, 21.08.09 - 7-бет: Куттуктоо
Бисмиллахир-рахманир-рахиим
Урматтуу мусулмандар!
Урматтуу мамлекетибиздин жалпы тургундары!
Баарыңыздарды бүгүн, 21-август жума күнү башталган ыйык Рамазан айы менен чын ыкласыбыздан куттуктайбыз.
Алла Таала Куранда: "Ким эгерде ушул айга күбө болсо, орозо кармасын" деп айткан.
Ыйык Куран-Рамазан айында түшүрүлгөн.
Рамазан - рахматтын, магфираттын (күнөөлөрдүн кечирилиши) жана тозоктон кутулуунун айы.
Алла Таала Рамазан айында пенделерден урушкандары болсо жарашууну, орозо кармап кайрымдуулук иштерди жасоону, сооптуу амалдарды аткарууну, садака фитирлерди берип, көбүрөөк Куран жана намаз окууну талап кылат.
Алла Таала Мухаммад алейхис саламдын үммөттөрүн, Курандын жана Рамазандын нуру менен сыйлаган. Бул нурларга ээ болгондорду кабырдын жана Кыямат күнүнүн караңгылыктарынан сактайт.
Урматтуу мекендештер!
Жараткан өзү ыйык айдын урматында өлкөбүзгө, мусулмандарга, ынтымак-ыйман жана жакшылыкты насип кылсын.
Рамазан айы баарыбызга куттуу болсун!
Сиздерди терең урматтап,
Кыргызстан мусулмандарынын
Азирети муфтийи Мураталы ажы ЖУМАНОВ

Кыргызстандын мусулмандарынын азирети муфтийи Мураталы ажы ЖУМАНОВ:
Жокчулуктун азабын, барчылыктын кадырын билүү үчүн орозо тутабыз
- Азирети муфтий, бүгүн ыйык орозо айы башталды. Орозо айынын исламдагы орду, аны тутунган жарандардын милдеттери жөнүндө айта кетсеңиз?
- Бисмиллахир рахманир рахиим. Урматтуу мусулмандар, Кудага шүгүр, Алла Тааланын ыйык, касиеттүү Рамазан айы да кирип келди. Биз жалпы момун мусулмандарды ыйык Рамазан айы менен куттуктайбыз! Бул ай тынчтыктын, боорукерликтин, кайрымдуулуктун айы. Рамазан исламдагы беш парздын бири. Кимдин мүмкүнчүлүгү, шарты болсо таң аткандан күн батканга чейинки аралыкта орозо кармоосу парз. Бул 16 сааттын тегерегиндеги убакыт. Былтыркы, мурдагы жылдардан өзгөчөлүгү - быйыл жай мезгилине туш келди. Убакыты узун, күн ысык, машакаттуу болору турган кеп. Ал эми мүмкүнчүлүгү болбосо, колунан келбесе, өтө карып калган адамдар болсо, аларга шарият орозо кармабай койгонго уруксат берет. Бирок, алар ар бир күндө колунда жокторго тамак берип турушу керек.
Экинчиси, боюнда бар аялдар да орозо кармабай койсо болот. Бирок, көз жарып алгандан кийин орозо тутушу керек. Ден соолугу начарлар, оорулуулар, дарыгерлер орозо кармабоого көрсөтмө берген жарандар орозо кармашпайт. Андан кийин сапарда жүргөндөр. Сапар оор, машакаттуу болсо шарият орозо кармабоого уруксат берет. Орозо кармоо - бул жебей, ичпей, жыныстык мамилелерде болбой күндү өткөрүү. Пайгамбарларыбыз өзүнүн бир осуятында орозону жебей, ичпей эле өткөрбөстөн адам, жаман ыплас, арам иштерден өзүн оолак кармоосу керектигин айткан. Орозо кармагандарга ушак айың айтканга, бирөөлөрдү жамандаганга, бирөөлөргө залал келтирүүгө, кан төгүүгө же бирөөлөрдүн абройлоруна шек келтирүүгө болбойт. Ошондо таза орозо болот. Бул айда араздашкандар бири-бири менен жарашып, боорукерлик, кайрымдуулук иштерин жүргүзүүлөрү зарыл.
Кайрымдуулук дегенибиздин себеби, Рамазан кайрымдуулуктарды кабыл алып, күнөөлөрдү кечире турган ай. Ошондуктан, бечараларга, оорулууларга жардам берип, көбүрөөк куран, намаз окуп, жакшы маанайда өткөрүш керек. Пайгамбарыбыздын эгерде бул айда бирөө сөгүп, жаман мамиле жасаса ага сабырдуулук менен жооп бер деген осуяты бар. Пайгамбарыбыз ким эгерде Рамазан айына кубанып, сүйүнүп турса, ошол кубанычтын өзү тозокко кирүүдөн сактайт деп айткан. Рамазан айынын касиеттүүлүгү - Курандын түшүрүлгөн айы. Бул айда ыйык кадыр түн бар. Мына ушунусу менен касиеттүү. Алла Таала пенделерди Рамазандын жана Курандын нурлары менен сыйлаймын, ошондой инсандарды кыяматтан сактаймын деген. Демек,биз напсибизди токтотуп, Кудайдын ыраазычылыгы үчүн жебей, ичпей жүрүү менен ачкалыктын, чаңкоонун кадырын түшүнөбүз. Дайыма ачка жүргөн, жегенге тамагы жок жүргөн адамдардын абалдарын түшүнүү, ысырапкерчиликке жол бербестен, Кудай берген тамак-аштын да кадырын билүү үчүн Алла Таала пенделерге орозо кармоону буйруган. Орозо ушул нерселери менен касиеттүү.
