, 18.08.09 - 11-бет:
  Жылдызы жанган инсан

Искак Раззаковдун улуулугу улутту шыктандырган
Элди күлдүрүп жатса да өзү бир жылмайып койчу эмес. Ширин кеби менен моокумуңду кандырып, жарпыңды жазып жиберчү. "Ак кол, ак чүч" деген ырым гезитке чыгып калды дейт Мидин. Майлайлы деп пивоканага келсек, түшкү дем алуу убагы экен. Ачылгыча эс ала туралы деп Өкмөт үйүнүн алдындагы фонтанга басып келип, орундукка отуруп калдык.
Бир-эки киши менен Искак Раззаков жөө келе жатат, үйү тараптан. Баарыбыз тура калып учураштык. Чепилдеген элпек киши экен. Өзү кол берип учурашты. Колу да жумшак, мүнөзү да жумшак экен. Бир көргөндө эле билинди. Бөлөктөрдөн эле бөтөнчө мага имерчиктеп токтой калды. Ошондо жүрөгүм шуу дей түштү. "Аракечтигимди айтат го" деп жан терим келди. Далай чоңдон тил угуп, жалкотой болгон жаным, чын эле коркуп кеттим. Анын үстүнө Раззаков менен биринчи жолу кездешип, сүрдөп да калдым көрүнөт. Кыраа киши экен, менин өзгөргөн түрүмдү байкамаксанга салып, эски таанышындай сүйлөп сөзгө тартты:
- Ыракмат Мидике, "Ак кол, ак чүчтөрдү" ырас жазган экенсиз. Азыр окудук. Арам тамактарды куп гана ашкерелегенсиз. Өтө реалдуу проблема козгогонсуз. Акындык көрөңгөңүз бөксөрбөсүн. Калемиңиз курчуй берсин. Көп жазыңыз, саз жазыңыз. Убакытка уттурбаңыз. Сыймыгыңызды бек тутуңуз... Ыр жазсаңар мынабу Мидикемдей жазыңыздар, бардыгыңыздарга ийгилик каалайбыз...

Искак колуна бүктөй кармап келаткан "Кызыл Кыргызстан" гезитин чогулгандарга көрсөтө булгалап, жылмайып күлүп койду да жумушун көздөй кетти.

