, 18.08.09 - 8-9-бет: Сууну сарамжалдуу пайдалануу боюнча
Кыргызстан менен Тажикстандын макулдашуулары
Өткөн жумада Бишкекте суу чарба департаментинин жыйындар залында Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра
иштетүү өнөр жай министри Искендербек Айдаралиев жана Тажик Республикасынын мелиорация жана суу ресурстары министри
Саиди Якубзод жетектеген расмий өкүлдөрдүн "Борбордук Азияда суу ресурстарын трансчегаралык башкаруу" программасынын
алкагында жолугушуусу болду.

Алгачкы жолугушуу натыйжасын берет

Жыйынды суу чарба департаментинин башкы директорунун орун басары Чыңгыз Узакбаев ачып, эки мамлекеттин ортосундагы сууга байланышкан алакаларына иликтөө жүргүзүп, эгемендүүлүк алган өлкөлөрдө рынок шартында, мезгилдин учкул өзгөрүүлөрүндө заманбап жаңы келишимдерди, мыйзамдарды түзүү зарылчылыгына кыскача токтолуп, ал мыйзамдуу актыларды жаңыртууга басым жасап, сөздү Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Искендербек Айдаралиевге берди.
"Урматтуу бүгүнкү кеңешменин катышуучулары, күнөстүү Кыргызстандын борбору Бишкек шаарына кош келипсиздер"- деп сөз баштаган министр мырза андан ары сөз удулун Борбордук Азиядагы сууну пайдалануу маселелерине буруп, бул тармакка байланышкан өлкөлөр аралык мамилелер Союз ыдырагандан кийин өзгөргөндүгүнө, рынок шартына, көз карандысыз мамлекеттердин өз тагдырын өзү чечкен эркиндигине карап, дүйнөлүк суу-энергетикалык каатчылыктарды эске алып, жаңы мамилелерге өтүүнүн муктаждыгына токтолду. Өзгөчө мындай жолугушууну шарттаган "Борбордук Азияда суу ресурстарын трансчегаралык башкаруу" программасын ишке ашырууга демөөрчүлүк жасап жатышкан донорлорго ыраазычылык билдирип, программадагы долбоорлорду аткарууда Кыргызстан менен Тажикстан кылымдар бою достук мамиледе болуп келишкен ынтымактуу салттарын улап, суу ресурстарын пайдаланууда демөөрчүлөр көздөгөн Борбордук Азияда сууну сарамжалдуу пайдалануу программасына ылайык тил табышып, эки жактын жана башка тараптардын кызыкчылыктары жолго коюларына ишеним билдирди. "Суу объектилерин курууга байланыштуу ар бир маселе тыкыр иликтенип, баарыбызга натыйжа бере турганга жетишелик. Андыктан ар бирибиз долбоордо аткарылчу жумуштарга объективдүү баа берип, калыс чечели. Көз карашыңыздарды, сунушуңуздарды тартынбай айтыңыздар. Иштиктүү талкуулап, үзүрүн бере турган жыйынтыктарды чыгаралык",- деди сөзүнүн акырында.
