, 21.08.09 - 8-бет: Борбор мамлекеттин жүзү мамлекеттин жүзү жана күзгүсү жана күзгүсү калаа
(Башталышы 1-бетте)
Шаарлар - турмуш сапатынын философиясы
Боордош Казакстандын жаңы борборун куруп жаткан Нурсултан Назарбаевдин сөзү менен айтканда: "... что столица - это не просто совокупность построек, пусть даже весьма продуманная. И, несомненно. Столица - это оптимальная среда обитания для городского жителя. Необходимо было не только построит - некоторое количество домов согласно Генеральному плану и вдохнуть в них жизнь. Необходимо было создать такие условия в которых столичный житель мог цивилизованно работать и отдыхать.
Мы конечно же, нисколько не можем сомневаться в том, что именно ощущение комфортности жизни является главный отличительной особенностью городской среды обитания. Именно поэтому в основе философии современных городов, столиц и градостроительства лежит не то что иное, как философия качества жизни. И именно это философия, как мне представляется и является наиболее приемлемой для новой столицы, раскинувшейся на берегах Ишима". (Н.Назарбаев, "В центре Евразии" Астана. 2008, с.51).
Көз карандысыздыктан кийинки мезгилде, алыска барбайлы, коңшулаш өлкөлөрдүн көпчүлүгүнүн борбор калаалары таанылгыстай өзгөрдү. Бир кезде Ашгабатта конвейердик продукциялардай опокшош "хрущевкалардан" башка көзгө илинерлик эч нерсе жок болсо, алардын бардыгы бузулуп, европалык жаңы технологиялардын негизинде, Чыгыштын үлгүсүндөгү сарайлар, көп кабаттуу кеңселер жана башка коомдук жайлар, бардык ыңгайлуулуктары бар турак-жайлар курулуп, көчөлөрү кеңейтилип, түрдүү фонтандарга бөлөнгөн парктар, аллеялар, скверлер түптөлүүдө. Ал эми аларды жашылдандырып, көрктөндүрүү боюнча Өкмөт, шаардык бийликтегилер тарабынан аткарылып жаткан иштер аңыз болуп айтылууда.
Алсак, Ашгабаттагы пальма, кипарис сыяктуу декоративдүү дарактарды үшүктөн сактоо үчүн кыш мезгилинде суу сиңбес материалдар менен ороп коюшат. Өзгөчө көрктүү декоративдүү дарактарды үшүктөн сактоо боюнча мындай камкордуктарды көрүү түркмөндөр таба койгон эле ыкма эмес, ал Азиядагы, Африкадагы көпчүлүк өлкөлөрдө кадимки эле көрүнүш. Деңиздердин, океандардын жээктериндеги шаарларда аба ырайындагы өзгөрүүлөргө өзгөчө сезимтал дарактардын көчөттөрүн ошентип чоңойтушат. Маселен, Александриядагы жаш пальмалар жайында деле оролуп турат.
Байыркы Ташкент түп-тамырынан реконструкцияланууда. Мурдагы союз мезгилинде ал көчөлөрүнүн көп жерлери деле базарларды эске салган, тазалык маселеси дайыма тынчсыздандырган калаа болсо, көз карандысыздыктан кийинки убакта Өзбекстандын борбору кескин жакшырды. Жаңыдан курулуп бүткөн жана курулуп жаткан заманбап имараттарды айтпай эле коёлу, бир кезде шаар - базар болгон Ташкент азыр тазалыгы, ыңгайлуулугу жагынан да баргандарды суктандыра баштады.
Ал эми казак боордошторубуз болсо, Евразиянын так ортосуна, байыркы Ишимдин жээгине архитектурасы, инфраструктуралары боюнча супер заманбаптык жаңы борбор калааны курушууда. Келечекте Астананын Евразиядагы эң кооз, эң ыңгайлуу калаага айланарында шек жок. Белгиленгендердин көбү алдыда, бирок азыркы бүткөнү деле кимди болбосун таңкалтырбай, суктандырбай койбойт. Астана - динамикалуу өнүгүп жаткан азыркы Казакстандын гана эмес, анын жаркыраган келечегинин да символу. Улуу талааны мекендеген боордошторубузду улуу келечекке тартып бараткан локомотив.

