, 04.09.09 - 11-бет:
  Тарых

Хайреддин Жакып уулу -
дүйнөдөгү эң улуу адмирал
Өнүккөн өлкөлөр курал-жарактар, экономикалык, финансылык долбоорлор аркылуу өз таасирлерин бекемдешсе, түрктөр идеяларын жаштарды тарбиялоо аркылуу таркатышат. Булар алардын кандарында бар.
Хайреддин Барбаросса ачкан аскер деңиз окуу жайларында окушкан жаштардын көпчүлүгү славяндар, гректер, иудейлер, армяндар ж.б. болушкан. Янычарлар да негизинен башка элдерден түзүлгөн. Түрктөрдө этникалык белгилер боюнча дискриминациялык көрүнүштөр болбогон соң башка улуттардын өкүлдөрү Түркияга агылып келип, янычарлардын, курсанттардын катарларын толуктай беришкен. Түрк империясын ошолор чыңдашкан, өнүктүрүп өстүрүшкөн. Чыныгы түрк уулу катарында Хайреддин Барбаросса аябагандай айкөлдүгү, даанышмандыгы менен айырмаланган. Жеңилгендерге карата эч качан катаал, ырайымсыз мамиле жасаган эмес. Илим, билимдүүлөрүн иргеп алып окуу жайларына мугалим кылган, башка иштерди берген, жөнөкөй жоокерлерди сыноо мөөнөтү менен өз аскерлерине кошуп алган. Жакшы жагынан өзгөчөлөнгөндөрүн аскердик кызматтарга дайындаган.
Биздин президентибиздин саясый атаандаштарына, оппоненттерине жасаган чыныгы айкөлдүк мамилеси мага аябай жагат. Курманбек Салиевич оор басырыктуу, сабырдуу, дайыма ийкемдүүлүгү менен айырмаланган, ошол эле учурда өзөктүү принциптеринен кайтпаган бекем инсан. Ал жетектегенден берки мезгилде Кыргызстанда кандай жакшы жылыштар, өзгөрүүлөр болгондугуна бардыгыбыз күбөбүз. Көргөндү бурмалабай ачык айтуу керек.
Эң негизгиси, Курманбек Ба-киев да Хайреддин Барбароссадай кырдаалды адекваттуу баалай да, аны мамлекеттин кызыкчылыгына пайдалана да билет. Чыныгы айкөл кенен инсан катарында майда-чүйдө нерселерге реакция да жасабайт, күйпөлөктөнбөйт. "Пайгамбарчылык аста-аста" дегендей бардыгын сабырдуулук менен күтөт, анан ток этер жагына чечип таштайт. Ырасын айтуу керек, Курманбек Бакиевдин саясый, социалдык интуициясы аябагандай күчтүү. Кимдин ким экендигин рентгенден карагандай көрө билет. Ошол эле убакта кечиримдүү.
Мына ушулардын баары романды жазып жатканда менде белгилүү деңгээлде ассоциацияларды пайда кылбай койгон жок. Анын үстүнө Хайреддин Барбаросса Ататүрктөй, Айтматовдой эле бардык түрк дүйнөсүнө орток инсан. Ал биздин түздөн-түз бабаларыбыздан. Түрктөр бизди дайыма өздөрүнүн бир туугандары катарында эсептешет. Ал жөнүндө Абдулла Гүл биздин залда сүйлөгөн сөзүндө да айтты. Чындыгында байыркы түрктөрдүн тилин, этнографиялык өзгөчөлүктөрүн толук болбосо да жарым-жартылай сактап калгандар алтайлыктар, кыргыздар гана болуп саналышат. Ал эми калган түрктөр башка элдерге көбүрөөк аралашып кетишкендиктен уңгулук белгилеринин көбүн жоготуп коюшкан. Түрктөр Хайреддин Барбаросса менен кандай сыймыктанышса, биздин да аны менен ошондой эле сыймыктанууга укугубуз бар. Мына ушул жагдайларды талдап көрүп, жакшылап ойлонгондон кийин романымды Курманбек Бакиевге арноону чечтим.
- Рим империясы 400 жылдай жашаган. Чыңгыз хандын империясынын бийлиги 300 жылга созулган. СССРдин империясы 80 жылга жетпей кыйрады. Дүйнөдөгү империялардын ичинен Осмон Түрк империясынын эң узак - беш кылымга жашагандыгынын сыры эмнеде деп ойлойсуз?
- Империялардын ичинен Осмон Түрк империясынын эң узак жашагандыгынын себеби - чыныгы интернационалдуулук саясаттын болгондугунда, соодагерлерге, дыйкандарга салыктык, бажылык жактан эң жеңил шарттарды түзүү аркылуу бирдиктүү чарбалык организмди түзүүгө жетише алгандыгында, ал аркылуу башка элдерди өзүнө тарта алгандыгында деп ойлоймун. Албетте, империяны бекемдөөдө күчтүү аскер деңиз флот, кургактагы янычарлардан турган күчтүү армия да чоң роль ойногон. Бирок, Осмон империясынын узак жашагандыгынын негизги сыры - башка элдерди күч менен гана эмес, толеранттуу плюралисттик саясат, жеңилдиктер аркылуу өзүнө тарта билгендигинде болуп саналат.
