, 21.08.09 - 13-бет:
  Турдакун Усубалиевдин 90 жылдыгына карата

Улутубуздун сыймыктуу уулу
Союздагы көптөгөн ири, дүйнөгө белгилүү мамлекеттик ишмерлер, окумуштуулар, маданияттын ишмерлери менен байланышып, өзүнүн өлкөсүнө, элине чоң пайда алып келген.
Маданият жана искусство тармагында да чоң ийгиликтер жаралды. Кыргызстандын маданиятын жана искусствосун өнүктүрүүдөгү жетишилген зор ийгиликтери үчүн Социалисттик Эмгектин Баатыры наамы эл художниги Т.Садыковго, эл жазуучулары А.Токомбаев жана Ч.Айтматовго, эл композитору К.Молдобасановго ыйгарылды.
Т.Усубалиевдин өмүр жолунун маанилүү учуру 1942-жылдын апрель айында Кочкор райком партиясында иштеп жаткан мезгилде командировкага келген Кыргызстан КП БКнын катчысы Иван Александрович Соболевдин атайын жолугуп, аңгемелешүүсү, институтта окуп жүргөн мезгилинде Сталиндик стипендиант болушу, 1942-жылы Кыргызстан КП БКнын аппаратына
жооптуу кызматка көтөрүлүшү, ал эми 1943-жылдын июль айында ВКП(б) БКнын алдындагы жогорку партиялык мектепке окууга өтүшү, эки жылдык мөөнөттө төрт-беш жылдык программанын неги-
зинде түзүлгөн бул окуу жайында дүйнөгө аты белгилүү академиктер Е.В.Тарле, Г.М.Крижижановский, В.А.Обручев, В.П.Волгин, В.В.Струве, И.И.Минц, А.М.Панкрато-
ва, С.Г.Стримулин, И.А.Трахтан-
берг, К.В.Островитянов, М.Б. Митин, Г.Ф.Александров, П.Ф.Юдин, П.Н.Федосеев, Л.Ф.Ильичев, П.Н.Поспелов, А.Я.Вышинский,
И.М.Майский, В.П.Потемкин сыяктуу даанышмандардын лекцияларын угуусу чечүүчү учурлардан болгон.

Улуу державанын башкы штабында он жыл
Ал 1945-жылдын октябрь айында ВКП(б) БКнын секретариатынын токтому менен ВКП (б) БКнын пропаганда жана агитация башкармасынын инструктору болуп бекитилет. Т.Усубалиев дүйнөдөгү улуу державанын саясый штабында 10 жыл эмгектенди. "Бул жылдар эч качан унутулбайт жана менин өмүрүмдө эң чоң роль ойноду", - дейт Турдакун Усубалиев. Чындыгында эле ал жылдар партиялык-мамлекеттик иштерде тажрыйба жыйноонун, өзүнүн илимий билимин андан ары толуктоо боюнча чымырканып окуп, изденүүнүн жылдары болду. Ал басма сөз бөлүмүндө иштеп, негизинен Орто Азия жана Казакстан Республикаларынын басма сөз органдарын тейлеген.
Ошол мезгилде бардык республикалардын, облустардын гезиттеринин редакторлору КПСС БКнын секретариатынын токтому менен бекитилген жана бошотулчу. Борбордук комитеттер, обкомдор тарабынан редакторлук кызматка бекитүү боюнча сунуштарды алгачкы иликтөө, аны КПСС БКнын секретариатында кароого даярдоо иши ошол инструкторлордун милдети болгон. Андан башка республикалардагы, облустардагы басма сөз органдарында жарыяланган макалалардын идеялык-саясый маанисине көзөмөлдүк жүргүзүшкөн.
Мындай милдеттерди аткаруу алган билимдерди дагы толуктоону талап кылды. Жалаң гуманитардык билим жетишсиз болуп калды. Эми өлкөнүн экономикасынын абалын, анын келечегин, айрыкча эл чарбасынын маанилүү тармактарынын маселелерин билүү керек болду. БКнын көрсөтмөсү да ошондой эле. Чынында эле өнөр жайынын, айыл чарбасынын, курулуштун абалдарын билбей туруп, алар жөнүндө гезит, журналдарга, китептерге жазууга, кала берсе алардын иштерине талдоо жасоо мүмкүн эмес эле. Ошон үчүн окуу китептери боюнча эл чарбасынын ал тармактарын, айрыкча экономикасын билүү керек болгон.