Жүрөгүбүз ооручу, арыбызга келчүбүз
Тилекке каршы, союз таркагандан кийинки мезгилде борбор калаалардын ичинен биздин Бишкек гана өнүгүп, жакшырмак түгүл, мурдагы жашыл, таза шаар деген атын жоготуп, көп параметрлер боюнча артка кеткендиги эч кимге жашы-руун эмес. Көчөлөрүбүздүн жээктерине плансыз, өткөн кылымдын башталышындагыдай бир кабаттуу кафелер, ресторандар, автоунааларды оңдоочу, жуучу жайлар, алардан көп деле айырмаланбаган кеңселер курулуп, булар да аз келгенсип, жээктете ар кандай күркөлөр коюлуп, алардын айланалары акыр-чикирлерге толуп, жолдор болсо жыртылып, жыл өткөн сайын бак-дарактар суюлуп, парктардын аянттары азайып, аллея, скверлердин көпчүлүгүндө оргумалар, гүлдөр жоголуп, газондор тебеленип-тепселип, айылдардагы эшектер ооначу такырларга окшошуп, борбор калаа акырындап, көз карандысыз мамлекеттин ордосу эмей эле, перифериялык чоң кыштакка айланып бараткан. Алардын баарын бардыгыбыз көрүп, айтып да, жазып да жүрдүк.
Парламентте да бир нече ирет маселе көтөрдүк, эки адамдын башы кошулган жерде куурап бараткан бак-дарактар, газондор, шаардын борбордук көчөлөрүнө чейин үйүлө баштаган таштандылар жөнүндө сөз кылчубуз, бирок жогору жакта демилге, саясый эрк, каалоо болбогондуктан айткандарга, жазгандарга, сунуштагандарга эч ким көңүл бурчу эмес. Ырасын айтуу керек, көпчүлүгүбүз андай абалга акырындап көнүп, чарбасыздыгыбызды, шалаакылыгыбызды экономикалык кыйынчылыктарга шылтап, кургагандарга, куурагандарга, акыр-чикирлерге, ар кандай ыпластыктарга көңүл бурбай да бараткан элек. Бирок, жаңы имараттарды курганга каражат жетишпесе да, акыр-чикирлерди тазалап, көчөлөрдүн жээктерин, парктарды, аллеяларды, скверлерди тартипке келтирип, оргумаларды иштетип, бак-дарактарды, газондорду, гүлдөрдү сугарып турганга көп деле чыгым кетпестигин, эрк, каалоо болсо андай иштерге кандай учурда болбосун каражат тапса боло тургандыгын да түшүнчүбүз.
Көчөлөрдүн көрктөрүн бузуп, автоунаалардын, жөө адамдардын кыймылдарына жолтоо болуп, айлана-чөйрөнү булгаган күркөлөрдү, базарчаларды ачканга тыюу салып, уруксатсыз койгондорун алдырып, жаптырып салганга да бюджеттен кошумча каражат талап кылынмак беле? Ага эрк, каалоо эле керек. Бирок, мамчиновниктерибиздин бир бөлүгү шаардын көркүн бузган жепирейген кафелерди, автоунааларды оңдоочу, жуучу ж.б. жайларды курганга, күркөлөрдү койдурганга уруксат берүүнү өзүнчө бизнеске айландырып алышса, алардын жогору жагында колдоочулары турса, абал кайдан оңолмок. Коррупция коомубузду гана эмес, көзгө басар борбор калаабызды жеп, анын артынан шалаакылык, жоопкерчиликсиздик кыйратып бараткан. Буларды көргөндө заарабыз житчү, жүрөгүбүз ооручу, кошуналардын борборлорун көргөндө арыбызга келчүбүз. Биздин борбор деги эле оңолбостой, тазарбастай көрүнчү. Өзүбүздөн өзүбүз "бизде да борбор калаа үчүн күрөшкөн жетекчи чыгар бекен?" деп сурачубуз.

