, 21.08.09 - 5-бет:
  Ала-Тоо аймагында

Ыйык Рамазан айы
Орозо кармоо - Исламдагы беш парыздын бири болуп саналат. Быйыл ыйык Орозо айы 21-августта башталып 20-сентябрда жыйынтыкталат. 20-август арапа күнү, ар бир мусулман үйүндө жыт чыгарып боорсок, палоо жасап, орозо айынын келишин тосушат. Ал эми 27-ноябрь Курман айт. Рамазан айы - берекенин, ырыскынын, тынчтыктын мээримдүүлүктүн жана боорукерликтин айы. Быйыл уламалар кеңеши буудайдын орточо наркына карап туруп, жалпы өлкө аймагы боюнча бир жанга фитир садаганын баасы орточо 15 сомдон туура келет деп чечим чыгарган. Рамазан айынын 15-16-сентябрга караган түнү Кадыр түн тосушат. Бул түнү курандан аяттар окулуп, жакшы сөздөр, каалоо-тилектер айтылат.

Өзбек тилинде окутулуучу мектеп курулду
Сузак районундагы Бек- Абад айылында жайгашкан 192 орундуу жаңы Сайпидин Атабеков атындагы орто мектептин курулушу аяктап пайдаланууга берилди. Мектептин курулушу 2008-жылы колго алынып, курулушуна 17 млн. сом бюджеттик акча каражаты жумшалды. Бул тууралуу облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын начальниги Талантбек Исмаилов билдирди. Өзбек тилиндеги окуучуларга арналган бул мектеп учурдун талабына ылайык курулуп, бардык шарттар түзүлгөн. Эмерек менен жабдылган.

Канттын дүң баасы 32 сом
Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик "Кайыңды-Кант" жана "Кошой" ААКсында сатылып жаткан канттын дүңүнөн берилүүчү баасын белгилегендигин билдирди. Алсак, Ош шаарындагы кампадан "Кайыңды-Кант" ААКсы сатып жаткан 1020,8 тонна көлөмүндөгү канттын баасы "Беларусь кант кампаниясы" ОсООсу менен түзүлгөн келишимге ылайык кошумча наркка салыкты жана сатуулардын салыгын эсепке алуу менен 1 тоннасына 32 миң 492 сом деңгээлинде аныкталды. Бишкектин кампасынан "Кайыңды-Кант" ААКсы сатып жаткан канттын наркы кошумча наркка салыкты жана сатуулардын салыгын эсепке алуу менен 1 тоннасына 32 миң 300 сом сомду түзөт.

Быйыл Кыргызстанга
1 миллиондон ашуун чет өлкөлүк туристтер келди
2009-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстанга КМШ өлкөлөрүнөн 976 769 турист жана алыскы чет өлкөлөрдөн 41 338 турист келди. Бул туурасында Туризм боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Ведомствонун маалыматтары боюнча биринчи жарым жылдыкта КМШ өлкөлөрүнөн Кыргызстанга 977 миң адам келди, бул өткөн жылдын ушул мезгилинен 25 пайызга же 197 миң туристке көбүрөөк. 2008-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстанга КМШдан 780 миң турист келген. Алыскы чет өлкөлөрдөн Кыргызстанга 2009-жылдын биринчи жарым жылдыгында 41 миң адам келди. Бул өткөн жылдын ушул мезгилинен 17 пайызга же 7 миң туристке азыраак. Туристтердин Тажикстандан келиши 10 эсеге жана Өзбекстандан келиши 16 пайызга көбөйгөн.

Окуучулар мектеп формасын кийишет
Өкмөттүн токтомуна ылайык, Кыргызстандын жалпы билим берүү мекемелеринде башталгыч класстардын окуучулары мектеп формасын кийишет. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Өткөн жылы министрлик мектеп формасынын эскизине сынак жарыялаган. Натыйжада мектеп формасын иштеп чыгуу И.Арабаев атындагы Кыргыз гуманитардык университетинин костюмдарды көркөм долборлоо кафедрасынын кызматкерлерине жүктөлгөн. Алар тарабынан мектеп формасынын бир нече түрлөрү тартууланды. Мектеп администрациясы ата-энелер комитети менен бирдикте ылайыктуусун тандап алууга тийиш. Мектеп формасы бирдиктүү стандартка жараша аткарылышы керек: 70 пайыз пахта кездемесинен, 30 пайыз жасалма жибектен турушу талапка ылайык. Форма 450 сомдон 750 сомго чейин бааланат.

Сулайман-Тоонун петроглифтери иликтенүүдө
Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан "Борбордук Азиянын аска-таш искусствосу"аттуу биргелешкен долбоордун үстүндө иштей баштады. Кыргызстанда мындай жазууларды иликтөө Оштогу Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музейинен башталды. Ал жакта аскалардагы чиймеленген жазуулар 400дөн ашык. Байыркы сүрөтчүлөрдүн эмгектерине объективдүү баа берүү максатында долбоордун жетекчиси А.Рогожинский башында турган казак адистери чакырылган. "Бул иштер дүйнөлүк коомчулук тарабынан өзгөчөлөнгөн кыргыз тоосуна болгон кызыгууну арттырып, ошондой эле бүтүндөй республикага болгон кызыгууну туудурат. Ал эми биздин милдет - келечек муундарга бардык тарыхый-археологиялык жана маданий эстеликтерди сактап жеткирүү", - дейт Улуттук академиянын кызматкери Б.Аманбаева.

