, 18.08.09 - 7-бет:
  Жооптор, пикирлер

Мурдагы токтомдор бузулду, кайра иликтөө жүрүүдө
"Кыргыз Туусу" гезитинин директор-башкы редактору К.С.Молдокасымовго
Биз жиберген "Кыргыз Туусу" гезитине жарыяланган "Барышева айымдын кезектеги "курмандыгы" аттуу макала боюнча республиканын Башкы прокуратурасы тарабынан тийиштүү материалдарды окуп чыгуу менен текшерүү жүргүзүлдү.
Макалада көрсөтүлгөн Б.Өмүрованын арызы боюнча Финансы полициясы кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгы тарабынан кылмыш иш козгоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган.
Материалдарды окуп чыгуунун натыйжасында, кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндөгү токтом бузулуп, топтолгон материалдар Бишкек шаардык прокуратурасына кошумча текшерүү жүргүзүү үчүн жиберилди.
Ошондой эле Ж.Өзбекованын И.Барышевага карата жазган арызы боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май
райондук ИИБнүн тергөө бөлүмү тарабынан кабыл алынган кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндөгү токтому бузулуп, материал боюнча кошумча текшерүү жүргүзүү Бишкек шаардык прокуратурасына тапшырылгандыгын билдиребиз.
К.АСАНГЕЛДИЕВ,
КРнын Башкы прокурорунун
орун басары

Биздин мүмкүнчүлүктөр да чектелүү
Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармасы (ӨЭБ) 2009-жылдын 28-апрелинде "Кыргыз Туусу" гезитинин № 31 санында жарыяланган "Бизнеске жолтоо болгондор же Мамлекет башчысынын саясатын тоготпогондор" деген макаланы карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-майындагы № 252 жана 2009-жылдын 12-февралындагы № 121 "Кыргыз Республикасында бүткөрүлгөн курулуш объектилерин эксплуатацияга кабыл алуу тартиби жөнүндө, кыймылсыз мүлк объектилерин дол-
боорлоого, курууга жана аны өзгөртүүгө уруксат берүү тартиби жөнүндөгү Жобону бекитүү жөнүндө" жана 2009-жылдын 10-февралындагы № 100 "Кыргыз Республикасында техникалык шарттарды берүүнүн жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуу тартибинин эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомдорун ишке ашыруу максатында, шаардын аймагында жаңы курулган, реконструкцияланган, арналышы өзгөртүлгөн, кайра пландалган объекттерди суу түтүк жана канализациялык тармактарына кошуу жана техникалык шартты берүү тарифи антимонополиялык комитет менен макулдашылып, Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 68 токтому менен бекитилгендигин билдирет.
Жаңы курулган, реконструкцияланган, арналышы өзгөртүлгөн, кайра пландалган объекттерди суу түтүк жана канализациялык тармактарына кошууда түшкөн акча каражаттары суу түтүктөр жана канализация тармактарын, курулмаларды комплекстүү өнүктүрүүгө (жаңы куруу, реконструкциялоо, насостук-энергетикалык жабдууларды алмаштыруу), ошондой эле "Бишкексууканал" ӨЭБсынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого багытталат.
Аны менен бирге Бишкек шаарынын коммуналдык чарбасы он жыл аралыгында артта калуу принциби боюнча өнүгүп келген жана 1996-жылдан баштап шаардык суу түтүк-канализациялык чарба системасынын өзүн-өзү актоосуна мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттен каражаттардын бөлүнбөгөнүн белгилеп кетсек болот. Мунун баары тиричиликке камсыздоонун өтө керектүү тармактарында иштин бекемдигинин төмөндөгөнүн аныктады. Ресурс сактоочу жабдуулар жана технологияларды жайылтууга, суу түтүк-канализациялык тармактарын, насостук-энергетикалык жабдууларын талаптагыдай көлөмдө алмаштырууну жүргүзүүгө, скважиналарды кайрадан бургулоого "Бишкексууканалдын" өзүндөгү өтө чектелген мүмкүнчүлүктөрү мүмкүндүк бербейт.
"Совет бригады" жоопкерчилиги чектелген коому (ЖЧК) "Бишкексуунал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармасына "Батыш автобекет районундагы Жибек-Жолу көчөсү боюнча жер астындагы өтмөдөгү соода тармактарын уюштуруу" объектисине 3,0 м3/сут көлөм боюнча сууну керектөө жана агынды сууну агызууда суу түтүк-канализациялык тармактарына кошулуу жана техникалык шартты берүү маселеси боюнча кайрылган. Уруксат берүү документине жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошулуу үчүн сумма 567-92 сом (техникалык шарты) жана 15743-75 сомду түзөт (бардык салыктарды эсепке алуу менен) жана аны "Совет бригады" ЖЧКсы төгүшү керек.
К.СУЛАЙМАНОВ,
башкармалыктын начальниги




