, 21.08.09 - 10-бет:
  Адабият

Жазуучулардын жаратмандыгы жанданабы?
Улут, улуттук негиз (идея) жөнүндө сүйлөгөндөн, ага кызмат кылгандан илгеркиче чочулабаш керек, мурда СССРге караган элдерге кам көрө турган Коммунисттик партия жана орус эли болуп, бардыгын "СССР эли" дегендей бир элге айландыруу саясаты бар болучу. Улуттардын ыдырап кетпеси үчүн өз негизине кайрылууга, ойлонууга тыюу салынчу. Эми Кыргызстандагы бардык эл өкүлдөрүнө кам көрүү кыргыз улутуна жүктөлүп отурат. Демек, кыргыздар кудуреттүү болмоюнча башка улуттар да кубаттуу боло алышпайт. Муну жакшы аңдабай, "Кыргызстан жалпыбыздын үйүбүз!", "Кыргызстанды жалпылап башкарабыз."- деген түшүнүктөгү улутташтарыбыз дагы эле бар. Ошондуктан улуттук негизди калайыкка жеткизүүдө Жазуучулар cоюзунун жаңы жетекчилеринин санап-ченегис милдеттери зор.
Бул багытта жаштарга таянсак болоруна жаңыдан көз жарган бир гезиттеги ("Көк асаба", №1, 21.04.2009-ж.) "Саясатка таза бороз салгысы келгендер" деген теманын алдындагы жаштардын улуттук биримдиктин уңгусу тууралуу жүргүзгөн талкууларын окугандан кийин огобетер ынанып калдым. Талкууга катышкан Айбек Бузурманкулов: "...улуттун сакталып калышы үчүн ар бир кыргыз салым кошушу керек. Реалдуу караганда элдин тарыхтан аты өчпөй калышы ар бир жарандын өз улутуна жасаган мамилесине жараша болот. Улуттун аты, анын заты деген түшүнүк бар. Менимче, азыр биздин элдин аты бар, бирок, затынын касиети бир топ төмөндөп турган учур. Муну ачык эле айтыш керек. Азыр биздин улут - ар бир кыргыздын, улуттун келечеги, тагдыры, бүтүндүгү үчүн күрөшүүсүнө муктаж. ...Маданиятта, саясатта, экономикада улуттун кызыкчылыгы биринчи орунга коюлушу абзел", - десе, дагы бир жаштар уюмунун мүчөсү Мирхамит Токтогул уулу: "Азыр оозунда сөзү, башында акылы, көкүрөгүндө мекенчилдиги кайнаган улан-кыздар топтолуп, жаштарды улуттун уңгусуна үңүлтүүгө аракеттениш керек",- деп улуттук негизди (идеяны) карманууга чакырып, "...бизге улутчулдук сезимди ойготуу жоопкерчилиги да жүктөлгөн"- деп, аксакалдар "ооз ачпай" келаткан улуттук зарылдыкты жаштар моюндашы керектигин түз эле айтыптыр.

Эксперименттер эскирди, эми эсибизге келели
Ошол эле гезитке жазуучу Мамат Болот "Бизди каалагандай эксперименттешти" деген макала менен чыгып, кыргыздын дүйнө таанымына, рухий жана интеллектуалдык байлыгына байланышкан омоктуу ойлорун ортого салыптыр. Улуттун эл катарында эл болуп жашашында пайдубал, дубал, чатыр катары кызмат кылган үч нерсенин (тил, дин, рухий байлык) ичинен динди тереңдете түшүндүрүп, аны терең ишеним менен туткан элдердин мамлекеттери күндөн-күнгө кудуреттенип, өздөрү бейпилдикте өмүр сүрүп келатышканын мисалдар менен көрсөтүп келип: "Кийинки 2000 жыл бою адамзат цивилизациясына аябай таасир эткен семит элдерин алып карай турган болсок, мисалы, еврейдин үйүнө барып көрчү, ал эч кандай бузукчулукту ойлонбойт, ал ошол жалгыз Кудайга болгон өзүнүн сезимдерин, тартибин жана еврей улутунун гүлдөшүн бардык кызыкчылыктан жогору коёт да, улут үчүн, б.а. акыркы еврей үчүн өлүп кетүүгө даяр турат. А бизге демократия деген ат менен адам укугу ж.б. ушу сыяктуу шайтандын окуусун киргизип коюшуп, эл катары калса калып, калбаса дүйнөлөштүрүү сапырыгында жоголуп кетээр деген ой менен чийки заттын базасы катары карап турушат. Өздөрүндө өтпөй калган бузуку интеллекттин продукциясын бизге алып келип тыгып атат. Бизге тажрыйбалар жасалып атат акчанын күчү менен, ичтен жүргүзүлгөн ар кандай адамдын аң-сезимин буза турган ыкмалардын күчү менен... Кыргызстан андан аябагандай жапа чекти... Улуттун айкын, ыйык окуусунун кыйрап калганынын натыйжасында биз ар кандай шүмшүк жана шумдук эксперименттер аркылуу жашап өтүшкө аргасыз болуп атабыз"-деген, өзүн кыргызмын деп санаган улутташтарыбызды терең ойго салып, бөлүнүү-жарылуу сезимдерин талкалай турган, бир тобу четтен кирген арам ойлуу диний секталарга кирип, экинчи тобу отко сууга сыйынган, бардык адамзат басып, чанып өткөн эски диний түшүнүктөргө чакырып аткандарга сабак болор терең сөз айтат. Мунун ар бир сүйлөмүн, сөздөрүн талдап, олуттуу ойлорду чубап чыкса болмок, биз антпейбиз, шилтемедеги текстке тереңирээк үңүлгөн киши комментариясыз эле бир топ маанилүү маселелерди баамдап алаарына ишенебиз. Мындай бакубат ойлорду ортого салган Мамат Болот да биз жогортон айтып келаткан "жаштардын" тобуна кирип, бир нечелеген философиялык эмгектерди жаратканын белгилей кетсек болот.

Саясаттын сасыгы, сөздүн ачыгы
Жаштардын дагы бир өкүлү, кыргыз тарыхы, улуттук негизи тууралуу тынбай үзүрлүү эмгектенип келаткан, азыр Кыргызстан Жазуучулар союзунун төрагасы болуп шайланган Баяс Турал калемдештеринен дагы на-раак сереп салып, Арал деңизинин соолушуна байланыштырып, Орто Азия элдеринин биримдиги жөнүндө маселе көтөргөн "Чөлгө айланган көл" деген публицистикалык поэма-китеп чыгарган (Б., "Бийиктик", 2005-ж.). Ал китеп:
"Түптөн эле түрктөрдүн
түгөнбөгөн шору бар.
Биригишпей жүрүшүп,
казып алган ору бар."
"Өзүбүздү басынтып,
шорго малып кордойбуз,
Бирикпесек түрк калкы түбү
барып оңбойбуз."
- дегендей түбү бирге Борбордук Азия түрктөрүнүн Евросоюз сыяктуу биримдикке келишин самаган олуттуу ойлорду камтыган саптардан турат. Бул чыгарманын саясат таануучулар өзүнчө, философтор өзүнчө, филологдор өзүнчө талдоого алып, кеңири масштабда жыйынтыктар чыгара турган, бузулуп-жарылып турган коомго айтар сөзү бар.




  Көөнөрбөс таберик

Токтогулдун бозторгой
Атагы кылымдардын кыйырына жеткен
даңазалуу төкмө акындын санжыралуу комузунун "өмүр үзүмдөрүнөн" баян
Токомдун залкар күүлөрүн баса жатып угуп, черткен күүлөрүн кайталап чертип... Өзүнүн да аздектеген чыгармаларын, күүлөрүн Токомдун "элегинен" өткөрүп, сындатып чыгармачылык шыгын кыйла эле бүлөгөн окшойт.
Баарынан да, апам таекелердин айылында Токомдун кут даарыган үйүнөн "көз жарып", үй-бүлөдө удаалаш келген жетинчи кызы мени көрүшкөн тура! Адам кадырын аздектеген асыл Током! Кубанычы артылгандай түлөөсүн өткөрүп, тойчугун берип, ак батасын артып, жакшылыкка жооруп, менин атымды "Насикат" деп койгон экен.
Менин бул "Насикат" аттуу күүм да дит уялашкан көңүл "секисиндеги" асылзаада адамыма арналган чыгармам. Баарыбыз пендебиз, "жаза тайып" менин да көзүм өтсө, "Токомдун "Насикаты" деп эскере жүрчү адамым, азыр силерсиңер. Абдырайым балам, теңирим да сага комузчулук, ырчылык өнөрдү жакшылап ыроологон экен. Сен бул көөнөрбөс өнөрүңдү аздектеп узан! Менин азыркы таптагы байлыгым да, жан-курбал эрмегим да, бул колумдагы комузум - "Боз торгоюм". Көңүл калтырышпай, көптөн бери аздектеп, эрмек кылып келем. Кыйла элдин батасын алып, алкышына арзыдык! Бүгүндөн баштап ыйык туткан "Боз торгоюм" сенин колуңда болсун. Тирүүчүлүктө көргөзгөн эстелик - белегим ушул! "Боз торгойдун" буюрса өмүрү узакка созулат. Менин колумдан "Насикат" да, "Миң кыял" да кандай шаңшыса, сенин колуңдан "Боз торгой" да ошондой таңшып жүрсүн! Наристе жээниме ак топу кийгизип, колуна элик сап камчы карматып, ата жолун аздектеген атуулдан болсун деп аруу тилек артам! - Асыл Током ошентип, көз жашын чайып, ата-энемди атказган экен.
Мезгил да бат эле оошкондой болот. 1933-жылы Токомдун акка моюн сунуп, кайрылгыс сапарга узатууга... ата-энем Беш-Таш ашуусун (кыш айынын башталышында) жөө- жалаң ашып барышып, журтчулугубуздун залкар уулунун арбагына таазим кылышып, бир кочуш топурагын "ыроолоп"... "Боз торгоюн" күүгө салып, асыл Токомдун "Насикатын" ботодой боздотуп, "Миң кыялын" сыздата чертип, чогулган элди муңкантып, ыр-күүнүн алпы асыл Током менен коштошкон экен ыраматылык атам дагы.
Конуш жаңыртуу
Сизге чоң ырахмат, Насикат эже! Сейрек учуроочу окуяны төкпөй-чачпай баяндап бердиңиз. Ошол кыргыз журтчулугунун залкар уулу ыр-күүнүн көөнөрбөс алпы Током менен коштошкон күндөн тарта аяк-башы болуп сексен жылга чамалаш убакыт "серпилип" өткөн экен. Эми Токомдун баа жеткис табериги "Боз торгоюнун" кийинки жылдардагы тагдырына да азын-оолак токтоло өтсөңүз? Асыресе, ал кандайча сакталып келди? Кимдердин колунан өттү дегендей...
- Журтчулугубуздун кайталангыс айтылуу атуулдарынын бири асыл Токомду (Токтогул таекемди) "узатып" келишкенден кийин ... эне-атамдын кабак-кашы да анча ачыла бербей, көп убакыт кандайдыр элден оолак тарткансыгандай, айыл ичиндеги ар кыл жыйындарга (той- тамаша дегендей...) аралашпай да калышты. Кээсинде атамдын бала-бакыралары, коңшу-колоңдору, же көңүлдөш жоро-жолдоштору менен баш кошо калганда, комузун колго ала коюп, айрым көңүл дитиндеги жүрөк кылын термелткен мукамдуу күүлөрүнөн кайрып, кээсинде (көңүл "чабытына" карап...) аргендей үнүн безеп, азилдеш ырларына "чарпып" жибермейи да бар эле, ал да унутта калгандай... бар- жокко кайыл тартып жүргөн шайдоот, ачык-айрым мүнөзү да басмырттангандай суз тартып жүрдү.
Баарынан да ата жолун аздектеп, ыр-күүгө болгон талант-шыгы артылып, эл көзүнө "кылтакталып", алардын алкоолоруна да арзып калган чакта (үй-бүлөдө кыздардын туну) Акзыйнат аттуу эжебиздин (күтүүсүздөн кырсык чалып) кайтыш болушу үй-бүлөнү өтө эле оор кайгыга салып таштады. Үй-бүлөдөгү ушул кырсыктан кийин атам да жан эрмек комуздарын, асыресе, "Боз торгоюн" кармаганды сейректетип жибергендей болду. Азыр ойлосом Улуу залкардын көөнөрбөс табериги - "Боз торгоюн" атам (чоң үмүт, ишенимде жүргөн) Акзыйнатка энчилеп, учуру келгенде эл-журтунун батасын алып, ыраматылык Токомдун "көз таразасынан" өткөрүп..., анан барып "чоң жолго" атказууга аруу тилек артып, ниет кылып жүргөн окшобойбу! Турмуш агымы да тез эле өзгөрүлгөндөй болду. Үй-бүлөдө кыздардын кенжеси турмуш мыйзамы ушундай экен.., мен да, түтүн булатып, үй-бүлө күттүм. Тагдыр жазмышыбы... ыр-күүгө ышкысы артып, атамдан таалим алып, шакирти катары жүргөн айылдашым Осмоналы уулу Жанузак аттуу жигитке баш коштум.