, 24.08.09 - 2-бет:
  Элдин үнү

РИИБ ишти калыс тергебеди, эми ОИИБ да ошону кайталайбы?
Быйылкы жылдын 9-апрелинде таңкы саат 5-30да Бишкек - Торугарт автомобиль жолунда жол-транспорт кырсыгы болуп өтүп, анда мамлекеттик номери В 15-50 А "Хонда-Одиссей" маркасындагы автомобиль менен менин уулум Кудрат Үсөновдун "Фольксваген-Вента" маркасындагы автомашинасы кагылышкан. Натыйжада менин уулум авария болгон жерде каза тапкан.
Бирок, менин көз карашым боюнча, бул иш боюнча кылмыштык иликтөө калыс жүргүзүлбөй келет. Ал үчүн бир катар жагдайлар бар. Биринчиден, авария болгон жерден менин уулумдун паспорту менен мобилдик телефону уурдалып кеткен. Мага болсо саат 8де гана араң билдиришкен. Ага чейин авариянын бардык белгилери жок кылынган.
Биз авария болгон жерге келгенде күнөөлүү автомашинаны алып кетип калышкан. Ишти тергеп баштаган Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү Б.Мусабековдун билдирүүсү боюнча "Хонда-Одиссей" маркасындагы автомобиль саатына 40 км ылдамдыкта келе жаткан. Андай болсо кантип менин уулумдун автомашинасын 35-40 метр аралыкка сүйрөп барып, жол жээгинде турган азык-түлүк павильонуна киргизип жиберген? Мындай суроолор көп.
Мен уулумду жайына бергенден кийин эле дароо өзүм да окуяны иликтей баштадым. Базарчадагы соодагерлерден алгач сураштырганда айткандарын
кийин тергөөчү менен жолугушкан соң өзгөртүп жиберишти. Күбөлөр мага авария болор замат ал жерге "Ауди-100" маркасындагы автомобиль келип, "Хонда-Одиссей" маркасындагы автомобилди өз ордунан сүйрөп 180 градуска буруп койгондугун айтышкан. Анан жашыл түстөгү "Джип" автомашинасы келип, андан капитан чининдеги МАИ кызматкери түшүп, күбөлөрдүн бардыгын окуяны көрбөгөндүгүн айтууга көндүргөн. А автомашинанын жолдогу сыныктарын, айнектерди тазалашып, сынган павильонду калыбына келтире башташкан. Саат 10до павильон иштеп калган. Ал эми протоколдо "Хонда-Одиссей" маркасындагы автомобилдин айдоочусу мас эмес экендиги, анын күнөөсү жоктугу
боюнча протокол түзүлгөн.
Тергөөчү Б.Мусабеков өзүнүн кызматтык милдетине шалаакы мамиле жасагандыгын окуя болгондон 5 күн өткөн соң гана күбөлөрдү сураштыра баштагандыгы, иш 2 жумадан кийин гана козголгондугу да далилдеп турат. Иш прокуратурада катталган эмес.
Кийин ал ишти тергөөчү А.Кожомкулов тергей баштаптыр. Бул жөнүндө мени РИИБга 6-июлда чакырышканда гана билдим. Тергөө бир тараптуу жүргүзүлүп жаткандай таасир калтыргандыктан, мен ар кайсы инстанцияларга арыздана баштадым. Ысык-Ата РИИБсынын начальнигине, Чүй ОИИБсынын начальнигине жазгандарым жоопсуз да калды. 3-июнда райондун прокуроруна, 10-июнда Чүй облусунун прокуроруна кайрылууларыма да жооп болгон жок. КРнын Башкы прокуроруна жазган катыма жооп алганым менен андан эч майнап чыккан жок. Акырында КРнын ички иштер министри М.Конгантиевге жазган арызыман кийин гана ишти Чүй ОИИБсына беришип, тергөөнү тергөөчү Ш.Кадыркулов жүргүзүүдө.
Окуянын күбөлөрүндө тартылып алынган видео жана фотоматериалдар да бар. Ошондуктан бул иш калыс тергелсе болмок.
И. ҮСӨНОВ,
Ысык-Ата району,
Ново-Покровка айылы





