, 21.08.09 - 6-бет: Биздин милиция бизди
коргойбу, же кордойбу?
Кыргыз Республикасынын Премьер -министри И.Чудиновго
Бишкек шаарынын мэри Н. Түлеевге
"Кыргыз Туусу" гезитинин башкы редактору К. Молдокасымовго
Кайрылуу кат


Биздин Кайрылуу кат жазуубуздун себеби, Кыргыз агрардык университети студенттер үчүн жатаканаларын, илимий-тажрыйбалык базаларын, лагерин ж.б. объекттерин приватизация процессинин башталышы менен жылдан жылга колдон жулдургандай жоготууда. Сөзүбүздү бышыктоо үчүн мисалга алсак:
1). КРнын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 14-ноябрындагы №772 токтому менен №2 жатаканабыз КРнын чегара кызматына өткөрүлүп берилген.
2). Бишкек шаарынын мэриясынын 1992-жылдын 2-июлундагы номери 243, 1998-жылдын 3-апрелиндеги номери 241 жана 6-августундагы номери 349 токтому менен биздин окуу жайдын аймагындагы 0, 24 га жер, Бишкек шаарынын мэриясына автомашиналарды коюучу жай үчүн кийин чегара кызматкерлерине берилген.
3). КРнын Өкмөтүнүн 2002-жылы 8-октябрдагы №630 токтому менен Ысык-Көлдөгү Булан-Сөгөттү айылындагы ден соолукту чыңдоочу спорттук лагерибиз аукцион өткөрүлүү менен жеке кардар У.О.Камчыбековго сатылган. Белгилей кетүүчү нерсе, студенттер менен жалпы жамаатыбыз өз мээнетибиз менен 40 жыл бою курган бул окуу, практикалык база, эс алуучу жайдан куру жалак калдык.
4) КРнын мамлекеттик мүлк агентствосуна караштуу Чүй, Бишкек аймактык фондусунун 1998-жылдын 1-апрелдеги №3 токтому менен автомастерской, ал эми 4-токтому менен айыл-чарба механизация факультетинин 2 кабаттуу имараты аукцион аркылуу "Н и К" фирмасына сатылып кеткен.
5). Абай көчөсүндөгү 2-3 номери 5-жатакананын жанындагы 0,16 га жер аукцион менен жеке адамга сатылган.
6). Бишкек шаарынын мэриясынын 2001-жылдын 13-апрелиндеги №289 токтому менен Агрардык университеттин аймагында жайгашкан стадиондун 0, 06 га жер үлүшү С.Р. Жамакеевага үй курууга сатылган. Андан сырткары бул жаран өзүм билемдик менен 0,18 га жерди тартып алган.
7). Бишкек шаарынын мэриясынын 2001-жылдын 30-майындагы №360 токтому менен жогорудагы аталган стадиондун 0,8 га жер үлүшү Б.Стамкуловага үй салууга берилип кеткен.
8). Сокулук районунда жайгашкан илимий-тажрыйбалык өндүрүш чарбачылык заводубузга өз учурунда 2609 га жер караган. Приватташтыруунун айынан анын 2445 га жери менен кошо ири мүйүздүү мал менен жылкылар да орду түбү менен жоголгон. Учурда ал өндүрүш чарбачылыгыбыз 164 га гана жерге сыйып турат.
Бул фактылардан көрүнүп тургандай, мурдагы бийликтин мезгилиндеги мыйзамга ылайык келбеген бүтүмдөргө жол берилгендиктин кесепетинен Агрардык университеттин жамааты моралдык жана материалдык жоготуулардан запкы чегүүдө. Мына ушундай жагымсыз окуялар студенттердин терең билим алуусуна, жеткиликтүү тажрыйбалык иштерди жасоосуна, ден соолуктарын чыңдоосуна тескери таасирин тийгизүүдө.
Жакында эле Агрардык университеттин балансында турган "Улан" комплексин ар кимдер талашып, кайриет, КРнын мамлекеттик катчысы Досбол Нур уулунун кийлигишүүсү менен бул процесс токтотулду.
Окуу жайыбызга таандык жер үлүштөрү жана имараттарыбыз өз кызматын аткарат жана ансыз да өткөөл мезгилден кийинки кыйын абалды баштан өткөрүп турган айыл чарбабыздын келечеги болгон айыл чарба адистерине билим, тажрыйба берүү үчүн өтө керек.