Эртеси эле "Ак кол, ак чүч" "Советская Киргизияга" басылып чыкты. Аны Раззаков котортуп чыгарганын айтышты. Искак Раззаковдун: "Сыймыгыңызды бек тутуңуз", - деген сөзү мага жетти. Кетпеген жеримден тер кетти. Мен ичкиликти таштадым... Раззаков океандан терең киши... - деп айткан болчу Мидикем.
V
"Искак Раззаков Манастай айкөл адам болчу", - деп көп-көп эскерет агабыз Эшенкул Сопиев. Ал киши Жумгал районундагы Ленин атындагы колхоздун кой ферма башчысы болчу. Ал да өз мезгилинде, өз айылында, район аймагында Раззаковдой эле инсан болгон.
Айылдын куту болчу. Ынтымактын символу дечүбүз. Элди ушунчалык биримдикте кармоочу. Айылдагы чыр-чатакты өзү эле басып койчу. Тилинде мөөр чөбү барбы деп да калчубуз. Көп деле сүйлөчү эмес. Айылдын сот, прокурор, милициясы өзү болчу. Колхоздун кары-жашы дебей алдынан кыя өтчү эмес. "Эшекеме барабыз" деп турушчу. Азыр деле анын элине берип кеткен эмгегин, ыйман сабагын, санжыра мурас кылып айтып түгөтө албай жүрүшөт. Бир гана чекилик кылган жерлери Эшенкул Сопиевдин ысмын бир көчөгө энчилеп берип коюшкан жок. Жулкунбайлардан артпаса керек. Ага деле Эшенкул таарынбас, кудай момун айкөл киши эмеспи, жарыктык. Ынсаптуу, ыймандуу инсан да.
"Бир жолу Жумгалда катуу жут болду, - деп кеп урчу Эшенкул Сопиев. - Мен кой ферма башчысы болчумун. Кар эки метрге чейин түштү. Мал короодон чыкпай калды, жол буулду. Кар бурганактап жаап жатат. Техниканын шаасы жетпей, малга жем-чөп жеткире албай, иттей кыйналдык. Мал боо түшүп кырылып жатты. Түндөсү уктабай, күндүз жаныбыз тынбай, чапкылап жүрдүк, жинигип өлүп кала жаздадык. Ага карабай район чоңдору жекирет: "Жооп бер, партиядан чыгарам, соттотом, жоготом", - дейт. Бир күнү БКнын биринчи катчысы Искак Раззаков келет дешти. Жолун тосуп, кар күрөдүк. Күн алай-дүлөй. Бо-роон улуп, кар тосоңун бетке уруп, жол талашат. Күрөндүнү чайлап, бир паста эле күрткү кылып таштайт.
Раззаков кара "ЗИМ" менен келди. Жол жээгиндеги баатыр чабан Акун Мурзакматовдун сарайынан күтүп калдык. Раззаков машинеден түштү. Чыкыйган орто бойлуу киши экен. Кийими деле жупуну: ак чокой, күрмө тон, боз папак кийип алыптыр. Жарданып карап тургандар менен учурашты. Ал-жайды, ден соолукту сурады. Адегенде Акундун жашаган үйүнө кирип көрдү. Даам ооз тийди. Анан сакманчылардын жаткан үйүн көрүп чыкты. Жашоо-шартын сурады. Андан чыгып короодогу койлорду, туут бөлмөсүн, чурулдап маарап жаткан кой-козуларды көпкө карап турду.
Ноолудагы жал чөптү көрдү. Баарын түшүндү. Удургуп жааган карга, асманга сыдыра көз жүгүртүп кабагы бүркөлө түштү. Адамдарга карап күлүмсүрөп, көңүлдөрүн көтөрүп: "Өзүңөрдү сактагыла!" - деген жакшы сөзүн айтып кетти. Ошонусу эле элге дем берди. Эртеси райондук партактивге катышты. Обкомдун, райкомдун катчылары, алы жеткен чарба жетекчилерин, айыл активдерин жекирип, жоопкерчиликти сурап жатты.
Акырында Искак Раззаков чыгып сүйлөп, кыска бирок нуска сөзүн айтты: "Бириңерди бириңер жемелегенди токтоткула. Жутка каршы күрөшүп жаткан күжүрмөн эмгегиңерге чоң ыракмат. Бир да адам жоопко тартылбасын. Ынтымакта болгула, баш болсо мал табылат..." - деп Раззаков сөзүн токтоткондо залдагылар орундарынан тура калып, кызуу кол чаап жиберишти. "Ошондо Раззаков келип көрбөгөндө ортомчу жетекчилер далайдын убалына калмак, ошондой айкөл адам эле Раззаков..." - деп эскерет Эшенкул Сопиев.
VI
Ошентип биз өзүбүз башыбыздан өткөргөн, көрүп билген, тарбия-таалим алган, ыйман сабагын окуган, бизди кайрадан жаратып, жыйырманчы кылымда көз жарып, жетимиш жыл өмүр сүрүп адамзат пендесин азаттыкка чыгарып, көзүн ачкан жети кылымдык кызмат өтөп, байкоостон шейит кеткен, Улуу Ленин жараткан компартия менен совет өкмөтүнүн алпештеп багып өстүргөн тунгуч жетекчиси кыргыздын улуу адамы, кыраан уулу, улуу тоонун балбылдап күйүп жанган чолпон жылдызы, замандаш бир боор агабыз, жалпы элдин кулуну Искак Раззаков жөнүндө көргөн-билген, укканыбызды, оюбузду учкай билдирдик, сезимибизде сакталуу жүргөн ыйман сабагы, көөнөрбөс мурасы туурасында дастан жазуу да аздык кылат. Анткени, Искак Раззаков да өз доорунун баатыры, өзүнүн эч кимди кайталабаган эрдиги, эч кимге алмашкыс туткан менчик жолу бар, улуу адам болгон.
Искак Раззаковдун да Төрөбай Кулатов, Болот Мамбетов, Ак-
матбек Сүйүнбаев, Сыдыгаалы Айтбаев, Малабай Жунусалиев, Султан Ибраимов сыяктуу эл унутпаган, эл сүйгөн улуу-кичүү шакирттери, кырк чоросу бар. Алардын ар бири өзүнчө эпос, ар кимисинин өз жолу бар. Эл-журтуна сиңирген унутулгус эмгеги бар, зор адамдар, эл туусу...




Улутчул Кубанычбек Нурбеков
Анан калса "Бул макалада улуттардын саясый жактан өз тагдырын өзү чечүүсү жөнүндөгү маселе таптык партиялык позицияларда эмес, абстрактуу, объективисттик жактан түшүндүрүлөт. Мында улуттардын өз тагдырын өзү чечүү укугу абсолютташтырылат… Теориялык жана саясый олуттуу каталыктарга жол берилген деген ж.б.у.с. дооматтардын коюлушу эч кимди ынандыра алмак эмес. Анткени, алар канчалык дубанадай ак уруп, жар салбасын, баары бир, эртели- кечпи, акыры улуттук аң-сезимдин өсүшү "улутчул" профессор айткан нук менен кетери белгилүү болчу. Ошондой болду. Улуттун өз тагдырын өзү чечүү укугу алар айткан "таптык - партиялык позициядан" болбосо "Ар бир конкреттүү учурда жумушчу табынын таламдарынын" эмес, профессор К.Нурбеков "демократиялык негизде бардык элдердин (улуттун) таламдарында" чечилип жаткандыгына ынануу үчүн бүгүн чоң саясатчы же юрист болуштун анчалык кажети жоктур.
Баарынан да К. Нурбековдун "Киргизская ССР осуществляет верховенство в отношении своей территории. Ею распоряжается сама нация суверенно и равноправно. Территория Киргизской ССР необходимая материальная база республики неприкосновенны и не могут быть изменены без согласия самого киргизского народа. Всякое насильственное изменение границ территории вопреки воле населения рассматривается как аннексия, признается агрессивным актом, нарушающим принцип самоопределение нации. Киргизский народ полноправный хозяин своей государственной территории" ("Тең укуктуулардын арасында тең укуктуу", "Литературный Киргизстан" № 4,1972) деген жобосун макаланын авторлору "барып турган сандырактык" деп баалаганына таң каласың. Алардын айтымында, советтик үлгүдөгү империяда кандайдыр бир "агрессиянын", "аннексиянын", "зордоонун" мүмкүндүктөрү жөнүндө сөз болбошу керек эле. Эгер авторлор ошондой түшүнсө, анда Балтика боюндагы, Азербайжан, Грузия, Молдовадагы, КМШ өлкөлөрүндөгү бүгүнкү окуялар К. Нурбековдун айткандарын эске салган жокпу?! Түшүнгөн адамга сөз "зордоо", "аннексия", "агрессия" тууралуу эмес, бул жерде кыргыз эли (улуту) өзү мекендеген жерде өзү толук кандуу кожоюн экендиги жөнүндө жобо укуктук жактан гана аныкталып жатат. Авторлор К. Нурбековдун макаласында "Кыргыз ССРинин абалын обочолонтуп кароонун белгилүү тенденциясы көрүнүп турат", "мындай билдирүүгө сак болгула", деп канчалык жер сабап, жар салбасын кимдин ким экенин турмуш өзү көрсөттү.