Түрктөрдүн негизги валютасы акжа бизче акча болгон, бирок Испаниянын гульдени, Франциянын пиастрынын катар жүгүртүлүүсүнө да тоскоолдук болгон эмес. Мамлекеттин ичинде беш тил катар пайдаланылган. Башкаруунун тили - түрк тили болсо, аскер иштери хорват-славян, финансыга байланышкан маселелер еврей, динге байланышкан иштер араб, адабият менен искусство перс тилдеринде жүргүзүлгөн. Бир чөйрө экинчи чөйрөнү тилдик жактан кысымга алган эмес. Ал эми бажылык төлөмдөр, алык-салыктар дүйнөдө эң төмөн болгон. Мусулмандардын тапкан кирешелеринин төрт, мусулман эместердикинен 5%дык гана салык алынган.
Ал эми ошол убакта коңшулаш өлкөлөрдөгү, маселен Ирактагы алык-салыктар жер салык, суу салык, жол салык, жан салык, мал салык дагы толуп жаткан ж.б. менен 95%га чейин жеткен. Түрктөрдө салыктын 4-5%дык султан салыгы деген бир гана түрү болгон. Ал салыктан жыйналгандар аскерлерди, аскердик окуу жайларды кармоого гана жумшалган. Мамчиновниктер өздөрүнө берилген жерди иштетүүнүн эсебинен гана жашашкан. Султан аларды мамлекеттик казынага жакындаткан эмес. Ошондуктан Европа, Азия, Африкадагы соодагерлердин бардыгы түрктөрдүн империясынын аймагында иш жүргүзүүгө умтулушкан, башка жактардан кысым көргөндөр түрктөргө качып бара беришкен. Бир сөз менен айтканда, Осмон империясынын букарасы болуу башка өлкөлөрдүн ак сөөктөрү үчүн да, соодагерлери үчүн да, дыйкандары менен кол өнөрчүлөрү үчүн да, илим, билимдүүлөрү үчүн да пайдалуу болгон.
Көчмөндөр адамзатка көп нерселерди берген
- Мына, эртеден бери түрк дүйнөсү, чыгаан адмиралы Хайреддин Барбаросса жөнүндө сөз кылып жатабыз. Түрктөр көчмөндөрдөн чыгышкан. Азыр көчмөндөрдүн цивилизациясын тереңирээк үйрөнүп, учурга ылайык келе турган жактарын колдонуу жөнүндө да маселе көтөрүлүүдө. Президенттин катышуусунда көчмөндөр цивилизациясы боюнча улуттук долбоордун бетачары да өткөрүлдү. Бирок, батыш окумуштуулары көчмөндөр доорун өзүнчө цивилизация катарында карашпайт. Цивилизациянын кириш бөлүгү катарында гана эсептешет. Бул боюнча чоң адис, англиялык тарыхчы жана философ Арнольд Тойнби адамзаттын тарыхын 21 цивилизацияга бөлгөн, башкалар 8-11ге да бөлүп жүрүшөт. Бирок, алар көчмөндөрдү өзүнчө цивилизация катарында карашкан эмес. Бул маселеге сиздин көз карашыңыз кандай?
- Түрктөрдүн бардыгы көчмөндөрдөн чыгышкан. Көчмөн жашоо образы алардын менталитетине, маданиятына, социалдык чөйрөлөрүнө өз таасирин тийгизген. Руханий дөөлөттөрү да ошого ылайык калыптанган. Элдин өтмүшү, маданияты жана искусствосу, тарыхы, оозеки айтуу түрүндө сакталган, ошондуктан элдик оозеки чыгармачылык, санжыра аябагандай өнүккөн. Ошондой эле элдин мүнөзүндө кырдаалга тез ыңгайлашып кетүү калыптанган.




Д.Жабинов - кыргыз мамлекетин чыңдоочулардын бири
Андан соң убактылуу республиканын Мампланынын төрагасынын орун басары - айыл чарба бөлүмүнүн башчылыгына дайындалат. Ал жерден, б.а. ошол эле 1937-жылдын 10-августунда НКВД тарабынан камакка алынат да, контрреволюциячыл топтун активдүү уюштуруучуларынан делген күнөө коюлуп, үй мүлкү конфискациялануу менен атууга өкүмдөлөт. Өкүм көп өтпөстөн эле аткарылган. Чындык кеч болсо да жеңип, Кыргыз ССРинин Жогорку сотунун кылмыш иштер боюнча коллегиясынын 1956-жылдын 18-сентябрындагы аныктамасы менен акталат. Партиялуулугу Кыргыз КП БКнын 1959-жылдын 16-сентябрындагы токтому менен калыбына келтирилген. (КРнын Саясый документациялар архиви.