Биз, уламалар кеңешип, Рамазан айынын башталышын 21-ав-густка белгиледик. Биз буга календардык салыштыруу, далилдер менен ушул күнгө токтодук. Бирок, башка өлкөлөрдө бир күн айырма болуп калышы да мүмкүн. Муну опурталдуу кемчилик деп эсептебешибиз керек. Мурда Орто Азия боюнча Ташкентте бир муфтийлик болгон. Ошол жерден кандай чечим чыкса, ошого баш ийчүбүз. Азыр беш мамлекеттин өздөрүнүн муфтийлери бар. Өздөрүнчө чечим чыгарат. Бизде бири-бирибизди мажбурлоо жок, кеңешип коюу гана бар. Азыркы биздеги маалыматтар боюнча Россияда, Казакстанда, Түркияда 21-августта орозо башталат. Ал эми Өзбекстанда 22-августта дешип жатышат. Бирок, азырынча расмий маалымат таркатышкан жок. Араб өлкөлөрүндө да бир күнгө айырма болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан биз чоң жоопкерчиликти мойнубузга алып туруп, 21-август жума күнүн Рамазан айынын биринчи күнү деп жарыяладык. Ал эми 20-сентябрь жекшемби күнү Орозо айт майрамы, 27-ноябрь жума күнү - Курман айт деп белгиленди.
- Азирети муфтий, быйылкы ажылык сапарга баруунун жол-жоболору жөнүндө айтып кетсеңиз. Медицина кызматкерлеринин айрымдары быйыл ажылыкка барбай эле коюшса жакшы болот эле. Себеби, дүйнөдө ар кандай тумоолор пайда болууда деп жатышат. Муну мусулмандарыбыз, муфтият кандай кабыл алып жатат?
- Ажылык исламдагы беш парздын бири. Ажыга күчү, кудурети жеткен, акчасы бар, ден соолугу жакшы инсандар өмүрүндө бир жолу барып келүүсү парз. Кайра-кайра баруу милдет эмес. Президенттин, башка тиешелүү мамлекеттик органдардын көмөгү менен муфтиятка ажылык сапарды уюштуруу жүктөлгөн. Биз азыр атайын республикалык, облустук штабдарды түздүк. 3-августта чоң жыйын өткөрүп, Кыргызстан боюнча 48 кишини ажы башчы кылып бекитип, алардын колуна уруксат кагаздарын бердик. Ажылыктын быйылкы чыгымы ар адамга 2400 АКШ доллары жана1500 сом. Буга Меккедеги жатак баасынан сырткары бардык ыгым-чыгымдар кирет. Сауд Аравиясынын ажылык боюнча министрлиги менен түзүлгөн келишимге ылайык жатак маселеси бизге бекер боло турган болгон.
Азыр транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен бирдикте Кыргызстандан түз Сауд Аравияга учактардын баруусун уюштурууга аракет кылуудабыз. Буйруса бул ишке ашат. Мен сиздердин гезиттен пайдаланып, ажыга барууну каалагандар колдорунда муфтият тарабынан берилген кагаздары, тийиштүү документтери жок адамдар менен келишим түзүп, аларга акча берүүдөн этият болуулары зарыл экендигин айткым келет. Андайларга документ, акча берилсе, алардын жоопкерчилигин муфтият өзүнө албайт, жылдагыдай алар убагында жөнөй албай калып, же жолдон кайра кайрылып келиши да мүмкүн. Ошондуктан расмий түрдө шайланган, документтери бар адамдарга гана акчаларын берүүлөрү зарыл. Экинчи быйылкы өзгөчөлүк, ким кайсыл облуста жашаса, ошол облустагы ажы башчысына гана документин тапшырат. Эч себепсиз башка облустагы топко кошулууга жол бербейбиз. Ал эми квота маселесине келсек, быйыл кыргызстандыктарга 4,5 миң орун берилген.
Рамазан айынын эң акыркы күнүнө чейин ажыга баруучулар документтерин тапшырып бүтүүлөрү керек. Бирок, ажы башчылардын квоталык орундары толуп калса, мөөнөт бүтө элек болсо да документтерди кабыл алуу токтотулат. Ошондуктан мөөнөттүн аягына чейин күтүп отурбастан, эртерээк аракет кылуу зарылчылыгын айткым келет.
Ооба, айрым дарыгерлер дүйнөдө каптап бараткан сасык тумоого байланыштуу ажылыкка барбай эле коюуну айтышууда. Аны биз туура кабыл алышыбыз керек. Антип эскертүү - алардын иши, адистик жоопкерчиликтери, милдеттери. Бирок, биз тараптан дарыгерлердин айтымы менен ажылык сапарды токтотуп коюу маселеси каралбайт. Себеби, ажылык алдын-ала уюштурулуп, чечилип коюлган, анан ар кимдин жеке ыктыярына гана байланышкан маселе. Ажыга барам дегенди эч кимдин барбайсың дегенге укугу жок. Жылына миңдеген адамдар барат. Быйыл баруучулардын саны жылдагыдан көп болуп жатат. Бирок, ар бир ажыга баруучу медициналык текшерүүдөн өтүүсү кажет. Бизге Сауд Аравиясынын ажылык министрлигинен кат келген. Анда медициналык жактан текшерилип, эмдөө алуу, дарылануу маселелеринин зарылчылыгы айтылган. Биз бул талап, шарттарды бекем аткарып, өзүбүздүн дарыгерлердин кеңештерин, сунуштарын эске алып, ажылык сапарды уюштура беребиз. Ким ажыга барууну максат кылса, биз ага тийиштүү шарттарды түзүүгө милдеттүүбүз.
Папан ДҮЙШӨНБАЕВ,
"Кыргыз Туусу"