Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/0821_9.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/0821_9.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/0821_9.htm on line 2


п»ї

Алтайлык Мукан Мойноков:
Кыргыз-Алтай ынтымагын түзгүбүз келет
- Кандайча алтайлык болуп калгансыз?
- Өзүм Көлдүн Жети- Өгүзүнөн болом. Кесибим - эсепчи. Турмуш-шартка байланыштуу Алтайга 2004-жылы бардым. Ошондон бери эле карапайым калк менен иштешип, ал жерде жүргөн элди, кыргыздарды бириктирели деген ойдо, жергиликтүү бийлик менен бирге иштешип келебиз. Учурда алтайлык кыргыздар менен кеңешип, депутаттар менен сүйлөшүп, алардын да сунушун эске алып, Кыргыз-Алтай достук коомун ачалы деп аракет кылып жатабыз. Бул багытта жогорку органдарга кайрылдык, буюрса, жыйын-тык жакшы чыгат деген ойдомун.
- Кыргызстанга ошол маселе менен келсеңиз керек?
- Ооба. Алтай - өзүбүздөн тарыхый мекенибиз, муну тереңдеп карасак, VIII кылымдын орто ченинде Манас Алтайда олтурукташып жашаган экен. Калмактар кол салганда алар экиге бөлүнүп, жарымы Таласты көздөй ооп, Алтайда калганы өзүнчө эл болуп, өз оокатына өзү тың жакшы жашап кетет. Дагы тарых булактарына таянсак, мындан 300000 (үч жүз миң) жыл мурун Алтайда 1 жарым миллион кыргыз болгон экен. Жуңгарлар басып кирип, Алтай эли сакталып калыш үчүн качып, бүт дүйнөгө тараган дейт.
- Бүгүнкү күндө Алтайда канча уруу кыргыз бар?
- Азыркы убакта он беш уруу жашайт, ошонун сегизи кыргыз: кыпчак, дөөлөс, мундуз, найман, төлөй, кыргыз ж.б. Так санын эсептеш
кыйын. Алтайда жалпысынан алганда 67 миң (алтымыш жети миң) адам жашайт.
- Алтайлыктар кыргыз экенине сыймыктанып жашашабы, же..?
- Эми, эң башкысы, элдин улуттук маданияты, менталитети сакталып калган. Жарандар дээрлик билимдүү. Алтайча,орусча окушат, бирок, өз эне тилдеринде сүйлөшөт.
- Кыргыз мектептери барбы?
- Алтай мектептери бар, азыр "улуттук" сыяктуу көп маселелер көтөрүлүп жайпайбы. "Алтай тилинде тилди кеңейтели, өнүктүрөлү" деген маселелер бар.
- Кыргыздын салт-санаасы, үрп-адаты сакталып калган дедиңизби?
- Биздин салттар, Кыргызстанда дегеним, бир топ эле өзгөрсө керек. Алтайлыктар азыр да тоо-ташка, сууга сыйынат дегендей, бирок, кадимки кыргызча. Көөнө эски сөздөр сакталып калган. Эң негизгиси, улут сакталып калган. Аларга XIX кылымда аябай катуу кысым көрсөтүүлөр болгон экен, ошондон улам, айла жок "ов", "овага" өтүшүптүр: "Мундузов, Дөөлөсов" деп.
Айрымдары таптакыр эле орусча ысым коюп алышыптыр. Өңү кыргыз, бирок фамилиясы: "Иван Васильев" сыяктуу. Азыр эми аттарын кайра: Зарыл, Таалай деп коюп жатышат. Анан да ар бир уруунун өзүнчө жайсаңы бар экен, ал да жоюлуп кетип, эми алар кайра пайда болду.
- Эмне үчүн Жайсаң? Биздин түшүнүгүбүздө бул жеке, тарыхый инсандын аты эмеспи?
- Жайсаң аларда - эл башчысы деген сөз. Коомдук кызматкерди ошентип аташат. Эл ичинде аброю, кадыр-баркы өтө чоң. Айлык алышпайт, бирок, эли ушунчалык сыйлап-урматташат.