  Эне тилибиздин айрым маселеси

"Чылыктардан"тегиз арылалы
Жоголот качан "чылыктар"
Эскиден калган кылыктар?
Чылыгың менен куруп кал,
"Чылык" бар жерде "былык" бар.
Чылык" деген кошумчасы бар сөздөр терминге жатпасын тил башаты болгон К.Юдахиндин сөздүгүнүн негизинде эл сыноосуна коюп, чынын билдирели! К.Юдахиндин 1965-жылы Москвадан чыккан сөздүгүнүн 377-бетиндеги керексиз, керексиздер деген эки сөздүн экинчисине "дер" кошулганы болбосо мааниси бир. Демек, экинчи сөздү өзүнчө жазып, чаташтыруунун эч кажети жок болчу!
89-бетиндеги зарыл, зарылдык, зарылчылык. Үчөөнүн тең мааниси бирдей экени зарыл деген сөздөн эле ачык билинип калбадыбы! Ошентип, кийинки эки сөздүн аягындагы "дык", "чылык" кошумча иретинде жазылганынын эч кереги жогу да түшүнүктүү болду окшойт.
84-бетинде "ашмачы-повар, ашмачылык-профессия повара". Ушул эки сөздү эл оозунан уга элекмин, өөн учурайт. Мына ушундай түшүнүксүз сөздөр кездешет. Демек, сөздүктү бүт нускалуу терминден болгондой кайрадан карап чыгыш керекпи дейм.
Топ "чылыктын", мисалы, койчулук, малчылык, дыйканчылык чарба деген сөз менен эң сонун, өтө туура алмашылып, чылык түп тамырынан бери кыркылды. Демек, "чылыкты" эч ким сөзгө кошуп, айталы, дыйканчылык деп сүйлөбөй калды. Бул "чылык" бүт өмүрүн сүрүп бүткөндүн далили болду.
"Чылыктардын" калдыктарынын нечен түрү К.Юдахиндин сөздүгүндө толук укуктуу термин катары жазылып, башка сөздүктөргө, эне тилибизге, телерадиого табигый булак суусундай агылып, көбүрүп-жабырып жаткандай сезилет. 478-бетиндеги иштин кызыкчылыгы деген сөздү иш кызыгы, коомдук кызыкчылыктарды коом кызыгы же коомдун кызыгы деп алууга неге болбосун! Ошондо ар бирин так түшүнүүгө, жазууга жана жеңил айтууга болоору колдонгон кишиге дароо байкалат. Мына ушундай "чылыктар" башка сөздүктөрдө да бар экенине көзүм жетип, баянымды улантуунун эч кажети жогун туура көрдүм. Эне тилибиз бүт бардык "чылыктардан" биротоло арылганда гана кайрадан жаңырып, нукура нускалуу түзүлүшүнө өтүп, туруктуу багыт алат.
Садыбакас ЕРАЛИЕВ,
Ата-Мекендик согуштун жана журналистиканын ардагери.
Бишкек шаары




Калктын кайрылуулары эске алынды
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги "Кыргыз Туусу" гезитинин 2009-жылдын 10-июлундагы № 51-санында жарык көргөн "Ооруктагылардын ой-тилеги орундалса" деген макаланы карап чыгып, төмөндөгүдөй жооп берет.
Улуу Ата Мекендик согуш учурунда (1941-1945-жж.) жумушка жарамдуу бүткүл эл, анын ичинде жаш балдар дагы иштеген. Бирок, иштегендердин жана күжүрмөн эмгеги боюнча айырмалангандардын 20%ы гана медалдар жана ордендер менен сыйланган.
Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 8-майындагы № 14 "Согуштун ардагерлери, Куралдуу Күчтөрдүн жана ооруктун эмгекчилери жөнүндө" Мыйзамына ылайык жогорудагы аталган медаль жана ордендер менен сыйланган жарандар гана мыйзамда көрсөтүлгөн белгилүү жеңилдиктер жана кепилдиктер менен пайдаланууга укуктуу.
Ушундай медалдардын бири "За доблестный и самоотверженный труд в годы Великой Отечественной войны в 1941-1945 годах" медалы болуп эсептелет. Бул медаль Сталиндин барельефи менен чыккан жана 1949-жылга чейин берилип келген. Аталган медаль менен сыйланган фактыны тастыктоочу документ болуп медалдын күбөлүгү же сыйлангандыгы жөнүндөгү архивдик маалымат эсептелет.
Жогоруда көрсөтүлгөн медаль менен жана 1975-1991-жылдарда "Эмгек ардагери" деген медаль менен сыйланбаган жарандарга жеңилдиктерди берүү боюнча сунуштар акыркы жылдарда көптөгөн жарандардан жана мамлекеттик эмес уюмдардан түшүп жатат.
Ушундан улам, келип түшкөн кайрылууларды эске алып, улгайган жарандарга ылайыктуу шарттарды түзүүгө жана аларга социалдык жактан колдоо көрсөтүү максатында Эмгексоцмин тарабынан "Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандар жөнүндөгү" мыйзамдын долбоору иштелип чыгып, ал демилгелөө үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Г.Т.Дербишовага берилген.
Аталган долбоор улгайган жарандарга социалдык жеңилдиктерди көрсөтүү, ошондой эле ар тараптуу социалдык тейлөө мекемелерин түзүү жана өнүктүрүү менен бирге Кыргызстандагы улуу муундун жашоо-турмушун жакшыртууга багытталган. Мындан тышкары, улгайган жарандардын коомдун экономикалык жана саясый жашоосуна Кыргыз Республикасынын баш мыйзамынын чегинде жигердүү салым кошуусуна жолдонгон.
"Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандар жөнүндө" мыйзамдын долбоорунда улгайган жарандардын арасынан эмгек ардагерлерине жана ооруктун эмгекчилерине белгиленген нормалардын чегинде турак-жай жана коммуналдык кызматтарды пайдаланып акы төлөөдө 50%дык жеңилдиктер каралган. Бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында каралуусу күтүлүүдө.
Д.МИНБАЕВА,
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык
өнүгүү министринин
орун басары