Ал эми сөз кезегин алган Тажикстандын мелиорация жана суу ресурстары министри Саиди Якубзод программада, долбоордо көтөрүлгөн маселелерди чечүүдө Тажикстан менен Кыргызстан эки тараптуу кызыкчылыкты эске алуу менен сууну сарамжалдуу пайдаланууга жетишише аларлыгына, ал үчүн бул биринчи жолугушуу, талкуулоо негиз болуп, кийинки кездешүүлөрдө бирин-бири түшүнүүчүлүк менен үзүрлүү чечимге келишерине ишенимин билдирди.
ГТЦтин Кыргызстан боюнча координатору Ло Чичеро Вайна "ПТУВР программасы жана Кыргызстандагы ишке аша турган долбоорлор" тууралуу бет ачар аземин өткөрдү. Ал алгач Борбордук Азиядагы суу ресурстарын трансчегаралык башкаруу маселелерине токтолуп, бул аймактардагы элдерди суу менен камсыздоо менен жашоо турмуштарын жакшыртуу жагдайларын айтып, Кыргызстандагы долбоор боюнча аткарылчу жумуштарга басым жасады. Ар бир иштин аткарылышында башка мамлекеттердин да кызыкчылыгын эске алуу керектигин белгилеп, ал үчүн Борбордук Азиядагы долбоорлорду ишке ашыруу максатында 10 миллион евро бөлүнгөндүгүн билдирди. Анын эсебинен Кыргызстанга алгачкы транштар келип жаткандыгын, үч жыл аралыгында сунушталган долбоорлор аткарыларына токтолду. Бул маселеде коңшулар Кыргызстан менен Тажикстан тил табыша тургандыктарына ишенимин билдирди. Тажикстандан келген жети расмий өкүл жана кыргызстандык адистер көтөрүлгөн маселе боюнча ойлорун ачык айтышып, кызуу талкуулашты.
Андан кийин "Чу-Талас суу чарба комиссиясынын иштериндеги тажрыйбаны" комиссиянын катчылыгынын кыргыз бөлүгүндөгү жетекчиси Т.Исабеков айтып берди. Жолугушуу өткөрүп жатышкан кыргыз-тажик тараптар өз иштерине үлгү катары ала турган жакшы жактары бар экендигин белгилешти.
Кеңешмеде атайын убакыт бөлүнүп, Исфара жана Кожо Бакырган дарыяларындагы суу ресурстарын бирдикте пайдалануунун жол-жоболорун терең иликтеген талкуу болду. Аны суу чарба департаментинин башкы директорунун орун басары Чыңгыз Узакбаев жыйынтыктады.
Акырында узак талкуулоодон, алымча, кошумчалардан кийин аткарылчу иш-чаралар протоколдук негизде түзүлдү. Анын негизинде эки тараптуу түзүлгөн жумушчу топ ай сайын, ведомстволук жетекчилик эки айда бир иш үстүндө жолугуп турушмак болушту.
Кеңешме-жолугушуунун максаты, көтөрүлгөн проблемалар кандай аткарылары, кандай деңгээлде өткөндүгү тууралуу суроо бердик эле, анда жалпыланган жоопторду окуңуздар.

