, 24.08.09 - 10-бет:
  Адабият

Жазуучулардын жаратмандыгы жанданабы?
Ал өз жолу менен болор, биз өз корообузга - Кыргызстаныбызга кайтып, өз элибизди адамзат үлгү кармаган жүрүм-турумга, адеп-ахлакка, аруу ишеничке чакыруудагы жазуучулук уюмубуздун катчылары менен алардын төр-агасы Баяс Туралга өзүбүздүн каалоо-тилектерибизди айтып, узарып бараткан сөзүбүздү кыскарта жыйынтыктайбыз.

Саясаттын сасыгы,сөздүн ачыгы
Жаңыдан кабылдаган толук укуктуу мамлекеттүүлүгүбүзгө быйыл 31-августта болгону 18 жыл толот. Тегерегибиздеги Кытай, Россия сыяктуу гигант мамлекеттердин жанында он сегиз жаш көзүн ача элек ымыркайдан айырмасы жок мамлекетибизди көзү түз эместер каалагандай калчап жибериштери да мүмкүн. Мамлекетибиз бакубат, бардар болушу үчүн, биринчи кезекте, улутубуздун уңгусун (негизин) кетилтпей, жетилтишибиз абзел, ал үчүн улуттук негизге (уруулук негизге эмес, жердешчилдик түркөйлүккө да эмес) бирдей (бир кишидей) ишенип жана аны көздүн карегиндей сактоо керек. Коомдук түшүнүгүбүз негизге багытталган ыргагын жоготуп, сырттан жасалган таасирлерге эликтеп кетип, алардын политтехнологдорунун токуп берген ушактарын турмуштагы чындыктай кабыл алганыбыз улуттук биримдикке зор зыянын тийгизип атат. Булардын жылма саясатын карапайым эл түшүнө албай, ары-бери кетип атса, интеллигенттерибиздин айрым бийлик самаган уруучул, жерчил түркөйлөрү суу бүркүп, мамлекетибиздин бүтүндүгүнө эмес, ошол сырттан келген эл бузарлардын чырактарына май тамызып атышат.
Казакстандык политтехнолог Марина Павловна Сабитова Ата Мекен партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен болгон 2009-жыл, 27-апрелдеги телефондук сүйлөшүүсүндө ("Трибуна" гезити, 23.06.
2009-ж. Аталышы: "Надо хорошо продумать, как дискредитировать семью Президента".) Текебаевдердин өткөргөн курултайын мактап, ошондогу Б.Шерниязовдун "...будет война, надо быть готовым ко всему" - деген сөзүн көтөрө чалып, "А если бы были какие-то, одурманивающие народ транспаранты..." - деп тополоң чыгара турган баңгизат таткандардай жинди мүнөз адамдардын болбой калганына өкүнөт, ушундайда акча төлөп молдолорду каршы салууну, "У нас режим который убивает"-деп ак кепин кийип жолго жатып алса да боло турганын кыйытат. Ал эми өзүн-өзү өрттөө жөнүндө: "Нужна какая-то совершенно нестандартная акция. Либо лежачая, в саванах, как мертвецы, либо что-то такое, типа обливания себя бензином и поднесения к себе горящих факелов или спичек. Надо просто платить и ваши люди это сделают."-деп, кыргыздарды акча үчүн ар кандай ыплас иштерге бара бере тургандай кылып көрсөтөт. Андан ары Президенттин үй-бүлөсү баңгизаттарды көзөмөлдөйт деген ушак таратсаңар да болот дегендей кеңеш берет ("Следовательно, необходимо запускать слухи в народ, что семья Президента контролирует наркотрафик"). М.П.Сабитова эскерип аткандай акциялардын айрымдары өткөн пикеттерде негизинен аткарылбады беле, эч нерсе чыккан эмес, дагы кайталоону сунуштап атат.
Баарынан коркунучтуусу бул: "...нужно очень хорошо и выборочно продумать, как дискредитировать семью Президента. С точки зрения европейцев это наркотики. С точки зрения кыргызстанца - это рейдерство со стороны членов семьи Бакиева. Последнее успешно внедряется. Некоторые уже сами стали придумывать какие-то истории. В этом вы молодцы." М.Сабитованын жогорку "мактоосуна" чын эле оозеки сөзгө чыланган биз, кыргыздар, аша татыктуу экенибизди көрсөтүп атабыз, түлкү тиштеп кеткен тоокту деле Бакиевдин Максими алды дегенге чейин жетип калдык. Текшербей, атүгүл ойлонбой туруп эле сүйлөй бергенге өтүп баратабыз. Кыргызстан ушакка толуп кетти деген киши жаңылбайт. Марина Сабитова жөн жеринен "Кээ бирөөлөр өзүнчө ушак токуганга үйрөнүп калышты." -деп, бир жагынан өз максаттарына жеткенине сүйүнсө, экинчи жагынан кыргыздардын ушак айтканга жөндөмдүүлүгүн баса белгилеп шылдыңдап аткан жок да.
Кыргыз жазуучулары, биринчи кезекте, ушундай коомду тескери буруп бараткан чындыктан тыш сөздөрдүн бетин ачып, калкты каадалуу, салттуу жолго буруу милдетин алуулары керек.
Радио, теленин кыргызча көрсөтүүлөрү убактыларынын көпчүлүгүн "шоу" берүүлөргө кетирип, мамлекет, улут тагдыры туурасындагы олуттуу ойлорду, салмактуу сөздөрдү айтууну унутуп калышты. Жазуучулар союзу бул маанилүү маселени да колго алууну, аларга таасир этүүнү унутпаштары керек.
Омор Сооронов