Кайрылуу катыбызда дагы бир орчундуу маселе Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин биздин окуу жайга таандык Бишкек шаарынын Абай көчөсүндөгү (4-1 "Б") жатакананы тартып алуу аракети тууралуу билдирмекчибиз. Негизинен Бишкек шаардык ИИБ менен Агрардык университеттин ортосунда 1995-жылдан 2000-жылга чейин бул жатакананы колдонуу максатында түзүлгөн келишим бар экен. Мөөнөтү бүткөн келишимден кийин жатакананы университетке бошотуп берүүсү керек эле. Бирок, ушу кезге чейин алар жашап келет. Ремонт жасашкан эмес, жатакана антисанитариялык абалга жеткен. Келишимдегидей Бишкек шаардык ИИБдин гана кызматкерлери эмес, башка аймактардан ички иштер бөлүмдөрдөгү кызматкерлер да жашайт. Ал аз келгенсип алар жатакананын комендантына баш ийишпейт. Жадагалса жашоо шарттарга ылайык талаптарга жараша комиссиянын буйругун жана ректораттын чыгарган чечимдерин аткарышпайт.
Бүгүнкү күндө алардын карызы 330 миң сомго жакын. Ал эми мурунку келишим боюнча бизге карызы 684 264,79 сомду түзөт, бирок Бишкек шаардык ИИБ карызын төлөбөгөндүктөн соттошууга туура келди. Бишкек шаарынын райондор аралык соту бул максатта акыйкат карап биздин пайдабызга ишти чечип берген. Ошого карабай ИИБ бул жатакананы өзүнүн балансына каратып алууга айла-амалдар менен сотко негизсиз доо арыздарды жазып, бизден тартып алгысы келгени таң калтырат. Тартипти коргоочулардын кылган иши ушул болсо кылмыштуулук кайдан жоголот деген ой туулат. "Уурусу күчтүү болсо, ээсин доого жыгат" деген ушулбу? Мыйзам деген бар го. Жер курулушу жана кыймылсыз мүлктү мамлекеттик каттоо боюнча Бишкек шардык башкармалыгынан 2006-жылдын 30-декабрындагы номери 953-чечими менен Кыргыз Агрардык университетине таандык мамлекеттик акт номери 006203 күбөлүгү менен каттоодон өткөн. Учурда 1-02-01-0002-0174-01 идентификациялык коду менен техникалык паспорту колубузда турат. Анан кантип ИИБ бет тырмоочулукка барып жатат? ИИМдин жетекчилигине балким ИИБден туура эмес маалымдоо жеткен жокпу? Же болбосо жогорудагыдай мыйзамга жат мамилеси менен Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевдин "Жаңылануу багыты" боюнча мамлекеттик саясатына туура келбеген терс жагын көрсөтүп жаткан жокпу?
Сөз болуп жаткан жатаканада милициялар менен бирге биздин кызматкерлер, аспиранттар, студенттер да жашайт. Алардын тагдырын да ойлонуу маанилүү. Ансыз деле азыр бизде жатакана жетишсиздигинен республиканын алыскы аймактарынан келип окуган 500дөн ашык студенттер, 150дөн ашык кызматкерлер кыйналып, кезекте турушат. Келе жаткан жаңы окуу жылында аларды жайгаштыруу ойлондурат. Жогоруда белгиленгендей, Агрардык университеттин жер үлүштөрү менен жатакана имараттары таламайга түшкөнү жан кейитерлик көрүнүш.
Кыргыз Республикасынын "Билим берүү жөнүндө" (30.04.2003-ж.) мыйзамынын 47-статьясында белгиленгендей, мамлекеттик имараттар жана мамлекеттик билим берүү мекемелеринин мүлкү башка максатта колдонулууга берилбейт. Мыйзамды ички иштер кызматындагылар өздөрү биринчи кезекте сыйлоого жана башкалардын так аткаруусуна көз салып, талап кылууга милдеттүү экени чындык. Бирок бул чындыкты одоно бузуу менен коомчулук алдында өздөрүнүн аброюн төмөн түшүрүп жаткандыгын кандай түшүнүүгө болот. Биздин милициябыз бизди коргогондун ордуна кордойбу? Анда мыйзам алдында жооп берүүгө тийиш. Анткени мыйзам баарына бирдей жана ыйык. Ошондуктан бул Кайрылуубузга Сиздер аркылуу мыйзамдуу негизде оң маанисиндеги иш-чаралар көрүлүү менен жооп берилет деп чоң ишеничте күтөбүз.
Т.КУБАТБЕКОВ,
Кыргыз мамлекеттик агрардык
академиясынын ректору. Жалпы окутуучулар,
студенттер жамааты





  Конституциялык сотто каралды

Жарандык укук жалпыга бирдей
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна 2009-жылдын 1-июнунда "Кыргыз Республикасында турак-жай фондун менчиктештирүү жөнүндө" мыйзамдын 2-беренесинин 5-бөлүгү жана 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-абзацы Конституцияга
ылайык эмес жана Конституциянын бир нече беренесинин жоболоруна карама-каршы келет деп табуу жөнүндө "Ак-Марал" ачык акционердик коому өтүнүчү менен кайрылган.