А.Жакишевге кылмыш иши токтотулду
Жалал-Абад облустук прокуратурасы "Кыргыз Туусу" гезитине быйылкы жылдын 24-апрелинде жарыяланган "Кайдыгерликтин кесепети, атанын күйүтү" аттуу макала боюнча төмөндөгүлөрдү билдирет.

2008- жылдын 20-ноябрында Тогуз-Торо райондук прокуратурасы тарабынан Т.Орозовдун арызы боюнча райондук оорукананын кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 119-беренесинин 2-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн
райондук ички иштер бөлүмүнө жиберилген.
Тергөөнүн жүрүшүндө А.Жакишевдин жана башкалардын күнөөлөрүн аныктоо максатында комиссиялык сот-медициналык экспертиза дайындалып, иликтөөнү сот-медициналык экспертизанын республикалык борборунун эксперттери жүргүзүшкөн.
Комиссиялык сот-медициналык экспертизанын 2009-жылдын 4-ноябрындагы № 204 жыйынтыгына ылайык, райондук оорукананын врачтары А.Жакишев жана башкалары жабыркоочу Н.Мусаевге өз убагында медициналык жардам көрсөтүшүп, операцияны чеберчиликте, эч кандай эрежени бузуусуз жасашкандыктары аныкталган.
Комиссиялык сот-медициналык экспертизанын жогорудагы жыйынтыгынын негизинде 2008-жылдын 7-февралында Тогуз-Торо районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү З.Камбаров тарабынан райондук оорукананын директору А.Жакишев менен врач Д.Бектуровго кылмыш иши токтотулган.
Т.АККОЗУЕВ,
Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары





Жооптун уландысын күтөбүз
"Кыргыз Туусу" гезитинин редакциясына
"Кыргыз Туусу" гезитинин 2009-жылдын 21-апрелиндеги №29 санында жарык көргөн "Кытай алмасына ууланган таластык үй-бүлө же эмне үчүн Баткен өрүгүн албас болдум" деген макаладагы Кытайдан алып келинген жемиштер жөнүндө, анын курамында уулуу зат гептохлор бар экендиги жарыяланган макалага карата Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги төмөндөгүлөрдү билдирет.
Министрликке караштуу Өсүмдүктөрдү коргоо, химиялаштыруу жана карантин боюнча мамлекеттик департамент адамга зыян алып келе турган уулуу гептохлор, афлотоксин, меламин жана башка заттарга көзөмөлдүк кылбайт.
Жогорудагы жарыяланган макала боюнча адамга зыян алып келе турган уулуу заттар боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык департамент көзөмөлдүк кылат.
Б.КОШМАТОВ, министрдин орун басары

РЕДАКЦИЯДАН: Орун басардын пикири менен толук макулбуз. Бирок, Б.Кошматов мырза адис жетекчи катарында эмне себептен биздин айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөр кытайлык кесиптештеринин алдында "алсыздык" кылып жаткандыгы жана өзүбүздүн дыйкандар менен багбандарды колдоо боюнча министрлик көрүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берсе, окурмандарга ашыкча болбос деп ойлойбуз.


Иш кылдат иликтенүүдө
"Кыргыз Туусу" гезитинин редакциясына
Кыргыз Республикасынын Жогорку соту Сиздердин гезитиңиздердин 2009-жылдын 21-апрелиндеги № 29 санында жарыяланган "МАИ кызматкеринин айыбын сот аныктайт" деген макалада көрсөтүлгөн иштин жагдайлары боюнча төмөндөгүлөрдү билдирет.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси менен Д.А.Эсеналиев жана Н.Докоевге карата козголгон кылмыш иши азыркы убакта Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук сотунун өндүрүшүндө.
Кайрадан соттук-медициналык экспертиза дайындоо боюнча жабырлануучунун келтирилген өтүнүчүн канааттандырууга байланыштуу иштин өндүрүшү убактылуу токтотулду.
Ж.АЛИЕВА,
КРнын Жогорку сотунун төрайымы