, 21.08.09 - 4-бет: Эгиндин кору өткөн жылдагыдан арбын
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Өмүрбек Бабанов кезектеги жумушчу кеңешме өткөрүп, анда республикада кылкандуу дан өсүмдүк-төрүнүн түшүмүн жыйноо жана буудайдын сатык баасын белгилөө маселелери талкууланды.
Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары Д.Кенжебаевдин билдирүүсү боюнча, бүгүнкү күнү республика
боюнча 348 миң га кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн түшүмү жыйналган. Бул жалпы түшүм жыйналуучу аянттын 66%ын түзөт. Бүгүнкү күнгө чейин 265,3 миң га буудай аянты оруп-жыйналган, же бул 1,5 миң гектарга көптүк кылат.
Эгиндин түшүмдүүлүгү гектарына 29,8 центнерди түзүүдө, бул өткөн жылдын түшүмүнөн 8 центнерге арбын.
Эгиндин дүң жыйымы 1035,1 миң тоннаны түздү, же бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 245,6 миң тоннага арбын. Буудайдын дүң жыйымы 804,3 миң тоннаны, арпаныкы 230,8 миң тоннаны түзгөн. Салыштырмалуу алганда түшүм буудайдыкы 189,5 миң тоннага, арпаныкы 56,1 миң тоннага арбын болду.
Азыркы мезгилде бастырылган эгиндин саны өткөн жылдын жалпы дүң жыйымына (815 миң тонна) жакындап калды. Дагы кылкандуу эгин өсүмдүктөрүнүн үчтөн бир бөлүгүн оруп-жыйноого туура келе тургандыгын эске алсак, түшүм өткөндөгүдөн арбын болчудай.
Кеңешменин жүрүшүндө Өмүрбек Бабанов жыйындын катышуучуларынын көңүлүн калктан 3-класстагы азыктык буудайын сатып алуу баасына жана мамлекеттик заёмдук каражаттар боюнча карыздарды жоюунун эсебинен айылдык товар өндүрүүчүлөр тарабынан тапшырыла турган азыктык эгиндин баасына бурду. "Президент тарабынан 2009-жылдын түшүмүн калктан 10 сомдук деңгээлде сатып алуу боюнча милдет коюлган, бул сатып алуу баасын белгилөөдө чечүүчү факторлордон болуп калууга тийиш", - деп түшүндүрдү биринчи вице-премьер-министр.
Бул маселени талкуулоо учурунда Өмүрбек Бабанов Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин жетекчилигине тиешелүү министрликтер жана ведомстволор менен бирдикте бул маселени кылдат карап чыгып, конкреттүү долбоорду Өкмөткө киргизүүгө тапшырма берди.
"Биз ата мекендик айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн колдоого, товар өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыктары боюнча азык-түлүк рыногунун туруктуу иштешин камсыз кылууга жана калктын азык-түлүккө болгон керектөөсүн канааттандырууга тийишпиз", - деп Өмүрбек Бабанов сөзүн жыйынтыктады.
Н.ЖЭЭНБЕКОВ




  Көңүлүм сенде, Нура!

Жакында бир топ жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү Алай районундагы жер титирөөдөн жабыр тарткан Нура айылында болушуп, ал жерде жүргүзүлүп жаткан курулуш иштери менен таанышып кайтышты.
урада курулуш иштери май айында башталгандыгына карабастан, анын темпи өтө начар жүргөн. Буга нааразы болгон нуралык аялдар 5-августта Ош-Эркечтам автожолун тосуп чыгышып, турак жайларды куруу иштерин тездетүү талабын коюшкан. Ошондон кийин КРнын өкмөтүнө караштуу архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчилиги өздөрү тандап алган подрядчиктердин иштерине көзөмөлдү күчөтүшүп, куруучулардын санын көбөйтүшкөн. Убакыттан уттуруп жиберген куруучулар иштин темпин ыкчамдатуулары зарыл, себеби Нурага кыш эрте түшөт,
Нуралыктар Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өзүнө тиешелүү объектилердин алдын пайдаланууга беришкендигин, калгандарын да жакында аягына чыгара тургандыгын айтышып, алардын дарегине ыраазылык сөздөрүн билдиришти.
(Атайын кабарчыбыздын Нурадан уюштуруп келген материалы гезитибиздин кийинки санында жарык көрөт).





Китеп марафону улантылат
Быйылкы жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы өзүнүн 75 жылдыгын белгилейт. Бул салтанаттуу мааракеге байланыштуу Улуттук китепканада 2009-жылдын ноябрь айына чейин "Китеп-2009" жалпы улуттук китеп марафону улантылат.
Китеп марафонунун негизги максаты - окурмандардын маалыматтык булактарга кирүү шарттарын жакшыртуу, китеп окурмандарынын китеп окууга кызыгуусун арттыруу, ошондой эле китепкананын материалдык-техникалык базасын чыңдоо.
Китепканага жардам иретинде техникалык каражаттар, финансылык көмөктөр, аудио-видео продукцияларын, ошондой эле көркөм чыгармаларды, илимий окуу китептерин белекке берсеңиз болот. Сизге марафондун отчёту боюнча так маалымат беребиз, ошондой эле анын жыйынтыгы жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.
Улуттук китепканага өзүңүздүн каалаган ыңгайлуу убакытта келип, акцияга колдоо көрсөтсөңүз болот. Тел.: 30-46-75, 30-50-57.
Кош келиңиздер,
ардактуу китептин күйөрмандары!