Суу тартыштыгын чечебиз

Искендербек Айдаралиев, айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри:
- Долбоор боюнча Кыргызстан тараптан беш багыт коюлуп жатат. Анын бири Лейлек суу сактагычы. 90 млн. куб. метр сууга эсептелүүдө. Анан жанагы каналдарды мурдагыдай калыбына келтиргенге жана ошол сууну эки мамлекеттин ортосунда туура пайдаланганга, жабдууларга, башкарууга, андан тышкары СПАлардын окуусуна да акча жумшалат. Баягы каналдарды тартипке келтирүүдө суу ассоциациялары сууну туура эмес колдонсо, бул дагы болбой калат. Ошон үчүн бардык компоненттер эске алынып, акча каралган.
Максат - эки мамлекетке тиешелүү сууларды эки тараптык Өкмөттүк келишимдер аркылуу ынтымактуу пайдалануу. Ата-бабалар айтып келгендей, талаш-тартыш жерден же суудан чыгат дегенди эгемендүү мамлекет болгондон бери көрүп келе жатпайбызбы. Көп чегарасы чектешкен айылдарда суу тартыш болуп жаткан жылдарда дыйкандар кетмендерин көтөрүшүп келишип, бири-бирине карама-каршылыкка барышып, токтогондорун башыбыздан өткөрбөдүкпү. Мунун бардыгы эмнеден? Эгерде, биз ошол сууну туура пайдаланып, ошону мыйзамдын негизинде чечип алсак, ошондо эч кандай талаш-тартыш болбойт. Элге ошону туура түшүндүрүш керек. Мисалы, Сыр-Дарыя төрт мамлекеттин ортосунан өтсө, мынча пайызы Кыргызстандыкы, мынча пайызы Тажикстандыкы, Өзбекстандыкы, Казакстандыкы деп так маалыматты элге жеткирип, түшүндүрүшүбүз зарыл. Баягы чегараны бөлүштүргөндөй сууну дагы так бөлүштүрүү керек. Бул деген турмуш. Муну туура түшүнүш керек. Ошондуктан бул долбоор ошол багытта иштейт. Эң негизги максаты ошол.
Биздин мамлекет башчыларыбыз дагы 2008-жылдын май айындагы Тажикстандын Ходжент шаарындагы кездешүүдө талаш-тартыштуу чегара аймактарын тактагыча, демократия, демилитация жүргүзүлбөгөн жерлерде курулуш иштери болбосун деп чечишпедиби. Бул дагы чоң маселе. Ошон үчүн бул долбоордун эң негизги багыты сууну биз эки мамлекеттин ортосунда туура пайдалануу. Ошол сууну сарамжалдуу колдонуу үчүн кандай жабдууларды, объектилерди куруу, эмне иш жасоо, долбоорго бөлүнгөн каражатты максаттуу пайдалануу, эки тараптын кызыкчылыгын бирдей ишке ашыруу сыяктуу маселелерди чечүүнү кеңештик. Бул долбоор - эки мамлекеттин кызыкчылыгын эске алган орток долбоор. Эгерде эки мамлекетте эки долбоор болсо, ортого акчаны коюп койсо талаш-тартыш болуп кетпейби. Ошон үчүн силер тараптан, биз тараптан эмне иш кылышыбыз керек деп такташып жатпайбызбы. Бул иштин башталышы. Ар кимибиз өз оюбузду айтуудабыз. Долбоордун негизги багыты болгон эки дарыянын суусун туура пайдалануу маселеси турат. Ал үчүн эмне жасоо милдети коюлууда? Бизде Айыл, суу чарба министрлиги Тажикстандын мелиорация жана суу ресурстары министрлиги бирдикте ийне-жибинен чоң ишке чейин ошол проблемалуу маселелердин баарын аныктап алып, биз Өкмөткө чыгып, токтом чыгарып, эки мамлекеттин ортосундагы келишимдердин негизинде андан ары иш алып баралык деген жыйынтыкка келдик. Чечилбеген проблема болбойт. Кылымдар бою жакшы коңшу, ынтымактуу боордош эл катары жакшы мамиледе жашап келишкен кыргыз-тажик эли биргеликте кылымдын проблемасы болгон суу тартыштыгын чечебиз.

