, 24.08.09 - 7-бет:
  Турдакун Усубалиевдин 90 жылдыгына карата

Улутубуздун сыймыктуу уулу
Чаткал үчүн күрөш
Улуттун улуу Уулу" - деп жатканыбыздын бир эле мисалы. 60-жылдардын башында Чаткал өрөөнүнө коркунуч туулду. Өрөөндө өзбек энергетиктери изилдөө-долборлоо иштерин тез ыргактар менен жүргүзүп суу сактагыч, гидроэлектростанциясын курабыз деп калышат. 1971-жылдын июль айында Т.Усубалиев, партиянын Ош обкомунун биринчи секретары С.Ибраимов болуп башка зарыл иштерин токтото туруп барып, бир жума машинада, атчан 570 гектар аянтта жаткан кооз өрөөндү толук кыдырып, эл менен, партиялык, советтик, чарбалык органдардын жетекчилери менен сүйлөшүп чыгышкан.
Чындыгында эле, бүткүл союздук "Гидропроект" институтунун Орто Азиядагы бөлүмү Чаткал дарыясында суу сактагыч жана гидроэлектростанция куруу долбоорун бүтүрүшкөн. Таң калаарлык нерсе, анын Кыргыз Республикасынын жетекчилиги менен макулдашылбай даярдалгандыгында. Ал эми Чаткал өрөөнү республика аралык тоют базасы болгон. Жайында андагы жайытта Кыргызстандын 700 миң, Өзбекстандын 300 миң баш кою жайылчу. Өзбек Республикасынын "Правда Востока" гезитине бул материал кайта-кайта жарыяланып, коомдук пикир түзүүгө аракет жасалган. Гезиттин бул
материалдары КПСС БКнын органы "Правда" гезитинин 1971-жылдын 20-июлдагы санына кайрадан басылган.
Кыргызстан КП БК жана республиканын Министрлер Совети Өзбек Республикасынын жетекчилерине жана СССР энергетика Министрлигине Чаткал өрөөнүндө суу сактагыч жана гидроэлектростанцияны долбоорлоону токтотуу өтүнүчү менен кайрылышкан, бирок алар биздин республиканын мындай олуттуу катына көп көңүл бөлгөн эмес. "Бизде бир гана жол калды, - деп жазат Т.Усубалиев өзүнүн биринчи китебинин 222-бетинде, - КПСС БК жана СССР Министрлер Советине кайрылуу эле".
Жогорку органдарга даярдалган катта Кыргызстан КП БК жана Министрлер Совети СССР энергетика Министрлигинин "Гидропроект" институту тарабынан Нарын дарыясында 20 электростанция долбоорлонуп, анын кубаттуулугу жылына 30 млрд. киловатт/саат эң арзан электр кубатын иштеп чыгара тургандыгы, жетинчи, сегизинчи беш жылдыктын мезгилинде кубаттуулугу 220 миң киловатт Үч-Коргон, Ат-Башы ГЭСтери курулуп, тогузунчу беш жылдыкта кубаттуулугу 1,2 млн. киловатт Токтогул ГЭСи, 19 млрд. куб.м суу сыйымдуулугу бар суу сактагычы менен курулуп бүтүп жаткандыгы, 1975-жылы 800 миң киловатт кубаттуулугу бар Күрпсай ГЭСинин курулушу башталары, азыркы мезгилде Орто Азияда эң ири кубаттуу 2 млн. кВт, 9 млрд.куб суу сыйымдуулугу бар суу сактагычы менен Камбар-Ата ГЭСи ошондой эле кубаттуулугу 450 миң кВт/с Таш-Көмүр ГЭСтеринин долбоорлоо иштери бүткөрүлүп, курулуу алдында тургандыгы көрсөтүлүп, Чаткалда ГЭС жана суу сактагыч куруунун зарылчылыгы жок экендиги айтылган.
Бул чаралар Орто Азия республикаларын туруктуу электр кубаты менен гана камсыз кылбастан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстанга 500 миң гектар жаңы жерди өздөштүрүп, 1,5 млн. гектар аянтты суу менен камсыз кылууну жакшырта тургандыгы айтылган. Каттан кийин КПСС БКнын саясый бюросу Кыргыз ССРнин жана Өзбек ССРнин жетекчилеринин койгон маселелерин кароо үчүн КПСС БКнын саясый бюросунун Алексей Николаевич Косыгин башында турган атайын комиссиясын түзгөн.
