, 21.08.09 - 3-бет: Боордоштордун кайгысын тең бөлүшөбүз
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев Назрань шаарындагы терактыга жана Саян-Шуша ГЭСиндеги кырсыкка байланыштуу Президент Дмитрий Медведевге көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.
Телеграммада мындай деп айтылган:
"Урматтуу Дмитрий Анатольевич, 2009-жылы 17-августта көптөгөн курмандыктарга алып келген Назрань шаарындагы теракт жана Саян-Шуша ГЭСиндеги кырсык жөнүндө суук кабарды терең кайгыруу менен уктум.
Терроризмге каршы күрөшүүдө Россиянын жетекчилиги көрүп жаткан аракеттер менен тилектеш экендигибизди билдирем. Назрань шаарындагы террордук актыга күнөөлүүлөр катуу жазасын ала тургандыгына ишенем.
Ушул кайгыларды бүткүл россиялыктар менен тең бөлүшүү менен Кыргызстандын эли туугандарынан жана жакындарынан ажырагандарга кайрат айтат.
Менин чын ыкластан көңүл айтуумду кабыл алып, курман болгондордун туугандарынын жана жакындарынын кайгысын тең бөлүшө тургандыгымды билдирип коюңузду өтүнөм".
ЁЁЁ
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев Корей Республикасынын Президенти Ли Мён Бак мырзага Корей Республикасынын мурдагы Президентинин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтуу катын жөнөттү.
Катта: "Улуу Урматтуум, Корей Республикасынын мурдагы Президенти Ким Дэ Чжун мырзанын мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгы жөнүндө суук кабарды терең кайгыруу менен уктум. Бүткүл дүйнөдө татыктуу урматтоого жана кадыр-баркка ээ болгон көрүнүктүү мамлекеттик ишмер дүйнөдөн өттү.
Мамлекеттик жогорку кызмат ордунда турган мезгилде Ким Дэ Чжун мырза биздин өлкөлөрдүн ортосунда достукту жана өз ара түшүнүшүүнү чыңдоого зор салым кошуп жана эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүүгө көмөк көрсөткөн.
Кыргыз Республикасынын жетекчилигинин жана жеке өзүмдүн атымдан корей элине, Ким Дэ Чжун мырзанын туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам".
Өз маалыматыбыз






  Өкмөттө

Кышка камылга көрүү - көзөмөлдө
2009-2010-жылдын күзгү-кышкы даярдыгын көрүү боюнча Өкмөттүк атайын комиссия түзүлгөн. Анын кезектеги селектордук кеңешмеси биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун жетектөөсүндө өтүп, бардык облустардын, тийиштүү тармактардын жетекчилери, Бишкек, Ош шаарларынын вице-мэрлери катышышты.

Алгач комиссиянын төрагасынын орун басары Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Ильяс Давыдов жалпы жагдай боюнча баяндама жасады. Ал белгилегендей быйыл Токтогул суу сактагычында 2 639 млрд. куб.м суу көп топтолуп, учурда 12 073 млрд. куб.м суу бар. Кышка чейин өткөн жылга салыштырмалуу 3,4 млрд. куб.м сууга көп, так айтканда 13,3 млрд. куб.м суунун топтолушу күтүлүүдө.
2009-жылдын апрель-июль айларында лимиттен ашыкча 23,2 млн. кВтс электр энергиясы иштетилген. Мунун ичинде "Түндүк-электро" ААКсы 26,0 млн. кВтс, "Жалал-Абадэлектро" 2,0 млн. кВтс, "Ошэлектро" 8,9 млн. кВтс, ал эми "Чыгышэлектро" 13,6 млн. кВтс электр энергиясын үнөмдөгөн. Жалпысынан 19,6 млн. кВтс электр үнөмдөлгөн.
Гидроэлектрстанциялар 5427 млн. кВтс электр энергиясын иштеп чыгышкан. Бул өткөн жылга караганда 1521,6 млн. кВтсга аз. Жылуулук электростанцияларынан 623,4 млн. кВтс, өткөн жылдан 35,7 млн. кВтс көп өндүрүлгөн.
Бишкек ТЭЦине 145,7 миң тонна көмүр же графиктегинин 71,5%ы ташылып келинген. Өткөн жылы бул мезгилде бул көрсөткүч 122 миң тонна гана болгон. Бардык аймактарда, жылуулук берүүчү ишканаларда графиктин негизинде кышка карата даярдыктын көрүлүп жаткандыгы фактылар менен көрсөтүлдү.
Сөзүнүн акырында министр Ильяс Давыдов быйыл өткөн жылдагыдай электр энергиясын өчүрүү өнөр жай ишканаларында, бюджеттик уюмдарда жана мектептерде болбостугун баса белгиледи.
Биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов ар бир аймактын, ишкана-мекемелердин жетекчилеринен кезеги менен отчёт алып, ийгилик-кемчиликтерин белгилеп, себебин аныктап чечүүнүн жолдорун тийиштүү министрликтерге дайындап, милдеттендирди. Алсак, чегара кызматындагылар көмүр менен камсыз кылууда тендер жарыялап жалаң Казакстандын көмүрүн алып жаткандыгын, эмне үчүн ата мекендик өзүбүздүн көмүр өндүрүүчүлөрдү тартпагандыгын сындады. Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри И.Давыдовго Кыргызстандын, так айтканда Кара-Кеченин көмүрүнүн сапаты чегарачылар айткандай, сапаты туура келер-келбестигин тез арада аныктоону, эгер туура келсе өзүбүздүн көмүр менен камсыздоону тапшырды.
Биринчи вице-премьер-министр селектордук кеңешмеде Кыргыз Өкмөтү токтом менен бекиткен бардык иш-чараларды аткарууну, анын орундалышы ар бир жетекчиден суралары, бюджеттик уюмдарды, элди көмүр менен убагында камсыз кылуу керектигин, лимитти сактоону, электр энергиясын 25%дан ашык коромжуга учуратпоону, кышка даярдыктын бардык аракеттерин али убакыт бар деп создуктурбай азыртан даярдык көрүүнү тапшырды.
Марип ТАЙЧАБАРОВ,
"Кыргыз Туусу"