  Көөнөрбөс таберик

Токтогулдун бозторгой
Атагы кылымдардын кыйырына жеткен
даңазалуу төкмө акындын санжыралуу комузунун "өмүр үзүмдөрүнөн" баян.

Күндөрдүн биринде ата-энебиз бизди чакыртып алып, турмуш өтөөсүнө... акыл кеңештерин артып, ак пейилден ак батасын ыроолошуп, коштошоор алдында атам коңшу- колоңдорун, бала-бакыраларын "көздөштүргөн" кыязда, сөз учугун улайт: "Жанузак балам", буюрса сага табигат да талант ышкысынан кем кылбаптыр. Мына, буйрук экен Насыйкат кызыбызга баш коштуң. Мындан ары Токомдун бизге калтырган баа жеткис белек табериги -
"Боз торгою" сага жан-эрмек болуп жүрсүн! Асыл Током, өңгө-өңгө, асты "Насыйкатты" таарынта көрбө..." дегендей ыклас-ниетин билдирген эле. Токомдун "Насыйкаттын", сен да балам, башкалардан кем аткарбайсың! Ушул басыгыңдан, жаза көрбө?! Баарынан да ... сен эми "кош Насыйкаттуу" болдуң! Кут болсун деп ак дилден, аруу тилек артам!
Ошентип, "Боз торгой" конуш жаңыртып, биздин үй-бүлөнүн сүймөнчүктүү "мүчөсү" болуп калган.
Акталбаган үмүт
Анан калса, Жанузак жолдошум да кубанычы артылып, атабыздын баа жеткис эстелик -белегине аябай сыймыктанып жүрдү.
Жолдошум экөөбүз чейрек кылым коомдук мал менен алп уруштук. Мейли жайда, мейли күздө болобу, же ызгаарын алган кыш айларындабы, же нөшөрлөгөн жазда болобу, бооруна кысып, колтугунан чыгарбай, "Боз торгойду" "көккө серпип" сайратып, келди-кетти
ызаат-сыйлуу меймандардын, кесиптеш курбалдаштардын, көңүлдөш жоро жолдошторунун көңүл-черин жазып, далай ирээт эл алкоосуна алынып жүрүп... пендечилик экен, Жанузак жолдошум да күтүүсүздөн (кырсык чалып) акка моюн сунуп, бизди жетимсиретип калтырып кеткен.
Айтмакчы, чейрек кылымга жакын ыраматылык жолдошумдун жан эрмеги болуп жүргөн "Боз торгойду" эки курдай капкагын ооштуруп, 3-4 жолу кылын алмаштырып тагып, тээгин да которгом деп айткан жайы бар эле.
Жолдошум кайтыш болгондон кийин "Боз торгойго" көздөрү түшүп, "кудалашкандар" көбөйүп кетип, аманат буюмду апамдын өз колуна алып барып (1965-жылы) бергем. Ал учурда атам да кайтыш болуп калган болчу. Апам да унутулгус таберикти эл көзүнөн оолак кармап, бир катар жылдары сактап жүрдү.
Апам бечараны, карылыктын өр жолунда ... "Боз торгойдун" "ээсиз" калышы (ыраматылык атамдын да, жан-курбал өмүрлүк жолдошумдун да мезгилсиз кайтышы) анын жан дүйнөсүнө кыйла эле бүлүк салгандай болгонсуду.
Апам улуу уулу Абдижалилден да, кичүүсү Абдыкадырдан да, алардын бала-бакыраларынан да көөнөрбөс комузчулук өнөрүнө (алардын бир азга чертимиш болушкандары менен) дил оту менен берилип, асыл Токомдон, анын ишенимдүү шакирттеринин бири ыраматылык атамдан калган баалуу таберикке (комузга) жан киргизип, көөнөрбөс өнөрдү улап (апам бечаранын үмүт-тилегин орундатып...) кетүүчүлөрү болбоду.
Абдыкадыр инимди (балдардын кичүүсү) апам бечара комузчулук өнөргө ыктоосуна жакшы эле аракет кылгандай болду. Анткени, ал музыкага жакын (шыктуурак тартып) өстү, билим да алды. Бирок, ал элдик үйлөмө аспаптар адистигине ооп кетти...
Абдыкадыр инимдин кереге башында илинип турган баа жеткис асыл Токомдун "Боз торгойуна" болгон дил-оту тутанбады... Ушундан улам, кээсинде ар кандай ой чабытына "чарпыла" келем. Адам бир өнөргө эгедер болгусу келсе, ал далалаттанып аракет кылса, ойлогон ой-максатына жетет өңдөнөт. Ал эми өнөрдүн бийиктеген секисине (жогорку деңгээлдеги ) чыгуу үчүн көшөкөрлөнгөн (эки эселенген!) эмгек жумшалбаса анан теңирим (табигат) аздыр-көптүр - "бир чымчым" кошумча "ыкласын" ыроолобосо, ал адам "ортосаар" адистиги менен эле калаарына "көз кадигим" жеткендей болгон.