Улуу инсандын журналисттик ишмердиги
1947-жылы Өзбекстандын "Правда Востока" гезитинин редакциясынын отчетун даярдап, 1950-жылы КПСС БКга Самарканд облусунун "Ленинский путь" гезитинин редакциясында автордук гонорарды пайдалануудагы олуттуу кемчиликтер жөнүндөгү арызды текшерип командировкага барган. Анын жыйынтыгы жөнүндө Өзбекстан КП БКнын биринчи катчысы Ниязовго маалымат бергени "Правда" гезитине жарыяланган.
1947-жылы Т.Усубалиев иштеген сектор Ш.Рашидовду республикалык "Кызыл Өзбекстан" гезитинин редакторлук кызматына КПСС БКнын секретариатында бекитүү маселесин даярдаган. Ал эми 1950-жылы Шараф Рашидов Өзбек ССРинин Жогорку Советинин президиумунун төрагасы болуп иштеп калган. Мурдатан тааныш, Союзга белгилүү таланттуу жазуучу, мамлекеттик ири ишмер, келечектеги коллегасы менен партиянын Самарканд обкомунда жолугушуусу маанилүү учур болгон. Ал абдан сыпаа, сылык, кылдат адам экен. Т.Усубалиевди түшкү тамакка чакырып, Самарканддагы облустук гезитинин редакциясында абалды сүйлөшкөн.
1946-жылы Т.Усубалиев баштаган топ Кыргызстандын "Советская Киргизия" гезитинин редакциясынын ишин текшеришип, анын төмөнкү деңгээлде чыгып жатканын дагы бир жолу өз көздөрү менен көрүшүп, ынанышкан. Ага чейин Москвадан эле ар бир санын окуп турган. Фрунзе шаарында он күн болуп, кошумча дагы текшерип, жыйынтыгын Кыргызстан КП БКнын бюросунун талкуусуна коюшкан. Талкуу адаттагыдан айырмаланып, абдан кызуу өткөн. Редакциядагы андай олуттуу кемчиликтерди жана катачылыктарды БКнын бюросу өздөрү байкабай калышкан. БКнын биринчи катчысы М.С.Боголюбов, республиканын Министрлер Советинин ал кездеги төрагасы И.Раззаков жана башка бюро мүчөлөрү "гезиттин редактору Крейтон мындан ары бул кызматта иштей албайт, ошондуктан аны бошотуп, КПСС БКдан республикага тажрыйбалуу журналистти редакторлук кызматка жиберүүсүн" бир добуштан сурашкан. КПСС БКнын секретариаты бул сунушту толугу менен кубаттаган.
КПСС БКнын аппаратында иштеп жүрүп Т.Усубалиев орус тилин үйрөнүүнү уланта берген жана орусча жазууга, ой жүгүртүүгө үйрөнгөн. Ошол эле, мезгилде өзүнүн эне тили боюнча билимин өркүндөтүүнүн үстүндө дайыма эмгектенген. КПСС БКнын китепканасына Кыргызстандан кыргыз жана орус тилинде басылып чыккан гезиттерди жана китептерди дайыма пайдаланган. Он жыл Москвада жашаса да, ошентип өзүнүн республикасындагы абалды тыкыр билип турган.
Т.Усубалиев БКнын аппаратында иштеген он жылды ыраазы болуу менен эсине алат. "Мына ушул мезгил гана мен өзүмдүн убактымды баалоого, өзүмдүн эмгекчил болушума, өзүмө талапты катуу коюшума, өзүмдүн теориялык жана практикалык алган билимдеримди дайыма толуктап турууга үйрөттү", - деп жазат. "Унчукпай коё албаймын. Дос эместерге жообум" деген төртүнчү китебинде ("Шам" басмасы, 1997, 736-б).
Ал эми ким иште тиешелүү аракет жасабаса, тапшырылган ишти аткара албаса, БКнын аппаратында кармап туруунун кажаты жок болгон. 1945-жылы КПСС БКнын алдындагы Жогорку партиялык мектепти ийгиликтүү аяктагандардан он эки улуттук республикалардын өкүлү иштөөгө калтырылган. Алардын экөө гана (бири Т.Усубалиев) он жыл иштеген. Калгандары эки-үч-төрт жылдан кийин эле өз республикаларына кайра жиберилген. Т.Усубалиевди Кыргызстан КП БКнын өтүнүчү боюнча 1955-жылдын аягында КПСС БКнын секретариатынын токтому менен Кыргызстанга жөнөтүшкөн.

Ф.Рузвельттин өтүнүчү
Экинчи дүйнөлүк согуш аяктаган соң, Америка Кошмо Штатынын Президенти Ф.Д.Рузвельт
И.В.Сталинге кайрылып: "силерде "Арсланбап" деген жаңгак токою бар экен, ошону көп жылга арендага бизге бербейсизби?" - деген экен. И.В.Сталин байкатпастан: "Биз билип туруп жооп берели" - деп кабар берген. Чындыгында ал киши ал жерди билбеген, Советтер Союзунун аймагы абдан чоң да, аны ал адамдын билиши да мүмкүн эмес эле.
Борбордогу тиешелүү министерство-ведомстволорго тапшырма берип билип көрсө, дүйнөдөгү сейрек учуроочу аймак жер шарында табигый өскөн жаңгак токойлору ушул гана жерде болуп чыгат. Жаңгактын илимий адабиятта "грек жаңгагы" деп аталып калышынын себеби, биздин эрага чейинки Александр Македонскийдин согуштарынан кийин Грецияда биринчи болуп маданиятташтырылган.
Жаңгак токойлору суу алабын коргоодо, тоо капталдарын эррозиядан сактоодо чоң мааниге ээ. Жаңгак жыгачы эң баалуу. Эң кымбат мебелдерди жасоодо пайдаланылат. Мөмө-жаңгак токоюнун табигый жана чарбалык мааниси эске алынып, ал жерде коруктар уюштурулган.
Бул маалыматтар И.В.Сталинге аппараты аркылуу жеткирилген. Ошол мезгилде Т.Усубалиев борбордук Комитеттин аппаратын-
да жооптуу кызматта иштөөчү. И.В.Сталин ал маалымат менен таанышып чыккандан кийин, гитлердик германияга каршы фронтто бирге болгондугуна карабастан, дипломатиялык каналдар аркылуу сылык-сыпаа, кылдаттык менен мүмкүн болбой тургандыгы жөнүндө жооп берген.
Урматтуу замандаш, дүйнөнү дүңгүрөткөн улуу державанын саясый штабында И.В.Сталиндин жетекчилиги астында он жыл эмгектенүү деген эмне, кичине ой жүгүртүңүзчү? Биринчиден, ар кимди эле ал аппаратка ала бербейт да, экинчиден, он жыл иштегендиги - ошол саясый штабга керектүү болгон, үчүнчүдөн, көсөмдөр ал адамдан Кыргызстандын келечегин көргөн, Т.Усубалиев мына ошол чоң жамааттын арасында сыналган, көп тажрыйба жыйнаган, такшалган, чыңалган, болоттой сугарылган.