  Жаңы окуу жылына аз калды

Вице-премьер директорлор менен пикир алышты
Бишкек шаарынын орто мектептеринин директорлору менен жолугушууда "Ушу тапта үстүбүздөгү жылдын 10-июнунда Кыргыз Республикасынын Президенти К.Ба-киев жарыя кылган Кыргызстанда билим берүүнү реформалоо боюнча Концепцияга ылайык баштапкы, жалпы орто жана жогорку билим берүү тутумун реформалоо боюнча даярдык иштери ак-тивдүү жүргүзүлүп жатат.
ул кайра өзгөрүүлөрдүн тутумунда мектептерде болуп келген акчалай жыйымдарга укуктук статус берүү зарыл. Муну менен бирге акча каражаттарын жыйноо ата-энелердин макулдугу менен гана, а бардык төлөөлөр банк аркылуу жүргүзүлүшү зарыл. Ошондо гана биз жыйналган акча каражаттарынын ачыктыгына жетише алабыз. Ошондой эле аз камсыз болгон жана көп балалуу үй-бүлөлөрдөгү балдар жогоруда көрсөтүлгөн каражатты төлөбөшү керек", - деп белгиледи вице-премьер-министр Ө.Абдуллаева.
Борбордогу №12 орто мектепте өткөн жумушчу жолугушуунун жыйынтыгын чыгарып жатып, вице-премьер жаңы окуу жылынын башталышында мындай жолугушуу практикалык чоң мааниге ээ экенин айтты. "Бүгүн бизге борбордогу мектептердин директорлорун тынчсыздандырган алда канча курч маселелер боюнча пикир алмашууга мүмкүн болду. Өкмөт жана Бишкек шаарынын мэриясы ал маселелердин көбү менен жакшы тааныш экени талашсыз. Бул жерде шаардык мектептердин ишин жакшыртуу боюнча айтылган каалоолор жана пикирлерди эске алабыз. Биздин милдет барынан мурда 1-сентябрда балдар окууга ыңгайлуу, кооз жана жакшы жабдылган окуу класстарына келишине жетишүү. Муну чечүүгө бардык аракетибизди жумшайбыз. Ал биздин парз", - деди Ө.Абдуллаева.
Бул жолугушууга Билим берүү жана илим министри А.Мусаев жана Бишкек шаарынын вице-мэри Э.Иманалиева да катышты.
Бермет МАТКЕРИМОВА,
"Кыргыз Туусу"




Көрнөктөрдү алдырып салууга укугубуз жок
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия "Кыргыз Туусу" гезитинин 4-августундагы
№ 58 санына "Көчө Лермонтовдун атасынын ысмына коюлганбы?" деген макаланы карап чыгып, төмөнкүлөрдү билдирет:
Макала ээси, белгилүү журналист Д.Юсупов туура байкагандай борбор калаабызда көрүнөө жазуу-сызууларды, жарнамаларды, көрнөктөрдү (көчө такталарын) мамлекеттик тилде сабаттуу жазууда бир топ кемчиликтер орун алып келе жаткандыгы чындык. Айрыкча элибизге эмгегин өтөп кеткен залкар инсандарыбыздын ысымдарын көчөгө койгондо эркектерин аялга айлантып, орус тилинин "а" аффиксин жармаштырып жазып, ал турсун оозу-мурду кыйшайбай айтып жүргөндөрдү да кездештиребиз. Албетте, бул жүрөк өйүгөн маселе. Мындай кемчиликке ким жол берген? - деген мыйзамдуу суроо туулат.
Биз алган маалыматтарга караганда кайсы бир көчөнүн атын коёрдо, аны жазып илерде Бишкек шаардык мэриясынын токтому чыгат. Ошол токтомго ылайык көчө көрнөгү жазылып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көзөмөлдөнүп илиниши шарт. Бул жерде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренеси менен "КРнын мамлекеттик тили жөнүндө" мыйзамдын 27- жана 29-беренелери, ошондой эле "Кыргыз тилинин орфографиялык эрежелери" жетекчиликке алынышы керек. Тилекке каршы, бул ченемдик-укуктук актыларды караганга, же тиешелүү мекемелерден кеңеш сураганга мойну жар бербегендер, улуу инсаныбызды аял кишиге айлантып (Тыныстанова, Ахунбаева, Боконбаева ж.б.) жазып коюудан уялбагандар жогоруда айтылгандай чалмакейлерди чалууда.
Жарнамаларда кезиккен орфографиялык, грамматикалык жана лексикалык каталар, келегей котормолор биз менен макулдашпай, өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илген жарнама агенттиктеринин "ишмердиги" болуп эсептелет. Алардын мындай мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында жапайы жарнамалар жаандан кийинки козу карындай жайнап чыгууда. Алардын ар биринин артында үлкөн атка минерлер тургандыктан, аны кайра алдырып салуу - азаптын иши. Бизде андай укук да жок. Тек гана түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз, түшүнбөсө прокуратурага, монополияга каршы агенттикке тиешелүү чара көрүүсүн өтүнүп кат жазабыз.
Азыр Бишкек шаардык мэриясынын "Үгүт" жарнама-маалымат агенттиги менен бирдикте текшерүүлөрдү жүргүзүп, мыйзамсыз көрнөк-жарнактарды алдыруу иштерин жүргүзүүдөбүз. Бирин алдырып салсаң, экинчисин илип алган өзүм билемдик өктөмү өкүндүрбөй койбойт. Көчө көркү, өлкө жүзү болгон жазуу-сызууларды жазууда ар бир жаран атуулдук сезимде болуп, колдонуудагы мыйзамдарды сыйласа эле баары иретке келээри шексиз.
Ташбоо ЖУМАГУЛОВ,
Кыргыз Республикасынын
Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы