, 21.08.09 - 2-бет:
Элдин үнү
Жарыкты өчүрүүнү унутпа!
чурдагы, жалпы эле келечектеги энергетика тармагындагы кризиске аз да болсо салым кошор деген ой менен бул сунушумду ортого салгым келди. Себеби, аздан көп, тамчыдан деңиз куралары бышык.
Республикада ар бир мектепте ушул ишти колго алса дээр элем. Маселен, ар бир класска жарыкты өчүрүп-күйгүзкүчтүн үстүнө "Жарыкты өчүрүүнү унутпа!" деп даана, ачык жазып коюуну тезинен колго алуу керек. Ошондо ар бир окуучуда "Эмне үчүн жарыкты күйгүзүп алдык, күндүзү зарыл эмес го" деген түшүнүк пайда болор эле. Муну ар бир үй-бүлө да пайдаланышы керек. Ошондо гана максатсыз, ченемсиз жарыкты күйгүзүп коюудан арылар элек.
Эмнеге "немец тактыгы" деп коюшат. Күч, далай мээнет менен өндүрүп жаткан товарыбызды колдонууда "кыргыз тактыгы" деп айтып калышса кана! Бул иш ар бир ата-эненин, керек болсо ар бир жарандын ыйык милдети болууга тийиш. Элет эли деле энергиядагы абалды жөнгө салса деген пикирде.
Аманилла САРЫЕВ,
Кара-Кулжа району, К.Акматалиев атындагы орто мектептин орус тили мугалими
Архив кызматын аздектеген Аимжан
1972-жылдары Жумгал районунда архив мекемеси жаңыдан уюшулуп, жогорку билимдүү, тың адисти издешет. Ошол маалда КМУнун тарых факультетин жаңы эле бүтүрүп келген Аимжан Кутуева көзгө чалдыгыптыр. Идиректүү жаш адисти мекемеге улуу архивист кылып алышат. Эмгек жолу өзү бала кезинен эңсеп келгендей мугалимдиктен башталбай, бүт өмүрү архив ишине арналып, тоо койнундагы Жумгал жергесинде иштеп каларын анда билген эмес.
лбетте, жаңыдан уюшулган мекемеде ишти жөнгө салуу, архивдик материалдарды чогултуу, иреттөө өзүнчө чоң түйшүк болсо, бул ишке керектүү нерселердин жетишсиздиги, жаан жааганда имараттын үстүнөн тамчы таамп туруусу жаш адисти сыноого салган. Залкар жазуучу Т.Сыдыкбековдун "Бийиктиктин жолу шыдыр дебе, анын ат чыга алгыс азабы бар" деген асыл сөзүн жаш кезинен бери жүрөккө түйүп, 34 жылдан бери ушул асыл ишти аркалап келатат.
Аимжан мамлекеттин колун карап эле отура бербей, жеке өз каражаты, демөөрчүлөрдүн жардамы менен мекемени компьютерлештирип, бардык шарттарды түзгөнгө күч үрөдү. Ушу тапта мамлекеттик архивде 47 фонд, башкача айтканда 1940-жылдан 2005-жылга чейинки 15878 сактоо бирдиги сакталып турат.
Аимжандын иш билгилигине, кичи пейил мүнөзүнө менин да ыраазы болуп калган жайым бар. Себеби, эски таанышым, азыр Украинанын Житомир шаарында жашап жаткан В.М. Паталаха 1960-жылдан 1972-жылга чейин Миң-Кушта иштеп, анан эс алууга чыккан мезгилде иши боюнча справка керек болуп, мага кайрылып кат жазганынан Аимжанга кайрылсам эки-үч күндүн ичинде бүтүрүп берди. Көрсө, ал тейлеген архивге биздин республикадан гана эмес, КМШ өлкөлөрүнөн, кала берсе Израил, Германия, Англияда жашап, бир кезде Миң-Куш, Ак-Көл, Кара-Кечеде иштеген иштери боюнча кайрылышат экен. Кайра алардан А.Кутуевага ыраазылык билдирип жазган көптөгөн каттарга күбө болдум.
Көп жылдык ак ниеттүү ишинде нечендеген сыйлыктарга, анын ичинде СССР Министрлер Советине караштуу башкы архив башкармалыгынын начальниги Ф. Вагановдун колу коюлган Ардак грамотага, республиканын архив башкармалыгынын эки жолу Ардак грамотасына ж.б. сыйлыктарга татыган. Кыргыз Республикасынын архив ишинин отличниги төш белгиси менен сыйланган. Баарынан да карапайым калктын кадырлоосуна, алкышына татышы анын адамдык бийик даражасын далилдеп турат. Элибизде Аимжан Кутуевадай элдин ишеничине татыган адамдар көп болсо дейсиң. 30-августта республикабызда архив кызматкерлеринин күнү белгиленет. Аимжанды кесиптик майрамы менен куттуктап, ден соолук, ишине ийгилик каалайм.