Негизги жүйөө катары "Кыргыз Республикасында турак-жай фондун менчиктештирүү жөнүндө" Мыйзамдын 2-беренесинин 5-бөлүгүндө мамлекеттик өндүрүш жайларынын негизинде түзүлгөн акционердик коомдордун менчиги болгон жатаканаларды жана мейманкана түрүндөгү үйлөрдү менчиктештирүү мыйзамда аныкталган иретте ишке ашырылат" деген жобосуна таянышкан ушул эле мыйзамдын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-абзацында менчиктештирүүнү ишке ашыра турган орган болуп, мамлекеттик өндүрүш мекемелеринин негизинде түзүлгөн, балансында өндүрүш мекемесин өзгөрткөнгө чейин курулган турак-жайлары бар акционердик коомдор эсептеле тургандыгы көрсөтүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту 2009-жылдын 14-июлундагы отурумунда тараптардын жүйөөлөрүн талкуулап жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, "Ак-Марал" ААКнын өтүнүчү төмөндөгү негиздер боюнча канааттандырылууга жатпай тургандыгын белгилеген бүтүм чыгарган.
Соттук кароого берилген материалдарга караганда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы 2008-жылдын 10-декабрындагы токтому менен жатаканадагы бөлмөлөрдү менчиктештирүүдөн баш тарткан "Ак-Марал" ачык акционердик коомунун президенти А.Ө.Өмүралиевдин чечимин жокко чыгаруу жөнүндөгү жарандардын доо-арызын канааттандырган жана аны менчиктештирүүнү жүргүзүүнү милдеттендирген Биринчи май райондук сотунун чечимин жана бул чечимди өзгөртүүсүз калтырган Бишкек шаардык сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын аныктамасын күчүндө калтырган. Кыргыз Республикасынын Жогорку соту бул токтомду кабыл алууда "Кыргыз Республикасында турак-жай фондун менчиктештирүү жөнүндө" мыйзамдын 3-беренесин негизге алган.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1-беренесинин 1-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасы - социалдык мамлекет, анын саясаты адамдын татыктуу жашоосун жана эркин өнүгүшүн камсыздоочу шарттарды түзүүгө багытталган. Бул мамлекеттик, муниципалдык жана жеке турак-жай фондунун, мекемелердин турак-жай фондунун өнүгүшү менен жарандарга мыйзамдарда белгиленген шарттарда жана тартипте көмөк көрсөтүү менен камсыз кылынат дегенди билдирет. Ал Кыргыз Республикасынын Конституциянын 33-беренесинде бекемделген.
Жарандардын жашоосуна эң керектүү болгон социалдык чөйрөнүн түзүлүштөрү жеке кызыкчылыктар гана үчүн эмес, мамлекет тарабынан коргоого алынуучу жалпы калктын кызыкчылыгы үчүн пайдаланышы керек. Ошондуктан мыйзам чыгаруучу көрсөтүлгөн объектилердин иш аракетинде болушун жана белгиленген максатта сакталышын камсыздоого байланышкан мамилелерди жөнгө салып, элдин жашоо турмушуна керектүү болгон тигил же бул объектилер эл тарабынан менчиктештирилүүгө жатат деп аныктоого укуктуу.
Анын негизинде "Кыргыз Республикасында турак-жай фондун менчиктештирүү жөнүндө" мыйзамдын мамлекеттик өндүрүш жайларынын негизинде түзүлгөн акционердик коомдордун менчиги болгон жатаканаларды менчиктештирүү мыйзамда аныкталган иретте ишке ашырылат деген 2-беренесинин 5-бөлүгү жана менчиктештирүүнү ишке ашыра турган орган болуп мамлекеттик өндүрүш мекемелеринин негизинде түзүлгөн, балансында өндүрүш мекемесин өзгөрткөнгө чейин курулган турак-жайлары бар акционердик коомдор эсептелет деген 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-абзацы Кыргыз Республикасынын Конституциясында көрсөтүлгөн адамдын турак-жайга болгон укуктарын камсыздоого багытталган.
Ошентип жогоруда келтирилген негиздүү жүйөөлөргө таянып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту "Кыргыз Республикасында турак-жай фондун менчиктештирүү жөнүндө" мыйзамдын талашка түшүп жаткан ченемдери жарандардын турак-жайга болгон конституциялык укугун ишке ашыруу кепилдиктери жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 33-беренесинин талаптарына ылайык келет жана өтүнүчтө көрсөтүлгөн конституциялык ченемдерге карама-каршы келбейт деген чечим кабыл алып, "Ак Марал" ААКнын суранычын канааттандыруусуз калтырды.
Ал эми аталган чечим акыркы жана даттанууга жатпастыгы, бардык мамлекеттик органдар, юридикалык жактар, кызмат адамдары жана жарандар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш экендигин дагы бир жолу эсиңиздерге салмакчыбыз.
Даярдаган
Аскарбек Насирдинов