Соңку кеп
(Токтош апанын ак батасы)
Эсимде, мындан туптуура чейрек кылым мурда, жаз айларынын биринде... Талас районундагы айтылуу Ленин атындагы колхоздо эмгек ардагерлеринин (үч муунунун) жаштар менен болгон кызыктуу жолугушуусу өткөрүлүп калды. Анда мен "Кыргыз Туусунун" Талас жергесиндеги өз кабарчылык кызматында элем. Дал ошол жолугушууда, чарбанын алгачкы уюштуруучуларынын бири, колхоздо өзөк-кемтиги жок жарым кылым жетекчилик чөйрөдө (звено башчысы, бригадир, колхоз башкармасы) үзүрлүү эмгек өтөп келген чаалыкпас эмгек ардагери - Качкынбай Бердике уулунун тун кызы Токтош апа менен (жогортодо сөз болуп келе жаткан) жакындан таанышып, анын унутулгустай өмүр жолунан кең-кесири тастыкталган маалыматтарды да алган элем.
Көп узабай журтчулугубуз Улуу Манас бабабыздын миң жылдык азем салтанатын өткөрүүгө кызуу даярдык иштерин көрүп жаткан учурда... Улуу тойдун шарапаты менен уюшулган - Эл аралык "Манас руху" нарк насил коомдук фондусунун - "Элдик буюм бечкектер" музейине эл аралап, ылайыктуу улуттук буюм-бечкектерди (экспонаттарды) чогултуп жүргөн мезгилде Токтош апага да жолугуп, кыйла убакыттан бери "капаста" (ээсин жоктоп) кармалып турган Токомдун көөнөрбөс таберигин (мен да Токтош апанын алдына кыргыздын каада-салты менен барып, бала-бакыраларынын макулдугун алып) фонддун музейине эстелик-белек катары берсе... деген үмүт-тилегибизди артып барган элек. Эл башында жүргөн эстүү адамдардан айланса болот! Биздин келгендеги ой максатыбызды айтып бүтө электе эле, Токтош апам: ""Боз торгой" бизге анча таарыныч кыла койбос! Элүү жылдай аралаша турмуш өтөдүк! Асыл Токомдун, жан курбал жолдошум, ыраматылык Абдырайымдын арбактары ыраазы болсун! "Боз торгой" мындан ары эл араласын! Билген адамга ал да - элдик буюм! Анда эмесе "Боз торгойго" ак жол каалап, аруу тилек артып, "Оомийин" деп ак батабызды берип коелу?!" - деп айтты.
Ошентип, Токомдун көөнөрбөс табериги, туз буюруп, бир катар убакыттан бери фонддун музейинде турат. Жашырганда канттик, "Боз торгой" да жакшылыктуу эл аралай албай калды. Ушундан улам Токомдун айтылуу "Насыйкатын", "Миң кыялын", мукамына келтире сайрата билген "Боз торгойго" жарашыктуу (татыктуу) "ээсин" издеп жатабыз. Анткени, жакында эл аралык "Манас руху" нарк-насил коомдук фондусу атайын кароо-сынагын өткөрүүнү чечкен. Ал кароо-сынактын негизги максаты - учурда, эл сынында жүргөн, элдик (салттык) ырларды жогорку деңгээлде аткара билген, комузду да жерине жеткире черте алган журтчулугубуздун уул кыздарынын бирине, ыр-күүнүн алпы, асыл Токомдун көөнөрбөс табериги "Боз тор-гоюн" эстелик-белек катары эмес, тартуу-белек катары берүүнү туура таптык.
Асыл Токомдун көөнөрбөс табериги "Боз торгойунун" жаңы ээсин тандоо (табуу) "машакатын" - сынак ишин тактоочулардын тобунун (жюринин) жетекчиси, журтчулугубуздун белгилүү илимпоз, калемгер уулу, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректору Кайыпов Сулайман мырзанын жетектей тургандыгын да кабарлай кетмекчибиз.
Айтмакчы, кароо-сынактын жеңүүчүсү - "Боз торгойдун" жаңы эл аралык "Манас руху" нарк - насил коомдук фондусунун лауреаты деп аталып, ага "Кыргыз жергесинин чыгаан ырчы-комузчусу" деген жогорку наамы да ыйгарылаарын эске сала кеткибиз бар.
Анда эмесе, "Боз торгоюм", көккө серпилип канат күүлөр мезгилиң да аз калгансыды. Ак жолуң ачылсын деп аруу тилек артам!
Нуржан Касымбеков,
Эл аралык "Манас Руху"
нарк-насил коомдук
фондусунун төрагасы,
Талас аймагы.