Сууну камсыздоого ишенимибиз чоң

Чыңгыз Узакбаев, Суу чарба департаментинин башкы директорунун орун басары:
- Бүгүнкү Тажик Республикасы менен каралып жаткан долбоор бул Германия мамлекетинин тышкы иштер министрлигинин демилге сунушу менен аткарылып жаткан Орто Азиянын 5 республикасын камтыган долбоор. Биринчи компоненти регионалдык компонент болуп эсептелет. Бул биздин азыркы күндө иштеп жаткан Эл аралык Арал деңизин коргоо фондунун түзүмүн кайра карап чыгуу жана жаңы шартка, жаңы доорго ылайык ошол мурунку кабыл алынган токтомдордун, мыйзамдардын жана башка мыйзамдуу актылардын баарын бүгүнкү күндүн шартында кароодобуз. Андан сырткары төрт мамлекет ортосундагы Сыр Дарыяны пайдалануу келишимин бүгүнкү күндүн шартына ылайык тактоодобуз.
Ал эми экинчи - бул улуттук компоненттер. Орто Азия мамлекеттери өздөрү карап, өздөрү бүгүнкү күндүн муктаждыгын тастыктап чечүү маселеси каралган. Биздин Кыргызстанды алып көрсөк, ушул бүгүнкү аты аталып жаткан долбоорлор биз Айыл чарба министрлиги, суу чарба департаменти демилге кылып алып чыккан сунуштар. Биринчиси , өзүңөргө белгилүү Баткен облусундагы 90 млн. куб. метр сыйымдыктагы Төрт-Гүл суу сактагычы 1971-жылы пайдаланууга берилген. Бүгүнкү күнү өтө стратегиялык жерде турган ошонун коопсуздугун күчөтүү үчүн реабилитациялык чоң жумуштар аткарылат. Суу сактагычтын тегерегинде 120 бургу бар. Алардан күнүнө канча суу чыпкаланууда, ошол курулуштун дамбасынын бекемдиги кандай болот деген көп-көп маселелер каралууда. Бургулар пайдаланууга берилгенден бери оңдолбогондуктан, көбү иштен чыгып калган. 120сын тең толугу менен оңдоп түзөтүүдөн өткөрөбүз.
Бүгүнкү күнү Баткен облусунун Лейлек районунун Арка массивинде 4 деңгээлде көтөрө турган Арка насостук станцияларынын каскадын иштетүүгө Кыргыз Өкмөтү бюджеттен 36-40 млн. сом сарптап, 3600 га жер сугарылат. Ал эми Лейлек суу сактагычын куруп алсак келечекте бул насостук станциялардан арылып, элди агын суу менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Экинчиси , ушул Төрт-Гүл суу сактагычына келген магистралдык каналдын баштапкы суу бөлүштүргүч жайынын бардыгын реконструкциядан өткөзүп, автоматташтырууга чейин жеткиребиз.
Азыркы күнү үч республика: Кыргызстан, Тажикстан, этегинде Өзбекстан күнү-түнү сууну кимиси канчадан пайдалангандыгын ХХI кылымда автоматташтырып, компьютерлештирип койсок, бул өзүнчө эле айкындык, ачыктыктын баарын үч республикага көрсөтөт деген ойдобуз. Анын үстүнө пайдалануунун дагы бир мүмкүнчүлүгү ошол жерде кармалып турган көп адамдын кереги жоктугун далилдеп, автомат аркылуу бардыгын ордуна келтиребиз.
Үчүнчүдөн , Кожо-Бакырган суусунда алдын ала техникалык-экономикалык негиздемесин жасап, 90 млн. куб. метр суу сыя турган Лейлек суу сактагычын курууну пландаштыруудабыз. Муну сөзсүз түрдө тажик бир туугандар менен бирдикте кеңешип карап, алардын макулдугу менен келечектүү, жакшы иш алып барышыбыз керек. Айлана-чөйрөгө суу сактагыч кандай таасир берет деген иликтөөнү чогуу жүргүзүп, келечекте долбоорду ишке ашыра алабызбы деген маселени чечүү үстүндө иштешүүдөбүз.
Төртүнчүдөн , Баткен районунун Тажик Республикасынын "Ворух" анклавына жакын жайгашкан "Ак-Сай" насостук станциясы болгону 250 га жерге суу берет жана бюджеттен иштетүүгө жылына 5 млн. сом каржыланат. Тажик тарап менен долбоордун алкагында "Ворух" анклавы аркылуу мурда пайдаланылып келген "Достук" каналын калыбына келтирүү иштерин тактасак, каналдын курулушун долбоор аркылуу акча каражатын макулдаштык жана 250 га үстүнө дагы жергиликтүү элге 150 га жаңы жер өздөштүрүү мүмкүнчүлүгүн түзөбүз.
Бешинчиси , Баткен облусунун түзүлгөн 4-5 СПАларына окуу жүргүзүү, техникалык жардам берүү жана башка иштер ишке ашырылат.
Албетте, биринчи жолугушууда бардыгы чечиле койбойт. Бири-бирибиздин эки тараптын кызыкчылыгын эске алган урмат-сыйыбыздан, боордоштук ак ниетибизден, келечектүү иштерге умтулган максаттарыбыздан жогорку күн тартибиндеги сууну камсыздоого ишенимибиз чоң.