Государственный комитет Кыргызской Республики по миграции и занятости (ГКМЗ)
объявляет открытый конкурс на замещение вакантной
административной государственной должности:
1. Главный специалист финансово-экономического отдела (центральный аппарат)
Квалификационные требования:
Ё образование - высшее (экономическое);
Ё стаж государственной службы не менее одного года или стаж работы по специальности не менее трех лет;
Ё знание законодательства КР в области бухгалтерского учета и отчетности;
Ё навыки работы на компьютере и знание программы 1 С;
Функциональные обязанности:
Ё Начисление заработной платы и составление соответствующей отчетности, а также знание других регистров по бухгалтерскому учету и отчетности;
Ё Планирование бюджета.
Для участия в конкурсе необходимо представить следующие документы:
- личное заявление, листок по учету кадров, (фотографию 1 шт.), резюме;
- копию паспорта или документа удостоверяющего личность;
- документы, подтверждающие необходимое профессиональное образование, стаж работы и квалификацию (копия трудовой книжки, копия документов об образовании, о повышении квалификации, о присвоении ученой степени и ученого звания, заверенные нотариально или службами управления кадров по месту работы).
Документы направлять в запечатанном конверте с пометкой "На конкурс" до 17 часов 4 сентября 2009 года, по адресу: Бишкек, пр. Чуй, 106, кб 102. Государственный комитет КР по миграции и занятости, отдел кадрового и административного обеспечения.



По всем вопросам обращаться по тел.: 66-44-95, 62-81-34





Куттуктоо телеграммалары келүүдө
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек
Бакиевди Президенттик кызматка кайра шайланышы менен куттуктаган телеграммалардын келүүсү уланууда.
Греция Республикасынын Президенти Каролос Папулиас менен Финляндия Республикасынын Президенти Тарья Халолен Курманбек Бакиевге жогорку кызматта маанилүү маселелерди аткарууда албан ийгиликтерди каалашса, Вьетнам Социалисттик Республикасынын Президенти Нгуен Минь Чиет Вьетнам менен Кыргызстандын ортосундагы салтка айланган достуктун жана көп тараптуу кызматташтыктын кыйшаюусуз бекемделе жана өнүгө бере тургандыгына терең ишенгендигин билдирген. Корея Элдик-Демократиялык Республикасынын Жогорку Элдик Жыйынынын Президиумунун төрагасы Ким Ен Нам корей элинин атынан Президенттик кызматка кайра шайланышы менен куттуктап, жооптуу ишине зор ийгиликтерди каалаган.
КМШнын аткаруу комитетинин төрагасы - аткаруучу катчысы Сергей Лебедев К.Бакиевдин президенттик шайлоодогу жеңиши акыркы жылдарда ал жүргүзүп жаткан саясый багыттын жаркын аныктамасы экендигин белгилесе, Россиянын Мамлекеттик Думасы-
нын төрагасы Борис Грызлов
К.Бакиевди мааракеси менен куттуктап, бекем ден соолук, бардык иштеринде ийгиликтерди каалагандыгын билдирген.
Д.ӨМҮРЖАНОВ
Көрүстөн жаңы жерге көчүрүлөт
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Игорь Чудинов Чүй облусунун Аламүдүн районунун
Лубяное айылындагы көрүстөндү көчүрүү боюнча чаралар жөнүндө буйрукка кол койду.
өрүстөндү көчүрүүнүн зарылдыгы анын бузулуп, Чу дарыясына урап кетүү коркунучунан пайда болгон.
Түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу үчүн 2009-жылдын январында Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун жана Казакстан Республикасынын Жамбул облусунун администрацияларынын ортосунда Чу дарыясынын ушул жеринде жээкти бекемдөө иштерин жүргүзүү жөнүндө эки тараптуу келишимге кол коюлган. Көрүлүп жаткан аракеттерге карабастан, кырдаал күндөн күнгө кыйындоодо. Көрүстөндүн урашы жана адамдардын сөөктөрүнүн Чу дарыясына агып түшүшү эки мамлекеттин ушул аймагында эпидемиологиялык жана экологиялык кырдаалдын начарлашына алып келиши мүмкүн.
Мына ушуга байланыштуу Лубяное айылынын жашоочулары менен чогулуш өткөрүлүп, алардын тууган-туушкандарынын сөөктөрүн жаңы көрүстөнгө көчүрүүгө жазуу түрүндө макулдук алынган. Жаңы көрүстөн үчүн орун ушул эле айылдан аныкталды.
Ш.КАДЫРОВ