, 18.08.09 - 10-бет:
  Адабият

Жазуучулардын жаратмандыгы жанданабы?
Мовет өкүмөтү учурунда Жазуучулар союзунун съезддери өткөндө сөзсүз республиканын 1-жетекчиси жана Москвадан өкүл катышып, өтө зор маани берилчү, Пленумдары партиянын Борбордук Комитетинин идеологиялык катчысысыз өтчү эмес. Атүгүл Чыңгыз Айтматов Союзду жетектеп, жыйындарына өзү катышып турган учурдун бириндеги чогулушта Кыргызстан КП БКсынын 1-катчысы, республиканын биринчи жетекчиси Абсамат Масалиев бир
саатча отчет таризденген сөз сүйлөп, андан көбүрөөк убакыт бою жазуучулардын ыңгайлуу да, ыңгайсыз да суроолоруна жооп берип тердеп-кургап кеткени көз алдымда турат. Ошол "сөз эркиндиги", "демократия", "маалымдуулук" дегендер акыл аралап, кыял канатын бийлей баштаган учурдун өзүндө Москвадан жиберилген Кыргызстан КП БКнын экинчи катчысы (Киселев), Коопсуздук комитетинин төрагасы (Рябоконь) сыяктуулар республиканын идеологиялык атмосферасында 1937, 1950-жылдардын суук шамалына окшогон аракеттерди жасап, адабият, маданият кызматкерлеринин арасынан "улутчулдарды" издеп атканда да Жазуучулар союзунун чогулуштарына катышканда айрым суроолорго жооп бере албай мукактанып калышчу.
Ошентип, элибиз эгемендүүлүккө ээ болуп, "демократия" деген үстөмдүк ала баштаган татаал учурда жазуучуларды Ч.Айтматовдун орун басары катары негизинен Асан Жакшылыков башкарып, жалпысынан бул учур союздун мүлкү жөнүндөгү А.Атамбаев менен А.Жакшылыковдун талаш-тартыштарын териштирүүсү менен эсте калды. Андан кийин союз үчкө бөлүнүп кеткен мезгил дайынсыздай, эч нерсе жасабагандай болуп көрүнүп, бирок жазуучулардын санын геометриялык прогрессте өстүргөнү менен айырмаланды, эптеп бир нерсе чиймелемиш болгондор деле жазуучулук белетин ала беришкени менен өзгөчөлөндү.
Бириктирүү съездинде төрага болуп шайланган Кыргыз эл акыны Жалил Садыков оорусуна байланыштуу арыз берип, тез эле бошонуп кетти. Анын ордуна шайланган Анатай Өмүрканов болсо жалпы Кыргызстан жазуучуларын башкарып атканын унутуп калып, качып кеткен президент А.Акаевге асыла жазган ырларынын стилине салып, азыркы Президент К.Бакиевге ортосаар эки ыр арнай коем деп, бүткүл жазуучуларды өкмөттүн колдоосунан кол жуугузду, өзү болсо Ак үйдүн эшигине баш бага албай калды.
Дегинкиси, каатчылыкта калкалап калат деп башкарма шайлаган бай акыныбыз (Кара-Балта шаарындагы килем комбинатынын деректири) Надырбек Алымбеков деле, кийин чыгармачылык кадыр-баркы бар деп кол көтөргөн Омор Султановубуз деле жазуучуларды улут алдындагы уңгулуу, милдеттүү ишине багыттап, алардын башын бириктирип, союзду идеологиянын очогуна айландыра алган жок. Туура, Омокең (Омор Султанов) жазуучуларга имарат өндүрүп алууга, гезитин ("Кыргыз адабияты") чыгарууга көп эле эмгек жумшады, булардын баары А.Өмүркановдун тушунда эле бүтө турган иштер болчу. Анын ыкшоолугунан, административдик жөндөмү жетишпегендигинен, анан жанагы беймаани эки ырынан улам бүтпөй келген.
Айрыкча Жазуучулар союзунун жетекчилери мамлекет муктаж болуп турган коомдук иштерге аралашпай, эгемендүүлүк келгенден уруу-урууга, жер-жерге бөлүнүп, кыргыз деген бир ураанга бириге албай, башы көрүнгөн эле инсандардын артынан "Жеди, ичти, талкалады, үй-бүлөсү менен талап атат" дегендей ачуу ушактар күчөп, тарап атканда ошондой жалган сөздөргө, коомду ыдыратып бараткан ушактарга ж.б. тескери жорук-жосундарга каршы жазуучулардын башын кошо алышкан жок.
"Жазуучулар тигинтип атыптыр, минтип атыптыр" дегендей сасык ушактар дагы эле улана берип, Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун башкармасынын президиумунун 14 мүчөсүнүн 12 си кол коюп, уруксат берип, 70 Пленум мүчөлөрүнүн 54ү кол көтөрүп, О.Султановду иштен алып, жаштардан союздун жетекчилерин шайлады (төрагасына Баяс Турал көрсөтүлдү), эмки сөз жаштарда калды.