- Алтайлык кыргыздарда да коррупция барбы?
- Коррупция кайда гана жок? Акча көп жерде коррупция сөзсүз болот. Мисалы, биздин коррупцияга караганда Алтайдыкы оорураак болсо керек.
- Демек, бизге караганда байыраак турушабы?
- Ооба, бизге караганда бай турушат. Негизинен мал менен эле алектенишет. Билимдүүлөр деле бар, университеттер бар, мугалимдер, врачтар бар. Бирок, жана айтпадымбы, Алтай - ырыстуу жер. Жылына 1,5 миллион турист келет. Алардан көп киреше түшөт. Андан сырткары мал багышат, жер айдашат. Жери деле бизге окшош. Негизинен жери тоо-токойлуу, ырыстуу жер. Жер - кенен, эл - аз.
- Кышкысын суукпу?
- Суук деп айтыш кыйын, бизде 35 градус суукка эл чыдабайт го. Ал жакта жүрө беришет. 20 градус суукта костюм-шым менен көчөгө басышат. Көнүп калышкан.
Россиянын курамында болгондон кийин техника да күчтүү. Кыргызстанга салыштырмалуу пенсия, айлык-акы үч-төрт эсе жогору. Ооруканаларда кененчилик, кары-картаңдарга жардам күчтүү.
- Аябай жакшы экен. Боордошторубуз бул жактык кыргыздар жөнүндө кандай пикирде?
- Кыргыздар жөнүндө аябай жакшы пикирде. Бирок байыркы бабаларга: "Бизди эмнеге таштап кетишет, биз деле чогуу көчүрүп кетишсе болмок", - деген карапайым элдин таарынычы бар.
- Эми деле көчүп келүүгө кеч эмес го?
- Эми отурукташып калганда кайдан? Анын үстүнө Кыргызстанда эл жыш экенин билишет.
- Бул жакка келип жогорку билим алган жаштар барбы?
- Кыргызстанда жашаган алтайлыктар да бар, жылына бир топ балдар келип окуп кетишет.
- Бизден алып кеткен дипломдор аякта кандай мааниге ээ?
- Кайра бир сыйра курстардан окушат. Бул жактан мединститутту окуп кеткен адистер, бара-бара кесипкөй врачка айланышкан. Кафе-ресторан ачып, бутунан турган бизнесмендер мындан көп.
- Эли маданият жагында кандай?
- Кыргызга эле окшош, комуз, ооз комуз чертишет, обон чыгарышат, ыр жазышат, ырларды созолонто ырдашат, айырмасы аз, сөздөрүнөн гана айырмаланбаса. Ооз комузга көбүрөөк басым жасашат.
- Кыргыз деген сөздү баалаган эл да, акындар жок эмес чыгаар. Китеп чыгарууга мүмкүнчүлүк кандай?
- Эми дүйнөнүн баары өз каражатынан чыгарат. Албетте, акчаң болсо болот. Өкмөттүк колдоо да бар дегендей.
- Текшерип, кысым көрсөтүү жокпу?
- Акын-жазуучулар менен көп эле сүйлөшөм, андайды укканым жок.
- Анан сиз Алтайлык кыргыздардан өкүл катары келип атасыз да? Эмне үчүн кызматташууга Таласты тандадыңыздар?
- Жогоруда айтылгандай, ал жакта: "Манас Алтайда жашап жүрүп Таласка келген", - деген түшүнүк бар. Ошол себептен.
- Муну жетекчилер кандай колдоп жатышат?
- Башында бул демилгени депутаттар да колдоп, Москвага чейин жеткиргенбиз. Убагында ыраматылык Ч.Айтматовго кайрылганбыз. Буюрса, Таластын губернатору Президент Курманбек Бакиев менен кеңешип, биздин сунушубузду билдирет деген ойдобуз.
Жыпар ИСАБАЕВА,
"Кыргыз Туусу"




