшүркөп отурбайбызбы. Демек, тилди мыйзам жолу менен коркутуп-үркүтүп үйрөтө албастыгыбызга кашкайган чындык далил болуп берди. Эне тилин сүйүү, кастарлоо кыргызмын деген атуулдардын көкүрөгүндө болуш керек экен го. Яслиде "Эне тил эле кыргыз тил" деген ураан-чакырыктарды кой, ушу карапайым калктын башында баш-көз болуп турушкан чиновниктер чогулуш-жыйындарда, парламенттик отурумдарда чуу дегенде эле орус тилинде баштап, айрымдары эми тили чыккан баладай тамтаңдап же орустукун жарытпай, же кыргыздыкын арытпай кыжырды келтирет.
Илгеркинин кеби бекеринен айтылбайт дегендей, "баласынын эртеңкисине кам көрбөгөн атанын жакшылыгы болбойт, ал күнүмдүк гана кызыкчылыгын ойлойт" дешчү аталар. Турмуш элегинен өтүп, биздин күндөргө жеткен сөздүн эч бир катасы жок. Жаштарыбыз калп эле айрым ата-энелердин орунсуз жоруктарын угуп, көрүп эсибиз ооп калып жатпайбы. Тил билбеген кыргыз кыргызбы? Эне тилин билбеген ата-эне балдарына тил үйрөтө алабы? Кыргыз элинин улут болуп сакталышына мына ушу кашкайган суроо чекит боло эртеңки күндөрүңө кам көрсөң барсың, а кайдыгер болсоң жоксуң деп тургансыйт. Чынында эле ошондой, шаардыктар деген менен азыр айыл адамдары деле тилин унутуп жарым сөзү оруска, өзбекке айланып баратат.
Бир жолу орус аксакалы айылдын кыргыз жигиттеринин келекелүү сөзүнө мындай суроо таштап, мурундарын тарттыра мыш кылганы эсимде. "Балдарым, силер кыргызсыңар. Кана, кыргыз болсоңор чычкандын, кашкулактын балдарын эмне дейт?" десе жооп табалбай, акырында өзү: "Биле жүргүлө, балдарым, уят болот. Чычкандыкын мөндөлөй, кашкулактыкын борсолой" дейт деп каткыра күлсө дагы кандай суроо берип энтелетет дештиби, кеткиче шашылды.

(Уландысы бар)
Мурзапар ҮСӨН, жазуучу