, 24.08.09 - 12-бет: Фараондордун өлкөсүнөн жолбаян
Ал эми анда-санда көчөлөрдүн жээктеринде тургандары мүмкүн болушунча автоунаалардын кыймылдарына кийлигишпөөгө аракеттенишет.
Ошерде көптөн бери жашагандардын айтымдарына караганда, арабдар адатта адамдардын өмүрлөрүнө зыян келтиргенден башка учурларда автоунаалардын сүзүшкөн, кагышкандары үчүн МАИ кызматкерлерине кайрылышпайт. Жаакташып отурушпастан кимиси күнөөкөр болсо, анысы өз айыбын мойнуна алып, келтирилген зыянды төлөп берүү жөнүндө кол алышып, таркап кете беришет. Ал эми автоунаалардын алды-арттарын, капталдарын анча-мынча капшырып алуу көндүм көрүнүш болгондуктан, ал үчүн кыжылдашып деле отурушпайт дешет. Ошондуктанбы, айтор көчөлөрдө агылган автоунаалардын жарымынан көбүнүн бамперлери, же башка жерлери чийилген же капшырылган.
Бул бир жагынан арабдардын өзгөчө сабырдуу менталитети менен түшүндүрүлсө, экинчи жагынан ага алар минген автоунаалардын кичинекей, арзан маркалардан экендиги, көбүнүн эскилиги да өз таасирин тийгизет окшойт. Каирдин, Александриянын көчөлөрүнөн жаңы үлгүдөгү кымбат автоунааларды да көрөсүң, бирок алар өтө эле аз. Басымдуу көпчүлүгү "Шкода", "Варшава", "Жигули-Лада", "Гольф", "Матисс" сыяктуу чакан литражкалар. Мурда өмүрүңдө эч жерде көрбөгөн, эки адам араң баткан автоунааларды да Каирдин, Александриянын көчөлөрүнөн жолуктурасың. Каирдегилер үчүн автоунааны сатып алгандан да аны бир жерге коюу чоңу-раак маселе болгондуктан, алар биринчи кезекте автоунаанын көлөмүнүн чаканына качырышат.
Минткенибиздин себеби, Каир -Александрия, Каир - Шарм Эль Шейх сыяктуу негизги автожолдордон деле биздеги "КамАЗ", МАЗ
сыяктуу көлөмдүү жүк тартуучу машиналарды, авторефрижаторлорду көрбөйсүң. Жашылчаларды, жер- жемиштерди, суусундуктарды ж.б. жүктөп, ири шаарларды көздөй агылгандардын дээрлик бардыгы бусиктердей чакан автоунаалар. Ал эми Каирдеги таксилердин жарымы, Александриядагылардын дээрлик бардыгы "Жигули-Ладалар", "копейкадан" 07ге чейинки маркадагылар. Бир убакта Египетте "Жигулилерди" курап чыгаруучу завод да болгон экен, бирок акыркы үлгүдөгүлөрдүн таптакыр жоктугуна караганда Союз менен Египеттин ортосундагы мамиле начарлагандан
кийин ал завод башка өлкөлөрдүн чакан литражкаларын жыйнап чыгарганга өтсө керек.
- Мамлекеттик мекемелерде иштегендерден башка египеттиктер автоунааларына, кийимдерине анча деле маани беришпейт, - дейт Каирде он беш жылдан ашык убакыттан бери жашап келаткан баткендик кыргыз Акбаралы Исаев. - Көчөдө окшош кийинип бараткандардын, же автобуска же электричкага батпай түрткүлөшкөндөрдүн бири -бир бөлмөлүү картон үйдө жашаган жумушсуз кедей болсо, экинчиси - банктагы эсебинде жүз миңдеген доллары бар оокаттуу адам болушу да мүмкүн. Мен андайларды көп эле көрдүм.
Каирдин көчөлөрүнө автоунаалар батпай шыкалган менен экзотиканы эңсеген туристтерди ары-бери сейилдете турган ат чегилген орустардын теремогундай кооздолгон фаэтондор да кездешет. Көбүнчө алар кечкисин Нилдин жээгиндеги көчөлөрдө тизилип турушат. Алардын кызмат акылары, албетте, таксилердикинен бир нече эсе кымбат. Шаардын чет жакаларындагы дыйкандар (феллахтар) өздөрү өстүргөн жашылчаларын, жер-жемиштерин ат, эшек арабаларга жүктөп келип, көчөлөрдү кыдырып сатып жүрө беришет. Айдоочулардын, полицейлердин аларга карата эч кандай агрессивдүү мамилелери байкалбайт. Деги эле өз тиричиликтерин кылып жүргөндөрдүн иштерине кийлигишпөө каирдик полицейлердин негизги сапаттарынан экен.
Кечкисин майда-чүйдөлөр менен соода кылгандар шаардагы көпүрөлөрдүн чекелерине товарларын жайып, анысы аз келгенсип автоунааларын жандарына коюп отуруп алышат. Көпүрөлөрдүн парапеттерине сүйөнүп алып, түнкү Нилге, андагы жарыктары күйгөн кайыктарга, паромдорго көз сала тизилип тургандар алардан көп, бирок, аларды ары тур, бери тур деген эч ким жок. Үйү жокторбу, же чет жактардан келишип түнөк таппай калышкандарбы, айтор, айрымдар кечкисин тротуарлардын четине чиртеге окшогон бир материалды жая салып беймарал уктай беришет. Ары-бери өткөн полицейлер "сен кимсиң, бул жерде эмне жатасың?" деп сурап да коюшпайт.
Биз мейманканадан бир кварталдай жердеги күркөгө тамеки, суусундук ж.б. майда-чүйдөлөрдү алганы эртең менен, кечинде каттаганыбызда, анын жанындагы дарактын түбүн бир жаш эле жигит "үйгө" айландырып алганын дайыма көрүп жүрдүк. Эртең менен ал оозу-мурдуна чымындар үйүлгөнүнө карабастан былк этпей уктап жатса, аялыбы же бөтөнбү, айтор, кечкисин анын жанына жаш балалуу бир аял пайда болуп калат. Ал ары-бери өткөндөрдөн кайыр сурайт.
Биз бул макаладагы негизги темадан алыстап кеттик окшойт. Светофор маселесине кайрылсак, ички рухий тартиптери бекем, сабырдуулуктары өзгөчө элдер кошумча жөнгө салгычсыз деле жашай берсе боло берет көрүнөт.
Шаардагы негизги чоң көчөлөрдүн кесилиштеринде айланмалар, эстакадалар бар. Ал эми калган кесилиштерде айдоочулар "сизиң, бизиң" деген жазылбаган тартипте өтө беришет. Маселен, бир көчөдөгү автоунаалар кесилиштен 1-1,5 мүнөттөй өткөндөн кийин алардын арттарында келаткандар "биздин убакыт бүттү" дегендей өздөрү эле токтой башташат. Экинчи көчөдөгүлөр да өздөрүнүн мөөнөтү бүткөндөн кийин ошондой кылышат. Эгерде бирди жарым айдоочу шашкандыгын билгизип, улам алдыга умтулуп, фараларын өчүрүп- жандыра баштаса, бул аэропортко же ооруканага шашып баратса керек дегендей тейде аны кезексиз эле коё беришет. Дөңгөлөктөрдүн асфальтка сүрүлүп чыйылдаганы, автосигналдардын үндөрү дээрлик угулбайт. Машинасынын айнегинен башын чыгарып алып, сөгүнүп тилденип, чыкыйын сөөмөйү менен көзөгөндөрдү таптакыр көрбөйсүң.