Улуттук уңгуну (негизди) жаштар бат түшүнөт экен
Шарттуу түрдө гана жаштар деп атабыз, катчылардын алды алтымыш таяп, арты кырктын тегерегиндегилер. Чүйдөн чыккан чоң акын Ныязалы Молдо Эсенгул уулунун адам өмүрүн бөлүштүрүүсүнө ишенсек, биринчи фасыл - балалык 18 жашка чейин, экинчи фасыл - жигиттик (жаштык) 33 жашка чейин, үчүнчү фасыл - орто жаш 50 жашка чейин делет. Демек, жаштар дегендерибиз деле орто жана ортодон жогорку жаштарда, тапшырылган милдетти аткарышына шектенбей эле койсок болот. Кептин баары Совет доорунда тыюу салынып келген улуттук негиз (идея) жөнүндөгү түшүнүктөрдү калктын канына сиңирүүдө турат. Муну биринчи кезекте жазуучулар аткаруулары керек, демек, "жаш" катчылардын алдында зор уюштуруу иштери турганы айтпаса да түшүнүктүү.
Эгемендүү мамлекет улуттук уңгуга б.а. улуттук негизге таянат, андай болгондон
кийин ошол улуттук негиз деген эмне экенин түшүнүп алганыбыз жөн. Ал жөнүндө Манас-Түрк университетинин ректору, КРнын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын ээси, профессор Сулайман Кайыповдун түшүндүрмөсүн эске сала кетели: "Ал (негиз) - бир рух, улутту түзгөн жандын бардыгын бир борборго бириктирип, бир максатка шыктандырып, бир багытка бет алдырып айдап турган, өлбөс-өчпөс идея" (Сулайман Кайыпов. Жылга бергис жарым күн. Бишкек, "Учкун", 2006-ж.,127-бет). Автор андан да дааналап: "Кыргызда: "уңгусуз улут болбойт" дегенди кулагыңыз чалган чыгар. Же, уңгулуу эл, улуу журт деген сөздү далай ирет уккандырсыз. Менин негиз дегеним ошол уңгу деген сөзгө жакын, жакын (гана) эмес, анын накта эгизи; бар болгону бир аз дагы кененирээк, салмактуураак, тереңирээк" - дейт да, ушул негиздин негизи катары санат, насыят, терме сыяктуу дидактикалык мазмундагы ырлар менен эпостук чыгармалардагы ойлом, дүйнө тааным, тилдик каражаттарды кошумчалай кетет.