Үмүт да, ишеним да пайда боло баштады
Бизди мындай апатиядан, пессимисттик маанайдан азыркы бийлик чыгарды. Алгач базарлардагы автоунаалар токтоочу жайлардагы башаламандыктар аздыр-көптүр тартипке келтирилсе, Нариман Түлеев мэр болуп дайындалгандан бери, (башкалар кандай ойлошот билбейм, бирок байкашыбызча анын аракеттерин жактырып, колдогондор аз эмес) жеке менде борбор калаабыздын жакшырып, тазарышына үмүт да, белгилүү өлчөмдө ишеним да пайда боло баштады. Анткени, анын алгачкы аракеттеринен, иш стилинен бул адамдын Бишкекке жөн эле катардагы жыйырма бешинчи калаа башчысы болуп келбегендигине, анын борбор калаабызды жакшыртып, ыңгайлаштыруу боюнча чын ыкласы, максаты бар экендиги, ал үчүн мэр бардык күчүн жумшай тургандыгы көрүнүп калды.
Өткөн жылдын июлунда Нариман Түлеев мэрлик кызматты аткарууга киришип жатып, өзүнүн карьералык же башка кызыкчылыктар менен эмес, борбор калаанын өркүндөп-өсүшү, элдин кызыкчылыгы үчүн гана кызмат кылууга келгендигин билдирип, ага кошумча "мен ишти баштап жатканда таразага түшөм. Ошондо иштин ийгилиги менин канча арыктаганыма жараша болгондугун билесиздер. Темир жолго ишке келгенде да ушундай принцип менен иштегенмин" деген эле. Андан бери бир жыл өттү. Бир жылдын ичинде аткарылгандар чындап эле Нариман Түлеевдин мэрликке иштегени келгендигин көрсөттү.
Мэрдин жарандардын сейилдеп, эс алуучу жайларын оңдоп, түздөп, реконструкциялап, оргумаларды иштетип, гүл эгилген жерлерди, газондорду тартипке келтирип койгону шаардыктарга өзгөчө жагууда. Башка жактарын айтпай эле коёюн, бир убакта мэриянын маңдайындагы Улуттук университет тарапка кеткен жаштар аллеясы каралбай, гүлдөр өстүрүлбөй, оргумалар иштебей калбады беле. Азыр мэрия тараптан Улуттук университетти көздөй баскан адамдын жүрөгү жылып, көңүлү ыраазы болбой койбойт. Бапестеп каралган түркүн түстүү гүлдөр, оргумалар, тазалык кимге болбосун жакшы маанай тартуулайт.
Революциянын каармандарына арналган эстеликтин айлана-тегерегинин, Панфилов, Ататүрк, Сүйүшкөндөр парктарынын реконструкцияланып, жаңыртылышы
шаардын тургундарынын, сырттан келгендердин эс алууларын жакшыртты, шаардын көрүнүшүн да кыйла оңдоду. Ал эми борбордук Ала-Тоо аянтынын толугу менен реконструкцияланып, улуттук Туубуз илинген флагштогдун аянттын ансамблине шайкеш жаңыртылышы, мурда кандай зарылчылыгы бар экендиги түшүнүксүз каркастар, темирлер турган жерлердин тазаланып, түнкүсүн музыка, түстүү жарыктар менен коштоло турган оргума орнотулуп, калган бөлүктөрүнүн гүлбакчага айландырылуусу шаардык бийликтин эң пайдалуу иши болду. Мурда түнкүсүн борбордук аянтта эс алуучулар деле болбосо, азыр аянтка эл батпай калып жаткандыгын өзүм деле көрүп жүрөмүн. Мындай иштери үчүн шаардык бийликтегилерге ыраазычылыгыбызды айтсак болот.
Тилекке каршы, аянттагы элибиздин тарыхына, маданиятына арналып тургузулган эстеликтер жөнүндө кайчы пикирлер жаралып, аны айрымдар композициянын түзүүчүсү, эл сүрөтчүсү, республикабыздын Баатыры Тургунбай Садыковго, шаардык жана андан жогорку бийликтегилерге каршы багытталган өнөктүккө айландырып жиберишти.

(Уландысы бар)