Чегараны айланып өткөн жол
Жалал-Абад облустук администрациянын пресс кызматынын берген маалыматы боюнча, Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл округунан райондун борборуна чейинки жолдун узундугу 110 км. Анын ичинен Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу өтүүчү бөлүгү 61 км, Өзбек Республикасы аркылуу өтүүчү бөлүгү 49 км. түзөт. Жолдун Өзбек Республикасы аркылуу өтүүчү бөлүгүндө жалпысынан 2 чегара, 1 бажы посттору жайгашкан. Бул посттордон өтүүдө жергиликтүү калк кыйынчылык тартууда. Аталган маселени чечүү үчүн 44 км. айланма жолду куруу зарыл. Бүгүнкү күндө "Бозумчак" жез кенин иштетүүгө лицензия алган "Казакмыс" компаниясы тарабынан айылдардын инфраструктрасын өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүнүн алкагында аталган жолдун "Теңги-Жалгыз-Арча" участкасына (30 км) шагыл төшөлүп, жаңы жол курулуп жатат.

Жаратылыш газы үчүн 398,8 млн. сом карыз
2009-жылдын 1-июлуна карата "Кыргызгаз" акционердик коомунун "Узтрансгаз" акционердик коомуна карызы 18,5 млн. долларды түзгөн. Бул туурасында республикалык штабдын жыйынында айтылды. Жартылыш газын керектөөчүлөрдүн "Кыргызгазга" карызы 2009-жылдын 1-августуна карай 398,8 млн. сомду түзгөн, бул көрсөткүч жыл башынан бери 68 млн. сомго кыскарган. Төлөмдөрдү чогултуу 1783,78 млн. сомду түзүп, же ал колдонулган газдын 99,8 пайызына барабар, бул көрсөткүч 2008-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,7 пайызга кыскарган.

Кыргызстан үрөн өндү-рүүдө өзгөчөлүү өлкө
Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен үрөн өндүрүү боюнча алдыңкы орунда турат. Себеби биздин республиканын климаттык шарты үрөн өндүрүүгө ыңгайлуу. Борбор Азия үрөнчүлөр ассоциациясынын аткаруучу деректири А.Исламовдун айтуусунда, Кыргызстан үрөн өндүрүүнү азык-түлүк коопсуздугу максатында гана эмес, аны сатуу аркылуу пайда табуу үчүн да өндүрсө болот. "Биздин өлкө көптөгөн эл аралык үрөн уюмдарына мүчө, анын ичинде үрөндөрдү тестирлөө боюнча ассоциацияга мүчө. 90-жылдардын башында республикадан 40 миллион доллар суммасында үрөн экспорттолсо, учурда ал кескин кыскарган. Ушундан улам учурда экспортту жандандыруу аракеттерин көрүүдөбүз - дейт А.Исламов.




Аалам алкагында
Кыргыз манасчылары калмак фестивалына катышат
Кыргыз манасчылары Элистада (Калмакия) өтүүчү "Жангаранын тукумдарынын жергесиндеги дүйнө эпостору" аттуу Эл аралык фестивалга катышат. Бул туурасында "Интерфакс" агенттиги билдирди. Фестиваль калмак элинин Россиянын составына киргендигине 400 жыл толгондугуна байланыштуу өткөрүлүүдө. Фестивалдын программасында Россиянын 15 аймагынын, ошондой эле Монголия, Казакстан, Кыргызстан, Франция, Норвегия, Кытай жана башка өлкөлөрдүн айтуучулары өз чыгармачылыгын тартуулайт.

Чектеш аймактагы жашоочулар көчүрүлүүдө
25-26-майда Өзбекстандын Анжиян облусундагы окуядан кийин мамлекеттик чегараны чыңдоо боюнча кошумча чаралар кабыл алынды. REGNUM маалымат агенттигинин маалыматына караганда, мындай чараларга кошумча Өзбекстан чегара зонасындагы калкты көчүрүүнү ишке ашырууда. "Мындай иш чара кымбатка тургандыгына карабастан, мамлекет өз жарандарын мүмкүн болуучу куралдуу кагылышуудан коргоо максатында ушундай чечимди кабыл алды. Чегара зонасынан 178 үй-бүлө жашаган 149 түтүн көчүрүлөт. Мындан тышкары Андижан облусундагы Ханабад шаарында жайгашкан Хидирша жергиликтүү башкаруу органынын жашоочуларынын 85 курулуп бүтпөгөн жер участоктору көчүрүлөт. Дал ушул жерден үстүбүздөгү жылдын 25-майында Кыргызстан аркылуу Өзбекстанга келген террористтер кол салуу жасашкан", - деп маалымдаган Өзбекстандын укук коргоо органындагы булак агенттикке.

