, 04.09.09 - 19-бет: Ийгиликке жетиш үчүн жаңылануу керек
"Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын техникалык жабдуулары 100 компьютер менен жаңыланды. Бул техниканы Корея мамлекетинин почта кызматы ыйгарды. Кыргызстан менен Кореянын почтасы "КОМОКА" кооперативинин негизинде кызматташып келет. Аталган уюмга биздин өлкөбүздөн сырткары Монголия жана Казакстан мамлекеттери кирип, учурда "КОМОКА" кооперативи эл аралык почта бизнесин өнүктүрүүнү көздөөдө.
Бгүнкү күнү почта кызматы артта калып, дүйнөдө аброю алсыздап калды",- деп айтыш туура эмес. Себеби банк жана интернет жете албаган алыскы аймактарга, почта гезит менен катты жеткирип, элди тейлеп турат. "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору И.Рысалиевдин айтымында, учурда почтанын базасында региондордо атайын борборлор түзүлүүдө. Ал жерлерде адамдар почтадан сырткары, интернет ж.б. кызмат көрсөтүүлөр менен колдоно алат. Бирок бул борборлорду толук кандуу иштетиш үчүн компьютерлер менен техникалык мүмкүнчүлүктөрдү арттыруу зарыл.
Бул жагдайдан караганда Корея почтасынын Кыргызстанга кеңеш түрүндөгү жана техникалык жактан көрсөткөн жардамы иштин илгерлишине түрткү болууда. Акыркы бир жылдын ичинде "Кыргыз почтасында" кирешенин ыргагы өсүп, эмгек акылар үч эсеге көтөрүлдү.
Компьютерлерди "Кыргыз почтасы" ишканасына тапшыруу аземи Корея мамлекетинин элчиси Ким Бён Хонун катышуусу менен өткөрүлдү. Анын айтымында, мындай терең жана натыйжалуу кызматташтык келечекте да улана бермекчи, себеби почта алкагында Кыргызстан менен Кореянын ортосунда иш жүзүнө ашыра турган көптөгөн максаттар жана мүмкүнчүлүктөр бар. Корея почта кызматы ыйгарган компьютерлер мамлекетибиздин эң алыскы аймактарына жеткириле баштайт. "Кыргыз почтасы" ишканасынын башкы директору И.Рысалиевдин билдиргенине караганда, жаңы техникалык жабдуулар менен аймактарды камсыз кылуу - бул иштин башталышы. "Келерки убакта, биз почта холдингин түзүүгө ниеттенүүдөбүз. Бул ой-максатыбыз иш жүзүнө ийгиликтүү ашса, почта акырындык менен банктын кээ бир функцияларын аткарып калат", - деди И.Рысалиев.
Кенжебек КАКИШОВ,
"Кыргыз Туусу"




Кыргыз Республикасынын
Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгын ыйгаруу комитети
Токтогул атындагы Мамлекеттик
сыйлыгына 2007-2009-жылдарда
жарык көргөн чыгармалар көрсөтүлөрүн жарыялайт
Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комитетке төмөндөгү документтер тапшырылууга тийиш: чыгарманы Токтогул сыйлыгына көрсөткөн жамааттын жыйынынын токтому (үч нуска), адабий чыгармадан (жети китеп), программалар жана башка рекламалар, талапкердин чыгармачылык мүнөздөмөсү жана өмүр баяны.
Документтер 2010-жылдын 31- мартына чейин кабыл алынат. Комитетке тапшырылган китептер жана башка материалдар кайтарылып берилбейт.
Комитеттин дареги: 720040, Бишкек ш., Эркиндик бульвары, 54, телефондор: 62 03 65, 62 50 17.


