, 21.08.09 - 14-бет: Биринчи байлык -
Ден соолук(
Жайында көлмө, саздак, токойлуу жерлерге жакын жашагандар чиркейлердин азабын тартышат. Өзгөчө безгек чиркейи адамдарга көп залал алып келет, атап айтканда ооруга чалдыктырат. Ошол себептен дал ушундай чымын-чиркейлер күчөп турган маалда безгек чиркейине каршы санэпидстанциялар тазалоо (дезинфекция) иштерин жүргүзүшөт. Быйыл ал Бишкек шаарында июль айынын ортосунан башталды.
Акыркы жылдарда СПИД, кургак учук, безгек менен күрөшүү боюнча Глобалдык фонд ишке ашырып жаткан "Кыргыз Республикасында безгекти көзөмөлдөө" долбоорунун аркасында безгекке чалдыккандар азаюуда. Бул чиркей байырлаган жерлерди атайын тазалоодон өткөрүү жана калк арасында түшүндүрүү иштеринен улам болууда. Маселен, 2006-жылы республикабызда безгек менен ооруп калган 330 адам катталса, 2009-жылы 3 гана учур катталган.
Бүгүнкү "Ден соолук" бетинде окурмандарыбызга безгек оорусу, анын белгилери жана андан сактануу жолдору тууралуу маалымат бермекчибиз. Бул маалыматтарды гезит бетинен кыркып сактап алыңыздар.

Оору козгогучтар канда узакка сакталат
Безгек чиркейинин митеси - пламозидий пайда кылуучу жугуштуу оору. Бул мите чиркейдин ашказанында жашап көбөйүп, адамга чиркей чакканда жугат. Алар адамдын денесинде жашап, кандын бөлүкчөлөрүн бузуу менен ооруга алып келет. Дүйнөдө чиркейлердин 150гө жакын түрү болсо да, алардын ичинен анофелес деп аталган чиркей гана безгек оорусун жугузат. Анофелес чиркейи безгек болгон кишини чагып, канын соргондо аны менен кошо пламозидийлерди сорот. Чиркейдин ичине кирген мителер өсүп, көбөйөт. Чиркей соо кишини чакканда козгогучтар шилекей менен адамдын организмине кирет. Кан агымы менен боорго келип (өөрчүүнүн биринчи цикли), андан кайрадан канга өтүп, эритроциттерге кирет (өөрчүүнүн экинчи цикли). Мында эритроциттерди көп бузгандыктан, кызыл кандын көлөмү азайып, анемия пайда болот. Безгекти жалаң эле чиркей таратпастан, аны менен ооруп айыккан киши дагы жуктуруусу мүмкүн, себеби козгогучтар канда узакка чейин (20-40 жыл) сакталат. Кээде безгек менен ооруган же ооруп айыккан кишинин канын (донордон) башка адамга куйганда, ошондой эле жакшы тазалоодон өткөрүлбөгөн шприц аркылуу да жугуусу мүмкүн.
Чиркейлердин ургаачысы гана кан соргуч болушат. Чиркейлердин ургаачысы жумурткаларын жетилтиш үчүн адамдын жана жаныбарлардын кандарын соруп, аны сиңирүү үчүн турак-жайларда, камыштар менен чөптөрдүн арасында күндүзү бекинип жатышат да, кечкисин күн батарда жана эртең менен эрте күн чыгарда ууга чыгышат. Алар бир соргондо өзүнүн денесинин өлчөмүндөй кан соро алышат.
Тамагын сиңирип, жумуртка таштаар учуру келгенде таза жана тунук көлмөлөрдү, саздарды, суу акпаган каналдарды жана ушул сыяктуу ыңгайлуу жайларды издеп таап, жетилген жумурткаларын андан ары өстүрүү үчүн сууга ташташат.