Жашыруун
мигранттар кармалды
Москвада Тынчтык проспектисиндеги жана Чоң Серпухов көчөсүндөгү эки үйдөн Кыргызстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын жана Азербайжандын 300дөн ашуун жашыруун мигранттары кармалган. Федералдык миграциялык кызматтын Москва боюнча башкармалыгынан билдиришкендей, алардын көбү ал үйлөрдө үй-бүлөлөрү, балдары менен жашап келишкен. Үйлөрдө электр жарыгы, жылуулук, суу менен жабдуу жана канализация өчүрүлгөн. Азыркы убакта жашыруун мигранттарга турак-жай берген адамдын ким экендиги тастыкталууда. Кармалгандардын көбү ар түрдүү турак-жай уюмдарында иштешкен, алар азыркы убакта ички иштер органдарына жеткирилген.

Азияда мөңгү суусунун тартыштыгы туулат
Окумуштуулардын пикиринде, Азия континентинин кургакчыл райондору мөңгү суусунун жетишсиздигине байланышкан кооптуу кризистин алдында турат. Бул туурасында "Казинформ" агенттиги билдирген. Окумуштуулардын айтымында, Азиянын калкынын саны 40 жыл ичинде 1,5 миллиард кишиге жетет, ал эми 2050-жылга карата тамак-ашка болгон керектөөсү эки эсеге көбөйөт. Кризисти болтурбоо максатында Азия өлкөлөрү ирригациялык системаларды жаңыртуу жана суунун сарпталышын көзөмөлдөө жолдорун өнүктүрүүгө бир нече млрд. доллар каражатты салуусу зарыл.

Дүйнөлүк экономика калыбына келүүдө
Дүйнөлүк экономиканын калыбына келүү процесси башталды деп эсептейт Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) Изилдөө департаментинин деректири Оливье Бланшар. Мындан мурун ЭВФнын адистери дүйнөлүк экономиканын калыбына келиши 2010-жылдын биринчи жарымында башталат деп болжолдошкон. Август айында Япония, Франция жана Германия экономиканын басаңдашынан (рецессия) арылып, экинчи кварталда аталган өлкөлөрдө ИДПнын өскөндүгү маалымдалган. Бирок Оливье Бланшар экономикалык калыптануунун башталгандыгын тастыктоо АКШдан экспорт жана Азияга импорт багыты өзгөргөн шартта гана мүмкүн болоорун белгилейт.

В.Жириновский кризис жылында он эсе байыды
Россиялык "Ведомости" гезитинин жазганы боюнча, ЛДПР лидеринин кирешеси бир жылда он эсе өскөн же 2007-жылдагы 1,3 миллион рублден 2008-жылы 15 миллион рублге көбөйгөн. ЛДПР тизмесинде эң бай адам Мамдуманын депутаты В.Таскаев болуп чыкты. Ал 2008-жылы 7,9 миллион рубль иштеп тапкан. Ошол эле учурда банк эсебинде дагы 10 миллион рубль акчасы бар. Анткен менен ЛДПРдин Москва шаардык бөлүмүнүн жетекчиси Виктор Соболев негизинен шайлоого талапкерлер бай эместигин жана "округдарда таза иштей тургандыгын" белгиледи. Москва шаардык думасына шайлоо 2009-жылдын 11-октябрында болот.

КМШ Грузиясыз, Грузия КМШсыз калды…
Шейшембиден тартып расмий түрдө Грузия Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинен чыкты. Минск шаарындагы КМШнын Аткаруу комитетинен билдиришкенге караганда, "КМШдан чыгуу процедурасына ылайык, 18-августтан тартып Грузия Шериктештиктин өлкөсү болбойт, грузин желеги жумушчу тартибинде КМШнын аткаруу комитетинен алынып, мындан ары грузин тараптын катышуусу менен эч кандай иш чаралар пландалбайт". Грузиянын тышкы иштер министринин орун басары Д.Жалогония 18-августтан баштап Грузия толук бойдон КМШдан чыгуу боюнча юридикалык процедураларды аяктай тургандыгын маалымдаган. "Муну менен бирге Грузия мурдагыдай эле бир катар көп тараптуу макулдашууларга катышуусун, анын ичинде КМШ өлкөлөрү менен катышуусун уланта бермекчи. Алсак, жарандарды визасыз өткөрүү, эркин соода боюнча макулдашуулар, укук тартиби маселесиндеги кызматташтык, жалпысынан 75ке чейинки макулдашуу ишке ашуусун улантат", - деген ал. Ошондой эле ал грузин өкмөтү бири-биринин аймактык бүтүндүгү жана өз ара кызыкчылыгын урматтоо принцибинин негизинде КМШ өлкөлөрү менен эки тараптуу макулдашууларды түзүүгө даяр экендигин белгилеген.