Компания "Аю" продолжает завоевывать международный рынок!!!
Ох, и распирает гордость за наших производителей! Кто еще не слышал отличную новость!? Теперь алкогольную продукцию отечественного производства могут попробовать и жители Китая.
Компания "АЮ" продолжает расширять географию поставок алкогольной продукции за рубеж. В этот раз был подписан контракт с компанией "Адима Синьзян", КНР. На сегодняшний день жители города Урумчи уже могут приобрести и оценить качество алкогольных напитков от компании "АЮ".
Но давайте все по порядку. В прошлом году, после длительной переписки, представители китайской компании прибыли в Кыргызстан для знакомства с технологиями производства и ассортиментом продукции выпускаемой компанией "АЮ". Китайская сторона дала высокую оценку технологической оснащенности завода, а также по достоинству оценила ассортиментный ряд и дизайнерское оформление выпускаемой компанией продукции. Для проведения лабораторных исследований и получения сертификата соответствия качества, в Китай были отправлены образцы выпускаемой продукции. По результатам исследования вся продукция получила высокую оценку, как по физико-химическим, так и по органолептическим показателям.
Завод компании "Аю" - самый оснащенный, самый современный завод по выпуску алкогольной продукции в нашей стране. Это единственный завод, использующий платиновую и серебряную фильтрацию. Чтобы улучшить качество водки, она проходит глубокую очистку, с использованием новаторских технологий серебряной и платиновой фильтрации, в результате чего удается добиться высоких органолептических свойств напитка. Технологии серебряной и платиновой фильтрации успешно внедрены на заводе компании. Для придания водке сверкающего кристального блеска, на производстве используется полировочный фильтр "SARTORIUS" (Германия). Лаборатория завода оснащена ультрасовременным австрийским оборудованием "Anton-Paar", с помощью которого определяется плотность (крепость) водки и спирта, японский газовый хроматограф "SHIMADZU 2010" определяет наличие токсических примесей в водке и спирте, а так же фиксирует любые самые незначительные отклонения от рецептуры. Внутренние требования к качеству всей ликероводочной продукции очень жесткие. Предприятие руководствуется собственными установленными стандартами, разрешающими выпуск продукции, они превосходят установленные государственные стандарты. Так, в продукции в 3 раза снижено установленное ГОСТом содержание альдегидов и сивушных масел, содержание метанола снижено в 10 раз.
В городе Урумчи уже продается водка "Русская марка №7" В ближайшее время компания "Аю" планирует отправить партию бренди, самогона, настоек и бальзамов. Отечественный производитель в будущем будет значительно расширять ассортимент поставляемой продукции и планирует максимально охватить все регионы КНР.
Сегодня компания "Аю" тесно сотрудничает с зарубежными фирмами из США, Узбекистана, России, Казахстана и не собирается останавливаться на достигнутом, работая только над расширением области экспорта продаж. Ведь "Аю" уже доказала, что может работать на международном рынке на одном уровне с мировыми брендами.





кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
21-август, 2009-ж.:
1-бет
Борбор калаа -мамлекеттин жүзү жана күзгүсү
2-бет
Элдин үнү
3-бет
Боордоштордун кайгысын тең бөлүшөбүз
4-бет
Эгиндин кору өткөн жылдагыдан арбын
5-бет
Ала-Тоо аймагында
6-бет
Биздин милиция бизди
коргойбу, же кордойбу?

7-бет
Куттуктоо
Бисмиллахир-рахманир-рахиим
Урматтуу мусулмандар!

8-бет
Борбор мамлекеттин жүзү мамлекеттин жүзү жана күзгүсү жана күзгүсү калаа
9-бет
Алтайлык Мукан Мойноков:
Кыргыз-Алтай ынтымагын түзгүбүз келет

10-бет
Жазуучулардын жаратмандыгы жанданабы?
11-бет
Хайреддин Жакып уулу -
дүйнөдөгү эң улуу адмирал

12-бет
Алтайлык Мукан Мойноков:
Кыргыз-Алтай ынтымагын түзгүбүз келет

13-бет
Улутубуздун сыймыктуу уулу
14-бет
Биринчи байлык - Ден соолук(
15-бет
Кыргыз Республикасынын
Улуттук Илимдер Академиясы











??.??