  Көөнөрбөс таберик

Токтогулдун бозторгой
Атагы кылымдардын кыйырына жеткен
даңазалуу төкмө акындын санжыралуу комузунун "өмүр үзүмдөрүнөн" баян.
Анан дагы, бир тууган таякеси - журтчулугубуздун көөнөрбөc төкмө акыны, даңазалуу комузчусу Токтогул Сатылган уулу келип тонуна ороп (ара жолдон...) аман-эсен алып кеткен экен деген "шыбыш" сөздөр азыр да айыл аралап жүрөт ... тура деп Насикат апаны сөзгө тарттык.
Ал адам да бизден мындай "жоромолдуу" сөздөрдү угар замат "бырс" этип күлүп, анан барып кызуу кепке аралашкандай болду.
Эл ичинде айтыла жүргөн бул "шыбыштардын" "бир чымчымы" чындыкка жакындай келет. Буга ачык-айрым жооп айтуудан мурда, алдын ала биздин үй-бүлөлүк турмуштан, асыресе, бизди (бала бакырасын) кыйын-кезең кырдаалдан "сууруп" чыгып, адам катарына кошкон ата-энемдин (күлкүсүнөн кайгы-муңу ашыкча тарткан) өмүр-жолунан азын-оолак сөз кыла кетүүгө туура келет.
Теңир алкоосу
Атам Абдырайым Багышбек уулу, апам Качкынбай кызы Токтош да бейиши болгурлар, ак эмгегинен баар тапкан, кайрымдуу-жоомарт жандар эле. Бири-бирин кадыр тутуп, дит уялашкан ынтымактуу, бөтөнчө боорукер бүлөлөштөрдөн болуучу.
Теңирим (табигат) атама жигерленген эмгекчилдигинен, бийиктикке "серпилген" адамгерчилик сапаттардан тышкары, кыргыз калкынын урмат-сыйына арзыган көөнөрбөс ырчылык, комузчулук өнөрүн да тартуулаган экен! Катаал жылдарда чиедей балдарын кор кылбай багам деп жүрүп, ал көөнөрбөс өнөрүнүн сересине да чыга албай өттү. Канткен күндө да эл ичинде анын да кайталангыс өнөрү айтылып калгандай болду. Буга да шүгүрчүлүк деп келебиз.
Тагдырдын жазмышынан го, атам да өз заманында, ыр-күүнүн айтылуу дөө-шаалары - Атай, Алымкул, Шекербек, Эркесарыга окшогон тубаса таланттуу, кайталангыс инсандар менен карым-катнаштагы, бирин-бири аздектеп, урматташкан сый-сыпаттуу жакшы санаалаш курбалдаштардан болуучу.
Бири-бирин издешип, кээсинде чогула калышканда, айыл ичин күлкү чайып, ыр күүнүн шаңына "ороло" калуучу. Адатта Атай маркум комузун "таптап" жол баштап, "Кыз кербезин" сабалап, Токтогулдун "Миң кыялын" кубулжута чертип, "Ой, булбулун", "Талпынып сага жетпедим" деген керемет ырларын аткарганда, чогулган элдин кумар-чери жазылгандай, алкоолору да артыла турган! Атай да өз кезегинде атамдын "Боз салкын", "Таңкы шоокум" деген күүлөрүн чертип, "Айкүмүш" дастанын комуздун коштоосунда (аргендей үнүн безеп) аткарганын бөтөнчө кумарланып угаар эле ыраматылык. Анан калса, атам бечара да, ар бир аткарган күүсүнө, ырдаган ырына дилин төшөп, бүткүл күч кубатын жумшагандай, ийине жеткире аткарууга бөтөнчө далалат кыла турган!
"Өпчүл" турмуштун зардалы
Атам ыраматылыктын Токтогул таякеме барып өнөр-казынасына "көз жүгүртүп" келсем деп ак эткенден так этип (дилгир тарта) жүргөндүгүн апам бечара көп эскерээр эле. Анан барды келди "өпчүл" турмуштун азабы да... деп, оор үшкүрүнүп коё турган.
...Өмүр кесип, көп адамдар унутулгус (сейрек кездешүүчү) окуяларга да дуушар болот окшобойбу. Ушундан улам ата-энемдин баштан кечирген унутулгус бир окуясын айта кетүүнү ыктуудай көрүп турам.
1931-жылдын кеч күзү экен. Күндөрдүн биринде Кетмен-Төбө тараптан чоң таякебиз Берик Карасарт уулу (Токтогул таякемдин аталаш агасы) кайтыш болуптур деген "ачуу" кабар келет.
Кой, Токтоштай (атам апамды ар дайым "тай" мүчөсүн жалгап атаар эле), чоң таекеге барып, арбагына таазим кылып, бир ууч топурак багыштабасак болбос. Ошентип тууган-туушкандардын ат-көлүгүн сураштырып жолго чыгышат. Ал жылы да "Беш-Таш" ашуусу каткалаң тартып, кар эрте түшүп, жолдор "торолуп" бир топ эл түйшүк тартуулаганына карабай, атам эки жашар уулу Абдыжалилди өңөрүп, ай күнү жакындашып калган апамды коштоп, эптеп жетелешип ашуу ашып кетишет.
Чоң таекени "узатып" кайра жолго чыгалы дешсе, аба-ырайы бузулуп, үстөккө-босток жааган кар да калыңдап, ашуу да бекип, ата-энем аргасыздан таекелерде мейман болушуп, кыштап чыгышат.
Атама эрмек (эңсеп жүргөн!) табылгандай, эртели-кеч Токтогул таекемдин жанында болуп (Токтогул таекем да ал кезде оорукчан тартып, мурдагыдай эл аралап, алыс сапар чыкпай, айыл "тегерегинде" жүрүп калган убагы экен) асыресе, анын комузчулук өнөрүнө "оодук" тарта көңүл буруп, таалим алган дешет.

(Уландысы бар)
Нуржан Касымбеков,
Эл аралык "Манас Руху"
нарк-насил
коомдук фондусунун
төрагасы,
Талас аймагы