Рухий дөөлөттөрдү жаратууга көмөктөш
Эл аралык "Руханият" ассоциациясынын Кеңешинин
Токтому
Кыргыз Республикасы № 3 29-июль, 2009-жыл, Бишкек шаары
Аким Баатыр мырзага Эл аралык
"Руханият" сыйлыгын ыйгаруу жөнүндө
Рухий дөөлөттөрдү жаратууга көмөктөш Эл аралык "Руханият" ассоциациясынын Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасында социалдык-экономикалык реформаны ишке ашырууга жигердүү катышкандыгы, айылдагы маданий, билим берүү, медицина спорт мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоого, социалдык чөйрөнүн калыптанышына, улуттар ортосундагы биримдикти бекемдөөгө, руханий баалуулуктарды жайылтууга кошкон зор салымы жана коомдук, кайрымдуулук багыттагы жемиштүү ишмердиги үчүн Ош облусунун Кара-Суу районундагы "Сарай" айыл округунун төрагасы Аким Баатыр мырзага Эл аралык "Руханият" сыйлыгы ыйгарылсын.
А.ТОКТОСАРТОВ,
Рухий дөөлөттөрдү жаратууга көмөктөш Эл аралык "Руханият"
ассоциациясынын Кеңешинин төрагасы





Мыйзамдын
20 жылдыгынын урматына
Мындан туптуура жыйырма жыл мурда 1989-жылы 23-сентябрда "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзам кабыл алынгандыгы белгилүү.
Ал жагдайлардын дал келише калгандыгынан улам кокустуктан болдубу же анда объективдүү мыйзам ченемдүүлүк бар беле, айтор, "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамдын республикабыздын көз карандысыздыкка карай жасаган алгачкы кадамы болгондугу да талашсыз.
Республикабыз көз карандысыздыкка ээ болгон менен мекенчилдик сезимдин жетишпегендигинен, саясый эрктин жана каалоонун жоктугунан улам мыйзамдын негизги принципиалдуу талаптары аткарылбай, улам кийинкиге калтырылып келгендиги да эч кимге жашыруун эмес. Мамлекеттик тилди өнүктүрүп, колдонулуш чөйрөсүн кеңейтүү боюнча КМШга кирген өлкөлөрдүн бардыгынан артта калганыбыз да эч кимде талаш туудурбайт. Бирок, ошондой болсо да, легендарлуу парламент тарабынан "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамдын кабыл алынуусу, азыр өзгөчө курч коюлуп жаткан тарыхый, маданий мурастарды сактап, өнүктүрүүгө да багытталган алдыга жасалган чоң кадам болгондугу шексиз.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жакында болуп өткөн отурумунда "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 20 жылдыгын белгилөө жөнүндө маселе каралып, бул багытта аткарыла турган иш-чаралар белгиленди. Алсак, улуттук комиссиянын токтому менен өлкөбүздө 1-сентябрдан 1-декабрга чейин мамлекеттик тилдин үч айлыгы жарыяланды. Үч айлыктын алкагында көрнөктөрдү-жарнамаларды, жазууну, иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнү кеңейтүү, ишканаларда жана уюмдарда, мекемелерде, окуу жайларында жана мектептерде мамлекеттик тилге арналган атайын бурчтарды, бөлмөлөрдү уюштуруу, семинарларды, конференцияларды, кереге кеңештерди, талкууларды жана жыйындарды, көргөзмөлөрдү, сынактарды, фестивалдарды өткөрүү, жалпыга маалымдоо каражаттарында макалаларды, ырларды ж.б. материалдарды жарыялап, атайын берүүлөрдү уюштуруу дагы ж.б.у.с. иш-чараларды өткөрүү каралган. Ошондой эле ушул жылдын 21-сентябрында "Кыргызстандын келечеги - мамлекеттик тилинде" деген эл аралык илимий конференцияны өткөрүү да белгиленип жатат.
Улуттук комиссиянын отурумунда үч айлыкты жана эл аралык илимий конференцияны уюштуруп, өткөрүү боюнча атайын топтор түзүлүп, курамдары бекитилди. Ошондой эле жакында 5 миң нускада басылып чыгарылган, 80 миңден ашык сөздү камтыган "Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгүнүн" бет ачары да болду. Комиссиянын отурумунда кыргыз тилинин 2 томдон турган түшүндүрмө сөздүгүн чыгаруу маселеси да талкууланды. Анын алгачкы томун жыл аягына чейин басып чыгаруу белгиленүүдө.
Папан ДҮЙШӨНБАЕВ,
"Кыргыз Туусу"