КПСС БКнын саясый бюросу Кыргызстандын Чаткал боюнча сунушун СССР Министрлер Советинин кароосуна берип, А.Н.Косыгин 1978-жылдын 7-февралында комиссиянын жыйынтыгын КПСС БКга кабар бергендигине карабастан Өзбекстандын жетекчилери өзүнүн принцибинин аткарылышын талап кылып, көгөрүп тура берди. СССР Министрлер Совети мамлекеттик эксперттик комиссиянын жыйынтыгын карап, мындан ары Чаткал дарыясында гидроэлектростанциясын куруу ишин долбоорлоону токтотуу максатка ылайыктуу келет деп эсептейт - деген чечимге келген.
КПСС БКнын саясый бюросу А.Н. Косыгиндин жыйынтыгы жана сунушу менен макул болгон. Кыскартып айтканда, мына ошентип Чаткал өрөөнү сакталып калган. Бул өрөөндөгү эмгекчилердин гана эмес, бүткүл кыргыз элинин кубанычы болгон. А.Н.Косыгиндин андай калыс, адилеттүүлүгүнө биз ыраазы гана болуубуз керек. Андан көп өтпөй Кыргызстан КП БКнын жана Кыргыз ССР Министрлер Советинин өрөөндү өздөштүрүү жөнүндөгү токтому чыгып, Чаткал району түзүлүп, 1971-жылы бир эле совхоз болсо, андан кийин "Ак-Таш", "Башкы-Терек", "Беш-Арал" совхоздору, Чаткал машина мал чарба стан-
циясы, Чаткал механикалаштырылган токой чарбасы уюштурулуп, нан, кирпич заводдору курулган.
Суугат аянттар кеңейтилип, "Кайың суу", "Түлөберди", "Тегирмен-сай", "Беш-Арал", "Чоң Тектир", "Ак-Суу", "Кара-Суу", "Аюу-Чач" каналдары курулду. Миңдеген малга короо-сарайлар тургузулду. Кесиптик окуу жайы, бала бакчалар, жолдор, электр зымдары, теле көрсөтүү, телефондоштуруу маселелери чечилди.

Н.Хрущев облустарды жоюуну сунуш кылган
1961-жылы Н.С.Хрущев "башкаруу аппаратына кеткен чыгымды кыскартуу максатында сизге Тажикстан, Молдавия, Прибалтика республикаларынын үлгүсүндө облустарды жоюп, мамлекеттик көп каражаттарды үнөмдөп калышыңыз керек" - деп калат. "Биз эч качан ага барбашыбыз керек", - деп мен Никита Сергеевичке каршы чыгып, каяша айттым - дейт Турдакун Усубалиевич. Биз тоолуу өлкөбүз, климаттык шарттарыбыз башка, сиз айткан өлкөлөрдөн биздин өлкө чоң, коммуникациялык байланыштар начар. Поезд менен Ошко Ташкент, Өзбекстан аймагы аркылуу эки күндө келебиз. Фрунзе-Ош жолунун курулушу бүтө элек. Партиялык, советтик, чарбалык органдардын, региондордун иши начарлайт", - деп аябай айтып, көгөрүп отуруп алдым. Т.Усубалиевдин пикири менен Н.Хрущев макул болуп, Ош облусун жоюу жөнүндөгү өзүнүн сунушун алып таштайт.
Мына ушундай кыйынчылык, талыкпаган эмгек, өжөрлүк, мекенге берилгендик, намыскөйлүк менен Соң-Көл, Ысык-Көлдү сактап калуу, Ысык-Көлдө апийим өндүрүүнү алып таштоо, республикада уран өндүрүүнү токтотуу, атомдук электростанциясын курууга уруксат бербөө, Чүй өрөөнүндө азот заводдун курууга тыюу салуу сыяктуу өтө эле оор, элибизге зыян келтирүүчү маселелерди Т.Усубалиев өзүнүн даанышмандыгы, алдын-ала көрө билгендиги, мекенин, элин чын жүрөгү менен сүйгөндүгү үчүн чечип келди.
Жогорудагы маселелерди чечүү оңой болгон эмес. Ар бир маселенин оң жана терс жагын далилдеп көрсөтүү, өлкөнүн биринчи адамына чейин баруу, ага чейинки өкмөт, мамплан, министрлик-ведомстволорду ынандыруу сыяктуу толгон-токой тосколдуктарды жеңүү керек эле. Мына бир эле апийимди өндүрүүнү республикадан алдырып салуу жөнүндөгү маселе. Элибиз бузулуп, көрбөгөндү көрүп, укум-тукумга доо кетип, бизден бүткүл дүйнөгө тарап жаткандыгы эле эмес, өзүбүздүн өлкөбүздүн ичинде экономикалык кризистен апийим аркылуу гана чыгабыз деген мырзалар болду да.
Мына ушул проблемалардын баарын Турдакун Усубалиев гана элине ачык айтып чыкты. Себеби, мындай маселелерге жеңил-желпи кароого болбойт бул өз элинин, мекенинин тагдыры, келечектеги муундардын тагдыры эле.