"Жети өлчөп,
бир кесели"

Саиди Якубзод, Тажикстандын мелиорация жана суу ресурстары министри:
- Тажикстан менен Кыргызстан суу-энергетикалык ресурстарды биргелешип пайдаланууда, Сыр-Дарыя, Исфара жана Кожо-Бакырган дарыяларын пайдаланууда энергетикалык ресурстардын проблемалары бизде азырынча жок. Бирок, мен келечекте күтүлөт деп ойлоймун. Биз азыртан суу-энергетикалык тартыштык деген сөздү көңүлүбүзгө түйүп коюшубуз керек. Сиздер тараптан, биз жактан коюлуп сунушталган маселелердин бардыгы чечиле турган жана чечүүгө ыңгайлуу. Ал биздин элдин жыргалчылыгына багытталгандыктан өзүбүздүн пикирлерибизди так, ачык коюп, тиги же бул объект боюнча жаралган жагдайга карата суу чарбачылыгы бөлүгүнүн экологиялык, аймактык, так айтканда, коюлган маселелердин жүйөөсүн комплекстүү карайлы. Ошон үчүн биз биргелешип иштөөдөбүз. Эгерде, бир мамлекеттин ички иштеринде иштесек жеңил болмок. Трансчегарадагы дарыяларда, чет элдик жерде иштөө өтө оор. Биздин бир эле туура эмес кадамыбыз, так айтканда кыймыл аракетибиз калктын тирешүүлөрүнө алып келиши мүмкүн. Биз бул сөздү айтуудан коркпой, аны болтурбаган ийкемдүү жолдорун табышыбыз зарыл. Кандай маселени чечсек да, элде айтылгандай "Жети жолу өлчөп, бир жолу кесели". Тирешүүлөрдү, ашыкча тартышууларды болтурбоо үчүн долбоордогу эки тараптуу карала турган чоң-кичине дебей бардык пункттарды, келип чыгуучу жагдайларды эске алып, так, ачык жыйынтыктайлы. Чечилбеген маселе болбойт. Эки тараптын кызыкчылыгын калыс, объективдүү карасак, кандай жагдай түзүлсө да чыгып кете алабыз. Аныкталган процедура, келишүү, көз караш бар. Биз сиздер менен аны эске алууга милдеттүүбүз. Себеби, биз тарыхты жасап жатабыз. Эки өлкөнүн ортосундагы тарыхый документ, долбоор болот. Бул багытта биринчи кадам ташталды. Так айтканда коюлган маселени кароонун кыртышы бар. Ойлонуу, айкындоо, кеңешүү, макулдашуу гана керек. Биздин кийинки кездешүүдө, жүз пайыз болбосо да натыйжалар, аныкталган жылыштар болот деп ишенемин. Ал ийгиликтер биздин мамлекеттердин кызыкчылыгына багытталсын. Кандай жагдай болсун чечилүүгө тийиш. Эгерде эки тараптын тең экологиялык жана башка проблемалары чечилсе, эмнеге чогуу, ынтымактуу иштөөгө болбойт. Эмнеге дебестен, биз ага милдеттүүбүз. Сиздерге, эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин өкүлдөрүнө кечээги жана бүгүнкү жемиштүү иштерге, тажикстандык делегация сууга болгон олуттуу маселени талкуулоодо байкабай өткөрүп жиберген, келишилбей калган жерлерди эл аралык процедуралардын негизинде иштин жүрүшүндө кошумчалап же сунуштап жөнгө салынышына көмөктөшүүңүздөрдү суранамын. Бүгүнкү күндө толугу менен өз ара түшүнүшүү бар деп ойлоймун. Бири-бирибиздин позициябызды билип калдык, кийинки жолугушууларыбызда кыйла эле айтарлык ийгиликтер болот деп ойлоймун. Мындай иштиктүү жолугушууларды атайын чакырып уюштурганыңыздар үчүн тажикстандык делегациянын атынан ыраазычылыгымды билдиремин.

Марип ТАЙЧАБАРОВ,
"Кыргыз Туусу"