, 18.08.09 - 14-бет: Кыргыздын намысы үчүн таймашкан кыз
Талас районундагы Кубанычбек Нурбеков атындагы орто мектептин 9-классынын окуучусу Жамиля Кушубакова 6-июлдан 28-июлга чейин Москва эл аралык жайкы мектеп лагерине барып сынакка катышып келди.
Жамиля орус тили боюнча облустук олимпиадада 1-орунду ээлеп, Кыргыз Республикасынын 9 окуучудан турган улуттук командасынын бир мүчөсү болуп калган эле. Иш-чара Москва шаарынын мэри Ю.М.Лужковдун буйругу менен өткөрүлүп, Москва менен чет өлкөлөрдүн билим берүү чөйрөсүн жана орус тилин окуп үйрөтүүнү кеңейтүү максаты көздөлгөн.
Жамиля "Жаштар жана азыркы заман" деген темада дилбаян жазып, россиялык мамлекеттик "Голос России" радио берүү компаниясынын диплому менен сыйланды. Ошондой эле, Москва өкмөтүнүн билим берүү департаментинин сертификатына ээ болду.
Албетте, дүйнөдөгү 38 мамлекеттин 460 өкүлү катышкан сынакта дипломго ээ болуу оңойго турган жок. Жамиля өтө маанилүү иш-чарада өзүнүн активдүүлүгүн көрсөткөн. Ал "Москваведение" деген конкурска, ток-шоуларга, ыр-бий фестивалдарына активдүү катышып, "Голос России" радиокомпаниясына да интервью берген.
Жамилянын жогорудагыдай ийгиликтерге жетүүсүнө мугалими Зумрад Курбанованын эмгеги чоң.
Баса, Жамиля 9-классты кызыл күбөлүк менен аяктады. Эжеси Асель мектепти алтын медаль менен аяктап, Кыргыз-Россия Славян университетин мыкты бүтүргөн. Сиңдиси Мээрим немец тилин өтө жакшы өздөштүрүп, сынактарда ийгилик жаратууда.
Эмесе Жамиляга билим, илим жолунда чоң ийгиликтерди каалайбыз.
К.КУШУБАКОВ




"Түн пайрамын" кыргыздар да майрамдашты
Жакында Хакасиянын Салгий өрөөнүндө жылда өтүүчү хакастардын улуттук "Түн пайрам" майрамы болуп өттү. Бул майрам жылда, айранга сыйынышып, айранга арнап өткөрүлө турган улуттук майрам. Бул майрамга Россиянын өзгөчө кырдаалдар боюнча министри С.Шойгу, Хакасия, Тыва, Алтай республикаларынын, Красноярск крайынын өкмөт жетекчилери катышып, улуттук майрамга келишкен элди майрамдары менен куттукташты.
Андан ары хакас улуттук ыр-бийлери, кыз куумай, ат жарыш, жорго жүрүш, улуттук күрөш, сулуулар конкурсу болуп өтүп, жыйынтыгында, алардын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар, баалуу белектер тапшырылды.
Айрыкча, сулуулар конкурсу өтүп жатканда, конкурста кыргыздын "Сары Өзөн" аттуу музыкалык композициясы жаңырганда, майрамга келишкен мекендештерибиз, өздөрүнүн сыймыктанып, толкундангандыктарын жашыра алышкан жок. Бул кыргыз ыры, хакас туугандарыбыздын дагы сүйүктүү ырларынын бири болуп санала тургандыгын билдик.
Бул майрамга биздин мекендештерибиз активдүү катышып, Хакасиядагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси Азиз Чекиров сөз алып, ал өз сөзүндө кыргыз хакас элинин сөзү, дили, кийими, каада-салты бардык жагынан окшоштугу көп экендигин, бир эл экендигин баса белгилеп, хакас туугандарды "Түн пайрамы" менен куттуктап өттү.
Амирбек МУРАТОВ,
Хакасия




Маалымдоо
Кыргыз Республикасынын "Депозиттерди коргоо тууралуу" Мыйзамына ылайык, "Фи-нансКредитБанк КАБ" ААК депозиттерди коргоо системасынын катышуучусу болуп санала тургандыгын билдирет жана ал 2009-жылдын 12-августунда №17/09 номери боюнча депозиттерди коргоо тармагынын катышуучусу катары - банктардын Реестрине киргизилди.
Суроолор болсо, төмөнкү дарекке кайрылыңыздар: Бишкек ш., Жукеев-Пудовкин көчөсү, үй №2/1 тел.: (+996 312) 442180, 442196, факс: 442254.