Сабырбек АКМАТОВ,
эмгек ардагери,
Жумгал району
Жакшы саамалык улантыла берет
Даанышман устатыбыз Х.К.Карасаев түзгөн "Орфографиялык сөздүк" басмадан чыккандан бери (1983-ж.) чейрек кылым өттү.
шол күндөн бери өлкөбүздөгү бардык тилчи-филологдор, редакторлор, корректорлор, мугалимдер аны жетекчиликке алып, пайдаланып келишет. Андан бери көп заман алмашып, биздин турмушубузда да, тилибизде да көп өзгөрүүлөр болуп өттү. Ушундай оош-кыйыш учурда кыргыз тилдүү коомчулукка кайрадан тирөөч, таяныч болуп бере ала турган сөздүк керек болду десек жаңылышпайбыз. Мындай өктөм талапты канааттандыруу максатында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын демилгеси менен орфо-графиялык сөздүктүн толукталган вариантын даярдоо долбоору ишке киргизилген эле. Бул долбоордун үстүндө Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдында түзүлгөн, курамы илимдин докторлорунан, белгилүү окумуштуулар менен тилчилерден турган редакциялык коллегия иштеди.
Бүгүнкү күндө ушул долбоор ишке ашып, Х.Карасаевдин редакциясы менен басылып чыккан "Орфографиялык сөздүктүн" негизинде, аны толуктоо жана кошумчалоо менен 80 000 сөздөн турган "Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү" жарык көрдү. Бул маселеге мамлекеттик камкордук көрүлүп, сөздүктү чыгарууга мамлекет башчысы К.Бакиев Президенттик фонддун эсебинен 800 000 сом бөлдүрүп берди. Бул сөздүктө мамлекеттик органдардын, юридикалык жактардын, эл аралык уюмдардын кыргызча, орусча аталыштары, Кыргыз Республикасынын администрациялык бөлүнүшү, дүйнөдөгү өлкөлөрдүн, мамлекеттердин жана ээликтердин аттары берилген.
Элдин тилегин орундатып бул сөздүк да кыргыз тилиндеги чар-жайыттыкты четтетип, системалуулугун сактап калганга чоң көмөкчү болот деген ойдобуз. Ал эми учурда Мамлекеттик тил комиссиясы Улуттук илимдер академиясынын тил институту менен биргеликте "Түшүндүрмө сөздүктүн" жаңы редакциясын чыгаруу боюнча кызуу иштерди жүргүзүүдө.
Ибраим САТЫБаеВ,
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын
башкы адиси
Кызматтан ашыкча пайдалангандарга кылмыш иши козголду
аш-Көмүр шаарынын жана Тогуз-Торо, Сузак райондорунун жооптуу кызматкерлери кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин сатууда, аукционго койгондо, пайдаланууга бергенде Кыргыз Республикасынын "Муниципиалдык менчик жөнүндөгү" мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунун талаптарын одоно бузган фактылар аныкталган. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясынын укук коргоо бөлүмүнүн кызматкери Сапарбек Багышев билдирди. Мисалы, Базар-Коргон районундагы Арсланбап айылдык округунун 23.01.2008-жылдагы №185 чечими менен Б.Исмановго, С.Мергентаевге "Арсланбап" токой чарбасына тиешелүү жерден Кыргыз Республикасынын Токой Кодексинин талаптарын бузуу менен турак-жай куруу үчүн ар бирине 0,10 га жер мыйзамсыз берилген. Ошондой эле Сузак районунун Жоон-Күнгөй айылынын тургуну Ж.Тайчабаров, Таран-Базар айылынын тургуну О.Досулбеков "Урумбаш" токой чарбасынын аймагына 2008-жылы эч кандай уруксатсыз турак-жай куруп алышкан.
Облустун аймагында коррупцияга каршы күрөшүү багытындагы мыйзамдардын аткарылышына 105 жолу текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгы менен мыйзамга туура келбеген 9 мыйзам актыларына протест жазылган жана прокурордун 52 көрсөтмө арызы, 37 жазма буйрук, 14 кызмат адамдарына мыйзамдын талаптарын бузбоо жөнүндө эскертме жазылып, 55 атуулга 27 кылмыш иши козголгон.
О.Карасартов,
Жалал-Абад шаары
Тийиштүү уюмдар, кулак түрүп койгула
Эненин өлүмү, балдардын көз жашы
2009-жылдын апрелинде аялым З.Жарматова төрөттөн кийин кансырап каза болуп калды. Буга врачтардын күнөөсү бар экенин экспертиза көрсөттү. Бирок, адам өлүп жатса да ишти жаап коюшту. 3 уул, 1 кызым энесинен ажырап ботодой боздоп калышты. Алды 12 жашта. Балдарымдын тагдыры эмне болот деген санаа мени уктатпайт. Себеби, кан басымым өтө жогорулап (210), ооруп жүрөм, оору айынан ишке да жарабай калдым. Жетим калган балдарга энесинин айлыгын пенсияга которуп берүүнү "Кыргыз Туусу" аркылуу
тийиштүү уюмдардан суранат элем.
Раззаков айыл округунун
депутаты БАЙЖАНОВ,
Лейлек району