Окумуштуунун жаңылыштыгыбы же алдыны көрө билүүсүбү?
Эмне себептен профессор К.Нурбеков эмгектеринде улуттун өз тагдырын өзү чечүү укугун борбордук маселе катары көтөрүп чыккан? Мүмкүн ага бул маселе иш жүзүндө эмес, ошол кезде кагаз жүзүндө гана ишке ашып жатканы себеп болгон чыгар? Мүмкүн. Бирок ар бир улут үчүн өзгөчө маанилүү бул маселе ошол кагаз жүзүндө деле бир беткей, декоративдүү түрдө айтылып жатканы аны ынандырган эмес. Мындай аныктамалар өз тагдырын өзү чеүү маселенин түпкү маңызын ача албашына, болгону саясый гана жагын бир жактуу камтырына көзү жеткен. Улуттун өз тагдырын өзү чечүү укугу саясый гана эмес, экономикалык, социалдык саясый, территориялык маани да кошо ала жүрөрүн далилдегиси келген. Экономикалык мааниде алганда улуттардын өз тагдырын өзү чечүү укугу мына буларды: ар бир эл өзүнүн улуттук байлыгын өз алдынча, өзү каалагандай пайдалана аларын: экономикалык жана социалдык өнүгүү үчүн өз табигый байлыктарын пайдалануунун жолдорун өздөрү тандай билерин; табигый байлыктарына толук түрдө өздөрү ээлик кылаарын; ошондой эле бардык ишканалар анын ичинде союздук ишканалар да, экономиканын бардык тармактары Республиканын закондоруна гана баш ийерин билдирет деп баса көрсөткөн. Территориялык мааниде алганда, ар бир эл (улут) өзүнүн улуттук территориясына өзү гана ээ болоорун, ага ээлик кылуунун эң жогорку укугу ошол улутка гана
таандык экенин далилдеген. Ушундай ойлорун жыйынтыктап келип, улуттун өз тагдырын өзү чечүү укугуна ал мындай аныктама берет: "Право на самоопределение - это право каждого народа (нации) самостоятельно, распоряжаться национальным богатством и территорией, свободно определять формы своего общественно - экономического строя и политического статуса, вплоть до отделения, образования самостоятельного национального государства". (В.И.Ленин жана Кыргыз ССРинде мамлекеттик укуктук түзүлүш, 1970, 13-6).
Мындан 37 жыл мурда, болгондо да унитардык мамлекеттин доорону жүрүп, улуттардын өз тагдырын өзү чечүү укугу "жабык тема" катары каралып жаткан кезде, мындай пикирди же өзүнүн актыгына көзү жеткен, же улуттун мүдөөсүн жеке кызыкчылыгынан жогору койгон жан кечти адам гана айтып чыкмак. Бөрк ал десе баш алчулар чет элдик тыңчы кармагансып, "улутчул" профессорду таптык деп, чекеси жарылчудай сүйүнүп жар салып жатты. Кырк төрт жаштагы "улутчул" профессор партиядан чыгарылып, университеттин кафедра башчылыгынан айдалды. Укук таануу илимдери боюнча кыргыздын тунгуч докторуна юридика факультетине сабак берүү укугу да ыраа көрүлгөн жок. Болбосо бул факультетти өзү түптөшүп, өзү негиздешпеди беле, декандыктын жүгү мойнуна артылып, күлгүн өмүрүнүн он алты жылы ушул жерге арналбады беле, чиркин! Мунун баары унутулду. Анын ордуна бирде тийиштүү органдардын жооптуу кызматкерлери мейманканалардын жасалгалуу атайын бөлмөлөрүндө "ангемелешүүлөрдү" өткөрүп жатса, бирде илимий даражасын кайра кароо жөнүндө сунуш ВАКка, Москвага жетип турду.