Ф. 55. Оп 1., д. 672, 86, 87, 107-беттер).
Дүйшөналы Жабинов өтө зирек, билимдүү, уюштургуч инсан экендигин анын ишмердүүлүгүнөн туюу кыйын деле болбосо керек. Демилгелүү аракеттеринин биринен кепке алсак, анда өзү да Москвада жүргөнүндө өзү сыяктуу окугандардын жашоо-турмуштарына терең көңүл бурган. Аердеги Кыргыз АССРинин БАКнин туруктуу өкүлчүлүгүнүн алдындагы кыргыз мекендештеринин башкармалыгынын 1931-жылдын 27-октябрындагы отурумуна Кыргыз БАКтын Москвадагы туруктуу өкүлү Кожокан Шооруковдун катышуусунда, өзүнүн төрагалыгы астында ар бир студентке 120 сомдон жардам берүү тууралуу чечим чыгарылат. (КР. БМА. Ф., 99., оп. 3., д 6, 225-бет). Бул мезгилдерде ал жерде кийинки кездерде кыргыздын көрүнүктүү интеллигенттеринен болушкан Касымалы Баялинов, Өмүркул Жакишев, Молдогазы Токобаев, Зияш Бектенов, Эркинбек Эсенаманов, Осмонкул Тынаев жана башкалардын студенттик кездери эле.
Д.Жабинов өз заманында ал кездеги көптөгөн жогорку жетекчилер менен үзөнгүлөш иштеп, алардын ичинен Э.Эсенаманов К.Тыныстанов менен өтө тыгыз, ал эми белгилүү санжырачы, тарыхчылар Осмоналы Сыдык уулу менен жек-
жааттык, Белек Солтоноев менен жубайы боюнча жакын тууганчылык мамиледе болгон. Коомдук-саясый, чыгармачыл активдүүлүккө көптөгөндөрдү тарткан. Алардын бирине өз карамагында окутуучулукта эмгектенген Сатыбалды
Нааматовду атасак болот.
Д.Жабиновдун саясый ишмерлигине катарлаш эле жекелик өмүрүнөн да баяндай кетсек. Чоң атасы Бакы XIX кылымдын башында жарыкчылыкка келген. Кыргыздын саяк уруусунун "Курманкожо эли" деген бөлүнүшүндөгү жараш деген уруктан. Чөйрөсүнө өтө сабаттуулугунан "молдо" атыккан. Көпчүлүк убактыларында Ташкен, Кашкар тараптарга соода жүргүзүү менен алектенген.
Өз атасы Жабуу (Жабин) да атасы Бакыны ээрчип жер кыдырган, тынымсыз эл аралаган. Ташкенде медреседен окуп келгенден кийин Аравияга 12 адамды топтоп, ага топ башчылык милдет аткарып, алып барып келген. Жабуу Аравиядан келгенден кийин Курманкожо болуштугуна бий болуп турган убагында ишине калыстык менен мамиле кылгандыктан, эч убакта анын сөзү эки болгон эмес. Жабуу бий чечкен иш болсо, анда калыстык менен чечилген иш делинип эсептелинген.
Кыргыз эли байыртадан эле атка чоң маани берип, бардарлары алыска жүрүүгө бышык жана күлүк аттардан күтүүсү салтка айланган көрүнүштөрдөн го. Жабуунун да азыркы Жумгал-Кочкор аймагында алдына ат чыгарбаган "Куйрук-Көсөө" аттуу күлүгү болгон. Жабуунун саяпкерчилик, мүнүшкөрлүк жана комуз чертүү боюнча өнөрү болсо да, аны сыпайылык иретинде эл алдында колдоно бербеген.
Дүйшөналыдан төрт жашында калган жалгыз уулу Толкун университетте геологдук бөлүмдүн акыркы курсунда окуп жүргөнүндө, окутуп эле жүргөн мугалими артынан түшүп, "эл душманынын", "улутчулдун" уулу дедиртип окуудан чыгартканга жетишкен. Ал андан соң жолдомо менен Алайкууда мугалимдикте иштеп жүргөнүндө капилет оорудан көз жумган. Жыйырма беш жашында жесир калган Жамихан эже да чындыкты күтүп жүрүп, ага жетпей дүйнөдөн кайтты.
Биз жогоруда Д.Жабиновдун саясый ишмердүүлүгүнөн жана ата-тегинен, өз өмүрүнөн бир аз кыскача кеп кылдык. Анын ишмердүүлүгү кыргыз мамлекетин түзүшүүгө, өзгөчө чыңдоого байланышып, мезгилдин өтө кооптуу учуруна туура келген. Эмне демекпиз, арбагына таазим кылып, өмүрү элине, мекенине арналган жана жаны кыйылган инсанды өз деңгээлинде эскере жүрүү парзыбыз демекчибиз.