, 21.08.09 - 11-бет:
  Тарых

Хайреддин Жакып уулу -
дүйнөдөгү эң улуу адмирал
Амангелди Абдыжапарович Бекбалаев мурда республикабыздын коомчулугуна немис тили боюнча ири адис, жогорку билим берүү системасындагы көрүнүктүү жетекчилердин бири катарында белгилүү болсо, акыркы жылдарда "Гунны. Баламбер - хан гуннов" (371-381 гг.), Алматы, 2007. "Гунны. Ульдин - хан гуннов" (399-410 гг.), Алматы, 2007. "Гунны. Аттилла - хан гуннов" (434-453 гг.) т. 1-2. Алматы, 2006 деген түрк элдеринин, ошондой эле дунгандардын тарыхтарына арналган "Дорога в тысячу ли, или Сказание о дунганском народе", Алматы, 2006 г. деген көлөмдүү романдарын жарыялоо менен улуттук адабиятыбызга чагылгандай ылдамдыкта кирди. Жакында ал түрктөрдүн 1475-1546-жылдарда жашап өткөн атактуу аскер башчысы Хайреддин Барбаросса жөнүндөгү "Хайреддин Барбаросса. Легендарный осман-ский адмирал", Т. 1-2. , Б. 2009 г. деген 2 томдон турган дагы бир тарыхый романын жарыялады.
А.А.Бекбалаев немис тили боюнча филология илимдеринин доктору, профессор, Россиянын педагогика жана социалдык илимдер академиясынын, Нью-Йорк илимдер академиясынын академиги, Токио университетинин илимий Сокка сыйлыгынын лауреаты, 4 монографиянын, 110го жакын илимий жана усулдук эмгектердин автору.

Кыргыз-немис тилдериндеги окшоштуктар
- Амангелди Абдыжапарович, адамдар адабиятка ар кандай куракта, ар кандай себептер, жолдор менен келишет. Кесибиңиз тилчи болсо да түрктөрдүн тарыхына кызыгып, аларды илимий эмес, тарыхый көркөм өңүттө чагылдырууга киришкениңизге эмнелер себеп болду?
- Мен өзүмдү негизинен педагог деп эсептеймин. Өмүр бою студенттерге немис тилинин лексикологиясы жана тарыхы, тил таануусу боюнча немис тилинде лекция окуп келатамын. Жашым улгайганда адабиятка кантип келип калдым? Бул күтүүсүздөн болгон жок, аны менин буга чейинки өмүр жолум, билимим, дүйнө таануум шарттады, калыптандырды. Мен 1975-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетинин немис филологиясы бөлүмүн артыкчылык диплому менен бүттүм. Көрсө, ошондо немис филологиясы бөлүмүн артыкчылык диплому менен аяктаган биринчи кыргыз болуптурмун. Ага чейин башка улуттардын өкүлдөрүнөн андайлар жетишерлик болгон, бирок кыргыздардан болгон эмес экен.
Бул университеттин ошол убактагы легендарлуу ректору Салмоорбек Табышалиевдин кулагына жеткен экен, ал мени чакырып алып Москвадагы Морис Торез атындагы университеттин аспирантурасынын немис филологиясы бөлүмүнө жөнөттү. Өтпөй каламбы деп чоочуладым эле, кудай жалгап экзамендердин бардыгын ийгиликтүү тапшырып, күндүзгү бөлүмүндө окуп калдым. Кышкы семестрде биринчи гот тилинен экзамен тапшырышыбыз керек экен. Гот тили байыркы немистердин тили. Ошол жерде окумуштуу адистер: "Гот тилинин грамматикасы, ал боюнча усулдук адабияттар да жок. Силер "Инжилдин" илгери гот тилинде чыккан нускасын алгыла да, сөздүктү жаныңарга коюп алып, ошол аркылуу үйрөнгүлө", - деген кеңеш беришти.
Мен китепканадан гот тилиндеги "Инжилди", сөздүктөрдү, маалыматнаамаларды алып, гот тилин үйрөнүүгө кириштим. Ал азыркы немистердин III-IV кылымдардагы тили. VIII кылымда германдардын башка тилдерине аралашып жок болуп кеткен. Анын негизинде азыркы немис, голланд, швед, дат, англис ж.б. тилдери калыптанган. Гот тилин алгач үйрөнө баштаганымда эле андагы түрк сөздөрүнүн көптүгү мени аябай таң калтырды. Албетте, тектеш эмес, алыс турган тилдерде деле окшош сөздөр кездешет, бирок алар тыбыштык, формасы жагынан окшош болгон менен мазмундары жагынан башкача болот. Формасы да, мазмуну да окшош сөздөр бирин-серин гана кездешиши мүмкүн.
Алгачкы эле убактарда байыркы гот тилинен формасы, мазмуну түрк тилиндегилерге окшош элүүдөн ашык сөздү таптым. Алсак, гот тилиндеги, адам, ата, ага, аба, майдан, топ, кайык, катын, тилмеч, мерт, чөл, ант деген сыяктуу сөздөр азыркы түрк тилдеринде кандай маанини билдирсе, гот тилинде да ошондой эле маанилерди билдирет. Үч-төрт сөздүн форма, мазмун жагынан окшош болуп калуусу кокустуктур. Бирок, жүздөгөн сөздөрдүн айтылышы да, мааниси да окшош болуп калуусу кокустук эмес, ал бир нерсеге негизделген мыйзам ченемдүүлүк. Алдын-ала эле айтып коёюн, байыркы гот тилинде, түрк тилиндегилерге айтылышы, мазмуну жагынан окшош 1,5 миңдей сөз бар. Эгерде, азыр адамдардын оозеки сүйлөшүп, бири-бирин түшүнүүлөрү үчүн 2 миңдей эле сөз талап кылынарын эске алсак, готтор менен гунндар (байыркы түрктөр) бир тилде сүйлөшкөндөй болуп жатпайбы.
Лексикасы, фонетикасы окшош болгон менен, албетте, ар тилдин грамматикасы ар башкача болот. Орус, түрк тилдеринде окшош сөздөр көп болгон менен грамматикалары ар башка. Азыркы немис тилинин пайдубалын гот тили түзсө, түрк тилдери байыркы гунндардын тилинин базасында пайда болгон. Учуру келгенде айта кетейин, азыр бизде бирөө немис, кыргыз тилдериндеги фонетикалык, лексикалык окшоштуктар боюнча диссертация жазып жатат. Ал дагы көптөгөн фонетикалык окшоштуктарды табууда. Фонетикалык окшоштуктарды мындан эле байкаса болот. Маселен, кытай же корей сүйлөгөндө алардын сага суроо бергени же өз оюн айтып жатканы билинбейт. Эгерде немис сүйлөсө немисче бир ооз сөз билбеген кыргыз деле анын суроо бергенин же жөн эле оюндагысын айтканын фонетикасына, дикциясына карата баамдабай койбойт, же кыргыз тили менен немис тилинин интонациясы, мелодиясы абдан окшош.
(Уландысы бар)

Папан ДҮЙШӨНБАЕВ,
"Кыргыз Туусу"