Сообщение
ОАО "ФинансКредитБанк КАБ" извещает, что является участником системы защиты депозитов в соответсвии с законом Кыргызской Республики "О защите депозитов" и внесено в Реестр банков - участников системы защиты депозитов за №17/09 от 12 августа 2009 года.
Справки по адресу: г.Бишкек, Жукеева-Пудовкина 2/1, тел.: (+996 312) 442180, 442196, факс: 442254.

"Банк-Бакай" ААКсы жарыялайт:
"Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык депозиттерди коргоо системасынын катышуучусу болуп саналат жана Катышуучу бантардын реестрине 2009- жылдын 12-августунда 14/09 номуру менен киргизилген.
Бул катышуучу банктын физикалык жактарынын аманаттары аталган Мыйзамга ылайык коргоого алынат.


ОАО "Банк-Бакай" сообщает:
Открытое акционерное общество "Банк-Бакай" является участником системы защиты депозитов в соответствии с Законом Кыргызской Республики "О защите банковских вкладов (депозитов)" и внесено в Реестр банков-участников за № 14/09 от 12 августа 2009 года.
Депозиты физических лиц данного банка участника защищаются в соответствии с названным законом.

"ЭкоБанк" депозиттерди коргоо тармагына катышуу жөнүндө күбөлүк алды
2009-жылдын 12-августунда "ЭкоБанк" ААК "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" КРнын мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана КРнын Улуттук банкынын 2009-жылдын 29-июнундагы 12/09 номурундагы депозиттерди коргоо тармагынын банк-катышуучуларынын реестрине киргендиги тууралуу билдирүүсүнө ылайык депозиттерди коргоо тармагынын катышуучусу болуп эсептелет.
Депозиттерди коргоо тармагы КРнын "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" мыйзамы 2008-жылы 7-майда кабыл алынгандан кийин жана КРнын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 18-июлундагы "Депозиттерди коргоо боюнча агенттикти түзүү жөнүндө" 387-номурдагы токтому менен түзүлгөн КРнын депозиттерди коргоо боюнча агенттиги тарабынан иш жүзүнө ашырылган.
Бул жаңы саамалык банктардын аманатчыларына банкка салган каражаттарын (депозиттерин) кайтарып алганга кепилдик берет. Эгерде Банк күчкө салып жоюлууга же банкротко учураган кезде ар бир аманатчыга жалпылап алганда 100 миң сомго чейин компенсация төлөнөт, депозит боюнча кирешени кошуп алганда. Аманатчыларга төлөнүүчү компенсациянын суммасын аныктоодо КРнын депозиттерди коргоо агенттиги аталган банктагы аманатчынын депозитинин жалпы суммасын аныктайт.
Чет элдик валютада алынган депозиттердин суммасы аманатчыга банк жоюлган же банкрот болгон күндөгү КРнын Улуттук банкы бекиткен эсептешүү курсу боюнча улуттук валютада төлөнөт. Ошондой эле мурда компенсациянын суммасы 20 миң сомдон ашпагандыгын да белгилей кеткенибиз зарыл.


"РСК Банк" ААК -
Кыргыз Республикасындагы жеке адамдардын
аманаттарын коргоо
системасынын катышуучусу
"РСК Банк" ААК депозиттерди коргоо системасынын катышуучусу болду жана 2009-жылдын 12-августундагы № 07/09 - банктардын-катышуучуларынын реестрине киргизилди.
Кыргыз Республикасындагы жеке адамдардын аманаттарын коргоо системасы, кыргыз банктарынын аманатчыларынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылууга, банктык системага карата ишенимди бекемдөөгө жана элдин аманаттарын банктык системага тартууга чакырылган.
Тармакты түзүү жана анын иштеши, "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо тууралуу" мыйзам тарабынан жөнгө салынат, ага жараша аманатчыларга компенсациянын суммасы 100 миң сом деңгээлинде түзүлгөн.
"РСК Банк" ААК, системага кирүү үчүн мыйзам тарабынан каралган бардык даярдык иш-чараларын өткөрдү жана банктын депозиттерди коргоо системасына катышуусу тууралуу күбөлүктү алды.

ОАО "РСК Банк" -
участник системы
защиты вкладов
физических лиц
в Кыргызской Республике
"РСК Банк" стал участником системы защиты депозитов и внесен в реестр банков-участников за № 07/09 от 12 августа 2009 года.
Система защиты банковских вкладов физических лиц в Кыргызской Республике призвана обеспечить защиту прав и законных интересов вкладчиков кыргызских банков, укрепить доверие к банковской системе и стимулировать привлечение сбережений населения в банковскую систему.
Создание и функционирование системы регламентируется законом "О защите банковских вкладов (депозитов)" в соответствии с которым, сумма компенсаций вкладчикам установлена на уровне 100 тысяч сомов.
ОАО "РСК Банк" провел все предусмотренные законодательством подготовительные мероприятия для вступления в систему и получил свидетельство об участии банка в системе защиты депозитов.