Температура 41 градуска чейин көтөрүлөт
Безгекке чалдыкканда приступтун узактыгы козгогучтун түрүнө жараша 6-36 саатка чейин созулат. Эгерде оорулууну убагында дарылабаса, оору бат-бат кармашы (12-15 жолу же андан да көп) мүмкүн. Оору козгогуч кишинин организминде 10-14 күн (кээде бир жылга же андан көп) оорунун белгисин пайда кылбайт, бул оорунун жашыруун мезгили. Оору капысынан башталат, башы ооруп, чыйрыгып, калтырап-титирейт, температурасы 41-41,5 градуска чейин көтөрүлүп, кайра тез төмөндөйт. Оорулуу алсызданат, колу-буту сыздап ооруйт, кээде кусат. Приступ өткөндөн кийин температура төмөндөйт, оорулуу ысып, тердей баштайт. Оору кармабаган учурда оорулуу кадимкидей туруп, басып, жеңил жумуштарга жарамдуу. Безгек болгон кишинин жүзү кубарып, кер сары тартып турат. Оозунун тегерегине учук чыгышы мүмкүн. Боор, көк боор чоңоюп, оору кармаган (приступ) учурунда катуу ооруйт. Оору 3-4 жума созулат.

Дене чыйрыгып, калтырап-титирегенде
Дарыланууну ооруканада врач жүргүзөт. Оорулуу тынчтыкты жана жакшылап багууну талап кылат. Дене ысып, чыйрыккан учурда жылыткыч басып, жылуулап жаап, ысык чай, карагатты, ит мурунду кайнатып ичирүү керек. Дегинкиси өз убагында дарыланганда гана адам бат айыгып кетет.

Безгек оорусунан сактануу
Дене ысып, температура кескин көтөрүлсө, баш ооруп, шалдыроо, чыйрыгуу болсо, оорунун жеңилдешин күтпөй тезинен дарыгерге кайрылуу зарыл. Кенебей коюу же өз алдынча дарылануу кандын азайышына, боордун, бөйрөктөрдүн, мээнин жабыркашына, көк боордун чоңоюшуна алып келет, ал эми безгектин тропикалык түрү өлүмгө дуушар кылат.

Эшик, терезелерди тосуу
Безгектин алдын-алуу үчүн чиркейлердин көбөйүшүнө жол бербөө, оорулууну эрте дарылоо, чиркей бар жерде эшик, терезелерди даки же металл торлор менен тосуу керек. Чиркей түн ичинде чаккандыктан жатаар алдында үйдүн ичин түтөтүп ысырыктоо жана чиркей жолотпоочу атайын каражаттарды колдонуу зарыл. Дененин ачык жерлерине чиркейлерди качыруучу атайын майларды, кремдерди колдонсо болот.

Ооруну болтурбаш үчүн эмне кылуу керек?
Ал үчүн оору таратуучу чиркейлер менен күрөшүү зарыл. Пайдасы жок көлмөлөрдү, саздак жерлерди кургатуу керек. Арыктардын
жээгин тазалап, суунун агымын жогорулатуу, жуунуучу жайларды кургак жана таза кармоо кажет.
Жетилген чиркейлерге карата уулуу заттарды (инсектициддерди) турак-жайларга, мал сарайларга, көлмөлөргө, чөптүү, нымдуу жерлерге чачуу керек. Суу сакталган идиштердин оозун бекем жабуу зарыл.
Шалы (күрүч) өстүрүүчү жерлерди санитардык-техникалык талаптарга ылайык пландаштыруу жана адамдар жашаган турак-жайлардан 3-5 чакырым алыстыкта жайгаштыруу шарт. Шалыпаядагы чиркейдин "куурчакчачаларын" жок кылуу үчүн гамбузия (4-7 см. узундуктагы балык) балыгын өстүрүп колдонуу жана 2 күндүк кургатуу ыкмасын пайдалануу талапка ылайык.
Чиркейлер көп байырлаган жер менен адамдар жашаган турак-жайлардын ортосунда мал кармоо зарыл.